Аттары чыкпай жер өрттөшүүдө

Ушунун кереги бар беле, же жок беле, анын жыйынтыгын кыргыз эли өзү чыгарсын. Азыр уруу-урууга, кокту-колотко бөлүнүп, жарылып турганда, Бакиевдин учурунда түштүк-түндүк деп кыргыз эки ажырымда турганда, кайсыл бир топтор уруулар бирикмесин түзүшүп оң-сол, ичкилик канаттарына биригүүнү көтөрүп чыгышкан. Алардын анабашында экс-губернатор Шамшыбек Медетбеков, экс-спикер Алманбет Мaтубраимов жана Кадыр Кошалиевдер турган. Бир курдай сөз жүрүп "Бакиев ичкилик экен" деп өздөрүнүн урууларын ичкиликке алып барып такап, ал кездеги ажого абдан ак урушкан. Эми анын кимге кереги бар эле, кызыкчылыктарын кыйла аракеттер менен жумшап көрүшкөн бул топ, жумуш анан кызмат деле алышкан жок. Керек болсо, кээсинен жаман сөздөрдү гана угушуп "урууга бөлгөн журт бузарлар" деп айтып жибергенге чейин барышкан. Азыр ойлоп жатабыз, айтылган сөздүн чындыгы бар белем деп. Анткени, мына ушул уруучулук менен кыргыз элинин ынтымагын бекемдейбиз дегендер алдыда өтө турган референдумду болтурбоонун, элден колдоо таппай калуусуна карата аракеттерин жумшаганы жаткан имиш. "Артыбызда калдайган эл бар, биздин күчтөй зор күч жок, баарына тескери үгүт иштерин референдум боюнча жүргүзөбүз" деп күпүлдөшөт дейт. Атыңар чыкпаса, жер өрттөй бергиле. Деги, силер тарапта калдайган карааны бар кайсыл эл турду экен. Ишиңер менен аракетиңерди эмес, эл анча-мынча жыйган аптертетиңерди унутуп бара жатканын кантип таналы. Болду-болбоду алардын анабашында турган Алмамбет мырза жаңы Конституция жазып чыккан имиш, анысына карата азыркы өкмөттүн бирөөсүнөн да "сеники эмне болду?" деп сурап койбогонуна ич күптү аракеттер болуп жатса керек да. Азыр Кыргызстанда эл референдум эмес, эл тынчтыгы менен алек болушууда. Урматтуу мырзалар, жагдай жакшы жагына тынчыса, кат-пат жазышып кайра ушул беттерден жолугарбыз. Сөз көп силерде сөз…




Мэрдин мээлегени эмне?
Убактылуу өкмөт ичинен илбериңки ишин кылып жаткан шаар мэри Иса Өмүркулов айда "акжолчулар" менен иштешүүгө ниеттенип жатканын угуп бир таң бердик. Мэрдикти мээлегендер билинбеген менен Иса мырзанын кабинетин айланчыктап, кызмат сурагандар көп жүрөт. Алардын катарында кадимки "акжолчу" атка минерлердин көптүгү көөнүбүздү оорутту. Нариман мырза жылуу ордунан оодарылып кеткени ачык эле мэрлигин талашып, миң сомдон көчөдөгү жүргөндөргө берип "Нариман өз ордуна келсин" деттирген жайы бар. Азыркы мэр Иса мырзанын Нариман Түлеевдин жан жөөкөрлөрү менен коюн колтук алышып жатканын угуп, анча болду Нариман кетпей деле койсо болмок экен деп ойлоп жатабыз. Нариман мырзанын биринчи замы Иса Шейшенкуловичтин эшик төрүнөн кетпей калганын көргөн-билгендер айтып жатышат. Алардын кимдер экенин кийинки сандарыбызда саймердентип чууруп беребиз. Дегинкиси, мэриянын ичиндеги ит өлүктөрү тээ Акаев заманынан бери дың бойдон жатат. Иса мырза элге эмгек кылам десе, толгон-токой "ээлеп алуу", "чыгартып алуу", "тартып алуу" сыяктуу иштерге кимдер аралашып жүргөнүн тогуз кайрык кылып токуп берип турса, токмок менен торс эткизе биз согуп, айтор, жүздөгөн жүздөрдү эл алдына алып чыгар элек. Кудурет жетээр бекен?


Оштогу окуяларды Санжар Бакиев жетектеп жүрдү
Оштогу болгон окуяларга Жусуп Бакиевдин уулу Санжар Бакиевдин тиешеси болгондугу айтылууда. Бул деген Бакиевдердин бул окуяга түздөн-түз катышы бар экендигин көрсөтүп турат. Муну Ош шаарынын коменданты Өмүрбек Суваналиев да жергиликтүү каналдарга берген маегинде тастыктады. Ошондой эле, Жалал-Абаддын айрым тургундары Санжар Бакиевдин Жалал-Абаддагы 13-июнда болгон окуялар учурунда курал-жарак таратып, элдерди атуу үчүн үгүттөп жүргөндүгүн, мындан тышкары Акмат Бакиевдин да ачык аралышкандыгын айтышууда. Санжар Бакиев жөнүндө айта кетсек, ал буга чейин түштүктөгү айрым аймактарды Акмат Бакиев менен бирге мыйзамсыз тейлеп келген.
Жалал-Абад облусундагы өзбек улутундагы адамдар да, кыргыздар да Курманбек Бакиев Белорусияга учуп кеткенден кийин, анын бир туугандары эч кайда кетпей эле Жалал-Абадда жүрүшкөндүгүн билдиришүүдө. Буга Убактылуу өкмөт эмнеге көңүл бурган эмес? Айтор, "убактылууларга" суроолор арбын.


Жалалабад окуясынан Имонжан аттуу ысым чыкты
Жалал-Абаддагы жагдай баарыбызды ойлондуруп жатат. Ар бир нерсенин артында бирөө болбосо, анын себеби ачыкка чыкпайт эмеспи. Бул коогалаңга деле кайсыл бир күчтөр ыкчам аралашып, эл достугун бытыратып жатканы ачык эле көрүнүп калды. Жалал-Абаддан чалып, бизге берген маалыматтарга караганда кайгылуу окуяга кан жуткур баягы эле Кадыржандын да түздөн-түз тиешеси бар экен. Жалал-Абадда күпүлдөтө барк күткөн Имонжан - деген өзбек, дал ошол Кадыржан менен карым-катнашта туруп, болуп жаткан окуяны чыгарып жибериптир. Окуя болгон кезде өзбек улутундагылардын баарынын колунда курал болуп, кайран кыргызымдын колунда кетмен, күрөк болгону күлкүңдү келтирип, анан күйдүрүп жиберет экен. Ошол себептен оңбогурлардан ок жептирбиз да. "Он күн мурда даярданышыптыр дейт", он күн мурда. Жалал-Абаддагы базарларда мурда турчу машинелер жок, көчөдө баягыдай өзбектер баспай калыптыр, аялдар менен жаш балдар окуя боло турган жерден чыгартылганы да азыр анык болуптур. Көрсө, Имонжандын аракеттери бардык өзбектер менен тыгыз байланышта болуп турган тура. Жалалабаддан чалган Алтынбек аксакалдын айтымында, үйүндө үч өзбек устачылык менен иштеп жаткан экен. Себепсиз эле окуя болоордон үч күн мурда кетип калышкан дейт, көрсө өзбектердин көрсөтөр күнү бар тура. Эмнеси болсо да, Жалал-Абаддагы окуянын болорун баардык өзбектер Имонжан менен Кадыржан аркылуу кабардар болушуптур. Булар кармалып, камалып, жазасын алмайын жаранын ырбаганы ырбаган дешет Жалалабаддык туугандар.


Түштүк окуялары орусиянын сценарийиби?
Өткөн саныбызда эле Кыргызстанда кайрадан контрреволюциялык аракеттер көрүлбөйт дегенге кепилдик жок деп жазган элек. Анда биз Убактылуу өкмөттүн Конституциялык реформасына Орусия ыраазы болбой жаткандыгын, алар келечекте кандайдыр бир оюндарды жүргүзүшү мүмкүн экендигин божомол кылганбыз. Арийне, биз бүгүн түштүктөгү окуяларды түз эле Кремль жасады деп айтуудан алыспыз. Анткен менен, кээ бир жарандар мындай пикирди да четке какпайт. Чолпонбек Жолдошевдин интернетке жарыялаган макаласында ушундай ойлор айтылган. Ал: "2008-жылы Грузиядагы согуш дүйнөлүк олимпиада оюндары башталган күнү чыкса, түштүктөгү окуялар футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталганда, чыгып отурат" деп билдирген. Мындай учурда, дүйнөлүк коомчулуктун пикири башка нерсеге алаксып, оорчундуу окуяларга көңүл бурбай калат деп кошумчалаган автор.

"Алиби" пресс