Учур талабы

Азыркы жаштардын көйгөйү эмнеде?
Бүгүнкү күндө жаштар маселеси өтө курч коюлуп жатканы бекеринен эмес. Кыргызстан эгемендик алгандан бери чынында, жаштарга такыр эле көңүл бурулбай калбадыбы.


Чарбаларды талап-тоноонун кесепетинен массалык жумушсуздук келип чыкты да жаштардын басымдуу бөлүгү жумуш издеп чет жактарга агылса, бир бөлүгү көчөдө басып калды.
Чамасы жетип окууну бүтүргөн жаштар деле, кесибине жараша жумуш орундары жок болгондон кийин айрымдары базарларга кетсе, кээ бирлер дале болсо, башка өлкөлөргө жөнөп жатты.
Кара курсактын айынан мектепти таштоого аргасыз болуп, эмгекке жашы жете электе эле тачка сүйрөп, же башка иштер менен алектенген балдар кыздар канча?
Мына ушундай шартта, жаштарды мамлекетти башкарууга тартуу жөнүндө деги эле сөз кылууга болот беле?
Акаевдин, Бакиевдин мамлекетти башкаруу мезгилдеринде жаштарды мамлекеттик иштерге тартмак түгүл, жогорку чиновниктер өз көмөчүнө күл тартып бүтүшө албады.
Азыр бүгүн гана жаштардагы чыңалуу четине жетип, мурдагы диктатордук бийликти шыпырып салгандан кийин, алар жөнүндө кам көрүүгө багыт алгандай болдук окшойт. Буга мисал, жаштар министрлигин түзүү жана мамлекеттик структураларга жаштарды тартуу үчүн аларды окутуп, даярдоонун кыска мөөнөттөгү курстарын уюштуруу аракеттери болуп жатат.
Бул да болсо дурус башталыш, антпегенде буга чейин таптакыр эле кароосуз калган жаштарыбыз мамлекетти башкарууга даяр беле деген мыйзамдуу суроо келип чыгат.
Аргасыздан союздун убагындагы кадрлар резерви деген система эске түшөт. Ага ылайык жаштар комсомолдук чөйрөдөн өсүп олтуруп, эң жогорку партиялык жетекчиликке көтөрүлүүчү. Ошол эле мезгилде алардын ар биринин кесиптик, уюштуруучулук жөндөмүнө жараша катуу калбырдан да өтүшчү. Жадакалса эң ири чиновниктер деле, өз жакындарын төмөндөн жогору карай ушул тепкичтер аркылуу гана көтөрө алган.
Ал эми Акаев, Бакиев заманындагы кадрдык түзүлүштү жакшы эле көрбөдүкпү. Эчен бир, төбө чачты тик тургузган кадр саясатына күбө болдук го!
Демек, азыркы Утурумдуу өкмөт дагы жана кийин келүүчү мамлекеттик жогорку бийликтер дагы жаштарды мамлекетти башкарууга тартуу саясатын өтө кылдаттык менен жүргүзүп, эң оболу алардын тиешелүү кесиптик билим алуусун камсыздап, жетиштүү тажрыйбаларга ээ кылып, аларды таза тарбиялап, жогоруда сөз болгон тепкичтер аркылуу гана көтөрүү керек. "Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун"-дегендей тажрыйбасыз адамдын колунан иш келип жарытпайт.
Кыргыз жаштарын туңгуюкка кептеп жаткан башка бир жагдай, Кыргызстанда эмгек мыйзамдарынын сакталбагандыгы. Дегеле бул мыйзам жаштар эле үчүн эмес, иштеген калктын калың катмарына кызмат кылбай калганы качан.
Мисалдарга кайрылсак, жаштардын басымдуу бөлүгү курулуш тармагында, микроавтобустарда же ушуга окшогон жеке менчик мекемелерде жалданып иштешет. Бирок, алар менен иш берүүчүлөрдүн ортосунда мыйзамдуу эмгек келишимдери түзүлгөн учурун байкаганыңыздар барбы? Жок. Андай болгондон кийин алардын укугунун корголушу жөнүндө сөз да болууга тийиш эмес. Иш берүүчү каалаган күнү жумушка алат, каалаган күнү айдап салат. Анысы аз келгенсип, мындай системада бардыгы көмүскөдө болгондуктан мамлекеттик бюджет да жабыркайт. Мындай көрүнүштөргө мисалдар өтө эле арбын, ошондуктан эмки бийликтердин көңүлү бурулбаса жаштардын укуктары бузулганы бузулган жана мамлекеттик казына да толбойт.
Бейшебай МУРАТОВ -
бажы кызматынын ардагери




  Аялдан чыккан датка бар, акындыгын ким танар.

Зыйнат - Таластан чыккан даткайым
Апрелде болуп өткөн элдик төңкөрүш, Кыргызстанда дээрлик 20 жылдай өкүм сүрүп келген үй-бүлөлүк-авторитардык башкарууну кулатып, эми Кыргызстан, таптакыр жаңы демократиялуу коом куруу багытына кадам таштады. Турмуштун бардык чөйрөсү сыяктуу эле, кыргыздын байыркы жана андан кийинки тарыхына да мындан ары жаңыча мамиле жасалат деген зор үмүт пайда болду. Ушул өңүттө, Кокон хандыгынын тарыхында белгилүү орду бар Зыйнат датка жөнүндө элге анча белгисиз маалыматтарды жарыялайбыз.
Бул боюнча тарыхчылардан, жазуучулардан, тарыхка кызыккан окурмандардан кат-кабар күтөбүз.


(Уландысы.Башталышы гезиттин 11.05.10-ж. №23-санында)

Андан тышкары Зыйнат датка менен Жаркынайым сиңдиси Курманжанды сыйлап, көп жардам берип турушкан.
Кийинчерээк Хайдарбек Назирбекович Бабабеков өзүнүн жогоруда жазылган ойлору туура эместигине көзү жетип, 1996-жылы Ташкент шаарынан жарык көргөн "Кокон тарыхы" аттуу китебинде XIX кылымдагы кокондук белгилүү аял акындары: Анбар отин Фарманкул кызы (1870-1906), Зебунисо (XIX ), Махзада бегим (XIX), Махзуна Мехрибан мулла Бошмон кызы (XIX) Муштарий (Саадат) (XIX), Надира (Махларайим) (1792-1842), Назик ханум (XIX к. аягы ХХ к. башы), Увай Сий (Жахан) (1771-1845) арасына Зыйнатты кошуп жазып кеткендиги бизди сыймыктандырат. Бул жерде Зыйнат Курманжан датка эмес экендигине көзү жеткен автор "Зыйнаттын азырынча анык ысмы белгисиз акын, мамлекеттик ишмер, датка. Кокон хандыгынын тарыхында азырынча маалым болгон аял даткалардан чыккан Курманжан датканы гана билебиз. Бирок, Умархан доорунда түзүлгөн "Мажмут уш - шуаро" аттуу жыйнакка анын казал ырлары киргендигин эске алсак, Зыйнат датка болгон убакта Курманжан жаш кыз болгон"-деп Зыйнат Курманжан эместигин өзү кайра мойнуна алып, далилдеп кеткен.
Андан ары Зыйнаттын ким болгондугуна карабай, анын жазган ырларынын мааниси аябай толук жана маанилүү болгон. Ушул китептин авторунун өздүк китепканасында ыр жыйнактарында бир кол жазма бар. Ал китепте Зыйнаттын "Бахру одабий" сөздөрү менен башталган бир ыры кирет. Бул ырында ал инсанды баарынан жогору коет, адеп-ахлак жөнүндө философиялык ойлорду жүргүзүп, турмушта болгон карама-каршылыктар жөнүндө ой жүгүртүп, алардын бир күнү жок болуп кетишине ишенет, калкты күнгө окшотот. Албетте, бир ырдын негизинде акынга баа берип коюш өтө кыйын. Адабият тармагынын изилдөөчүлөрү, тарыхчылар Зыйнаттын ким экендигин, анын жаңы чыгармаларын таап, ал эмгегине жараша баа берет деп үмүт этебиз", деп жазып кеткен.
Х.Бабабековдун "өздүк" китепканасында сакталып турган эски кол жазмаларды барактап көрсөм, ар түрдүү авторлордун ырларынан түзүлгөн жыйнакта, жүзгө жакын акындардын чыгармаларынын үлгүлөрү бар экен.
Өзбек жана фарси тилинде жазылган лирикалык ырлардан, аңгемелерден, кызыктуу икаялардан жана эскерүүлөрдөн түзүлгөн бул жыйнактын бет ачарында 1775 - жыл, ал эми аягында 1864 - жыл деп көрсөтүлгөн. Андагы Зыйнат деген ат менен жазылган бир лирикалык ыр эрксизден көңүлүмдү өзүнө бурду. А, Зыйнат деген ким болгон?- деген суроосуна кийин өзү талдап чыгып, Зыйнатты аял киши экендигин, тактап кеткендигин эске албаса керек.
Экинчиден, жогоруда айтылгандай, Зыйнат Жаркынайымдын эжеси болот, эгерде Жаркынайым тарыхта 1802-жылы туулгандыгын эске алсак, анда Зыйнат 1798-1800 жылдары туулуп, 1819 - жылы 19-20 жашар кыз болгон, ошон үчүн Бабабеков Х. "Зыйнат ыр жазган мезгилде, Курманжан жаш кыз болгон эле" деп "Кокон тарыхы" аттуу эмгегинде көрсөтүп кеткен. (Талас өрөөнүнүн атактуу санжырачысы Сыргак Сооронкуловдун айтуусу боюнча 1798-жыл деп айтылат. Ал киши да Зыйнат датка жөнүндө көп эмгектерди жазган.)
Үчүнчүдөн, бул жыйнактын фарсча гана эмес өзбек тилиндеги, жана башка тилдерде жазылган ырлар, аңгемелер, икаялар жана эскерүүлөрдөн улам түзүлгөндүгүн эске алсак.
Төртүнчүдөн, демек бул ырлар жыйнактары 1775-жылдан 1864-жылга чейин жарык көргөн ырларбы, же 1819- жылдары жарыяланганбы?. Арийне, бул ырлар жөнүндө али да терең изилдеп тактоо керек.
(Уландысы кийинки санда)
Алмаз АБАСБЕКОВ -
Ж.Баласагын атындагы КУУнун окутуучусу