Калыс болуңуздар

Чындык - баары бир ачыкка чыгышы керек!
Акыркы убакта өлкө ичиндеги болуп өткөн окуяларга саресеп салсак, кырдаал оор болуп тургандай. "Эми жакшы заман болот го" деп тилек кылган сайын, тилегибизди таш каап, жашоо татаалданып барат. 13-14-19-майда Республикабыздын түштүк аймагында болгон өзбек-кыргыз жаңжалынын түпкү мааниси түшүнүксүз бойдон кала берген. Мындан улам ал жактагы элибиз бизге нааразы болушуп, чындыкты чагылдырып берүүбүздү суранышкан. Анткени, Жалал-Абадда, Ошто абал курчуп, башаламандык болуп жатканда Убактылуу өкмөт жалпы журналисттерге кайрылып, "коопсуздугуңар коркунучта, түштүккө барбагыла" деп кайрылуу жасаган. Атайын иликтөө иштери менен Жалал-Абад, Ош областтарына барып, Убактылуу өкмөттүн журналисттерге карата жасаган кайрылуусу бекер жерден даярдалбаганын билдим.

Түштүккө он күнгө командировкага барган сапарым көптөгөн окуялардын сырынын ачылышына, элдин маанайын билүүмө жардам берди десем болот. Жалал-Абад областынын губернатору Бектур Асановго нааразы болгон эл, "эгер Бектур туура кадам жасаганда өзбек-кыргыз жаңжалы болбойт эле" деп үшкүрүктөрү таш жарып, каңырыктары түтөп турганда, "багы жокко дагы жок" болуп, 3-4-июнда жааган катуу жамгырдан жалал-абаддыктардын үйлөрүн сел алып, айдоо аянттарын жууп кетти. Ал аз келгенсип, "какаганга - муштаган болуп, ансыз да арманын кимге айтаарын билбей турганда Өмүрбек Текебаевдин Конституциянын өзбекче жазууга кадам таштаганы "өлгөндүн үстүнө көмгөн" болуп, эл үчүн чоң сокку болду. Бул туурасында гезиттин кийинки сандарынан кенен маалымат беребиз.
Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асановдун маеги өткөн санда кабарлангандай, гезитибизге жарык көрбөй калды. Бул үчүн мен бардык окурмандарыман кечирим сурайм. Ошондой эле Бектур мырзанын маегинин гезит бетине берилбей калганынын себебин төмөндөгүдөй түшүндүрөөр элем:
29-май, ишемби күнү эртең мененки саат:6:00до Жалал-Абад облусуна келип, саат:10:00дор чамасында Бектур Асановдун иш бөлмөсүндө болдум. Бектур мырза жакшы маанайда кабыл алып, керек болсо бир-эки баласын даярдап, шаарды көргөзүп, тааныштыраарын да жашырган жок. Убактысынын тардыгына байланыштуу учурдагы жаман-жакшы сөздөргө, көптөгөн суроолорго жооп берүүнү башка күнгө жылдырып, жекшемби күнү Дооронбек Садырбаевдин эскерүү кечесине Ноокенге бараарын түшүндүрүп, телефон номеримди алып, дүйшөмбү күнү бошогондо өзү байланышмак болгон. Кыскасы, маанилүү жана кенен маек уюштурмак болгонбуз. Ошентип, дүйшөмбү күн да келип, Бектур мырзадан жооп болгон жок. Мен да байланышкан жокмун. Шаршемби күн дегенде, жума күнкүгө эл күткөн суроолорго жооп болуп калсын максатында Бектур Асановго телефон чалдым. Кечки саат:18:00до обладминистрациянын кеңсесине баш багып, Бектур мырза менен жолугуп, көптөн күткөн суроолорго да жооп алдым. "Жазып бүткөндөн кийин мага алып келип көрсөтүп койчу" деди. Эртеси жекшемби күнү таң эрте компьютерде анын маегин бастырып, саат:11:00 чамасында алып барып көрсөттүм. Бирок, Бектур Асанов дагы деле убактысы тар болуп шашып жатыптыр. Сыягы, ОБСЕден кишилер келсе керек. Кагазга түшүрүлгөн маекти шаша-буша окуп алып, "көп жерлерин кыскартып коюптурсуң. Менин оюмду түшүнбөй калыптырсың. Мен муну жакшылап жазып, кечинде Ошко алып барып берем" деди. Анткени, мен ошол күнү кечинде Ошто болмокмун. "Сиздин маегиңиз бүгүн саат:13:00го даяр болуп, эртеңки гезитке жарык көрүп калышы керек" дегениме таптакыр көнгөн жок. Ал гана эмес, кечинде "өзүм даярдап, Оштон өзүм байланышып берем" деген сөзүнө да турган жок. Кыскасы, кечинде Оштон да байланышка чыккан жок. Ошол себептүү, 7-апрелден бери нааразы болуп телефон чалган жалал-абаддыктардын арыз-муңун гезит бетине берүүгө туура келди. Анткени бир айдан бери, өзгөчө өзбек-кыргыз, чечилбей жаткан криминалдык, рейдерлик маселелери боюнча телефон чалган элдин арыз-муңу күч алып, биздин гезитке нааразычылыктарды туудуруп жаткан. Ошол себептүү алардын кайрылуу, арыз-муңдарын кыскартылган вариантта берип, кийинки санда ага жооп кылып, Бектур Асановдун кенен маегин берүүнү редакция туура көргөн. Жума күнкү гезит жарыкка чыкканда Бектур мырза мага кечки саат:17:37де телефон чалып, "Кандай Назгүл? Силердин гезит бүгүн мени аябай шыбаптыр го" деди. Мен таң калганымды жашырбастан, гезитти окуй элегимди айттым. Анткени, Жалал-Абадга гезит чыккандан соң бир күндөн кийин келет. Ошондой эле Бектур мырзаны шыбаган материал жок эле. Дароо интернетке барып, гезитти карадым. Мен ойлогондой, ал жерде Бектур Асановду шыбаган макала жок болуп чыкты. Болгону, жалал-абаддыктардын, элдин гана пикири жазылган. Ал жерде адамдын аброюна шек келтирип, моралдык укугун тебелеген эч нерсе жок. Элдин, жалал абаддыктардын кайрылуусун, телефон каккандарын ансыз да бир айдан бери сактап келгенбиз. "Менден кетпесин" деп баягы сүйлөшүлгөн убада боюнча Бектур Асановдун маегин алуу максатында ага бир нече жолу телефон чалдым. Ал таптакыр жооп кылган жок. Биз сыйлаган, бакиевчилердин пачагын чыгарды деген Бектур мырза теледен чыгып, редакцияга телефон чалып гезитти сотко берээрин билдирген. "Чычалаган чын болот", "Шектүү шекинет" болбой, Бектур мырза ушул жерден жумурткадан кыр издебей сөзүнө туруп, айкөл болуп койсо, анын кадыры көтөрүлбөсө - түшмөк эмес. Ансыз да бизден башка гезиттер бир топ эле кадырын түшүргөн фактылар менен Бектур мырзаны шыбап жатат го.
Баарыдан да, Бектур Асанов тууралуу гезитке чыккан соң, ага нааразы болгондордун саны андан бетер арбыды.
Гезитибиздин кийинки сандарынан Жалал-Абаддагы кыргыз-өзбек жаңжалынын себептери, рейдерлик боюнча фактылар, 3-4-июндагы сел алып кеткен турак-жайлар, криминал маселелери боюнча таанышып турасыздар. Ошондой эле Жалал-Абад облусунун Орто-Азия айылынан кылмыштуу топтун аракети менен уурдалган Гүлжамал тууралуу кенен материал берилет. Гүлжамалды уурдаган кылмыштуу топтун бети бир жылдан бери ачылбай келет. Учурда жаңы жетекчиликтин келиши менен иш илгерилей баштады десек да болот. Бирок, ишенимдүү айтышка али эртелик кылат.




  Ооруканадан

"Исаков офицердик сөзүнө турбаса, элдин ишеничинен кетет"
Жалал-Абад шаардык ооруканасынан телефон чалган Бактыбек байке тезинен келип калуумду суранды. Ал өзбек-кыргыз жаңжалы жүрүп жатканда Алимжан Батыров атындагы университеттин жер-төлөсүнөн чыккан чачыратманын огунан жаракат алып, оор абалда ооруканага жеткирилген. Ал учурда көйгөйүн көмүскөдө калтырбай Убактылуу өкмөткө, жалпы кыргыз элине билдирип коюумду суранды.

Бактыбек ТАШЫМБЕТОВ,
Жалал-Абад шаарынын тургуну:
Саламатсызбы абалыңыз кандай?
- Жакшы, рахмат кызым.
- Абалыңыз менен таанышкан жетекчилер болуп жатабы?
- Мага биринчи Исмаил Исаков келди. Үч күндөн кийин Бектур Асанов келип, ден соолугуман кабар алып, эки миң сом акча берди. Жаңы мэрден дайын жок. Биз жаңы бийлик деп жанталашып жатсак, алардын бизге кайдыгер караганына кыжырыбыз келип жатат. Керек болсо, ошолордун айынан окко учтук. Убактылуу өкмөттү коргойбуз, алардын идеясы ишке ашсын деп, жанталашып жүрөбүз. Роза Отунбаева өткөндө Ноокен районуна Дооронбек Садырбаевдин жылдыгына келип кетиптир. Андан бери көп болсо жарым сааттык жол. Келип, биздин абал менен таанышып койсо, көңүл болуп калмак да. Жалал-Абаддан эмнеге коркот? Эгер коркуп, эл менен жолуга албаса, кантип президент болот? Айланайын "Алиби" гезити, сиздерди атайын чакырып, арманымды айтып жатам. Ушул үнүмдү гезитке чагылдырып коюңуздар. Менин, керек болсо элдин жалгыз ишеничи "Алиби" гезити гана болуп калды окшойт.
- Сиз 14-майда жаракат алдыңызбы?
- Мен өзүм Ошко "таксовать" этем. 19-майда Оштон "Коммерсант" гезитинин кабарчысы Юрий деген жигитти Жалал-Абадга алып келгем. Ошону менен катар Убактылуу өкмөттү колдоп чыккан жаш балдарга баш-көз болуп турдум. Тынбай жааган октор Кадыржан Батыровдун университетинин жер-төлөсүнөн чыгып жатты. Ал октор ичимди, колдорумду тешип кетти. Бир өзбектин айынан эки эл кырылышты. Эми биздин башчылар эл тынчысын десе, ошол өзбекти жок кылып, элди колдоого алыш керек. Эгер тынчтыкты каалашпаса, элдин кереги жок болсо, анда Кадыржанды коргой беришсин.
- Кадыржан сөзсүз жазасын алат деп Исаков эл алдында айтты го?
- Эгер Исаков эл алдында берген офицердик сөзүнө турбаса, ал элдин ишеничинен кетет. Мага досум келип "Исаков "19-майда жарадар болгондорго мамлекеттен жардам берилбейт. Ким уюштурса ошол каржылайт" дегенин билдирди. Исаковдун бул айткандары чын болсо, аны эч ким генерал катары тааныбайт. Биз, кыргыздар бири-бирибиз менен кырылышкан жокпуз. Кыргыздын намысын коргоп, Кадыржанга каршы турдук. Бардыгын убакыт көрсөтөт. Исаков "Кадыржандын кылмышы иликтенип, колго түшүрүлүп, мүлкү мамлекетке өткөрүлөт" деген эле. Андан бери канча күн өттү жыйынтык жок. Акаевдин, Бакиевдин учурундагы куру убадалар уланып жатат.

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек-Жалал-Абад-Бишкек
kyrchyn@mail.ru