Эркиндикке көз артып...

Кыргыз боорлорубуздун кубаты эмнеде?
Биздин кабарчылар чек ара ачылгандан кийин Кыргызстандын жаңы бийликтеринин чакыруусу менен кошуна өлкөдө болуп келишти. Алардын Кыргызстан жөнүндөгү сериялык макалаларын жарыялоону улантабыз.

Биз Бишкектин жана Ысык-Көлдүн тургундары менен сүйлөшүүдө алардын эмнени каалап жаткандарына кызыктык. Ошондой эле, Кыргызстан Орусияга кошулууну каалайбы же Казакстангабы? - деп да кызыгып көрдүк.

Жакыр, бирок эркин
Ысык-Көлдүн жээгиндеги көпчүлүк санаторийлер андай деле жаркырап кетишкен эмес. Атүгүл, анын жанындагы айылдар да аябагандай жакыр көрүнөт. Союз кыйрагандан бери бул жерде эч кандай өзгөрүү болбогондугу билинип турат. Бирок, жергиликтүү калк менен сүйлөшө келгенде, алардын аябагандай саясатташкандыгын байкайсың. Ар бир киши саясатчылардын фамилиясын жаттап алгандай билет жана алар жөнүндө өз оюн ачык айтып берүүгө даяр.
Мындан өткөн демократия барбы? Биринчи эле айта кетчү нерсе: алыскы айылдарда да кулатылган президент Курманбек Бакиев үчүн өкүнүп, жумшартып айтканда кейиген эч ким жок.
- Бакиевдин тушунда жашоо өтө оор болду- деп эскерет Кара-Ой айылынын тургуну Любовь Болотина, ал канча деген акчаны аш кылып кетти. Биз, аны кетиришкендерди колдоп гана жатабыз. Ал деген диктатор болгон да. Адамдар аябагандай кыйналышты. Анткени, айлык-акы аз. Ал болсо, бааларды улам көтөрүп отурду...Келечектен эч нерсе үмүт кылбай калганбыз.
- Азыр эмнени күтүп жатасыз?
- Менин үй-бүлөмө бул революция эч пайда алып келген жок. Мүмкүн, кийин жакшы болуп кетээр, эгер жаңы бийлик андай болуп уурдабаса.
Бирок, Казакстанга же Орусияга кошулууну бул кичинекей, бирок тайманбас эл эч бир каалабайт экен.
- Биз кимдир бирөөнүн алдында болууну такыр каалабайбыз- дейт Бает айылынын тургуну, таксист Аспек, тайманбай. - Бизде демократия бар. Ар бир адам эмне кааласа, жасай алат. Кыйынчылык болсо, элдин барында эле болуп жатат. Качандыр бир кезде алардын баары бүтүп, турмуш оңолуп кетээр деп ойлойбуз.
- Өз көйгөйлөрүбүздү өзүбүз чечүүгө жарайбыз- дейт Үсөнбек Касымов. Аксакал ишенимдүү: - азыр бизде бардыгы тең эле жакшы эмес, бирок эң башкысы - биз эркинбиз.

И.Московка, "Время" гезити
Казакстан.
Кыскартуулар менен
кыргызчалаган
Заирбек БАКТЫБАЕВ





Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн төрайымы Р.И.Отунбаевага
КАЙРЫЛУУ
Урматтуу Роза Исаковна!
Көз карандысыздык, эркиндик идеяларына сугарылган улуу "Манас" эпосу, кыргыз элинин тарыхый жолунда миңдеген муундарды өстүрүп, улут катары сакталып калышына чоң роль ойногон.
Дүйнөлүк эпостордун алтын казынасына кирген улуу мурасыбыз азыркы учурда да элибизге руханий гүлазык болуп, жаш муундарды мекенчиликке тарбиялоого, улуттук аң-сезимдин өнүгүүсүнө, калкыбыздын улуттук Кайра Жаралуусуна өбөлгө түзгөн көркөм нарк катары Билим берүү жана илим министрлиги Республиканын Жогорку окуу жайларына 34 саат көлөмүндө "Манас" эпосун милдеттүү түрдө окутуу тууралуу буйрук (10-октябрь, 2006-жыл, №631/1) чыгарган.
Бул буйруктун негизинде башка окуу жайлары сыяктуу эле Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде "Манастаануу" сабагы окутулуп жатат. Бирок, өлкөбүздө узак жылдар бою жүргүзүлгөн космополиттик саясаттын негизинде улуттук баалуулуктарга маңкурт катары мамиле жасоо, адабиятты, маданиятты, эне тилди жерүү көптөгөн чоң, кичине жетекчилер үчүн көнүмүшкө айланды. Мисалы, Кыргыз Улуттук Университетинин математика, информатика жана кибернетика, физика жана электроника, химия жана химиялык технология аттуу үч факультетинин жетекчилери "Манастаанууну" окутуудан баш тартышып, кыйла чыр-чатактан кийин, өткөн окуу жылында 18 саат көлөмүндө эптеп киргизишти. Ал эми Юридика институтунун жетекчилиги (Институттун директору проф. Ж.Бокоев) "бизде "Манас жана укук" деген сабак окутулат" деген шылтоо менен "Манастаануу" сабагын четке кагышкан. Мурда окутулуп келген Экономика жана финансы институту (директору проф. А.Сарыбаев) болсо, келерки окуу жылында "Манастаанууну" киргизбейбиз деп тыраңдап жатышат.
Минтип, ар ким намазын окуй бергидей Улуттук Университет баланын үйү, баланын алачыгыбы? Манастын духу, руху жан дүйнөсүнө жат мындай космополит жетекчилердин тизгинин тартууга мезгил келди.
Урматтуу Роза Исаковна!
Билим берүү жана илим министрлигинин "Манастаануу" сабагы боюнча буйругунун (10-октябрь, 2006-жыл, №631/1) Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинде толук аткарылышын камсыз кылып берүүңүздү өтүнөбүз.
"Манастаануу" сабагы бардык адистиктер үчүн тандоо курсу катары эмес, милдеттүү предмет катары күндүзгү бөлүмдөрдө 36 саат, сырттан окуу бөлүмдөрүндө 18 саат көлөмүндө киргизилиши шарт.
Кыргыз филологиясы факультетинин Окумуштуулар Кеңешинде "Манастаануу" кафедрасын факультеттин базасында ачуу маселеси каралып, жалпы колдоого ээ болуп (протокол №7, 19.03.10), ректоратка сунуш киргизилген. Бул маселенин оң чечилишине жардам берүүңүздү суранабыз.

Сизге ызаат көрсөтүү менен

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин кыргыз адабияты кафедрасынын жамааты:
1. Абакиров К.-кафедра башчысы, профессордун м.а.
2. Абдыразакова А.-профессор
3. Даутов К.-профессордун м.а.
4. Тиллебаев С.-доцент
5. Медетов А.-доцент
6.Орозбекова Ж.-доцент
7. Баймырзаев Б.-доцент
8. Турдубаева Н.-доцент
9. Бейшеева Ж.-доценттин м.а.
10.Исаева С.-доценттин м.а.
11.Сатыбеков М.-ага окутуучу
12.Сагидаева С.-улук окутуучу
13.Айтбаева Ш.-улук окутуучу
14.Рамазан кызы Жаркын-лаборант