100 - маршрут
Нурбүбү БӨДӨШОВА
(Уландысы.
Башы өткөн санда)
Албетте, Дүрүя жаш кыз эмес да, Сапардын кылгыра караган көздөрүнөн эле көп нерсени түшүнүп жүргөн болучу. Бирок, дал ушул азыр ушундай сөз угамын деп ойлогон да эмес. Андыктан бул сөз Дүрүяны бир топ алдастатып койду.
- Койчу! - деп чочуп кетсе болобу.
Жердигинен тамашакөй Сапар "Койбой эле" деп келиндин колун кармай чын дилинен мээрим төгүп жылмайып турду. Негизи, Сапар Дүрүяга айтам деп көп жакшынакай сөздөрүн камдаган болчу алдын ала. А бирок, ушу азыр ал сөздөрү кургуйга куюлуп кеткенсип, эч нерсе деп андан ары улай албай турду. Дүрүя качып кете тургансып анын колдорунан катуу кармап алганын карасаң...
- Колум ооруп кетти,- деп колун бошотууга аракет кылган келинди деги эле кое бергиси жок.
- Жок, сен жооп бербесең, деги эле кое бербейм деди чындап эле.
Дүрүя эмне кылсын?! Адамдын көңүлү -гүл, деген чын эле го. Далай ирет Майрамбек жанчып-талкалаган сезими бир аз көтөрүлүп, алаксып калган болучу. Орустардын баягы "Время - лечит" деген сөзүндөй болуп, жараланган сезимдери карттанып бараткан болучу. А бирок, сезминин түпкүрүндө баары бир Майрамбегин аяп да, сагынып да жүргөнүнө өзү таң калчу.
- Ой тобоо, канча ирет көңүлүм калып, канчалык тажасам да неге эле аны мынча кыйбайм, -деп өзүн жемелечү.
Негизи, Дүрүянын табигаты оор-басырыктуу, ар бир нерсени ойлонуп жасаган адамга кирчү. Бир кишини жакшы көрсө, аны өмүр бою жакшы көрүп, урматтай билчү. Досчулукка бекем, жолдоштукка бек адамдардын катарына кирээр эле. Ошого жараша, жеңил-желпи, туруксуз адамдарды жек көрөөр эле. Мына ошондуктанбы, сырдаш курбулары да саналуу эле болучу.
Алдында чечүүчү кадам турганын сезип, келин коркуп кетти. Эгер, мобу маңдайында турган Сапарга бир жакшы сөз айтып, "мейли, мен сендикмин" дей турган болсо, ал сөзүнөн кайра жанбайт болчу. Ал сөздү балким, жеңил ойлуу адамдар оюнчуктай гана ыргытып коюп басып кетер, а Дүрүя үчүн ал - өмүрдө бир гана айтылчу сөз болуп калмак. Дал ошол үчүн Дүрүя ичинен миң толгонуп, миң ыйлап турганын бу жайдары мүнөз жигит кайдан сезсин? Болгону, ал Дүрүянын коймолжуган көздөрүнө арбалып, дайыма муңайым тарткан каректерине суктанса керек... Дүрүя ушинтип ойлоду.
Сапар - апасы экөө эле жашачу. Айылдан шаарга келип туруп калышканына беш-алты жылдай болуп калган. Атасы каза болгондон кийин эле баса беришкен. Мектепти шаардан аяктап, алты айлык айдоочунун курсун бүтүрүп эле ишке кирип кеткен. Мына, азыр да минтип бир фирмада маршруттук такси айдап жүргөнүнө эки жылдай болуп калды.
- Эми, ушинтип эле жүрө бересиңби, колоктобой, үйлөнсөң боло. Сени менен тең балдардын балдары чуркап жүрүшөт...- деп канча ирет кулагынын кужурун албады дейсиң. А бирок, эчен кыздарга көз салса да, бирөөнү да берилип сүйө албаган жигит апасынан күлүп кутулчу.
- Апа, коюңузчу, али жашмын го...- деген уулуна апасынын жини ого бетер келет.
- Каяктагы жаштык? Мына, атаң да жашмын деп жүрө берип, акырында тапкан баласы сен болдуң. Кургурум, ушу сени чоңойтуп, уул-келининин колунан бир чыны ысык чай ичпей кетти...
Отуруп-отуруп эле бышактап кирген апасын андайда соорото албай убара тартат Сапар.
- Оо, болуптур-болуптур эми, жоолугуңду даярдай бер, эртең эле маршруткага түшкөн кыздардын бирөөсүн жетелеп келем!
- Э, кой, маршруткаңа күндө канча кыз түшөт?!
- Ошо да...Ха-ха-ха!..
Эне-бала бири-бирине карап каткырып эле күлүп калышат. Ошону менен сөз аяктап, Сапар кутулуп кетет.

ХХХ
Майрамбеги кеткенине эки айдын жүзү болуп бараткан. Сапардын кучагында туруп, өзүн эң ыплас, жеңил ойлуу аялдай туюп кетти Дүрүя. "Мен эмне болуп турам? Бу жигит менден ого эле кичүү, үйлөнө элек бала... Мени жөн эле эрмектейин деп аткан неме да...бирок, ага да окшобойт... -деп улам ой тегеретип отуруп, аягына деле жетпей калат. -А балким, чын эле сүйөт чыгар..."
Үйүнө жеткирип келген Сапар кыйылып турду.
- Рахмат. Жакшы бар,- деп колун сунган келинди кучактаган жигит:
- А сен аябай катуу окшойсуң. Үйгө кирип нан ооз тийип кет,- деп койгонго да жарабайсың го... Ха-ха-ха!
- Нан ооз тийип кет,-деп деле айтат элем. Үйдө кайненем бар эле...
Дүрүя калп айтып койду.
- О, сени кайтартып кеткен турбайбы, байкебиз. Аябай сүйөт окшойт ээ... а бирок, мен андан да катуу сүйөм сени... мага ишенбей жатасыңбы? Бүгүн эле үйгө алып кетейин. Апамдын сандыгында аппак жоолук бар. Ошону салып, отургузуп коебуз. Болду.!
- Койчу, - деп кабагын чытыды Дүрүя. - Ак жоолук салып койсо эле баары чечилип калмак беле?! А апаң деле мага каршы болоор. Мен эрлүү аялмын...
- А бирок, жашабайсыңар да?
- Жашайбыз. Болгону, ал азыр Россияга кеткен.
- А качан келет?
- Билбейм.
- Давай, ал келгиче экөөбүз качып кетебиз, кол кармашып. Ал келгиче балалуу болуп алабыз. Анан, ал эч нерсе дей албай калат...
- Эмне-е?!
Дүрүяны бирөө безге сайып алгансып чочуп кетти. Азыркы эле татына жүзү сумсайып чыкты. Сапарды анча жактырбай карап, чыйрыттай түштү. Өмүр бою күтүп келаткан перзентти ал Майрамбек экөөсүнүн гана ортосунда элестетип келген. Деги эле башка бирөө менен бала ээрчитип жүргөнү анын үч уктаса да түшүнө кирген эмес.
- А сен калп айтып атасың. Үйүңдө бирөө болсо, светиң күйүп турбайт беле?!
Экөөсү тең каткырып күлүп калды.
- Болуптур, калпымды кармап алдың...үйгө кирип нан ооз тий...

ХХХ
Ошол күндөн тартып Сапар менен Дүрүянын мамилеси ысык тартып, эчен таттуу мүнөттөрдү баштарынан өткөрүшчү болду. Эчен жыл чогуу жашаган Майрамбегинин элеси уламдан улам мунарыктап көрүнбөй баратканына бир эсе таң калса, бир эсе сүйүнөт. Эми, баштагыдай өзүн өзү мыкчып, кечке муңайып, кечке эзилгенин да койду. Ачуудан татып алып, өз өмүрүндөгү өкүнүчтүү сааттарын унутуп салат. Жеңил жашоо деле жакшы окшобойбу. Бир келген өмүрдө өзүңдүн сезимиңди өз колуң менен муунтуп өтүү кандай гана зулумдук?! Ушундай күндөр өтүп жатты.
Өткөн бул күндөр Дүрүяга жаңылык алып келди. Негедир башы айланып, жүрөгү айланып кускан алгачкы күнү эле ал врачка көрүнгөн. Боюнда болуп калганын укканда же кубанарын же ыйлаарын билбей дал болуп отуруп калды. Ошо күнү кечинде эле Сапар ал жаңылыкты укту.
- Кызык, эми эмне кылабыз? -деп ал кайра келинге суроолуу карады. Көзүнүн түпкүрү жылтылдап, кандайдыр бир сырды катып тургансып сезилди Дүрүяга.
- Билбейм... а сен үйлөнөбүз дедиң эле го...
- Апама айтсам, каршы болуп жатпайбы!
Сапар апасына болгон таарынычты Дүрүядан чыгаргансып мурчуйду. Кайра тез эле жазылып:
- Кичинекей эле срок экен го, азыраак, бир-эки жума чыдай тур, маселе чечилип калаар...-деп олуттуу бир сырды аччудай күрсүндү.
Ал күнү "үйгө конок келет эле" деп кайра эле кетти Сапар.
- Сен чыкпай эле кой, мен өзүм жаап кетем каалгаларды,-деп тез эле чыгып кеткен Сапардын артынан бир нече мүнөттөрдөн кийин чыккан Дүрүяга каалганын артында сотка менен сүйлөшүп аткан Сапардын үнү даана угулду.
- ...Ошо... Майрамбек байке...тезинен келиңиз... мага сүйүнчүсүн ала келесиз.. . бир ай болуп калыптыр...
- ...
- Жо-ок! Эркектерче кол алышкандан соң, ал жагынан эч кабатырланбаңыз! Ооба, мен алаксытып турам дебедимби.Бирок, убакытты көп созбоңуз! Келип калыңыз!
Сапардын Майрамбек менен сүйлөшүп жатканын жаземдебей баамдады Дүрүя. Өзүнүн эри Майрамбектин бу жигит менен байланышы бар экенине таң калып оозун карманып отуруп калды...
(Уландысы бар).