Темикенин тескери жоруктары

Бу Аргенбай акенин уулуна башкалар түшүнсө дагы биз түшүнө албай койдук. Гезитибиздин кожоюну, учурдагы Антимонополиялык жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бабырбек Жээнбеков кызматка келгенден кийин мекеменин штаттык расписаниесин кайра карап жогорку жакка жөнөтсө өкмөт башчынын биринчи орун басары Алмазбек Атамбаев колдоого алып, каржы министри Темир Сариевге жиберет. Жарыктык Темикең же жарытып себебин айтпайт. Же каршымын дебейт. Тиешелүү кагаздын финансы министрлигинин жалпы бөлүмүндө жалпайып жатканына туура бир ай болду. Өткөндө Алмаз мырзанын ачууланганындай эле бар окшойт, финансы министрлигин менчик ишканасындай тейлеген Темикебиз эмне дээр экен…
Кечээ жакында ыраматылык Докенин ашы өткөндө Убактылуу Өкмөттүн үлкөндөрү Ноокенге барышат. Мындайда тирешип жүргөн тараптар ымалага келишип, ынтымакка моюн сунумуш этишет эмеспи. Учурдан пайдаланып ишенимге кирүүнү көздөгөн кечээги аткаминер, Бакиевдин фанаты Камчыбек Ташиев Өмүрбек Текебаевди конокко чакырса, чычканга кебек, душманга сыр алдырбаган Өмүкең сылык баш тартат. Ал эми "Акшумкарчы" Темир Сариев Камчыбек Ташиев менен өзүнчө бир топко сырдашыптыр. Бизге жеткен имиштерге караганда ошол жерде дыйканчылык менен алектенип, бир чарбаны араң тейлеген Акыбай деген аты-жыты билинбеген бирөөнү Жалал-Абадга губернатор кылабыз деп убадалашкан имиш. Өлкө тагдыры кыл учунда кылтылдап, Жалал-Абадда жагдай солкулдап турганда Темикенин мындай өзүмчүл аракетине таң бербеске арга жок. Эртең Бектур Асанов жылан чакпай, жылкы теппей кызматтан алынса, таң калбай эле койгула анткени, муну шайлоонун шайтан оюну деп коет.




Курманбек Бакиев коргонууга өттү
Белорусияга өтө качып, Лукашенконун колтугунда жаткан Курманбек Бакиев Роберт Амстердамды өзүнө адвокат кылып жалдады. Бул боюнча орусиялык эксперт Аркадий Дубнов жазып чыкты. Кеңселери Вашингдондо, Лондондо жана Торонтодо жайгашкан "Амстердам жана Перофф" адвокаттык фирмасы мурдагы саясатчыларды коргоого адистешкен. Маселен, Роберт Амстердам Таиланддын мурдагы премьер-министри Таксин Чинаватты коргоого алганы бар. Мындан тышкары, анын кызматынан Орусиялык ЮКОС компаниясы жана анын мурдагы жетекчиси Михаил Ходорковский колдонгон.
Бирок, бул адвокаттын акысы өтө эле кымбат. Бери эле дегенде алгачкы төлөм 2 миллион доллардан башталат. Бул каражатты Бакиев өзү төлөйбү, же Батькасы төлөйбү азырынча белгисиз. Белгилүү болгону, буга чейин сүттөн акмын деп актанып келген Бакиев сот алдында жооп берүүдөн чочулап, өзүн-өзү коргоого аракеттене баштагандай.





Эшеги суудан өткөндөн кийин…
Ыңкылаптан кийин Талас облусуна губернатор болгон Койсун Курманалиева аттуу айым бар. Тээ, Акаевдин заманында айыл өкмөт башчысы болуп жүрүп, кийинчерээк облустук Архив кызматын жетектеген. 2005-жылкы парламенттик шайлоодо Болотбек Шерниязовду этектеген. Бул акеси менен ошол учурдагы губернатор Искендер Айдаралиевди кысып, экс-канайымдын сиңдиси Аязгүл Саркишеванын ордуна губернатордун орун басары болуп отуруп алган. Ортодо алмашкан губернаторлор менен "тил табышып" иштеп жүрүп эле, Бейшен Болотбековго жеткенде "ити чөп жебей" калды. Ким билет, эгерде Бейшен мырза кууп ийбегенде Бакиев үчүн канчага чейин кызмат кылат эле? Качан гана кызматынан кол жууганда айкырып чыгып "Ата Мекендин" облустук штабын жетектеп жүрүп, багына жараша ыңкылапта тилеги ишке ашып, №1 душманы Бейшен Болотбековду кууп чыгып, элдин шарданы менен губернаторлукка жетти. Ыңкылаптан бери эки айга чукулдаса дагы Таласта жарытарлык иш жүрбөгөнүн айтып, даттанган эле киши. Айрым узун кулактардын айтымында, Бакай-Ата районунда бир-эки жыл мурдараак ишин баштаган Таза суу чыгарган ишкана мурдагы губернаторго "отметка" кылып турган имиш. Эми ал ишкана жаңы губернатордун "карамагына" өтүп жатканын атын атагысы келбеген Таластын тургундары кабарлоодо. Эгерде жогорудагы имиш чын болсо, анда шору арылбаган кыргызга убал жокпу деп да ойлоп кетет экенсиң. Анын үстүнө, Койсун айымдын кабылдамасында торсойгон кара портфелдерин көтөрүшүп кезек күткөн Бакиевдин, Акаевдин активдүү жоокерлерине эмне дейбиз? Болбосо, кечээ эле "Ак жол" партиясынын камчысын чаап, Бакиевдин алдында бийлеп жүргөн Талас шаарынын мурдагы вице-мэри Рустам Осмоналиевди облустук ПЛУАДдын начальниги кылып дайындап койгонун кандай түшүнсөк болот? Ошол эле ишканада 30-40 жылдан бери иштеп келе жаткан кызматкерлердин нааразычылыгын уккан киши жок . Же 87 азамат силерди бийликке алып келүү үчүн жан берди беле, Койсун айым? "Ишенген кожоң сууга акса, алды-артыңан тал карма" дечү беле, курган кыргыз?





Футбол: оле-оле-оле
Быйыл Түштүк Африка Республикасында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат өтөрү белгилүү. Оюндун жүрүшүн улуттук биринчи канал түз алып көрсөтүүгө аракеттенип жатат. Кечээ УТРКнын өкүлдөрү ФИФАнын жетекчилиги менен жолугушкан. Бизге жеткен малыматтарга караганда, түз алып көрсөтүүнүн акчасы төлөнүп, келишимди бекитүү иши гана калган. ТАРга жете албасак да, Кудай буйруса, жайдын аптабында күнү-түнү үйүбүздө жатып, топ тээп чыгат окшойбуз,


өзбек-кыргыз жаңжалынын себеби эмне эле?
Май айындагы Жалал-Абад жаңжалынан соң редакцияга көптөгөн каттар келип, телефон чалуулар болуп, эшик каккылагандар арбын болду. Алар, бир гана маселенин тегерегинде - жаңы чатактын чыгуусуна ким себепкер болгонун айткысы келип, териштиргиси келгендер. Көпчүлүктүн, айрыкча, жалалабаддыктардын айтуусу боюнча, адам өмүрүн алган бул коогалаң, облус губернатору Бектур Асановдун күнөөсүнөн улам чыгып кеткен дешүүдө. Губернатор - жетекчи башы менен жеке коопсуздугунан коркуп-үркүп, "мени бакиевчилерден коргоп бер" деп Кадыржан акасына (Батыров) даттанып, анын этегине корголоого аракет кылганы жалалабаддыктардын арасында күбүр-шыбыр кеп болуп айтылууда. Анан, анын тилине кирген акасы ансыз да жакаларын карманып, Жараткандан эл тынчтыгын, жер тынчтыгын тилеп отурган жамы журтка тигинтип ширеңке чакпай жаны жокпу?! Анын кызыкчылыгы кантсе да кыргыздын кызыкчылыгындай болбосу бештен белгилүү эмеспи.
Б.Асанов өз кезегинде криминалдык чөйрө менен рейдерчиликке жол берип келгенин фактылар менен далилдеп беребиз дегендер да бар.
Мына ушул себептүү, "Алиби" гезити улуттар аралык жаңжалга чейин өсүп чыккан коогалаңдын келип чыгыш себептерин ийне-жибине чейин териштирүү максатында Жалал-Абадга кабарчысын жиберип, жеринде иликтөөлөрдү жүргүздү. Гезитибиздин келерки санында Жалал-Абад облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Б.Асанов менен болгон маекти окуп, элге маалымдалбаган көптөгөн маалыматтарга ээ болосуздар.


93түн жаңырыгы
2-июнда өздөрүн коомдук парламенттин мүчөлөрүбүз деген адамдар 93-жылкы Конституцияга кайтып келишибиз керек деген демилгени дагы бир ирет көтөрүп чыгышты. Дагы бир ирет дегенибиз, алар, ошол эле Бегиш Ааматов (Бегиш акенин саясий чөйрөдөгү лакап аты "93"), Мукар Чолпонбаев жана башкалар. Бу саясатчылардын 93-жылкы Конституцияны буга чейин да бир нече ирет көтөрүп чыкканына эл күбө. Орустар айтмакчы, "бир жерге эки ирет киргенге болбойт" деп мурдагы сандарыбызда эскерткенибизге карабай бу кишилер кайра эле бир жерди айлынып, алдыга эмес артка барууну эңсеп жатышкандыгына түшүнүп болбойт.