"АзияУниверсалБанк" улутташтырылды
"АзияУниверсалБанктын" акцияларын мамлекетке кайтаруу тууралуу Декретке өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева кечээ кол койду. Буга чейин Азия Универсал Банк Михаил Надель менен мурдагы президенттин кичүү уулу Максим Бакиевге таандык экени айтылып келген.
Мындан тышкары, "АзияУниверсалБанкта" убактылуу жетекчилик токтотулуп, аманатчылар менен кредиторлордун кызыкчылыгын коргоо максатында банк активдеринин сакталышын камсыздоо үчүн 2010-жылдын 4-июнунан тартып консервация режими киргизилди. Бул туурасында Улуттук банктын төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдымалик Мырзаев билдирди.
Анын айтуусунда, мындай чечим КР мыйзамдары жана Улуттук банктын нормативдик актыларына ылайык Улуттук банк Башкармалыгы тарабынан кабыл алынган. "АзияУниверсалБанк" ААКсына консерватор катары Эрик Усубалиев дайындалды. Консерватор банктын финансылык абалынын начарлап кетүүсүнүн алдын-алуу чараларын көрүп, банк активдери жана документтеринин сакталышын камсыздап, банктын төлөө жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүү багытында чараларды кабыл алуу милдетин аркалайт.
"АзияУниверсалБанкта" убактылуу жетекчилик ушул жылдын 8-апрелинде Убактылуу өкмөт тарабынан киргизилген. 15-апрель күнү Улуттук банктын төрагасынын милдетин аткаруучу Заир Чокоев аталган банктан болжол менен 200 миллион доллар өлчөмүндө акча чыгарылып кеткендигин маалымдаган. Ал эми май айынын акырында Убактылуу өкмөттүн төрагасынын орун басары Азимбек Бекназаров Бакиевдер жана алардын айланасындагыларга тиешелүү экономикалык кылмыштар боюнча иликтөөлөрдүн жүрүшүндө республикалык бюджетке коммерциялык банктардан 1 миллиард 130 миллион сом которулгандыгын билдирген. Мында которулган акчанын 880 миллион сому "АзияУниверсалБанкка" тиешелүү болгон.


Баш мыйзамдын долбоорун Венеция жактырды, Кыргызстанчы?
Кыргызстан Убактылуу өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Өмүрбек Текебаев 4-июнда Италияда өткөн Венеция комиссиясынын 83-пленардык сессиясынын ишине катышып келди. Анда Текебаев "Парламентаризм, саясый атаандаштык жана Кыргызстандын Конституциялык түзүлүшүн турукташтыруунун механимздери катары бийлик бутактарынын ортосунда жоопкерчиликти бөлүштүрүү" деген темада баяндама жасаган. Бул баяндама катышкандардын арасында кызуу талкууну жаратып, сессиядагы эң кызыктуу темалардан болгондугу айтылууда. Европа Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчи болуп парламенттик башкарууга умтулган Кыргызстанга зор кызыгуу менен карап жатат. Эмнеси болсо да байланган боону кыргыздар чечет. Андыктан "а" же "б" дебей турганыбыз оң.


"Черный Айбек" Бакиевдин айылында атып өлтүрүлдү
"Черный Айбек" деген ысым менен белгилүү А.Мирсидиков үч жан жөкөрү менен Жалал-Абадда атып өлтүрүлдү. Айбек Мирсидиков жана дагы үч адам отурган машинага автоматтан ок атуу болуп, бардыгы ошол замат жан берген. Кечээ эртең менен Айбек Мирсидиковдун сөөгүн жакындары алып кетишкен. Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Бектур Асанов Айбек Мирсидиковдун өлүмү кылмыш дүйнөсүнүн өз ара териштирүүсүнө байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирин билдирди.
Ал эми Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, түнкү саат 12ден 15 мүнөт өтүп, 7-июнга караган түнү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун ички иштер бөлүмүнүн нөөмөтүнө Ырыс айылынын бир көчөсүндө атышуу болуп жатат деп кабар түшкөн. Милиция кызматкерлери Сузак районунун Ырыс айылына барганда, ок тийип өлгөн төрт кишинин сөөгүн тапкан. Алдын ала иликтөө иштерин жүргүзгөндө, алар С.Мухитдинов, А.Мирсидиков, К.Казимов экендиги аныкталган. Дагы бирөөсүнүн аты-жөнү такталууда.
Арийне, буга байланыштуу башка дагы версиялар интернет булактарында пайда болду. Алардын жазышынча, оппозициянын айрым лидерлери апрель окуяларынын алдында, кылмыш дүйнөсүнүн дагы бир өкүлү, көлдүк Камчы Көлбаевге "эгер бизге жардам кылсаң, биз сага "Черный Айбек" менен тирешүүдө көмөктөшөбүз" деп айтышкан имиш. Арийне, бул маалымат канчалык деңгээлде чындыкка шайкеш келээрин айтыш кыйын. Бирок, Убактылуу өкмөт билдирүү таратып, алардын тиешеси болушу мүмкүн делинип жаткан окуяга карата өз бааларын бериши кажет. Экинчи жагынан, акыркы окуялар беш жыл мурдагы Бакиевдин бийликке келген учурундагы көрүнүштөргө окшошуп бараткандыгы өкүндүрөт.


ЖКнын иш башкармалыгындагы кетпес кожоюндар
"Ак жолдун" лидери Улукбек мырза Ормоновдун амири менен Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын башкаруучусу кызматын аркалаган М. Амракулов, жакында эле Жалал-Абадда болгон коогалаңдын уюштуруучуларынын катарында "уулубу, күйөө баласыбы, кошо болгон" деген каңшаардан улам ишинен бошотулуп, ордуна "ата мекенчи" Алмаз Кожомкулов отурган. Ага ич күйдүлүгүбүз жок. Кептин баары билгендердин пикиринде, Алмаз мырзаны тузакка илгенге реалдуу коркунуч туудурат деген анын эки орун басары Ж.М. Борбодоев жана Т. К. Рысалиевде. Биз билгенден, 2005-жылдан бери ЖКнын Иш башкармылыгы 6-башкаруучусун (Т. Кеңешов, А. Абдимомунов, Э.Рысбаев, Э.Матыев, М. Амракулов, А. Кожомкулов) тосуп алып жатканына карабастан, тиги экөө кабагым -кашым дебей ордуларында калып келишет. Бүткүл парламент таратылып, чоң өзгөрүүлөр болгондугуна карабастан, бу сапар да ошондой болду. Эмнеге дебейсизби? Анткени, бул экөөнүн кожоюнду башкарып алуу боюнча өздөрүнүн өзгөчө "рецеби" бар дешет. Бири (Рысалиев) керек болсо, 2000-жылы Кулов менен кошо түрмөгө түшүп, кийин Кулов калып, тиги суудан кургак чыккан болсо, экинчиси ... Муну кийинкиге, десертке калтыра туралы. Экөөнүн эмгек жолунун таржымалы тууралуу узун кеп али алдыда. Биздин тынчсызданганыбыз, А. Абдимомунов сыяктуу чекистти, Э. Матыев сыяктуу тажрыйбалуу салыкчыны оңой эле тузакка илип кулаткан бул эки эренге жаш "ата мекенчи" Алмаз мырза ким болуп калыптыр!


Орусия референдумдун өтпөй калышына кызыкдарбы?
Орусиянын айрым бир принципиалдуу маселелерде Убктылуу өкмөт менен келише албаган жактары бар экендигин буга чейин гезитибизге жазган элек. Ошолордун бири, Кыргызстандын парламенттик башкарууга өтүп жатышы болчу. Дмитрий Медведьев Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек экендигин буга чейин билдирген. Бул деген биздин өлкөнүн парламенттик өлкөгө айланышын расмий Кремль каалабайт дегендик эле. Бизге жеткен ишенимдүү маалыматтарга караганда, референдумдун өтпөй калышы үчүн орустар чындап киришип, Кыргызстандагы Убактылуу өкмөткө каршы күчтөрдү колдоого алып жатканы маалым болду. Океңдер өз оюнун эми баштайт көрүнөт. Мындай шартта, дагы бир ирет контрреволюциялык аракеттер болбой койбойт деп кепилдик берүү али эрте. Кыскасы, кызыктын баары алдыда шекилди.


"Алиби" пресс