SOS!

"100 сом берип тургулачы,
эки күндөн бери тамак ичелекмин"
7-апрель эйфориясы улам тарап бара жаткандай... Ооба, сөздүн түз маанисинде эле ушундай. Бир ай, бир жарым ай аябай кызуулана талкуулап, уу-дуу болуп алганыбыз менен "өткөн күндүн изи жок" деген сымал баары-баары бас-бас болуп бараткандай көрүнөт. Албетте, ар бир мамлекеттин ыйык жайына айланган борбордук аянтта көөдөнүн ок көзөп, жан таслим болгондорду кандай айтып, кандай эскерип, кандай сый-урмат көрсөтсөк да жарашат дечи. Бирок, бүгүнкү сөз - ошол эле борбордук аянтта жан таслим болуп, азыр дөмпөйгөн дөбөгө айланган уулдардын жанында жүрүшкөн, колу-буттарын коргошун ок көзөп, кансырап, алсырап жатып калып, дагы да болсо ак халатчандардын тезинен жардам көрсөткөнүнөн улам чымын жаны аман калгандар жөнүндө болмокчу.
Бир ай, бир жарым ай ооруканада жатып, эми сакайып чыкты дегени менен али да болсо алсырап, баса албай балдак таянып, отура албай, көрпөсүн бирөөгө көтөртүп жүргөн жигиттер редакцияга кирип келгенде эң бир кызык абалда болдук.
- Биздин айткандарыбызды ошол айтканыбыз бойдон жазыңызчы, эже, - дешти алар. - Эмесе, айрым бир массалык-маалымат каражаттарына сүйлөп бергендерибизди өзгөртүп да коюп жатышат...
- Эмнеге өзгөртмөк элек,- деп аларга микрофон сундук.

Сабыр Түлеков:
- Өзүм ысык-көлдүк болом, 37 жаштамын. 7-апрелде жаракат алып, 4-шаардык ооруканада , травмотологияда. Арстанбек деген эң мыкты врач карады. Ошонун жардамы менен бутка турдум, бардыгы болуп 43 күн дарылашты. Чыгаргандан кийин да бара турган жерим жок, дагы эки күн ооруканада болдум. Көлгө кыйналганымдан кете албай, компенсациядан азыраак акча калды эле, аны менен квартирага чыгып жашап жатам. Айтайын дегеним, ошол күнү мендей болуп жабыр тарткандардын көбү азыр ар кай жерде ар кайсы коомдорго барып сүйрөлүп жүрөт. Азыр өтө кыйналып турган чагыбыз. Өкмөт жактан эки жарым миң сомдон жардам болду. Ооруканада жатканда билинген эмес эле, азыр дарыланып үйгө чыкканыбыз менен жумушка жараксыз бойдон калуудабыз. Мурда берилген жардамдар ар кандай себептер менен коротулган. Азыркы тапта кыргыз элинин көбү эле кредитте отурат. Кредиттерин төлөп, квартплатасын төлөй албай нансыз отургандар бар. Аянтка чыккандардын бардыгы эле кыйналгандан улам чыккандыгын ушундан билиңиз, азыр жарадар болуп, ооруканада жатып чыккандардын үй-жайы жок, дээрлик 70 пайызы квартирада жашагандар экен. Жумуш жагынан өкмөткө жардам сурап кайрылдык элек, "жумушка орноштуруп, иш бергилечи" деп, бирок, ал жак - тымтырс. Албетте, биз деле түшүнөбүз, өкмөт да кыйын акыбалда турат, бирине жетишсе, бирине жетише албай жатышат. Бирок, өкмөткө биздин айтар сөзүбүз эле бул: Азыр бизге жардам берип турушса, эптеп бутка туруп кетсек, биз кайра эле ушул мамлекетибиз, ушул өкмөбүз үчүн иштеп, жалпы Кыргызстандын алга жылышына колдон келген салымыбызды кошор элек. Материалдык жактан ушу бүгүн өтө кыйын абалда турганыбызды жашыра албайбыз.

Талант Давлетбаев,
"Айкөл Ала-тоо" коомунун төрагасы:
- 7-апрелде жаракат алгандардын күнүмкү оокаты өтпөй жатат. Кагаз, документация толтургандарга жардам болуп жатканы менен, материалдык жактан жардам жетишсиз. Бизге келип түшкөн арыздар бир чоң папкага жетти. "Квартирада жашап жатам, наным жок" дегендер толтура. Экинчи ирет операцияга жаткырышып, Воронцовкага жиберип жатышат. Ал жактын тамагы өтө начар деп арызданып жатышат. Өкмөт да, компенсация берип жатат, а бирок, бүгүн элүү миң сом алган бала эртең кайра эле ооруп, бутунан жылбай калса эмне кылат? Кайда барат? Же иштебесе, көп болсо бир айга жетет экен ал, а бир айдан кийин эмне болот? Ошон үчүн өкмөттөн суранаарыбыз: Жаракат алган балдарды иштей турган жумуш менен камсыздандырып берсе дейбиз. Эки жуманын ичинде биздин, 7-апрелде жаракат алгандардын статусун чечип беребиз деп жатышат. Бирок, бүгүн кыйын акыбалда турган балдарга ушул эки жума да көп убакыт болуп турат. "Айкөл - Алатоо" коомдук бирикмесин түзгөнүбүздүн себеби, жаракат алган жигиттерибизге жардам берер адамдар табылар бекен деп үмүттөнүп турабыз. Атайын эсеп ачканбыз. Андыктан, кыргыз элине, колунда бар адамдарга кайрыларыбыз, биздин коомдук бирикмебизге, анын ичиндеги жарадар балдарга колдон келишинче жардам берип койсо..."100 сом берип тургулачы, эки күндөн бери тамак ичелекмин" дегендер бар арабызда.
Ишенгенибиз - баягы эле эл. Өкмөт тарабынан болсо, силер - коомдук бирикмесиңер, силер мамлекеттик структурага кирбейсиңер деп жатышат. Акча түрүндө жардам бере албайбыз дешип жатышат. Ыйлап келгендерге беш тыйын кармата албай көзүбүз чачырап турат.

Сабыр Түлеков:
- Бийлик башында турган мыкты жигиттерибиз бар: Алмаз Шаршенович, Өмүрбек Текебаев, Темир Сариев сыяктуу. Аларга кезиктик, ар биринин убадасы бар. Жаракат алгандарга, шейит кеткендердин үй-бүлөсүнө үй салып, жер маселесин чечип, жардам беребиз деген. Ошол жактан жалаң убада эмес, реалдуу жардам болсо, эртеңки күнү деле биздин балдарыбыз кыргыз мамлекети, өкмөтү үчүн өз салымын кошуп берер эле.
Башка коомдорго бириндебей, өзүнчө коом түзүп жатканыбыздын себеби да бар.Бизди өз кызыкчылыктарына пайдаланып кетүүгө жол бербейбиз. Кыргыздын мыкты мырзаларына, кыйын бизнесмендерине кайрыларыбыз: бизге, колунан келген жардамдарын аябаса. 7-апрелде бакиевчил режимди кулатууга кандай чыксак, мындан ары да Кыргызстандын гүлдөп өсүп-өнүгүшү үчүн туруп беребиз. Биз муну жаныбызда жүрүп окко учкан маркум досторубуз үчүн, жарым жан болуп калган өзүбүз үчүн жасайбыз. 7-апрель - биз өмүр бою күрөшчү идея болуп кала берет.

Даярдаган
Нурбүбү БӨДӨШОВА

Реквизиты Банковского счета Общественного
обьединения "Айкөл-Алатоо"
Получатель: Общественное Обьединение
"Айкөл-Алатоо"
Общество раненных 6-7 апреля
Банк получателя: ОАО РСК Банк Сберкасса
№ 033-0-28
БИК 129001
Расчетный счет 1299281900020191 Кыргызский сом
Расчетный счет 1299281900020292 USD




Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу
Дамира Ниязалиевага
БИЛДИРҮҮ
2010-жылдын 11-майында "Алиби" гезитине Чым-Коргон айылындагы психикалык ооруканадагы кемчиликтер тууралуу "Чым-Коргондогу чырга ким чекит коёт?" деген макала чыккан эле. Жазылган кемчиликтерге Саламаттык сактоо министрлигинин текшерүүсү түз жана толук өткөрүлбөдү. Анткени текшерүүдө көптөгөн финансылык тартип бузуулар менен бирге кээ бир фактылар каралып аныкталган эмес. Мисалы: 1) тамак-аштардын баалары жогорку баа менен алынганы, сүт 20 сомдон, айылда 9-10 сомдон алынат, нан 26 сомдон-ооруканадагы жазылган нан 12 сомдон, этти 90-110 сомдон апкелет - кагаз жүзүндө 170 сомдон деп жазылган, дагы көптөгөн ушул сыяктуу нерселер.
2) ич-келте оорусуна жеңил чара колдонгону;
3) азыркы убакта коллективди бири-бири менен эки жаатка бөлүүдөгү Ажибековдун кемчилиги.
Биз, коллектив жаңы өкмөткө кайрылат элек. Ушу кыйынчылык убакта ичип жегенден алыс болгон, өзүмчүл эмес, психикалык оорусуна чалдыккан кардарлардын ахвалын оңдоп, иштеген кызматкерлердин кызыкчылыгын ойлогон башкы дарыгерди күтөт элек. Текшерүүдөгү финансылык тартип бузуулар аныкталса дагы башкы дарыгердин жоопко тартылбай, бул финансылык тартип бузууларга "мен макул эмесмин дегени" өкүнүчтүү же мындай нерселер боло бере турган нерсеби?

Р. S.

Мындай көйгөйлөр учурда Кыргызстандын ичинде көп. Ошентсе да ал өз учуру сааты менен чечилет деген үмүт чоң. Биз бул маселе атайын журналисттик иликтөө жүргүзүп жеринде тактайбыз. Аракетибиздин акыбети толук кайтпай, РПБнын айрым өкүлдөрүнүн министрликтин текшерүүсүнөн майнап чыкпай жатканын айтып редакциябызга дагы бир ирет кайрылууда. Эгер министрлик бул иштерге дыкат иликтөөсүн жумшап маселе туура жагына чечилбесе биз дагы бир ирет бул ишке кайрылабыз.