КурумУшу

Аныкы да туура, мунуку да туура, апендинин аялыныкы да туура
Апендини казы кылып шайлап ташташыптыр. Эртеси эле апендиге арыздангандар эшигин тындырбай калат экен. Кудайдын куттуу күнү арызчылар эшигин сагалап калыптыр- деги куйругу үзүлбөйт. Күндөрдүн бир күнү майдай-сүттөй болуп эриш-аркак оокат кылып жүргөн ашыналардын ортосунан кара мышык аралап өтүп, болбогон эле жерден ыйкы-тыйкы болушуп, чатакташып калышыптыр. Жүз көрүшпөй калганга чейин жетишиптир. Бири биринин атасын өлтүргөндөй болушуп десең. Бир күнү чатакташкан кошуналардын бири, берки ашынасынын сазайын берейин деп чечет. Өлбөгөн жерден калчудай болуп. Апендиге арызданам деп жөнөп калат. Кой-ай дегенге көнбөйт. Бараар замат казынын алдында кара жаандай нөшөрлөтүп, арыз муңун төгүп-төгүп жибериптир дейт. Жаныңан түңүлөсүң. Ашынасын көрдөн алып жерге, жерден алып көргө уруп жамандаптыр. Өзүнө болсо кенедей чаң жугузбайт. Апенди доогердин сөзүн бөлбөй акырына чейин угат. Кээде-кээде баш ийкеп койгону болбосо үн жок, сөз жок. Акырында:-Сеники туура-дейт экен ордунан тура калып, этегинин чаңын күүп жатып, сөз бүттү деген кейип менен.
Кошунасынын арызданып жүргөнүн угуп калган берки ашынасы да, ат тезегин кургатпай апендиге жетип барат. Катуу ачууланып энтигип алган дейт. Бул дагы беркисинен ашса ашат, кем калбайт. Кошунасын күлгө чапкан өпкөдөй эле кылып жамандаптыр. Өзү болсо аппак, суудан таза… Апенди бул жолу да арызчыны кунт коюп угуптур. Акырында "сеники туура" дейт экен жыйынтык чыгарып жатып.
Арызчы кеткенден кийин апендинин аялы:--Тигинисин да туура дейсиң, мунусун туура дейсиң, деги кимисиники туура?--деп сурайт экен. Анда апенди:--Сеники да туура-дейт быш этип койбой...
Анын сыңарындай, жакында дүрт этип от алган Убактылуу өкмөттүн ичиндеги ыйкы-тыйкыны карап отурсаң, финансы блогун тейлеген Т.Сариев менен күч блогунун координатору А.Бекназаровго каршы алгачкы чабуулду баштаган А.Атамбаевдин айткандары да туура. Сөз чынынан бузулбайт, бир миллион долларды "кертип" алган ("распил" кылып) схема менен атташтырып-бутташтырып кетсе, ким эле аларды жакшы көрсүн дейсиң. А.Атамбаев суроо салгандай, эмне үчүн кыргыз эли коррупцияланган бакиевчилдердин режимин кулатуу үчүн, 89 эр азаматынын өмүрүн берип революция жасашты? Кандай кажети бар эле? Баягы бакиевчилдердин доорундагы алдым-жуттумдуктардын улана бериши үчүнбү? Анан да 400 миң долларды жеп алып кызматка койбой алдап кетти деп "өмүрүндө пара алып көрбөгөн кишиге" А.Бекназаровго окшоп жалаяктай жалааны жаба койгону кудайга жагаар ишпи? Бир айтасыңбы, эки айтасыңбы, Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрүнүн жасап жаткан иштери аша чапкан чекилик. Иши кылып, Убактылуу өкмөттөгү алдым-жуттум макүрөө иштерди тезинен токтотпосо болбойт.
Бетиндеги чиркөөлөрү аябай сыйрылып, айыпталып жаткан Т.Сариев менен А.Бекназаровдор көпкө күттүрүп, маалкатып отурушкан жок. Татыктуу жообун беришти. А.Атамбаевден кем калышкан жок. Жүйөөлөрүн алдыга тартып, А.Атамбаев койгон кинелеринин бирин калтырбай төгүндүккө чыгарышты. Миллиондун кайда кеткенинин чоо-жайын фактылар менен далилдеп алаканга салгандай кылып алдыга жайып ташташпадыбы. Айрыкча, Т.Сариевдин жообу нары салмактуу, нары ынанымдуу чыкты. Күйпөлөктөп кеткен жок А.Бекназаровго окшоп. Т.Сариев менен А.Бекназаров А.Атамбаев айткан миллионду Жалал-Абаддагы козголоңду басып тынчытуу үчүн атайы операциянын чыгымына ысырапталганын, акча маселеси өкмөт мүчөлөрүнүн жыйынында коллегиялдуу форматта кеңешилип чечилгенин алдыга жайышты. Муну Убактылуу өкмөттүн аппаратынын жетекчиси Э.Каптагаев, андан соң Өткөөл мезгилдин президенти Р.Отунбаеванын өзү ырастап чыгышты. Ошентип, карап отурсаң, Т.Сариев менен А.Бекназаровдун айткандары да туура. Аларда күнөө жок…

(Уландысы 5-бетте)




  Конституцияга ой-пикир

Иттин өлүгү көмүлгөн эмеспи?
"Карайлаган-там сүзөт" болуп, президенттик башкарууда өнүгүп-өсөбүз деген кыргыз 2 президентинен үзүр көрбөй, бул күндөрү эми "парламенттик башкарууну көрөлүчү" деп бел байлап турган чагы. Адис билермандардын айтымында, сунуш кылынып жаткан бул башкаруу деле таза парламенттик эмес башкаруу. Андай болгондо, президентти эл эмес, парламент шайлайт дешет. Демек, Кыргызстан алдыдагы жылдарда жон терибиз сезип, ысык-суугуна күйүп-тоңуп, дурус жана буруш жактарына аралаша турган парламенттик-президенттик башкаруудан даам татабыз. Бул системада талашып-тартышуу болбойт деп ойлойсуңарбы? Абдан эле болот. Маселен, жеңип келген президент, анын жан-жөкөрлөрү "биз баланча миллион шайлоочунун ишенимин алдык, ал эми 65 депутаттык мандатка ээ болгон жеңүүчү партия миллионго жетпеген шайлоочулардын добушун алыпсыңар, ошол добушуңарды 65 депутатка бөлө келгенде, ар бир депутат райондук Кеңештин депутатынан бир аз эле көп шайлоочунун ишенимин алган болуп жатпайсыңарбы. Ал эми алган добушуңарды 65 депутатка эмес, партиялык тизмеге кирген 300, балким 400 мүчөңөргө бөлө келгенде, анда жеңүүчү деген партиянын ишенимге ээ болуу көрсөткүчү андан да төмөн болуп жатпайбы" деп, туурадан чыкчу чаар баштар Президенттин тегерегинде жок деп ойлойсуздарбы? Бул - биринчи эске алуучу жагдай.

Экинчиден, Президент оппозиция жаатындагы парламенттик азчылык тарап менен коюн-колтук алышып, жеңүүчү партия чокчоңдой берсе, энесин Үч-Коргондон көрсөтүп койбойт деп, ким гарантия бере алат? Анын үстүнө, оппозициялык фракцияда каржы жана күч структураларын көзөмөлдөө укугу турса...
Айтор, алдыдагы мамлекеттик башкаруубуз чытырман токой. "Өлүп көрүптүрмүнбү" дегендей, Роза Отунбаеваны алдыга салып алып, чылк токойдон жол издейбиз да. "Жабыла көтөргөн жүк жеңил болот".
Талкуулоо үчүн сунуш кылынган Конституциянын долбоору боюнча шайлоочулардын сынына айрым жагдайларды алдыга тарталы эми.
"Депутаттын ыйгарым укуктары кандай учурларда токтотулат?" деген суроо шайлоочулар үчүн маанилүү. 73-берененин 3-пунктунун 3 деген пунктчасында "башка ишке которулганда же депутаттык ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда" деп жазылган. "Башка ишке которулганда" дегени го түшүнүктүү. Ал эми "... ыйгарым укуктарды аткаруу менен айкалышпаган ишин таштабаганда" дегени кандай иштер? Маселен, ушуга чейинки депутаттардын көбүнүн бизнеси бар экени жашыруун эмес эле. Ага карабастан, алар депутаттык креслодо да чалкалап, өз кызыкчылыктарына ылайыктап уюшма топ болуп мыйзам долбоорлорун жылдырып, кылбаганды кылышчу. Бул жолку шайлоодо да акчасы көптөр бизнесин башка бирөөлөргө жаздырып, өздөрү партиялык тизме менен депутат болуп алышы толук ыктымал. Анан, алардын бизнеси бар экенин кантип далилдейбиз? Соттошуп-оттошуп, депутаттыктан ошондон кийин гана "сен депутаттык менен айкалышпаган ишиңди таштабай койдуң, фракциядан чык" деп кууп чыгабызбы? Ушундай адамдарды партияга кабыл алып, кайра ызы-чуу менен араң чыгаргандан көрө, башынан эле эшикти катуу жаап койсо болбойбу? Бул иш биз менен сиздин колдо го. Бардык жерде ачык айтып, ак сүйлөгөндү кайра колго албайлыбы. Жакшынын, мыктынын мыктылыгын айталы - жүзү жансын, жамандын жамандыгын бетине айталы-куту качсын. Антпесек, кыргыз дагы деле оңолбойбуз.

(Уландысы 5-бетте)