Алтын чыры

Максимдештирилген "Жерүй алтын кени" адилет чечилер бекен?
"Жерүй" алтын кенин 1968-жылдан бери геологиялык чалгындоо иштери 1992- жылга чейин жүргүзүлгөн.

Жерүй алтынын казууга, 1991- жылы биринчи лицензияны госконцерн "Кыргызалтын" алган. Анын чет өлкөлүк инвестору катары америкалык "Моррисон Кнудсон" компаниясы "Кыргызалтын" тараптан тандалган эле. Ошол эле жылы Жогорку Кеңеш "Кыргызалтын" менен "Моррисон Кнудсон" компаниясынын ортосунда болгон келишимди шектүү деп, жокко чыгарып, лицензияны кайрадан кайтарып алышкан.
Ортодон 1997-жылы канадалык "Камеко" компаниясы дагы Жерүйдүн алтынына кызыгып, ТЭО жасап, бирок, алтындын баасы түшүп кеткендиктен 9 ай иштеп, жерүйдүн алтынынан баш тарткан.
Ошентип, 1998-жылы лицензияны англиялык "Оксус" компаниясы алды. Жерүй алтын кенин казганга "Оксустун" астындагы "Норокс майнинг компаниясы" "Кыргызалтын" менен биргелешкен "Талас Голд Майнинг Компани" (ТГМК) аттуу Жабык Акционердик Коомун түзгөн.
Бирок, тилекке каршы, ТГМК Талас элине миндеген жумуш орун берип, социалдык иштерин аткарып жатканына карабастан Акаевдин бийлиги ар түрдүү тоскоолдук кылып, иштетпегенге бардык аракеттерди жасады. Ошентип, биринчи жолу 8- майда 2002-жылы мамлекеттик геология агенттигинин лицензиялоо комиссиясынын чечими менен ТГМКнын лицензиясы жокко чыгарылган. 2003- жылдын 19- апрелинде Өкмөт ТГМК нын Жаңы программасын изилдеп, лицензияны кайра "Оксус" компаниясына берген. Бирок, 8-августта 2004-жылы мамлекеттик геология агенттигинин лицензиялоо комиссиясынын чечими менен ТГМКнын лицензиясы кайрадан жокко чыгарылган. 11-августта 2004-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү өзүнүн жабык Токтому менен комиссиянын чечимине макул болуп, № 525 -р, 18-август 2004-жылкы буйрутмасы менен жаңы конкурстук комиссиясын түзгөн. Геология агенттигинин айтымына карганда лицензиянын жокко чыгарылгандыгынын себеби, ТГМК №3 лицензиялык келишимдин кээ бир пункттарынын аткарылбагандыгы болду. Алардын негизгиси ТГМК эл аралык финансылык институттар менен "Жерүй" проектисин каржылоо келишимин түзбөгөндүгү болду.
Ошол себептен "Оксус" компаниясы "Жерүй" проектисине жумшаганга тез аранын ичинде 55 млн. америкалык долларын өз каражаттарынан камдап, Өкмөткө билдирген. Даярдалган каражатты Каржы министрлиги тарабынан даярдалган "Le Boeuf, Lamb,Green &MacRae" компаниясы далилдеп берген.
Бул далилдөөлөр даяр болгондон кийин, ошол убактагы Геология агенттигинин директору Ш. Мурзагазиев Н.Танаевтин Өкмөтүнө дагы, андан кийин жаңы бийликтин Бакиевдин өкмөтүнө дагы кат менен кайрылып, Жерүйдүн лицензиясын ТГМКга кайтарып берүүнү сунуш кылган.
2005-жылдын 22-апрелинде ТГМКнын гендеректири С.Уэстхед Жерүй маселеси боюнча коюлган талаптардын толук аткарылганын и.о. премьер-министр К.Бакиевге билдирет. Ошол убакытта "ТГМК" Жерүй долбооруна 50 млн. долларга жакын инвестиция жумшап койгон. 3700 метр бийиктикте жайгашкан кенге жол салынган, бир катар инфраструктура объекттилери (складдар, администрация курулуштары, жумушчу кыштакчасы) курулган, керектүү коммуникация системасы тартылган, тоокен иштетүү техникалары, курал-жабдыктары сатылып келинип орнотулган, тегирмен монтажы бүткөн ж.б. Кен ылгоо фабрикасы болжол менен 75%% даяр болгон.
Ошого карабастан, 2006-жылдын апрель айында Жерүй алтын кенинин лицензиясы эч кимге белгисиз "Глобал Голд" компаниясына берилген.
Жерүй алтын кенин иштетүү үчүн Кыргыз өкмөтү атайын токтом менен инвестор аныктоочу кылып "Кыргызалтын" ААК жетекчиси Алмаз Жакыповду дайындаган. Алмаз Жакыпов аты белгилүү, заты белгисиз "Глобал Голд" компаниясын эмнегедир тандап алганы жергиликтүү тургундарды жана бир катар кен иштеткен кызматкерлерди таң калтырды. Бул Жакыпов Алмаздын тандоосун ошол убактагы премьер-министр Феликс Кулов жана Мамлекеттик геология агенттигинин директору Зубков Владимир толугу менен колдоп, тез аранын ичинде лицензияны алып бергенге катуу чуркашкан. Бул боюнча нааразычылыктар болгону менен күчсүздүгүн көрсөтүп кала берди.
Элге белгилүү болуп калгандай "Глобал Голд" Жерүй долбооруна атайын шашылыш уюштурулуп (17-март, 2006), абалы офшор зонасынан, анан ар кандай кеп-сөздөн сактануу максатында, Австриядан кайра каттоодон өткөнү айкын болду. Аталган компания териштирүүлөрдөн соң, кен казуу тармагында иштеп көргөн эместиги даана ачыкталды. Уставдык капиталы 38 миң евро экен, анын да жарымы төлөнгөн имиш. Анткен менен "Глобал голд" аябагандай олуттуу "Стратейджик инвестмент групп" финансы-инвестиция компаниясынын бир бутагы деп А.Жакыпов абдан коргоду эле. Анын себеби, эми белгилүү болду. Көрсө, "Глобал Голд" Эл аралык издөөдө жүргөн Б. Березовский менен Максим Бакиевге таандык экен.
Үстүдө айтып кеткен Ф.Кулов, А.Жакыпов, В.Зубковдордун түздөн түз колдоосу менен келген "Глобал Голд" компаниясы, "Кыргызалтын" менен биргелешип "Жерүйалтын" аттуу Жабык Акционердик коомун түзгөн. Эсиңерде болгондой 2007- жылы Б. Березовский Кыргызстанга келип, Бакиев Максим менен иш кылып жатат деп, Россия Президенти В.В. Путин Бакиевди ачык сынга салганда, Бакиевдер 2007-жылы "Жерүйалтынды" "Глобал Голддон" казахстандык "Визор" аттуу инвестициялык компаниясына өткөрүп жиберишкен. 2009-жылы "Визор" Жерүйдү Максим Бакиевдин "Консолидейт" аттуу офшордук компаниясына өткөрүп берген. Ошентип, азыркы маалда Жерүйалтын компаниясы толугу менен Максим Бакиевдики болуп калган.
Жерүй алтын компаниясы келери менен, ишин чыр - чатактан баштады. Максим Бакиевдин буйругу менен Талас областынын губернаторунун орун басары Мураталиев Байымбет, "Жерүйалтын" ЖАК Генералдык директорунун орун басары Алымбеков Жолдош, Абдыкадыров Токтогулду баш кылып, беш кишини уюштуруп, ТГМК мээнети менен курган объекттилеринен кууп чыгып тартып алган.
Бакиевдин бийлиги берген убада боюнча "Жерүйалтын" компаниясы үч айдын ичинде жумушту баштап, жакын арада жерүйдүн алтынын казып баштамак. Тарых өзү көрсөтүп тургандай, арадан 4 жылдан ашып кетсе да, берилген убадаларынын эч бири аткарылган жок. Анын ордуна ушул убакка чейин "Жерүйалтын" компаниясы өндүрүш иштерин жүргүзүүнүн ордуна, бийликке аралашып, Талас областында "Ак-жол" партиясынын ишин жүргүзүп, финансылык жагынан каржылап жүргөн. 2009- жылы Лицензиянын убакыты өтүп бараткан себептен Бакиев Максим "Жерүйалтынды" жаңы түзүлгөн Өнүктүрүү Фонддун ишенимдүү башкаруусуна өткөрүп жиберген. Анын себеби мында: Лицензиялык келишим боюнча 2009- жылдын аягына чейин "Жерүйалтын" толук кен казуу иштерин башташ керек эле. Эгер бул талапты аткарбаса, Өкмөт мыйзам чегинде Лицензияны кайтарып алганга негиз пайда болот эле. Анын баары аз келгенсип, Максим Бакиев "Жерүйалтын" компаниясын, Нарындагы Жетим - Тоо сыяктуу, кытайларга сатуу аракетин жүргүзүп жатканы белгилүү болду. Ошол маселе боюнча ушул жылдын апрель айынын башында "Жерүйалтындын" азыркы жетекчиси Франс Шлоссер, Кытайга барып келген. Бул, биз жогоруда айткан маселени кубаттап тургандыгынын анык үлгүсү. Айтып кете турган нерсе, бийлик алмашканына карабастан ушул күнгө чейин Бакиев Максимдин колдоочулары Жерүйдү кытайларга бергенге аракетин жасап, эл арасында "Жерүйалтын" менен ТГМК ны кууп чыгып, Кытай компанияларынын бирин алып келүүгө аракеттер болуп жатканын угуудабыз.
Азыркы маалда Жерүй талашынан жумушсуз, талаада калган жергиликтүү калк, жаңы кыргыз өкмөтүнө чоң ишеним менен карап турушат. Элдин ниети боюнча жаңы бийлик, мурунку Бакиев сыяктуу шектүү компанияларды алып келбей, элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын эске алып, Жерүй маселесин акыйкат чечерин чоң ишеним менен күтүп отурганын баса белгилегибиз келет.
Алтынбек Борукеев
Бекмолдо айылдык кеңешинин депутаты