Мыйзам алкагында

Кримдүйнөнүн тирешүүсүндө саясат жок
7-апрелден бери Убактылуу өкмөт ич ара келишпестиктеринин айынан өлкөнүн, элдин коопсуздугун эстеринен чыгарып койду десек болот. Ал эми күч органдары коркунучтуу криминалдар менен күрөшүүдө өздөрүнүн алсыз экендигин, ошондой эле кызматтык профессионалдыгынын жоктугун ачык көрсөтүүдө. Буга 24-май күнү оор кылмыштарга катышы бар делген Жумабек Зикирбаев, Айбек Кожоев, Чыңгыз Мамытовдун качып кетиши далил. Ошондой эле качкандардын жиги билинбей, күч органдары аларды колго түшүрө албай жүргөндөрү эмнени айгинелет? Албетте, бул - айыгышкан криминалдык эки топтун тирешүүсү экени айдан ачык.

Миң сом үчүн ажалга кабылган Атамбаев
Көптөгөн оор кылмыштарга тиешеси бар делген Жумабек Зикирбаев, Улан Кожоев, Чыңгыз Мамытовдор туура бир жыл издөөдө жүрүп, өлүгү табылган Руслан Шаботоевдин, Бактияр Амиражановдун өлүмүнө тийиштүү делип айыпталып, иш Биринчи май райондук сотунда каралып жаткан. Алар 24-май күнү сотко алынып келинген. Соттук териштирүүдөн соң, саат:16:00 чамасында соттолуучуларды кармоочу бөлмөгө белгисиз бир адам келип, конвойлордун начальниги Атамбаевден соттолуучулар Зикирбаев, Кожоев, Мамытов менен терезе аркылуу сүйлөшүүгө макулдук берүүсүн суранып, миң сом акча сунуштаган. Начальник лейтенант Атамбаев макулдугун берип, биринчи кабаттагы соттолуучуларды кармоо бөлмөсүнөн сүйлөштүрүүнү пландаган. Ошол замат белгисиз адам терезени ачып жиберип, конвойду көздөй ок чыгарган. Мындай жагдайдан пайдаланып соттолуучулар терезе аркылуу чыгып, качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Ошол жердеги күбөлөрдүн айтымында, кылмышкерлер колдору байланган боюнча, экөөсү имараттын дубалынан секирип, бирөөсү көп кабаттуу үйлөрдү аралап качкан. Аларды "Тойота Виндом" автоунаасы күтүп турган. Кылмышкердин огуна кабылган начальник конвой ошол замат көз жумган.

Көзөмөлдөө болгон эмес
Жогорудагы окуя - өтө опурталдуу маселе. Мындай учурда мамлекет башчылары "качса - качып кетти да" деп кадрдык система менен алышпай, Кыргызстандын, кыргыздын коопсуздугун биринчи орунга коюп, кылмышкерлер менен күрөшүүнү күчөтүү керек. 24-май күнү болуп өткөн окуя Зикирбаевдин бандасын бошотуп, саясатчыларды өлтүрүүгө даярдалган эмес. Бул кылмышты Зикирбаевдин соратниктери атайын уюштурган деп айтууга толук негиз бар. Анткени, эң коркунучтуу делген үч кылмышкерди жапжаш сегиз конвой сотко алып келүүсү шылдың жана уят. Ошондой эле, кылмышкерлерди кармоочу бөлмөгө күзөт башчысы Атамбаевдин жалгыз кирип калышы - таң калыштуу. Атамбаевге ок тийген учурда жанындагы кароол балдар жардамга келбестен чачтарын сылап отурганбы? Саясатчылар соттолуп жатканда Биринчи май райондук сотунда, козу карындай жайнап турчу ошол эле райондун милиция кызматкерлери эмне үчүн соттун айланасын көзөмөлдөп, элдин коопсуздугун камсыздап турган эмес? Ички иштер министрлиги жогорудагы качып кеткен кылмышкерлер өтө коркунучтуу экенин эстеринен чыгарып салышканбы? Деги эле мыйзам алкагындагы күч органдарынын криминалдар менен байланышуусуна ким жана эмне жол берүүдө? Жеке керт башынан коркуубу же байлыкпы, бийликпи же акчабы, ал белгисиз!

Тирешүүдөн саясат жаратпоо керек
Баарынан да, Убактылуу өкмөттүн орунбасары Атамбаев Алмаз Шаршеновичтин: Зикирбаевдерди "мени өлтүрүүгө атайын чыгарып жиберишти" дегени анча чындыкка коошпойт. Анткени, Алмаз мырзанын көзүн кимдир бирөө тазалагысы келсе, абактагы кылмышкерлерди качырып убара тартпай, учурда эркиндикте жүргөн киллерден жалдайт эле да. Ошону менен катар, "душманды алыстан эмес, жакындан изде" деген макалды эске алып, криминалдардын ич ара тирешүүсүн саясатка айландыруу ызы-чууну гана жаратпаса, эч жакшылык алып келбейт. Ошондуктан, учурда эл деген эргулдар өздөрүнүн эмес, элдин жана мамлекеттин коопсуздугун биринчи орунга коюшу керек. Андан көрө, Алмаз мырза күч органдарын криминалдык күчтөргө алдырбай, күчтүү болушуна шарт түзүп берүүсү зарыл. Жогорудагы начальник лейтенант Атамбаев айлык маянасынын аздыгынан криминалдык күчтөрдүн миң сомуна кызыгып, ажалга кабылып отурганын кантип жашырабыз.

Күч органдарынын алсыздыгы абалды курчутууда
Коркунучтуу кылмышкерлердин качып кетишине биринчиден, күч органдары себепкер. Алар кайтарууну күчөтүлгөн режимде уюштурган эмес. Экинчиден, бул окуяга күч органдарынын түздөн-түз тиешеси бар болушу мүмкүн. Анткени, кароолдун начальниги Атамбаевге ок жаңылган учурда калган конвойлор эч кандай реакция жасаган эмес. Учурда, күч органдарынын алсыздыгынан криминалдык күчтөрдүн деңгээли жогорулап, криминалдар өлкөнү тымызын колго алып жатканы жашыруун эмес. Укук коргоо органдарына караганда криминалдар элдин ишенимине кирип, эл укугун криминал аркылуу коргоп калганы айдан ачык. Ошол себептүү акчага, кызматка кызыгып отуруп, криминал дүйнөсүнө айланып каларыбызга аз гана калды. А эмне үчүн, бул маселеге көңүл бурбай келебиз?

Тирешүү эмнеден чыгып жатат?
Жумабек Зикирбаев, Айбек Кожоев, Чыңгыз Мамытовду ким чыгарып кетти? - деген суроо туулушу мүмкүн. Экс-ички иштер министри Молдомуса Конгантиев өлкөдөгү болуп келген оор кылмыштарды, буйрутма адам өлтүрүүлөрдү кримавторитет Рысбек Акматбаевге гана оодарып келген. Чындык - бийликтегилердин басымдуулугу астында ачыкка чыкпай чыныгы кылмышкерлердин бети ачылбай калган.
Акматбаев өлтүрүлгөн соң, анын жакындарына жана жигиттерине каршы катуу чабуул башталган. Акматбаевдин көзүн тазалоодо Бакиевдер ага каршы күчтөрдү пайдаланып, айыгышкан душманы Азиз Батукаевдин эркиндикте жүргөнү кооптуураак болгондуктан, Камчы Көлбаевди абактан качып кетти таризинде чыгарып жиберишип, өз кызыкчылыктарын ишке ашырышкан. Учурунда Көлбаевден кордук көргөн Рысбектин жигиттери азыр душмандарынан өч алууда, аны менен бирге жоопко тартылып, камакка алынган үзөңгүлөштөрүн боштондукка чыгарууга болгон күчтөрүн жумшап жатышат. Айрым маалыматтарга караганда, Максим Бакиев Руслан Шаботоевди Камчы Көлбаев аркылуу жок кылган - деп да айтылып жүрөт.
(Уландысы бар)

Назгүл МАМЫТОВА




  Кепинде чөнтөк жок

Акча дегениң туздуу суу сыңары.Капыстан бир жутуп алсаң кайра суусатат. Кайра канчалык көп ичсең, ошончолук суусайсың. Биз, карапайым адамдар байлар жөнүндө "Булар акчага тойбойбу, анча акчаны эмне кылышат " деп ойлойбуз. Кыргызда "Каткандын жоготкону ошончо,тапкандын короткону ошончо"деген да таамай айтылган сөз бар. Байлык жөнүндө бул икаяда мындай деп айтылат.

БАЙПАК
Бир карыя баласынан Кудайга ибадат кылып, орозо кармап, намаз окуусун суранат. Баласы жумуштары көп экенин, колу бошобосун айтып болбойт. Атасы бир нече жолу айтып суранса дагы укпайт. Карылыгы жеткен атасы бир күнү төшөк тартып жатып калат да баласына керээзин айтат:
- Тирүүмдө Кудайга ибадат кылып, намаз оку десем тил албадың. Эми мен өлгөндөн кийин бир керээзимди аткарып кой?
Баласы макул болуп, "сөзсүз аткарам" деп убада берет.
- Мен өлгөндө бутумда кандай байпак болсо да (мейли жыртыкпы) чечтирбей көмдүр,-дейт атасы.
Ошентип атасы өлүп,көмчү мезгил да келет. "Атамдын бутундагы байпакты чечпегиле, өзү "мени байпагым менен көмсүн деп суранган. Бул өзүнүн керээзи" деген баласынын сөзүн угушпай, кайра өзүн урушуп, байпагын чечип салышат. Атасын көөмп,эл тарайт. Жалгыз калган баласы: "атамдын же тирүүсүндө сөзүн укпадым, же өлгөндө керээзин аткара албадым"деп кейип, ойго батып олтурса, дарбаза кагылып,ошол айылдын бир кадырлуу кишиси келет.
- Мени көөмп, эл тарагандан кийин балама алпарып берип кой деди эле. Ошол атаңдын аманатын алып келдим,-деп кат берет. Баласы ачып окуса "Тиги дүйнөгө жыртык байпагыңды да алып кете албайсың" деп жазып коюптур. Ошондон кийин баласы дүнүйө жыйганды коюп, Кудайга ибадат кылып, намаз окуп баштаган экен.
Муну жазып жаткан себебим-кимдир бирөөлөр окуса (айрыкча дүнүйө жыйноого баш- оту менен кирип алышкандар) суусу бүтүп, аркы дүйнөгө кетүү убактысы келгенде Азиреил жан алгычтан арачалап калууга же ага пара бере коюп, калып калууга ылаажы жоктугун астейдил эскертким келет. Жыйган дүнүйөңдөн кошо ала кетүүгө байпагың да буйрубасына бул икая ачык-айкын эле мисал болуп турбайбы.
Балээнин баары акчадан чыгат демекчи, аттуу -баштуу адамдарыбыздын телефондогу сүйлөшүүлөрү 20-майда www.youtube.com маалымат порталына чыгып кеткенден бери өлкөдө уу-дуу кеп жүрүүдө. Айрыкча, Убактылуу өкмөттү туш тараптан колдоп жаткан элдин ишениминен жик кеткендей эле болду. Ошондон улам айрымдары, Убактылуу өкмөттүн ошол мүчөлөрүнөн отчёт талап кылып митингге да чыгышты. Ал тургай "1 миллиондон бөлүшкүлө" дегендери да болду. Бул күндөрү кыргыз эли үчүн маанилүүсү акча эмес, ынтымак, элдин биримдиги экенин акчанын азгырыгы басып кетип жатабы? Ал ансайын ички -тышкы душмандарыбыздын күнү тууп,баштары көтөрүлүп жатканын түшүнүшпөйбү, же түшүнгүлөрү келбейби? Айтор, көчүбүз бара-бара түзөлөөр деп отуруп, кечмеликтен өтүп баратканда жүктөлгөн жүктөрүбүз шар аккан сууга ооп түшүп, агып кетпесе болгону. Же кечмеликтен көлүк ооштура албасак...

Ак Байыр