Өмүрбек Текебаев, "Ата Мекен" партиясынын төрагасы:

"27-июнда теңдеши жок тарыхый өзгөрүү болот"
22-майда "Ата Мекен" партиясы Бишкек шаардык конференциясын өткөрдү. Анда 7-апрелде мекен үчүн курман болгондордун жакындары да конок катары чакырылып, аларга баатырларыбыздын ар биринин аты жазылган эстелик грамоталар тапшырылды. Анда "Ата Мекен" партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев баяндама жасап, Кыргызстандын келечеги, өлкөдөгү оор кырдаал жана Убактылуу өкмөт сунуштап жаткан Конституциянын долбоорунун маңызын түшүндүрүп берди.

- Филармониянын бул залында "Ата Мекен" партиясынын конференциясы өтөөрү уктасак түшүбүзгө кирген эмес. Бүгүн биз Кыргызстандын эң бир салтанаттуу жайында конференциябызды өткөрүп жатабыз. Кечээ эле бизди ит менен, токмок менен кууп жүрүшкөн.
Биздин мурдагы бийликтен айырмачылыгыбыз, биз сунуштаган Конституцияга жыйырма жылдан бери журналисттер жана демократтар күрөшүп, жетише албаган бир норма кошулду. "Адамдын кадыр-баркына шек келтирип, ушак тараткандыгы үчүн журналисттер кылмыш жоопкерчилигине тартылбайт" - деген жобону киргиздик. Биз коомдук пикирге, массалык маалымат каражаттарына өзгөчө маани беребиз. Тең салмакташкан саясий системада элдин сөзү, ММКнын пикири чыныгы элдик көзөмөлгө айланат.
Биздин концепцияда оппозицияга өтө чоң роль берилет. Парламенттеги оппозицияга жогорку мамлекеттик кызматтарды, Эсептөө палатасынын үчтөн бирин, финансыны жана укук коргоо органдарын тейлеген комитеттердин төрагалыктарын жана башка кызматтарды берели деп жатабыз. Бул деген сөз: биз оппозицияны тааныйбыз, ал да элдин өкүлү дегенди түшүндүрөт. Оппозиция бүгүн болбосо, элдин эртеңки келечеги боло турган запастагы альтернативалык вариант. Биз ушул структураларды жер-жерлерге чейин жеткирсек дейбиз. Биз сунуштаган Конституция боюнча райондун акимин эл шайлаган райондук кеңештин депутаттары сунуштайт, өкмөт башчысы болсо, аны бекитип берет. Натыйжада, жергиликтүү бийликти түздөн-түз элдин колуна өткөрүп жатабыз. Демек, биздин Гимнде ырдалгандай: "Өз тагдырың колуңда" деген принципти киргизүүдөбүз. Ал эми айылда, майда шаарларда жетекчилерди түздөн-түз шайлана турган кылып жатабыз. Бул "бардык бийлик советтерге" деген лозунгдун бир көрүнүшү. Анткени, партиялык фракциялар аркылуу Жогорку Кеңешке шайлоо киргизсек, райондук, айылдык кеңештерге чейин вертикалдык байланыш түзүлөт. Ушул кезге чейин, "эгер партиялык тизме менен парламентти шайласак, жергиликтүү элдин арыз-муңун ким угат" деп көп айтылып келген. Ар бир партиянын ар бир айылда өзүнүн депутаты болот. Алар ай сайын, жыл сайын жыйналышка чогулушуп, Жогорку Кеңештеги өз партиялаштарына айылдардын, райондордун маселелерин козгойт, көтөрөт. Биз ушул планда "бардык бийлик советтерге" деген лозунгду жандандырып жатабыз десек да болот.
Биз сунуштаган идеология элдик көзөмөлдү жандандырат. Экономикада, саясатта жана ММКларда эч кимдин жеке ээлиги эмес, эркин конкуренция түзүлүш керек. Ошондо гана адамдын укугу, анын кадыр-баркы бийликтин негизги максатына айланат. Мамлекеттик бийлик өз жүзүн жана мүнөзүн өзгөртөт. Эл эмне дейт экен деп, элдин пикири менен эсептешүүгө мажбур болот.
Азыр партиялык ишти алып баруунун жаңы жолдорун табуунун мезгили келди. Жаңы ыкма, биринчи кезекте партиянын ичиндеги демократиялык конкуренция. Партия өзүн-өзү сындап, жетекчиликке таасир эте ала турган күч болуш керек. Биздин оюбузча, партиялык институттар - эл менен мамлекеттик жетекчилерди бириктирип турган, көптөгөн элдик көзөмөлдү орнотуучу институттардын бирине айланышы зарыл.
Биз социалисттик партиябыз, урматтуу жергиликтүү лидерлер! Мындан кийин биздин партиянын жарымынан көбү, делегаттар болобу, кеңештер болобу карапайым адамдардан турат. Баласы, өзү, чоң кызматта иштебеген, чоң бизнеси жок карапайым адамдар партиянын мүчөлөрүнүн жана курултайларынын жарымынан көбүн түзөт дегенди, өзүбүзгө принцип катары кабыл алабыз. Карапайымдыкты, теңчилдикти пропаганда кылган этикетти иштеп, "улуу урматтуу" эмес, бири-бирибизге "жолдош" деп кайрылганды мыйзам кылып алышыбыз керек.
Биздин алдыбызда чоң тарыхый маселе турат. 27-июнда биз заманды өзгөртөбүз. Ал Кыргызстанга гана эмес, Орто Азияга таасири тие турган чоң саясий фактор. Муну ичибизде да, сыртыбызда да каалабаган көп адамдар бар. Биз эл аралык уюмдардын жана чоң мамлекеттердин өкүлдөрү менен жолугуштук. Алар "силер чоң долбоорду баштап алдыңар, канчалык ийгиликтүү болот, билбейбиз. Бирок, андан Кыргызстандын гана эмес Орто Азиянын тагдыры да көз каранды" деп, бардыгы кызыгуу менен карап турушат. Бизге чоң тарыхый милдет жүктөлдү. Ушуну намыстуулук менен ишке ашыруубуз керек. Азыр кээ бир адамдар чыгып жатат. "Кыргызстанда демократия, анын ичинде парламенттик демократия деген жөн гана миф, кыргызга демократия жарашпайт, ага кызыл камчы, айбаттуу зөөкүр керек. Ошол гана жол көрсөтүп, элди алып кете алат" деп, байма-бай сайраган биздин оппоненттер чыгып жатат. Алар кыргызстандыктардын адамдык, моралдык ресурсуна, тарыхыбызга жана салтыбызга ишенбегендер. Ошентип, бүгүнкү күндө эки чоң концепция тирешип турат. Бирөөсү, биз сунуштаган карапайым адамдарды саясий системанын борборуна алып келип, устун кылган эркин концепция. Экинчиси, кызыл камчы. Биз өзүбүздүн концепцияны коргошубуз керек. 27-июнда жапырт көтөрүлүп, тынчтык жолу, башкача айтканда добуш берүү аркылуу заманды өзгөртөбүз. Биз добуш берүү менен заман өзгөртөлү деп, канчадан бери күтпөдүк беле!

Даярдаган
Заирбек БАКТЫБАЕВ




  Көп түкүрсө - көл болот

Асан Ормушев, Махмуд Кашкари-Барскани атындагы Чыгыш Университетинин ректору:
"7-апрелде каза болгон баатырларыбыздын балдарын бекер окутабыз"
- Асан Сулайманович, сиз тарыхчы эмессизби, алгач, кепти ушундан баштасак, 7-апрелдеги окуялардан кийин кыргыз улутунун мүнөзү жөнүндө көп сөздөр айтылып жатат. Кыргыз улуу эл, баатыр эл, эркиндикти сүйгөн эл деп. Тарыхчы катары айтсаңыз, чын эле ушундайбы?
- Мунун чындыгы бар. Азыркы Кыргызстандын аймагына 19-кылымдын экинчи жарымында келген тарыхчылардын бири, кыргыз элине өзүнүн баасын берген. Ал, "кыргыз эли Борбордук Азиядагы казак, өзбек, түркмөн жана башка элдерден айырмаланып турганын байкадык. Алар эркиндикти сүйгөн, эч убакта бир ханга баш ийбеген, ар кимиси кокту-колотто уруу-уруу болуп жашап, уруу башчыларын гана уккан эл. Эгерде ал элдин талабы аткарылбаса, булар жанын да аябай күрөшкөн эл экен" деп, Орус падышачылыгына кат жазган.
Чынын айтыш керек, ошол эле өзбектер хан бийлигинде жүрүп, ага баш ийишкен. Тажик, түркмөн, казактарды да хандар башкарган. Кыргыздарда болсо, Кокон хандыгынан башка хан болгон эмес. Кокон хандыгынын административдик борбору биздин жергеден алыс болгондуктан, кыргыздар алардын жыйындарына, салыктарына дайым эле баш ийе беришкен эмес. Байкап көрсөк, 7-апрелдеги окуялар да салыктардын, тарифтердин ченемсиз көтөрүлгөндүгүнөн, эл ага баш ийбей, адам укугун жана сөз эркиндигин жогору койгондугунан улам болбодубу. Кыргызстандын эки президенти тең ушуну эске алган жок.
- Сиздердин окуу жай, 7-апрелде курман болгондордун балдарын бекер окутуп беребиз деп, жакшы иш-чараны баштап жатыптыр. Бекер окуунун шарттары кандай болот?
- Эң өкүнүчтүүсү, 7-апрелде Бакиевдин өз элине ок аткандыгында болду. Илгери биз тарыхтан окудук эле, 1905-жылы 9-январда эл бийликке нааразы болуп, өз укуктары үчүн күрөшүп, Кудайдын сүрөтүн (икона) көтөрүп келе жатканда, Орус падышасы өз элине ок атты деп. Ал тарыхта "кандуу жекшемби" деп аталып калган. Мен 7-апрелдеги окуяны дал ошондой элестеттим.
Өлкөдөгү бул кайгылуу окуяда биздин университет да четте карап турбай, 90 го жакын каза болгон азаматтарыбыздын эр жеткен балдары болсо, биздин окуу жайга бекер окутуп берели - деп демилге көтөрүп жатабыз. Биз аларга, бир гана сынактан өтүү шартын коюудабыз. Албетте, сынакта "эки" деген баа алып калса окута албайбыз. Биз министрликтен сынакта жок дегенде "орто" баа алышса, анда бизге ал абитуриенттерди окуу жайга кабыл алууга уруксат бергиле" - деп суранып жатабыз.
Андан тышкары университет жана демөөрчүлөр тарабынан, майда барат кайрымдуулук иштери көп эле көрсөтүлүп жатат. Кыргыз радиосунда курман болгондорго эстелик тургузуу үчүн уюштурулган марафонго 30 миң сом бердик, Студенттерибиз, мугалимдерибиз эки ирет оорулардын акыбалдарын көрүп келишти. Чекиров деген деканыбыз өз атынан 15 миң сом берди.
Биздин окуу жайдын демөөрчүлөрүнүн балдарды коргоо фондулары бар. Ошол фонддун курамындагы Бишкек шаарындагы "Давха" кыздар үйүндө 13 кызды, Сокулуктагы "Давха" балдар үйүндө 13 эркек баланы 1-класска бекер кабыл алып, окуталы деп жатышат. Ал жерлерде үч маал тамак берилет жана окуусу, жатканы, баары бекер. Демек, жетим калган наристе балдардын жакындары тиешелүү документтерин алып келип өткөрсө, алар аталган борборлорго кабыл алынат. Жана жогоруда айткандай, мектепти аяктагандары биздин Чыгыш Университетине тапшырышса болот.
- Убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн кандай баалап жатасыз?
- Убактылуу өкмөт баарын өз мойнуна алып алды. Булардын иши, ар бир кадамы өтө жооптуу. Анткени, өлгөн балдардын анты, каны турат. Элдин мүдөөсүн булар аткарат го деген ишеничтебиз. Ушул жерден бир айтып кете турган нерсе сабырдуулук менен аларды колдоого алышыбыз керек.
- Ал эми жакында эле контрреволюция жасоо аракети көрүлбөдүбү...
- Аларды мен "Манастагы" Абыке-Көбөшкө салыштырдым. Алар өздөрү деги "Манасты" окушкан эмес окшойт. Экинчи жагынан бул күтүлгөн нерсе болчу. Тарыхта мындай нерселер көп болгон. Ошондуктан, тарыхчылар, саясатчылар качан болорун билбесе да, мындай окуя болорун сезишкен. Анткени, өзүнүн элине ок аткан президент, кантип эле жөн жатып калсын. Муну менен эле бүтүп калбашы мүмкүн. Балким, алар дагы башка нерселерди уюштурушат.

Маектешкен Заирбек БАКТЫБАЕВ