Түштүк окуялары сизди түйшөлтүп жатабы?
Уркаш Мамбеталиев, манасчы:
- Кыргыз-өзбек эли тээ Манастан бери чогуу жашап келаткан босоголош эгиз эл. Аккан суусу, аткан таңы бирге. Кыйынчылыкта бири-бирине кол узаткан, эриш-аркак бир тууган эл болгон. Эми эки элдин ынтымагын ортодогу күчтөр бузууда. Мунун баарын кылган Бакиевдин куйруктары болуш керек. Ушундай да падыша болобу? Үй-бүлөсү менен качып кетип, бир жерде жашынып отурат да элге ок жаадырып жатат. Жаңы өкмөткө келгендер жаман кишилер эмес. Роза Отунбаева жүрөгүндө жалыны бар, жигердүү адам. Өзү жардамчылары менен түштүктөгү коогалаңды басуу үчүн күйүп- бышып жүрөт. Чыгармачыл адам катары төмөндөгү ырды элге арнагым келет. Ыр - "Эзелки улуу элчилик" деп аталат:
Тоолору сулуу таштан туулгалуу,
Ток этип сен-мен дешпеш туулганы.
Шер Манас баянында кыргыз-өзбек,
Түбү бир, бир атанын уулдары.


Дамира Ниязалиева, Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу:
- Эне, аялзаты катары жүрөгүм сыздап, канап жатат. Ортодо бейкүнөө адамдар, эне сүтү оозунан кете элек жаш балдар каза таап кетишти. Эзелтеден кыз берип, уул үйлөтүп кыргыз-өзбек ынтымагын арттырганын ким танат. Кылым карытып, бир туугандай турмуштун ысык-суугун, оор-жеңилин бир көтөрүп, кесим нанды тең бөлүшүп келгенбиз. Менин жеңем, келиним өзбек. Эки улуттун ортосуна чагым салгандар, өз кызыкчылыгын гана ойлогон, элдин убалынан да , Кудайдан да коркпогон адамдар экен. Күнөөлүү адамдар жазасыз калбайт. Түштүк эли илгертеден меймандос, жаңжалдан алыс, качан барба, дасторкону жайылуу эл. Ушул карапайым адамдардын тынчтыгын бузган чагымчыл күчтөр тиешелүү жазасын сөзсүз алат.


Гүлия Тажиева, коомдук ишмер:
- "Мен-мен" деген кишилер менен байланышканымда, баары бир ооздон өткөн-кеткенди бар эмеспи:"Быть или не быть" деген. Азыр бейөкмөт уюумдар Кыргызстандын жарандарына кайрылуу даярдап жатабыз. Кыргыздын келечегин ойлобогон кыргыз кыргызбы! Түштүктөгү элдин ахыбалын ойлоп, сай-сөөгүм сыздап, жүрөгүм күйөт. Биздин тилегибиз - Манас атанын арбагы колдоп, балдарыбыз аман-эсен болсо экен. Ош шаары эң байыркы, ыйык жер. Күнөөсү жок элдин, уюткулуу шаарыбыздын талкаланганын угуп, ыйладым, капа болдум. "Кыргыз - бабам, өзбек - өз элим, казак - канатташ" деген сөз бар. Сырткы душмандарга алдырбай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарууну унутпайлы. Ф. Кулов: "Жогорку орган катуу туруш керек" деп туура айтты. Мына, Москвадан өзбектер "президент К. Бакиевдин кишилери, ошолор боевиктерди жибериптир" дешип, ОРТ эч нерседен коркпой-үркпөй эле ачык, айкын көрсөтүшүүдө, ал эми КТР анча чагылдырып бере албай жатат. Ө. Субаналиев өз ордуна туура коюлду. А Байболовдун ордуна М.Ниязовду жиберсе болмок. Анткени, ал жерди Мирославдай жакшы билген киши жок, чоңоюп-өнгөн кичи мекени дегендей. Элде тынчтык болсун, колдон келген жакшылыгыбызды аябайлы.


Ибрагим Жунусов, Кыргыз эл артисти, экс-депутат:
- Азыр Кыргызстандын ар бир жараны түйшөлүп жаткан учуру. Биз, чыгармачылык топ: С. Бейшекеев, Р.Абдувалиева, А. Жетигенова, А. Турдалиева болуп гуманитардык жардам чогултуп, Ошко жөнөттүк. Мен 1990-жылдагы Ош окуясына күбө болгом. Ошондогу окуяга караганда, азыр кырдаал бир топ оор. Тез аранын ичинде түшүндүрүү иштерин жүргүзбөсөк болбойт. Элдин бир-эки күн тынчып калганына сүйүнбөйлү. Сиздердин гезит аркылуу элге кайлрылгым келет. Саясий серепчилер кырдаалга түшүнүп-түшүнбөй эле : "Андай болду, мындай болду" деп баа берүүдө. Андыктан ММКлар маалыматтарды бурмалабай, түз беришсе. Кээде чындыкка коошпогон маалыматтар кетип калууда.



Жоомарт Кадыралиев, Кыргыз эл сүрөтчүсү:
- Түйшөлтпөгөндөчү, ойлогон сайын колдон калем түшүп жатат. Азыркы бийликти кожодой колдоп, референдумду жакшы өткөзүп алалы. Ош окуясын ичи жамандар, көрө албастар кылды."Адам аласы - ичинде, мал аласы - сыртында" деген ушул. "Эл башына түшкөн кыйынчылыкта кантип жардам беребиз?" деп тели-теңтуш, интеллигенция сүйлөшүп жатабыз. Ушундайда көмөк көрсөтпөгөндө, анан качан. Түштүк - менин чыгармачылык ишиме аябай зор таасир берген. Түштүк - менин боор этим менен барабар. "Оомат - эл-жерге миң жылда бир келет" деген сөз бар элде. Бүгүн кыргыз канатынын ооматы келди. Эми ар бир кыргыз державалуу сезим менен жашап жатабыз. Тарых уланат.


Жылдыз Жолдошева, Кыргызстан-Өзбекстан ортосундагы достук коомунун төрагасынын орун басары:
- Кайсы улуттан болбосун, ар бир баланы эне төрөйт. Эч бир улут башка улуттан өзүн өйдө сезбеш керек. Кудайдын алдында адамдардын баары бир тең. Биз, башкаларды күнөөлөгөндүн ордуна, өзүбүз ынтымактуу болушубуз керек эле. Ырк кеткен жерге - албетте, ырыс конбойт. "Слабая точка" деп коюшат го орустарда, Кыргызстанда ошондой нерсе бар экенин эми кимден жашыралы. Ал: түндүк- түштүк оорусу, кыргыз-өзбек мамилеси. Мына ушул орчундуу маселелерге терең жана түшүнүү менен мамиле жасалбагандыктан улам, бул кемчилигибизди тышкы саясий күчтөр пайдаланып кетишти. Анан, биз ушул маалда дагы бир нерсеге анча маани бербей отурабыз. Эмне үчүн телевидение чындыкты чагылдырбай жатат? Эмне үчүн калың массага окуянын болуп жаткан жериндеги нерселер толугу менен жетпей жатат? Эмне үчүн алдыда боло турган коогалаңдын алдын алууга болбой жатат? Ош окуясы кайталанбасына ким кепилдик бере алат эле.
Азыр мен ушуну түшүндүм. Эл өзү менен өзү калып калды. Ошондуктан, бул оор кырдаалдан эл өзү чыгып кетүүгө далбас уруш керек. Ал үчүн аксакалдар, аялдар, мечит кызматкерлери баары элге барыш керек. Түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек. Ал эми өкмөт тарап болсо, мындайда катуу чара көрбөсө болбой калды. Ким курал көтөрүп жүрсө, ошону жазалап, куралсыздандыруу керек.
Карагылачы, канчалаган жаштарыбызды жайрап алдык. Мен бир гана оорукананы айтып берейин. Мады айыл өкмөтүндөгү Курманжан-Датка ооруканасына 2000ге жакын жарадар түшкөн. Анын 18 дейи каза болду. А мындай фактылар түштүктүн ар бир айылында болуп жатат. Бул кандуу кыргынга ким жооп берет? Баары бир каза болгон боорлорубузду кайтарып ала албайбыз да! Андыктан, ар бир кыргыз атуулу акыл калчап, өзүнүн жарандык парзын аткарышы зарыл. Билим жагынан да, тажрыйба жагынан да жеткилең абройлуу генералдарыбыз бар. Алардын стратегия менен тактикасын, тажрыйбасы менен демилгесин пайдаланчу мезгил келди.
Анан, деги эле кыргыз жеринде кылымдар бою биригишип жашап келаткан боордош эки эл түшүнүшү керек. Бизге аба жетет, жер жетет, болгону - ынтымак керек. Кантсе да, караламан калк өзүн өзү ойлобосо болбойт...