КР өткөөл мезгилдеги президенти Р.И.ОТУНБАЕВАга
Убактылуу өкмөт башчысынын прокуратура, сот маселелери боюнча орун басары А.А.БЕКНАЗАРОВго
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Урматтуу Азимбек Анаркулович!
Жалал-Абаддагы "Курулушматериалдары" АКнын эмгек жамаатынын профсоюз чогулушунун 11.12.02-ж. протоколу менен Жалал-Абаддагы "Элдердин достугу" университетине ошол учурдагы балансалык баасы 1 миллион 47 миң 777 сомдук 60 квартиралуу курулуп бүтпөгөн турак жайды акы төлөмсүз өткөрүп берүү, университет бул турак-жайды куруп бүткөндөн кийин кайра "Курулушматериалы" АКнын эмгек коллективине 10 квартираны кайтарып берүүсү боюнча маселе чечилип, токтом кабыл алынган. Ошонун негизинде 29.12.2000-ж."Курулушматериалы" АК менен университеттин ортосунда келишим түзүлүп, 60 квартиралуу турак-жай университетке АК тарабынан өткөрүлүп берилген. Бирок ал турак жайдын университетке өткөрүлүп берилгендигине 10 жылга аяк басып, турак-жай курулуп бүтүп, мугалимдер менен кызматкерлерге берилип бүткөндүгүнө карабастан, жогоруда көрсөтүлгөн келишимге ылайык "Курулушматериалы" АКнын эмгек коллективине берилүүгө тийиш болгон 10 квартираны берүүдөн баш тартып жатат. Азыркы учурда "Курулушматериалы" АКны Жалал-Абад шаарындагы эң бай киши Кадыржан Батыров сатып алып койгон. АКнын көпчүлүк акциясын сатып алган дагы, өзүнүн жакын тууганы Шарабидинов Талипжанды директор кылып дайындаган. Т.Шарабидинов болсо бизди АКга жакындатпай жатат, эч кандай документтерин да көрсөтпөйт, акционерлердин чогулушуна да чакырбайт. Азыркы күндө университет жана "Курулушматериалы" АК экөө тең бир эле К.Батыровдун менчиги. Ал эми АКнын жетекчиси болуп турган Т.Шарабидинов болсо К.Батыровдун күйөө баласы, жакын тууганы, өзүнүн кишиси. Мындай шартта кантип Т.Шарабидинов өзүнүн кожоюну К.Батыровдун менчик университетин сотко берет же болбосо алардан 10 квартираны талап кылат?
Ал эч качан талап кылалбагандыктан, АКда көп жылдан бери иштеп, турак-жай алуу үчүн кезекте турган кишилер "Курулушматериалдары" АКнын башкармалыгын, администрациясын, гендиректорун сотко берүүгө аргасыз болгонбуз.
Биздин доо арызыбыз Жалал-Абад шаардык сотунун 30.09.2009-ж. чечими менен толук канааттандырылган. Жоопкердин кассациялык арызынын негизинде иш облсотто каралып, облсоттун 19.02.2010-ж. мыйзамсыз токтому менен Жалал - Абад шаардык сотунун 30.09.2009-ж. мыйзамдуу чечими бузулуп, иш кайрадан кароо үчүн ошол эле сотко кайтарылган. Биз КРнын Жогорку Сотуна көзөмөл арыз келтирдик. КР ЖС өзүнүн 26.04.2010-ж. токтому менен Жалал-Абад облсотунун мыйзамсыз токтомун күчүндө калтырып, Жалал-Абад шаар сотунун 30.09.2009-ж. чечимин бузуп, ишти кайрадан эле Жалал-Абад шаар сотуна жиберди.
Жалал-Абад шаар соту ишти карап жаткан учурда бир нече жолу АКнын гердиректору М.Шарабидиновдун үйүнө чейин чакыруу кагаздарын жеткирип, бир нече жолу чакыруу телеграммаларын жиберген. Аны М.Шарабидиновдун аялы өзү кол коюп алып, күйөөсү үйүндө жок экендигин айтып, кагаздарды берип коёрун айткан. Бирок Шарабидинов өзүнүн кожоюну К.Батыровдон коркуп, сотко келбестен качып,ошол эле учурда К.Батыровдун буйругу менен Жалал-Абад шаарындагы №1-кыш заводун бузуп-ташып жатты. Эми болсо аны сотко чакырбай койгондой, кассациялык арыз жазып жатат. Анткени 30.09.2009-ж. шаар сотунун чечими сот аткаруучулар тарабынан аткарылып, алар аркасынан кубалап, издеп жатканда аргасыздан кассациялык арызды жазып жатат.
Облсот ишти биринчи инстанциянын тартибинде карап, изилдеп, терең текшерип туруп, бирок эмнегедир Шарабидинов биринчи инстанциядагы сотко катышпай калган деген шылтоо менен шаар сотунун 30.09.2009-ж. чечимин бузуп салды. Шарабидинов облсотко берген көрсөтмөгө ылайык шаардык сотко чакырылып жаткандыгын билген, облсотко да өзү катышып, көрсөтмө берип, өз укуктарын пайдаланып, дооматтарын сотко далилдеген. Мындай шартта бул ишти КР ЖПКнын 60-беренесинин талабына ылайык облсот калыс чечим кабыл алып берсе болмок. Бирок облсот калыс чечим кабыл албастан, атайылап эле бирөөнүн заказын аткаргандай. Эми болсо жарандык ишти кайрадан Жалал-Абад шаар сотунун кароосуна жиберишти.

Бизге жалал-абаддык эң бай киши, барон К.Батыров "силер жөн эле чуркап жүрөсүңөр, Кыргызстанда закон жок, болгон эмес, болбойт дагы. Баарын акча чечет, мен баарын акчага сатып алып коёмун. Колуңардан келсе, законду тапсаңар, менден сурап жаткан 10 квартираны алып көргүлө. Эч ким закон табалбайт, себеби Кыргызстанда закон жок" деп бизди мыскылдап айткан эле. Көрсө бизде чындап эле закон жок экен.

Урматтуу жаңы бийликтин башчылары! Биздин Кыргызстанда акыйкаттык болобу? Же бардыгы эле акчага гана карап калганбы? Ушул эле Кадыржан Батыров жакында кыргыз-өзбек чатагын чыгарып, анын айынан 3 адамдын өмүрү кыйылып кетти. Бул адамга деги силердин күчүңөр жетеби же өзү айткандай, бул адам силерди да акчага сатып алам деп жүрөбү?
Урматуу Роза Исаковна!
Урматтуу Азимбек Анаркулович!
Сиздерден биздин ушул маселебизди Жалал-Абад шаардык, областтык, кала берсе Жогорку Сотто адилет каралуусуна көзөмөл жүргүзүү менен биздин тагдырыбыздын соттор тарабынан мыйзамдуу, акыйкат чечилишине жардам беришиңиздерди акыркы үмүт менен сурайбыз.Эгерде Сиздер жардам бере албасаңыздар, анда Кыргызстанда жашоонун кереги жок.
Сиздерди терең урматтоо менен
Жалал-Абад шаарынын О.Кошевой көчөсү,
үй №88/2 дарегинин тургундары
П.А.Ломсанидзе, С.К.Пазылова, О.М.Ломсанидзе, Б.Б.Ирискулов, З.Лебедева, Б. Жоошбаев, А.Акматова




"Мен алган айлыкты "дворник" да алсын"
Мамлекеттик №1 резиденциясында 300дөй ар улуттун адамы эмгектенет, аянты 137 гектарды түзгөн территорияда мамлекеттик дачалар, конок үйлөрү, Конгресс Холл, котельная, гараж, теплицалар, алма багы 20га, жайгашкан. Резиденциянын негизги кыла турган иши ушул территориянын ичиндеги шаймандарды иретине келтирип, тазалыгын кармап туруу маселеси коюлган. Автотехникасынын шайы, жедеп ишпалдасы чыккан, котельнаясы 40 жылдан ашык иштетилген чарба.
Баардык финансылык каражат Президенттин иш башкармалыгы аркылуу бөлүнөт.
Бизге Кубанычбек Асанбекович 2007-жылы 27-июнда жетекчи болуп келген, ошол кездеги резиденциянын түрү азыркы кездеги өзгөрүү билген адамга асман менен жердей. Келген күндөн тартып каралбай калган карапайым жумушчулардын маселесин чечкени киришти, биринчиден эмгек акысын көтөрүп, оор жумуштагыларга бекер тамактандыруу жолго коюлду. Карапайым жумушчулар менен гана территориянын ичин иретке келтиргенге аракет кылып өзүнүн жөнөкөйлүгү менен коллективге жагып кетти.
Конторадагы колдун учу менен иштеп эмгек акысын жумушчулардан бир топ көп алып, премиясын өзүнүн айлык акысына теңеп алган жетекчилердин бардыгын тез арада өз ордуна койду. Ал кишинин карапайым жумушчуларга жакканы, "мен кандай премиальная алсам, дворник, уборщица да ошону алсын" дечү.Бизге же биз сыяктуу жумушчуларга ушундай жетекчи керек эле да. Резиденциянын көпчүлүгү 70% аял заты болгондуктан ошолордун жашоо шартына да көңүл бөлүп, колунан келишинче жардам кылган жетекчи болчу. Талапты ушунчалык катуу койчу, бирок ошончолук шартты түзүп аткарууга аргасыз кылчу, баштаган ишти аягына чыкмайын эс алчу эмес. Учурунда ушундай макалаларга жооп кылалы десек: "кереги жок, кудай астында кылган ишибиз ак, ал жазып жаткан адамдарды, билем, аларга менин кызмат ордум керек болуп жатат" деп тим койгон. Азыр ал киши башка ишке кетти, мындай адам кайсыл тармакта болбосун ишти так, таза аткарып кетерине биздин көзүбүз жетет, себеби бизге деле өзү "Кыргызалтындан" келген. Айта кете турган нерсе, макалаларда үй салды, машине алды деп жазышканы таң калтырат, бизге келгенде эле эң кымбат баалуу машинелери бар экендиги, "Кыргызалтындан" эмгегин баалап чоң үй алганы маалым эле. Өзүнүн мүнөзүндө да ток пейил колунда бар, жүргөн турганы таза, сөзү элге сиңимдүү экени ачыктан ачык көрүнүп турчу.
Ушундай адамдын жакшы сапаттарын көрүп чогуу иштешип жүрүп ак жеринен каралаган макалаларга жооп иретинде жазып коюуну туура чечтик, мамлекеттик №1 резиденциясын жааматынын атынан төмөндөгүлөр кол коюшту:

Башкы инженер - Табышев М.
Башкы бухгалтер - Мусабеков С.
Башкы экономист - Дыйканов Т.
Инженер көзөмөл ТБ и О - Жусубалиев Б.
Гараж башчысы - Бубаев А.
Кадр бөлүм башчысы - Аскарова Ч.
Юридикалык бөлүм башчысы - Джоошбеков А.
Мейманкана башчысы - Турусбекова А.
Дачалар башчысы - Арапова Л.
Бакчылык жана жашылдандыруу башчысы - Сакиев Э.
Курулуш бөлүм башчысы - Федосеева Л.
Тамак-аш камсыздоо бөлүм башчысы - Тентимишева К.
Коопсуздук кызматынын башчысы - Кожобаев К.
Протокол службасынын жетекчиси - Иманалиев К.
Мамлекеттик сатып алуу бөлүмүнүн башчысы-Мутуев Э.
Иш жүргүзүү секретары - Сыдыкова Б.
Гүл өстүрүү бөлүм башчысы - Рысакова Л.
Котельнаянын башчысы - Байташов А.

Резиденциянын жалпы жааматы.