Иттин өлүгү көмүлгөн эмеспи?
(Башы 2-бетте)

Кийинки суроо Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоого байланыштуу. 75-берененин 1-пунктунун 2-абзацында минтип жазылат: "Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басарлары парламенттик оппозициянын курамына кирген депутаттардын ичинен алардын шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат". Эмнени түшүндүңөр?! Менин түшүнгөнүм-төраганын орун басарлары оппозициялык партиялардан болот экен. Андан аркысы - калың туман. "... Шайланышын камсыз кылган санда жана тартипте шайланат" дейт. Ал эмне деген сан? Тартиби кандай? "Эй, кара тамандар! Силер түшүнбөйсүңөр. Бул жагы Жогорку Кеңеш жөнүндө, анын ишин уюштуруу боюнча өзүнчө Регламент, б.а. мыйзамча кабыл алынат, ошондо чечмеленет" дешкени окшойт.
Жаманбы-жакшыбы-Кыргызстан парламенттик башкарууга өтүп жатабыз. Биз билгенден Жогорку Кеңештин Регламенти жөнүндө өзүнчө мыйзам кабыл алынат. Бирок, ал мыйзамдын жол-жоболорунда Жогорку Кеңештин биз билбеген да башка бир катар ыйгарым укуктары бар. Бул туурасында 75-берененин 2-пунктунун 6) пунктчасында: "Жогорку Кеңештин ишин уюштуруу боюнча - ага Жогорку Кеңештин Регламентинде каралган дагы башка ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат" деп жазылат. Ал кайсы ыйгарым укуктар? Аларды эл билсе болбойбу? Ошолордун орчундуу делген жагдай-шарттары эмне үчүн элге маалымдалбайт?
Дагы бир ойлонтчу жагдай-Конституциянын долбоорунда күдүк ойлорду жаратчу, учуру келсе оңго да, солго да буруп жиберүү "мүмкүн" деген сөздүн колдонулушу. 75-берененин 3-пунктунун 2-абзацында: "Жогорку Кеңештин Төрагасы Жогорку Кеңешке отчет берет жана Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгү кабыл алган Жогорку Кеңештин чечими боюнча кайра чакыртып алынышы мүмкүн" деп жазылат. Эмне үчүн "мүмкүн" деп жазылган? Иттин өлүгү ушул жерден чыгышы мүмкүн, ошондуктан "мүмкүн" деген сөздү алып таштап эле "кайра чакыртылып алынат" - деп сүйлөмгө чекит коюш керек. "Мүмкүн" деген былыңгыт, чыр чыгаруучу сөз. 78-берененин 2-пунктунда да: "Өзүн өзү таркатуу жөнүндө чечим Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинен кем эмес көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынышы мүмкүн" - деп жазылып жүрөт. Бул жерде да "кабыл алынат" дегенден кийин "мүмкүн" деген сөздү алып салыш керек. Болбосо, ансыз да позиция-оппозициядан куралган Жогорку Кеңеш тарайбыз-тарабайбыз деп, элдин башын айланта бериши толук ыктымал.
81-берененин 3-пунктунда да иттин өлүгү көмүлгөн шекилдүү. Президент мыйзамга эки жолу кол койбой койсо, Жогорку Кеңештин төрагасы кол коёт экен. Оппозициянын ичиндеги бир же эки партия тымызын Президент менен макулдашып алып, аркан тартыш оюну башталбайбы деп, сөз башында кооптондук го.
"А" дейбиз, "Б" дейбиз, бирок алдыда "парламенттик башкаруу" деген оор иш турат. Бирок, эл - сел да. Кай жакка бурсаң, шаркырап агып кете берет. Парламенттик башкаруу деген тапталбаган жолго түшүп алдык - түпкүлүгү түбөлүктүү болсун.

Машакбай
РАХМАНКУЛОВ




Аныкы да туура, мунуку да туура, апендинин аялыныкы да туура
(Башы 2-бетте)

Чындык ким тарапта, кимдики туура, кимдики натуура экендигин бир жаңсыл аныктап чыгуу үчүн А.Атамбаев, Т.Сариев, А.Бекназаровдор ачыкка чыгаргандардан тышкары дагы да кошумча фактылар, кошумча жагдайлар талап кылынары талаш туудурбас. Келечекте андайлар пайда болушу этимал. Экинчи жагынан, Убактылуу өкмөттөгү чатактагы акыйкатты аныктап, ар бирин өз ордуна коюу үчүн маселеге комплекстүү мамилме жасоо кажет. Каршылашкан тараптардын иш-аракеттериндеги, жорук-жосундарындагы саясый өбөлгөлөрдү, ички мотивдерди (айталы, бири-бирине карата болгон көрө албастыктары, таарынычтары, ич күптүүлүктөрү барбы, ошону) калчап көрүп, анан гана бир жыйынтыкка келсе болот.
Көп эксперттер А.Атамбаев бир тарапта, Т.Сариев менен А.Бекназаров экинчи тарапта болуп тытыша кеткенин болочоктогу парламенттик шайлоо кампаниясынын башталышынын белгиси деп баалашты. Эгер, чатактын башында информациялык согуш турганын, ич ара ыйкы-тыйкылыктын келип чыгышына компроматтар согушунун өбөлгө түзгөнүн, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн жашыруун телефондук сүйлөшүүлөрүнүн, коомчулукка ачык жарыяланган аудиожазмалар материал болуп бергенин эске алсак, ич ара тирешүү дагы да улана турган угуту бар. Ырас, убактылуу президент Р.Отунбаеванын өлкөнүн биримдигин сактоо, өкмөттүн жиктелишине жол бербөө үчүн талашты тыйып, акырына чекит кое ала тургандай мүкүнчүлүгү бар экенин эстен чыгарбоо керек. Ич ара келишпестиктерден чыккан чатакты кан буугандай токтотуп коюу үчүн Р.Отунбаевада бийлик да жетишет. Президент бийлигин чатакты басып коюу үчүн качан колдонот, деги колдонобу, кеп ошондо. Бир жагынан пикир келишпестиктер, талаш-тартыштардын, плюрализмдин болуп турушу демократия жолун тандап алган өлкө үчүн кадыресе көрүнүш экенин да унутпоо кажет. Маселе - ошол ички карама-каршылыктар цивилизациялык нукта, саясый Конкуренциянын эрежелиринин алкагынан чыгып кетпеген ыраатта баратабы, ошондо турат эмеспи. Парламенттик башкаруу формасын негиздеген конституциялык реформанын демилгечиси жана жетекчиси Ө.Текебаев Баш мыйзамдын өзөгү саясый жана экономикалык эркин конкуренциянын иштеп кетишине жол ачуу - деп эсептегени бекеринен болгон жок.

Үсөн
Касыбеков




БЕШИК БООСУ БЕК БОЛСУН
же ЖАШТАР
МИНИСТРЛИГИ ЖӨНҮНДӨ
Жаштар менен иштей турган башка коомдук мекемелердин бар экенине карабай жаштар министрлиги түзүлдү.Албетте,жакшы ой,албан максаттар менен. Бирок, ал кандай максат? Кандай программа менен иштейт? Эмнеден баштайт? Деги эле өкмөткө, элге, коомго кандай салым кошушат? Айтор, учугу түгөнбөгөн суроо артынан суроо туулат. Бул күндөрү ыйман - ызааттан кол жууп, жан дүйнөлөрүн улутубуздун менталитетине коошпогон, батыштын "жапайы" маданияты ээлеп бараткан жаштарыбыздын басымдуу бөлүгүнө, бул министрликтин таасири канчалык деңгээлде роль ойной алаар экен? Анын үстүнө, Жогорку окуу жайларында окуган студенттерибиз Россия жана башка жактарда соодада, ар кандай жумуштарда жүрүп эле окууларын бүтүрүп жаткан убакта, алардын билимдери өлкөбүздү алдыга тартып кетет деген ишенич аз. Ал эми жакшы окуп,"престижный"деген окуу жайларынан билим алган жаштарыбыз бул жактан жумуш менен камсыз болбогондуктан, же жашап кетүүгө жете турган маянанын жоктугунан иштесе ишке, жесе ашка тойбогон жалындаган жаштык демдерин чет өлкөлөргө берип, айрымдары ошол өлкөлөрдүн жарандыгын алып, кала берип жатышат. Жаңы түзүлгөн Жаштар министрлиги ушундай маселелерди да көтөрүп чыгып, жаңы идея, жаңы темп менен иш алып кетсе дейбиз. Жок, андай болбой бийлик, кресло талашып, бул күндөрү эл тегиз жадап бүткөн саясат менен алек болуп кетсе жаңы түзүлгөн министрликтин кийинки келечеги кандай болот? Ж аштар билимдүү экенинде талаш жок. Бирок, билим деген бул - теория. Ал эми иш алып барыш үчүн тажрыйба (практика) керек. Тажрыйба алыш үчүн устат керек, анан да ал "устатыңдын" жүргөн-турганы таза, ниети ак, жүрөгү эл деп соккон инсан болушу азыркы күндө абдан зарыл.