Телефонгейт

Кан жыттанган телефон, кан көксөгөн Бакиевдер
Жакында Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин ортосундагы телефон аркылуу сүйлөшүүгө бүткүл өлкө күбө болду. Ал Кыргызстандын атайын кызматтары үчүн өтө чоң табылга болушу керек. Аны терең изилдөөгө алып, анда сөз болгон аракеттерди алдын-албаса, Кыргызстанда кайрадан кайгылуу окуялардын кайталанып кетишине кепилдик жок.

Оболу эле, ал сүйлөшкөн эки адам чын эле Максим менен Жанышпы? - деген суроо туулат. Телефондогу сүйлөшүүлөрдү уккандардын баары, ал эки адам Жаныш менен Максим экендигинен күмөн санабайт. Муну Бакиевдер менен чогуу жүрүп, кезегинде алардын бийлигин колдогондор да жокко чыгарган жок. Маселен, Феликс Кулов, ал эки адам Максим менен Жаныш экендигинен 100 пайызга шек санабасын айтты. Куловго ишенсе болот. Анткени, ал биринчиден, аскер адамы. Экинчиден, Кулов беш жылдан бери Бакиевдердин жанында жүрүп, кандуу режимдин жана үй-бүлөлүк бийликтин табияты кандай экендигин баарыбыздан жакшы билет. Себеби, Бакиевдин беш жылдык башкаруусунда Кыргызстанда 100гө жакын буйрутма адам өлтүрүү болгондугу белгилүү.
Экинчи суроо, ал сүйлөшүүлөрдү кимдер жаздырып алган? Кыргызстандын атайын кызматтарыбы? Кыргызстандын атайын кызматтарынын алардын үнүн жаздырып алууга күчү жетпестигин сүйлөшүп жатып, Максим менен Жаныш да сөз кылып жатканын уктук. Ошондой эле, көпчүлүк талдоочулар да биздин атайын кызматтар эмес, башка өлкөлөрдүн кызматтары жаздырышы мүмкүн экендигин айтып жатышат. Ал кайсы өлкөлөрдүн кызматтары болушу мүмкүн? Алардын жаздырып алып, коомчулукка жарыя кылышынын себеби эмнеде? Биринчиден, бул чындап эле Убактылуу өкмөткө жардам берели, алардын ишенимине кирели деген адамдардын (өлкөлөрдүн) иши. Балким, бул Американын колунан келиши мүмкүн. Бүгүн чындап эле, Америка үчүн Убактылу өкмөттүн тилин таап, ишенимине кирүү негизги иштердин бири. Себеби, Кыргызстанда, анын ичинде жаңы өкмөттө да антиамерикалык маанай күч экендиги белгилүү. Апрель окуяларынан кийин келген АКШнын жогорку даражалуу жетекчилерине ошол эле, Роза Отунбаева, Алмаз Атамбаевдер нааразычылыктарын ачык билдиришип, Бакиевдик режим Кыргызстандагы демократияны муунтуп, көз карандысыз журналисттерди, оппозициялык саясатчыларды камап, соттоп, өлтүрүп жатканда, демократиянын жактоочусу болгон Американын ага көңүл буруп койбогондуктарына катуу нааразы экендиктерин билдиришкен. Экинчиден, Прибалтика өлкөлөрүндө жүрөт делген Максим Бакиевге, Америкалык атайын кызматтардын колу оңой эле жетет. АКШ "бул биздин колубуздан келген иш, силерге жардам берүүнү чын-дилибизден каалайбыз" деп, Убактылуу өкмөттүн жетекчилерине ачык эле айтышы мүмкүн. Муну менен алар, нааразы болгон Убактылуу өкмөтчүлөрдүн көңүлүн жибитип, ишенимге кирип калуулары ажеп эмес. Анткени, Манастагы "Ганси" абамайданынын тарыхы али бүдөмүк. Мындан башка да, АКШнын Кыргызстанда "түбөлүктүү" кызыкчылыктары бар. Кыргызстанды колдон чыгарып, анын жетекчилеринин көңүлүн таба албай калуу, Американын жыйырма жылдык ишинин текке кетишине барабар.
Не болгон күндө да, бийлиги менен байлыгынан кокусунан ажыраган Бакиевдер жөн жатпасын, бийликти кайра кайтарып алуу үчүн колдон келген аракеттерин жасоосу мүмкүн экендиги айкын болуп отурат. Бул деген Кыргызстанда, ошондой эле Убактылуу өкмөттө Бакиевдерди кармамайынча, биротоло тынч-тык орнобойт дегендик.

Заирбек БАКТЫБАЕВ
P.S:
Коопсуздук кеңешинин катчысынын экс-орун басары, кадрдык чекист Алик Орозов "Дело№" гезитинин 26-майда чыккан санындагы маегинде Жаныш жана Максим Бакиевдердин телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү, Жаныштын Тажикстанда экенин айгинелеп турат деп билдирди. Ошондой эле ал, "Атайын кызматтар бул стенограммаларды өтө кылдат изилдеши керек. Ал жерде жаңы чабуулдардын пландары жана катышуучулары айтылган. Максим Бакиев "чекиттик операция" деп айтып жатпайбы? Бул саясий өлтүрүүлөр - дегенди билдирет. Азыркы бийлик жана эл дагы бир да мүнөткө абалды колдон чыгарбаш керек", - деп белгилеген.




  Кошуна туугандарга кулак кагыш

ПРЕЗИДЕНТ ЖОГОТТУК, КӨРДҮҢӨРБҮ?
11-май күнү Белорусиянын Башкы прокуратурасы Кыргызстандан качып барып, ушул өлкөдө жан соога сурап жүргөн мурдагы президент К.Бакиевди жазалоо үчүн, Кыргызстанга кайтарып берүү туурасында зарыл документтердин топтомун алгандыгын ырастаган. Барган документтерди алар иликтеп-изилдеп бүтө элек чакта эле Курманбек Бакиев "5 жыл тыным албай иштедим эле, эми жаш колуктуга колу-бутту ушалатып эс алайынчы" деп, Түркиянын Белек деген шаарына учуп кетти деп эле белорус укук сакчылары уу-дуу түшүп калышты.
Бакиевди камакка алуу туурасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту 4-май күнү эле санкция берген. 6-май күнү ал санкция эл аралык келишимдердин талаптарына так келтирилип, Белорусияга жөнөтүлгөн. Документтер жетээри менен Белорусь президенти А.Лукашенко Рейтер агенттигине берген интервьюсунда, К.Бакиевди Кыргызстандын бийлигине кайтарып берүү "Убактылуу өкмөт үчүн үмүтсүз иш. Бакиев Белорусь мамлекетинин жана анын президентинин канатынын алдында" деп ак көбүк чачыраткан.
Канат алдында калкаланып жаткан Курманбек анан эле, бир күнү түрк туугандарына учуп кетиптир. Эми ал жактан "эс алып" бүткөндөн кийин жөн отура албаган иштерман агабыз Ооганстандагы Жалал-Абадга учуп кетеби, жокпу - бир Кудай, анан бир Кукең гана билет окшойт.
Ооганстан менен Тажикстан илгертеден көк нар тарткан туугандарга толо. Ал жакта Жаныш Бакиев "эс алып" жүрөт дешет - акылдашып көрүшөт да. Оңтою келсе ошол жакка топтолушуп, Отунбаева айымга каршы 7 эркек "жихад" уюштуруп жиберишеби - аны да бир туугандар, анан бир Кудай билет. Ал аракеттери да Оштогудай болуп оңкосунан сайылып калса, анда балким этеги жырык чапан кийип, сакалдарын жагжайтып коё берип, түктүү төштөрүн ачып, Баткен же Чоң Алай жактан ашуу ашып, илгери Шамкеев деген генералдын шапкесин тескери кийгизип койгон "сакалчандарды" кайра уюштуруп, каптап келишпес бекен? "Саясатта дос жок, кызыкчылык бар" дешет ко, анын сыңары Ферганада баш көтөрүп, Ислам Каримовду жан жерине чыккан чыйкандай болуп, жүдөтүп жүргөн ИДУгабы же "Хизб-ут-Тахриргеби" 7 бир тууган "оптом" мүчө болуп кирип, Тахир Юлдашевдинби, Жума Наманганининби - шакирттеринин этегине жапырт намаз окуп кетиши деле мүмкүн да. Эмнеси болсо да, сакалчандардын окуган намаздарынын "обонуна" кулак салып туралы, жаңы кайрыктар чыгып калышы да ажеп эмес.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ.




ХАН, БЕКТЕРДИН
БАЛДАРЫ...
"Улуу тоого чыккан барбы, улар этин жеген барбы, кичүү тоого чыккан барбы, кийик этин жеген барбы" деген сөздү бүгүнкү күндө "улуу тоого чыккан жокпу, уулум мыкты деген жокпу, кичүү тоого чыккан жокпу, кызым мыкты деген жокпу" деген саптар менен алмаштыргым келет. Биздин эки президентибиздин качып кетишине алардын уул-кыздарынын түздөн-түз "салымдары" болду. Революция болуп өткөнү менен алардын балдарынын азабын (мисалы Максимдин) кыргыз эли алиге тартууда. Сүткө оозу күйгөн эл азыркы бийликтегилердин кимисинин кыздар -балдары аралашып, кимисинин тууган-уругу чыга калаар экен - деп сак-сактап турушканда, жаз алдында кар алдынан кылтыйган козу карындай болуп, кээ бир бийликтегилердин (мисалы Бекназаровдун) баласы элес-булас көрүнө калса болобу. Элибизден төбөсү көрүнгөн жаштардын чыгып келиши кубанарлык көрүнүш деңизчи. Бирок, "буга чейин кайда жүрдү эле?" - деген күмөн ой күдүк туудурат. Жаштык жалынынан жанбай, эл үчүн каруун казык кылып иштейм деп чыгып жатса го жакшы. Ал эми эртеңки күнү атасына таянып алып, бийликтин кумарына батып кетпейт деп, ким кепилдик бере алат? Аны мезгил көрсөтө жатаар. Биз болсок, жакшы үмүт менен сабыр кылып күтө туралы.

АК БАЙЫР