ТАГДЫР

Балдыз
(Уландысы. Башы гезиттин өткөн санында)
Балким, уккан киши ишенбей турган бир окуя болбогондо, чын эле Атыр менен Жакшылыктын үй-бүлөлүк мамилеси биротоло бүлүнүп, чачырап кетет беле... Бул окуяга бир үй-бүлө эмес, бүтүндөй бир айыл элинин оозу ачылды да калды.
... Үйүндө тынчтык болбогондон кийин эмне кыларын билбей башы маң болгон Жакшылык кечке дүкөнүндө отурумуш этип, кечинде үйгө келсе, кабак-кашы бүркөлгөн Атыр эптеп бир тамак жасап коюптур. Балдары сыртта ойноп жүрүшөт. Экөө эптеп бир чыныдан чай ичип туруп кетишти. Бири-бири менен сүйлөшө турган сөзү түгөнүп калган сыяктуу "лам" деп да ооз ачышкан жок.
Атырдын да тултуйганынча бар эле. Бүтүн айылга Жакшылыктын дүкөндөгү акчасын өзүнүн эле балдызы Шааркүл уурдап кетиптир деген сөз "дүң" этип, кайра Атырдын өзүнө жетти. Аны кошуна келин ого бетер көбөйтүп айтып келди.
- Өгүнү, концерт келген күнү сиздин сиңдиңиз Шааркүл бу кошуна кыз менен концертке барган турбайбы. Анан, концерт эрте эле бүтсө деле, ал ушул эле айылдагы тиги мундуз акемдин небереси Эрик менен көпкө сүйлөшүп туруптур... Ошентип, түн бир оокумда Эрик экөөнүн дүкөн тарапка кетип баратканын көргөндөр бар экен...
- Койчу, каяктагы кебиңди! -деп силкинип жиберди.
- Жо-оо, муну мен чыгарган жокмун, укканымды айтып жатам...
- Анан эмне болуптур?!
- Ошол, ошол эле...
- Көрсө - көрүшкөндүр... Эмне, чоңоюп калган кыз басат да жигиттер менен,- деп кошунасынын сөзүн уккусу келбей шарт туруп кетти ордунан. Бирок, өзүн өзү токтото албай тамак жасаганга киришти. Кандай тамак жасаганын деле билбейт. Өзүнчө кыжынып жүрдү кечке. "Ушунун дүкөнү да өттү!" деп ичинен эрин да жаман көрүп не бир алакетке түштү.
ХХХ
Кайра дүкөнүн көздөй жөнөдү. Бирин-экин келген кишиге соода кылып, анан ичинен шарт бекитти. Ушундай чарчаган, барар-жатар жери жок кишидей сезди өзүн. Ооба десең, үйүнө баргысы да жок. Барса эле, үңкүйүп отурган аялын көрөт. Балдары го, али жамандык-жакшылыкты биле элек кези. Дүкөнүнүн артындагы кичинекей складына дайыма чарчаганда эс алчу төшөнчүлөрдү төшөп жата кетти. Ичкиси келди. Ичпей-жебей дүнүйө жыйганда кайсы жакшылык көрдү. Тапкан-ташыганынан айрылып, эми минтип үйүнө да кереги жок болуп отурат. Бир бөтөлкөнү ачып, ошо отурган жеринен эле ачуурканбай бөтөлкөсү менен кулкулдата жутту... Бир аз отурган соң башы тегеренип, шалдырап уйкусу келип баратты. "Э, эмне болсо - ошо болсун!" деп куркурап уйкуга кетти. Чын эле Жакшылыктын уйкусу өлө келген эле. Качантан бери күн-түнү менен катуу түйшөлүп, уурдалган акча эсине түшкөндө уктап жаткан жеринен шарт ойгонуп, канча таңды кирпик ирмебей атырды. Чын эле аябай чарчаган!
Ушунча катуу уктаган экен. Оо, түн бир оокумда шырт-шырт эткен дабыш кулагынын түбүнөн угулуп, көзүн ачты. Алгач, эч нерсени түшүнбөдү. Жанында ачык турган бөтөлкөдөгү арактын жыты келди. "Фу-у" деп ичиркенип алып, жанааракта өзүнүн арак ичип отурганын эстеди. Караңгылык чылк баскан дүкөндүн ичи ага көмкөрүлгөн казандай эле көрүндү. Коркуп кетти! Дүкөндө өзүнөн башка эч ким жок болчу. Эшикти ичинен илген. Анан, азыр эле шыртылдаган дабыш кимдики?! Жүрөгү түрсүлдөп, өзүнүн кулагына угулду. Демин ичине алып бир саамга отуруп калды. Кыймылдагандан коркту. Туруп, светти күйгүзүү керектигин билип турса да, кыймылдоого ал кудуретсиз эле. Ана, складдын түпкүрүнөн шыбырашкандай үн жетти кулагына. Жо-оо, бир нерсе кытырап жатабы? А, балким, булар чычкан чыгар. Жакында эле санэпидемстанциядан келип текшерип, дарылап кетишкен. Анан, деги эле Жакшылык өзү аябай тыкан адам болгондуктан, дайыма дүкөн ичин өтө таза кармачу. Ушунча жыл иштеп, бир да жолу санэпидемстанциянын кишилеринен эскертүү алган эмес. Дайыма райондо ал кармаган дүкөндүн аты тазалыгы менен оозго илинип турчу.
Ушуларды сыдыргыга салгандай бир нече секунддун ичинде өткөрдү көз алдынан. Аңгыча, "шабыр-шубур" этип жанынан бир жандыктар жүгүрүп өтүп баратканынан чочуп тура калды. Калдастай түшүп жер таянды.
- Ай!!!
- Катуу кыйкырып жиберди. Жер таянган алаканы менен жүндүү жандыктын үстүнө түшүптүр.
- Чыйк! - эте катуу чыйылдап жиберген жандык бурулуп туруп, билектен тиштеди. Ого бетер чочуп кетти. Калдастап чуркап барып светтин точкасын таап, күйгүзүп жиберди. Бетиң жамандыкты көрбөсүн! Капкара килтийген келемиштер жарыктан кача, жер-жерге житип бир заматтын ичинде жок болушту. А бири түз эле складдын тээ түпкүрүндө үйүп коюшкан керзи өтүктөрдүн түбүнө кире качты. Жакшылыктын бүткөн бою быжырап чыкты. Калчылдап турду... Өзү кыйналып турган маалда минтип каяктагы келемиштер ооп келген? -деп өзүнө өзү суроо берди. Келемиштер ооп келерин ал бала кезинен билчү. Демек, жакында эле пайда болгон. Тобо-о, өз түйшүгү менен жүрүп, буларды да көзү көрбөй калганын карасаң! "Кой, бүгүн дүкөндү ачпай эле коеюнчу. Эмне дешсе, ошол дешсин. Бир сыйра тазалап, бу келемиштерге капкан коеюн, уу дарылардан таштайын" деп өзү менен өзү кеңешип отургуча, таң да агарып атып баратты...
Бөтөлкөнүн оозунан дагы жутуп алып, төрдөгү жыйылып турган керзи өтүктөрдү бирден алып ыргыта баштады. Ыргытылган бир өтүктүн кончунан түшкөн килейген жанагы келемиш дагы качып жөнөдү. Каны кайнап турган Жакшылык колуна тийген дагы бир өтүк менен килтиңдеп качып бараткан келемишти атып урду. "Чыйк!" эткен келемиштин дал тумшугуна тийген өтүктүн ичинен жалпылдап эле бир кагаздар учуп түшүп жатты. Акчабы?! Эки көзү алаңдап эле туруп калды. Тарп-турп этип барып эле басып калды. Акча экен! Бирөө келип андан талашып алып кетчүдөй, шашып-бушуп жыйнап жатты. Колдору калчылдайт. Кочушуна батпай чачылган акчаны отуруп санай баштады. Оо, бир топ акча экен. Өзүнүн эле колунан өткөн акчалар экенин билип атты.
- Көрсө, келемиштер... - деп ойлоп келатып, ордунан так секирип тура калды. - Чын эле келемиштер алып кеткен окшойт!
Эми, өтүктөрдү ыргытпай, ар бирин алып чыгып, ичин колун салып текшерип атты. Ошентип, тээ түпкүрдөгү өтүктөргө жетти. Улам бирин карап алып, эми күлкүсү келип атты. Үч-төрт өтүктү ошол бойдон баштыкка салып, табылган акчаны чөнтөгүнө шыкап, үйүнө шашылды.
ХХХ
Жаңы эле туруп, короосун шыпырып жүргөн Атыр карп-күрп көчөдөн кирип келген эрине таң калып карап туруп калды. Чачы саксайып, оозунан арактын жыты бурулдап турган Жакшылыктын көздөрү жайнап туруптур. Анын мынчалык көңүлдүү болуп кирип келгенине Атырдын жини келип кетти:
- Каякта жүрөсүң темселеп?! Каяктан келдиң? Кимдер менен ичип жүрөсүң? Кимдин үйүнө түнөдүң?!
- Сен эмне кыласың менин каякта түнөгөнүмдү? Мына муну карачы! - деп чөнтөктөрүнөн акчаларды алып чыкты. Акчалар чачылып эле жатып калды?
- Бул эмне? Каяктагы акча? - деп Атырдын оозу ого бетер ачылды да калды.
- Таң калып жатасыңбы? А муну көрсөң - ого бетер таң каласың! -деп кыйкыра сүйлөгөн Жакшылык баштыктагы өтүктөрдү бирден чыгарып, Атырдын алдына койду. Эңкейе берген Атыр кыйкырып жиберди:
- Апей,акчалар го! Тизип коюптур го! Ким тизген? Бул кайсы өтүктөр?
- Складдын түбүндөгү эле өтүктөр. А бул акчалар биздин эле дүкөндүкү...
- А буларды ким тизген?- деп кайра сурады Атыр.
- Келемиштер!- деп Жакшылык түндөгү болгон окуяны баштан аяк айта баштады.
ХХХ
...Уюн сааганы колуна чака кармап сыртка чыккан кошуна келин ортосуна үч-төрт керзи өтүктү коюп алышып, боорлорун тырмап күлүп атышкан Жакшылык менен Атырды көрүп аң-таң калып карап туруп калды.
- Ха-ха-ха!
- Хи-хи-хи! О-иий, ичегим түйүлүп калды окшойт! -деп ыкшыган Атыр ичин кармай, өз короосунда аларды карап турган келинге колун булгалай кыйкырды:
- О-оой, бери кел... бир кызык көрөсүң...
Шашке ченде "Жакшылыктын дүкөндөгү акчасын эч ким деле албаптыр. Жакында эле кайдан-жайдан ооп келген келемиштер акчаларды бирден ташып, складындагы керзи өтүктөрүнүн кончуна жыйыптыр. Баарынан да кызыгы, он сомдугун өзүнчө, жыйырмасын өзүнчө, жүз сомдугун өзүнчө бөлүп-бөлүп тактап, анан, уядай кылып айлантып-тегеретип жыйыптыр эй!" деген кеп айыл-айылга шамалдай тарап кетти...
Эртеси күнү алар алыстагы апасына баралы деп шадыраңдап жөнөп калышты. Артынан бараткан Жакшылык:
- Айталы, апам бизди кечирер. Шааркүлгө арбын эле акча карматалычы. Апама баягыда алган көйнөгүңдү алып алдыңбы? - деп улам сурап баратты.

Нурбүбү БӨДӨШОВА