Ооганстан-ШКУнун баш ооруусу
Кечээ Шанхай кызматташтык уюумуна кирген мамлекеттердин башчыларынын жыйыны Ташкенде башталды. Буга Кыргызстандан Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев катышууда. Жыйын эки күнгө созулуп, коопсуздук, Ооганстан маселеси, терроризм, экстремизм жана сепаратизм коркунучтары талкууланат.


Эл башы болгончо, суу башы бол!
Бакиевдерге сууну уурдап жатасыңар деп айтсак, оозду куу чөп менен аарчып, жокко чыгарып келишкен эле. Учурда Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү акыркы Бакиев башкарган беш жыл ичиндеги мезгилде боло элек деңгээлге жеткендиги анык болду.
"Электр станциялары" ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү ушул күнгө 13 миллиард 703 миллион кубметрди түздү. Ал эми, өткөн жылы ушул күнү бул көрсөткүч 7 миллиарддан жогору, 2008-жылы 8 млрд. кубметр гана болгон. Буга чейин энергетика министринин милдетин аткаруучу Осмонбек Артыкбаев эгер суунун көлөмү 13 миллиарддан ашса, кышында жарык өчпөйт деген эле. Буйруса, быйыл үйүбүз жарык жана жылуу болот өңдөнүп калды.


Бакиевдердин планы күчүндөбү?
УКМК жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевдин айтымында, Максим жана Жаныш Бакиевдин телефон аркылуу сүйлөшкөн пландары дагы эле күчүндө.
Ал "Максим менен Жаныштын кээ бир этаптары - Убактылуу өкмөттүн башчыларын, күч структураларынын жетекчилигин жок кылуу пландары дагы күчүндө калышы мүмкүн. Зикирбаевдин бандасынын качканы да ушуну айгинелеп турат. "Абдан кылдаттык менен даярдалган качуу" деп билдирген.


Кезек улуттук банкка жеттиби?
Улуттук банктын айрым жетекчи кызматкерлерине акчаны адалдоо, коррупция боюнча жана кызматынан пайдаланган деген айып коюлуп, кылмыш иши козголгону кабарланууда. Башкы прокуратура Улуттук банк менен коммерциялык банктардын 2005-2010-жылдагы иш-аракеттерин текшергенде, "АзияУниверсалБанк", "Манас Банк", "Ысык-Көл", "Кыргызкредитбанк" деген сыяктуу банктардын башчылары офшордук аймактарда катталган компаниялардын жетекчилери менен акчаны адалдоо боюнча атайын схема иштеп чыкканы анык болгон. Чоң көлөмдөгү акча которууларды Британ Виргин аралдары, Панама, Сейшел аралдары, Маршалл аралдары, Белиз, Макао, Черногориядагы компаниялар алып, жиберип турушкан.
Улуттук банкка болсо, АУБдун ишмердигине көз жумуп койгону үчүн жана Кыргызстандын эл аралык имиджине чоң зыян келтирип, чыгымга учуратканы боюнча кине коюлууда.


Кыңыр иш кырк жылдан кийин да билинет
2006-жылы болуп өткөн чуулгандуу "матрешкагейт" окуясы кайрадан каралып, учурда бир топ адамдар кармалган. Алардын ичинде милиция кызматкерлери да бар. Ички киштер министри Болот Шердин айтымында тергөө иштери акырына чыгып калды. Жакында ал иштин чоо-жайы коомчулулукка жарыя кылынмакчы. Кыңыр иш кырк жылда да билинет деген ушу.


"Ата Мекендин" ичи ыйкы-тыйкыбы?
Кээ бир гезиттердин жазганына караганда, экс-депутаттар Кубатбек Байболов, Ишенбай Кадырбеков, саясатчы Өмүрбек Абдырахманов "Ата Мекен" партиясынын шайлоо алдындагы алгачкы тизмесин көрүшүп, таарынышкан имиш.
Көрсө, тизмеде К.Байболов араң гана 32-орунда, И.Кадырбеков 21-орунда жана Ө.Абдырахманов 13-орунда экен. Бирок, партиядан, али тизме бекитиле электигин, мындай малыматтар партиянын ичин бөлүп жаруу үчүн жасалган аракеттер экендигин айтышты.


"Ак жолчулар" "Ата Мекен" партиясына кирүүдөн "аткез" кылышпайт
Жогорку Кенештин "ак жолчу" экс-депутаты Гүлнара Дербишева "Ата Мекен" партиясынын Баткен боюнча координатору болууга каршы эмес. Мындай оюн ал кечээги чыккан кайсы бир кыргыз гезитинин тамашага салган рубрикасында билдирген.
Гезит телефон аркылуу Ө.Текебаев Г.Дербишеванын талапкерлигин Баткен боюнча координатору кылууга караштырууда. Бул боюнча сүйлөшүү үчүн кеңсеге чакырып жатат деп гезит тамашалаган экен, Дербишева каршы эместигин билдириптир. Арийне, бир эле Дербишева эмес, эгер чындап сунуш болсо, "акжолчулардын" бардыгы беткабын сыйрып ыргытууга даяр. Бирок, Гүлнара Дербишеваны "акжолчулардын" ичиндеги эң карапайым жана таза адам экендигин айта кетели.


НАТО-Кыргызстан: кызматташтык уланууда
НАТОнун баш катчысынын Кавказ жана Борбор Азия боюнча атайын өкүлү Роберт Ф.Симмонс кечээ Бишкекке келди. Ал убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева жана башка өкмөт мүчөлөрү менен жолугушту.


Суваналиевден "сүйрүприз"
Генерал Өмүрбек Суваналиев "Дело№" гезитинин 9-июнда чыккан санына берген маегинде билдиргендей, ал Камчыбек Ташиев жана Акматбек Келдибеков менен бир партияда болгонуна эч кандай оңтойсузданбайт.
Ал ошондой эле, Келдибеков жана Ташиевди мыкты адистер деп атап, бакиевчилерге эч тиешеси жок өз алдынча саясатчылар экендигин жана Бакиевдер аларды да куугунтуктагандыгын айткан.
Бу "Каттанинин" акыркы кадамдарына түшүнбөй, элибиздин акылы айран. Бүткүл эл көрүп-билип турса да, ким Бакиевдердин адамы экендигин аңдай албаган Суваналиевдин генералдыгына да "шегибиз" бар. Ириде, генерал деген эл менен болуп, душмандарга айбат көрсөтчү эле. А Өмүкебиз, кечээги эле элдин тилек-үмүтүнө каршы иш жасашкан, Бакиевдердин куйруктары менен ийиндешип алганы эмнеси? 2006-жылкы ноябрь митингинде Бакиевди колдоп чыккан жападан-жалгыз Камчыбек Ташиев эмес беле!? А Суваналиевдин болсо, тарыхты бурмалагысы бар.

"Алиби" пресс