Архитектор жоготтук, көрдүңөрбү?

"ТУРСУНБАЕВ, ТҮШ БЕРИ"
Каныбек Жайчиевич Нарбаев деген Бекназаровдун архитектор жердеши бар, курган курулуштарын көрөйүнчү деп өйдө карадың дегиче, чекеңдеги тебетейин жерге кантип түшкөнүн билбей каласың. Имараттарды Авлетимдин аскасындай кылып заңгыратып курдуртат дейсиз, арасына кирген киши адашып табылбай кетет. Ошондой дайынсыз жок болуп кеткендердин бири -Бишкек шаарынын архитектору Өнүшбек Турсунбаев апрель окуяларынан бери жок. Каныбек Нарбаев аны Бакиев заманында "ажонун оюндагысын таппай жатасың" деп эки жолу коллегияда иштен алам деп опурулду эле, аягы барып "түштүкгейт" болуп кетти. Турсунбаев эки жолу тең "помиловать" деген статьяга туш болду, Азимбек Анаркулович! Ата Түрк багындагы, Түштүк магистраль кан жолунун эки тарабындагы, Орто-Сай базарынын айланасындагы, Чоң-Арыктагы участоктор жери жок үй салалбай жүргөн "бей-бечаралар партиясынын" мүчөлөрү Данияр Үсөнов, Жаныш Бакиев баш болгон Кыргызстандын "мекенчил" эр азаматтарына "өчүрөтү келип" берилди деп жүрүшөт. Бул иштер сотто да каралымыш этти эле, этеги эмне болуп бүттү, Каныбек Жайчиевич? "Турсунбаев билет" дегени турасыз, бирок ал кана?
Бакиевдер го - мейли, басып кеткен бачке-бачке акчалары бар, Россияда төркүн-төш, кайын журт, тага журт, куда-кудагыйлары бар дегендей, эптеп күн көрүп кетишет. Баарынан да биздин Өнүшбек Турсунбаев деген архитекторубуз кайда качып кетти экен? Же өзүңүз коён жатагына чейин жакшы билген Авлетимдин аскаларында жашына тур дедиңиз беле Кожожаш болуп. "Түш!" деп койсоңуз боло.(М.Р.)





  Ошо Шри Раджниш:

"Саясатчылар - Улуу кылмышкерлер"
Бхагаван Ошо Шри Раджниш - 1931-жылдын 11-декабрында Индиянын Мадья Прадеш өрөөнүнө караштуу Кучваде деген кыштагында жарыкка келген. Жети жашына дейре чоң энеси менен чоң атасынын колунда өскөн. Чоң энеси небересинин башка балдардан өзгөчөлөнгөн сырдуу сапаттарын, Улуу Касиетке эгедер экенин эрте аңдап, көзү өткүчө, т.а. 1970-жылга чейин өзүн небересинин шакиртимин деп эсептечү.
Көкурөгү тунук ойчул Ошо Раджниш - 1990-жылдын 19-январында өзүнүн физикалык денесин таштап, жаны Жаратканды көздөй Көккө учкан. Өлбөстүккө карай сапар алып баратып анын акыркы аманаты: "Мен кеткен соң эмне өзгөрөт да, эмне болот? Ал Жашоонун өз жазмышында. Айткан кептеримден акыйкаттык таба алсаңар - анда алар жашап кетет. Менин кептерим тирүү. Муну силер кандайдыр бир окуу катары кабылдабаңыздар! Булар менин силерге берген белегим!" - деген экен, кайран ойчул. . .


- Сүйүктүү Ошо, айтыңызчы, саясатчы менен кылмышкерлердин
ортосунда кандай айырмачылыктар бар?
- Кылмышкерлер байкуштар, алар билимсиз жана чын ыкласы менен жашашкандар. Ал эми саясатчы дегенибиз - эки жүздүү, митайым, кимдир бирөө менен мамиле курууда өтө кылдат мамиле жасаганды жактап, шумдуктай кооз жана көп сүйлөгөндү сүйүшкөндөр. Бирок, алардын түпкү маңызы бирдей эле. Башкача айтканда, кылмышкерлер - деген өнүп-өспөй калган саясатчылар, ал эми саясатчылар дегенибиз, бийлик бутактарына чыкканды ийине жеткире өздөштүрүп, ийгиликке жетишкендер.
Жалпы жонунан алганда, алар бири-биринен эч кандай айырмаланышпайт. Тигиниси да, мунусу да башкарганды сүйүшөт. Биринчиси да, экинчиси да, бараткан жолу тазабы, таза эмеспи, алар үчүн анчалык маанилүү деле эмес, айтор, кандай гана жол менен болбосун, анчалык түйшөлбөстөн, арты кандай болоорун ойлонушпай туруп, аракет кылышкандар. Алардын негизги философиясы, түпкү максат деп - жасаган иштери үчүн актанып жашоо.
Алар зордукчул келишет. Сиз алардын биринчисин да, экинчисин да салыштырып карай турган болсоңуз, кылмышкерлер - саясатчылардан айырмаланып төөчөлүк ойдо турат. Кылмышкер чен-өлчөмү, орду менен калп айтат. Ооба, алар кимдир бирөөнү өлтүрүп салышы да ыктымал. Бирок, Чынгыз хан кырк миллиондон ашуун адамды өлтүрүп жатпайбы. Бонапарт, Искендер Зулкарнайн жана Иван Грозныйлар канчалаган жандарды жутушканы белгисиз да.
Ал эми Иосиф Сталин менен Адольф Гитлердин канча өмүрлөрдү кыйышкандыктары туурасында так маалыматтар айтыла калып жүрөт. Иосиф Сталин Россиядагы ынкылаптан кийин он миллиондон ашуун адамды өлтүргөн делсе, Адольф Гитлер алты миллион еврейлерди тыптыйпыл кылып, жалпысынан Экинчи Дүйнөлүк согушта жер бетинен отуз миллиондон да көп адамдар кырылып олтурат.
Кылмышкерлер анчалык көптөгөн жандарды кыя алышпайт. Ал эми саясатчылар - булар Улуу кылмышкерлер, алардын улуулугу ушунда, сиздер аларды баатыр деп эсептегениңиздерге карабастан, алардын кылмышкер экенин тарых өзү тастыктап олтурбайбы.
Мен чоң кызматтагы бир катар саясатчыларды да, карапайым калк ичинен чыккан кылмышкерлерди да көрдүм. Анан мен ойлоп-ойлоп олтуруп мындай бир чечимге келдим, кылмышкерлер күнөөсүздүктүн айынан зыян келтиргендер деген. Алар мыйзам-пыйзам дегениңди билген эмес, алар ашыкча албууттанган темпераменттүүлүгүнүн айынан ушул жолго барышкандар деп түшүндүм. Алар кай бир катаал көрүнүштөрдөн улам ачуусу шакардай кайнап чыккандыктан, ошол саам акылынан адашып калышкандар. Алардын жасаган кыймыл-аракеттери атайын акылдан чыккан эмес. Мына алар бири-биринен ушундайча айырмаланышат.
Мага белгилүү деген эле саясатчылар адамзат коомуна кандай гана бүлгүн салышты. Дагы эле алар өздөрүнө өздөрү ишенип алышып, кыянатчылык иштерин улантышууда. Анткени, алардын бүтүндөй куралдуу аскерий күчтөрү жана бюрократия деген нерсеси бар. Мунун баарын алар аң-сезимдүү түрдө эле жасап жатышат. Алардын жасаган кадамдары уш-шунчалык жийиркеничтүү дейсиң, алдына-ала пландалган.
Ошентип, алар бирдей катарда эле тургандар деген тыянакка келсек болчудай. Саясатчылар - өтө чоң кылмышкер болсо, ал эми кадимки кылмышкер - жөнөкөй калктын арасынан чыккандар.

Даярдаган
Данияр Исанов




  Сөз бергилечи!

"КӨП СУУР ИЙИН КАЗБАЙТ…"
Убактылуу бийликтин Конституциянын долбоорун кыска убакытка талкууга койгондугу көпчүлүктүн көзүн будамайлоо сыяктуу сезилет. Ошентсе да, сунуштарыбызды айтып калалы. "Көп суур ийин казбайтка" эми келдик. Ашка жүк, башка жүк парламенттин кимге кереги бар? Сунушталып, талкууга коюлган Конституциянын долбоорунда эмики Жогорку Кеңештеги депутаттардын саны 120 болот деп айтылышы - арык аттап, суу кечпей турган сөз. Алакандай Кыргызстанга ушунча депутат көптүк кылат. Эгерде жүз миң шайлоочу бирден депутат шайлаган болсо, ЖКда 20-30 гана депутат болмок. Ал эми азыр долбоор жазган дилетант саясатчылар 20-30 миң шайлоочуга бирден депутат шайлатмакчы болуп турушат.
Азырынча, Кыргызстандын байманасы ташып турган жери жок. Антсе да, өзүнүн там-ташы жана машинеси бар болсо да мамлекеттикинен баш тарткан депутаттарды көрө элекпиз. Кол тийбестикке ээ болуп, бюджет эсебинен үй-жай, кымбат баалуу машине, эки-үчтөн жардамчыларды ала турган эрке-талтаң депутаттардын кандай зарылдыгы бар? Анан да, республикабыздагы демократиянын али баралына келе электигин эске алганыбызда, депутаттардын партиялык тизме менен эмес, шайлоочуларга өз дасмиясын көрсөтүп, жоопкерчиликти моюнга алып туруп, анан шайланып келгени дурус болмок. Парттизме менен шайланган парламенттин түрүн көрдүк го…
Паракор, ууру чиновниктердин санын кескин азайтуу - бюджетти ашыкча жүктөн арылтуунун бирден бир жолу. Аны үчүн облус, район акимдеринин аппаратын кыскартуу керек. Төрт дөңгөлөктүү арабага бешинчи, алтынчы дөңгөлөктүн кереги не? Мамлекеттик башкаруунун ички механизмин өркүндөтүү - Кыргызстандын келечекте өнүккөн, бай өлкөгө айланышына зарыл өбөлгөлөрдүн бири деп билебиз.
Орозали АБДЫКАДЫРОВ,
Кара-Балта.