Абыке менен Көбөштөр

"Өздөн чыккан жат жаман"
Кыргыздар баатыр эл экендигин, Азиянын арстандары экендигин, жаңы доордо дагы бир жолу далилдегенин 7-апрелде бүткүл дүйнө көрдү. Кыргыз калкы беш жылда эки Президентти кулатканы ааламды таң калтырып, Орто Азия мамлекеттерин сестентип койду. Тарыхта тайманбаган кыргыз журту бийликти бекем чеңгелдеген бакиевдик кландын башын жулуп, эркиндиктин желегин желбиретиши ички жана сырткы душмандарды кыжаалатка салып, түн уйкусун качырып туру. Коңулдан чыгып, колтукка бычак сайчулар өлкөнүн сыртында эле эмес, ичинде дагы жүргөнүн жашырууга болбой калды. Тазаланууну эртерээк ойлонбосок, эртеңибиз кеч болоорун унутпайлы, улуу журттун урпактары.


Апрелде кыргыз эли өз бийлигин орнотту. Бийликтин басым-кысымына карабай, жыйырма жылдан бери чындык деп чыркыраган адамдарга ишеним артып, мамлекетти башкарууну колдоруна карматып отурат. Бийликти колго алгандар алты айдын ичинде өлкө башкаруусун өзгөртүп, жаңы бийликти орнотуу, мамлекетти жыйырма жыл бою талап-тоногондорду таап, элдин канын төккөндөрдү жазалоо убадасын байма-бай беришүүдө. Айтылгандардын канчасы аткарылып, кайсылары аткарылбай калганын тизмектей турган мезгил чукул калды. Ага чейин "бөйрөктөн шыйрак чыгарбай", элдин тынчтыгы, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн үч, төрт ай элди козутпай турсак, алешем иштегендери, аз күндө ачыкка чыгат. Айтайын дегеним, кечээ чээнге кире качкан же бакиевдердин колтугуна жашынган "генералдардын" Убактылуу өкмөткө каршы пландалган үстөкө-босток маалымат чабуулдары качкын бакиевчилердин чырагына май тамызып, баш көтөргөнгө шыкакчы болуп бергенин жаап-жашырууга болбой калды. Эл бийлиги үчүн жаны күйгөн калайык-калктын, эркиндик үчүн тайманбаган гезиттердин адилеттүү, жүйөлүү сын-макалаларынан соң гана аталган "генералдардын" деми сууп, шагы бир аз сынгансыды. Булар бийликке жетпей калган жеке таарынычтарын мамлекеттик деңгээлге көтөрүп, КТРден чыгып кайра-кайра Убактылуу өкмөттү алсыз таризинде көрсөтпөгөндө, Жалал-Абаддагы кан төгүлгөн окуялар болбой калышы мүмкүн беле деген жаман ойго да алдырат экенсиң. Анткени, 7-апрелден кийин түштүктө бакиевдерди бирөө да колдобой, тескерисинче аларды кууп чыкканын элдин баары көргөн болчу. "Жоо кеткен соң…" дегендей, түштөн кийин чогула калганы түшүнүксүз ойлорду жаратпай койбоду.
Түштүктөгү канга жуурулган окуянын 1-сериясынын каармандары Ү.Сыдыков, И.Масалиев жана "Ак жолдун" 40 депутаты болгону элге дайын болду. Кайталап отуруунун кажети жоктур. 2-сериясынын күнөөкөрү - Кадыржан Батыров экендиги бадырайып калды. Ала допучан туугандардын баш көтөрүшүнө дагы жогорудагы "генералдар" дем бергенин айта кетпесек болбос. Бир ай иштей элек, баш-аягын жыйнай албай турган Утурумдук өкмөттү "мен" деген "генералдар" туш тараптан шыбап чыгышы, бийликке сугу түшкөн башка улуттагы амбициялуу лидерлердин ышкысын козутуп жибергенин окуялар көрсөттү. Өзүн Кыргызстанда жашаган өзбек улутунун жападан жалгыз лидери катары сезген К.Батыров өз адамдарын Жалал-Абад облусундагы жетекчиликтерге эле коюп тим болбостон, бакиевдерди өзбектер кууп чыккан сыпатында кыргыздарды басынткан маектери менен элдин намысын ойготуп, каршы чыкканга аргасыз кылганын баары эле айтып жатат. Чындыгында мындай нерселерге ким эле намыстанбасын. Кыргыздардын жеңишин өзүнүн улутташтарына ыйгаргысы келген Кадыржан аканин кылыгына түшүнбөй турубуз. Эгер Өзбекстанда төңкөрүш биринчи болгондо, булар бизди такыр бастырмак эмес окшобойбу? "Эчкиңе карап ышкыр, мурдуңа ченеп бышкыр" деген эч ким жок. Кыргыз журту кан кусуп, кабыргасы кайышып, этек -жеңин жыялбай турган кезде эл башына келген жетекчилерди шылый түшкөн "генералдардын" духу алыскы Баткенди да чулгап жыгылды. Кыргызстанда жашаган тажиктер өз өкүлүн бийликке коюу аракетин көрүшүп, ортодо эки улуттун ортосунда жаңжал чыкканы интернет булактарынан жарык көрдү. Бактыга жараша кан төгүлбөй, өз убагында маселе чечилгени абийир болуптур.
Биз минтип жатканда, чекеси канабай чыга качкан бир тууган бакиевдер "Барбаросс" пландарын түзүп, ишке ашырууга өттү. Муну Максим менен Жаныштын телефондук сүйлөшүүсү ачып берди. Алар кан төгүү жолу аркылуу болсо да, бийликке келүү максатында турганын баары укту, көрдү. Эч нерсе болбогондой жыргап, бийликке кимди апкелүү масилети менен апрелдегиден да көп кан төгүлөрүн айтышып, күлүп отурушканы адамдын зээнин кейитет. Өкүнүчтүүсү, элдин эсебинен, калктын жон терисинен сыйрыган миллиондогон долларды кайра элдин кыргыны үчүн жумшаганы жатканы, алардын кыргыз үчүн кылы кыйшайбастыгын көрсөтүп турат. Жалал-Абаддагы тополоңго, кан төгүүлөргө бакиевдердин түздөн-түз тиешеси барлыгын ушул сүйлөшүү так далилдеп берди. Булардан кийин Курманбек Бакиев оозу-мурду кыйшайбастан "апрелдеги кан төгүүгө оппозиция күнөөлүү" деп айтып жатканы - курулай актануу болгону бардыгына белгилүү болду бейм.
Өлкөнүн тагдыры бычак мизине коюлуп, кылдын учунда турганы билинди. Кудай бетин ары кылсын, Түндүк-Түштүк же улуттар арасында от тутанса, аны токтотуу оңойго турбайт. Миңдеген мекендештерибизден, улутташтарыбыздан айрылышыбыз мүмкүн. Муну түшүнүп, билип туруп, Теңирден тескери иш кылган "генералдарды" түшүнбөй турубуз. Мамлекеттин келечегин, ынтымак-ыркыбызды ойлобой, бийлик үчүн борбордогу кыргыздардын кыжылдашып жатканын түшүнбөгөндөр таягын көтөрө чуркап, мансап үчүн кан төккөнгө чейин барып жатканын көрүп жатпайбызбы. Урматтуу агалар, кыйчалыш тагдырда бирге туруп, "бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарганыбыз" оң болоор. "Саясатта достук жок" дегенди жакшы далилдедиңер. Алдыда шайлоо турат. Эгер эл колдосо, бийликке келесиңер.
Ал эми Т.Сариев менен А.Бекназаровдун миллион доллар тууралуу телефондук сүйлөшүүсү калк ичинде күмөн ойлорду жаратып, Убактылуу өкмөттүн кадырына көлөкө түшүрүп койду десек аша чапкандык болбос. Аны жакшылап уккан адам, өкмөттүн билдирүүсүнө дал келбеген бир топ нерселерге күбө болот. Аны А.Атамбаев тастыктап жатат. Эгер өкмөттүн жашыруун иштерине жөнөтүлгөн болсо, Башкы прокуратураны тейлеген А.Бекназаров аралаштырылбай эле чечилет болчу. Экинчиден, Ү.Сыдыков менен И.Масалиевдин сүйлөшүүлөрүн тыңшоо мыйзамдуу да, булардын сүйлөшүүсүн тыңшоо эмне үчүн мыйзамсыз?- деген жүйөлүү суроолор калк арасында пайда болду. Чындап эле бул жерде кош стандарттуу саясат жүргөнү ачыкка чыккансып турат. Эгер ушундай кетсе, булардын Акаев жана Бакиевден айырмасы эмнеде... Эң жаманы - сүйлөшүүлөр чын чыкса, шейит кеткен балдардын арбагы эмне болот? Булар ант беришпеди беле?
Зулпукаар
САПАНОВ




КТР качан тазаланат?
Өлкөбүз демократиялык багытка карай кадам шилтеп, УТРК коомдук телеканалга айланды. "Калпты чындай айтса, чын чычалап чыга качат" деген макалды көкөлөтүп келген КТР учурда акыр-чикирден силкинүү алдында турат. Аны кылдат тазалоо - жетекчиге көз каранды экени талашсыз. Алардын ана башында кадр саясаты турат. Ушундай шарт түзүлгөнүнө карабастан, жаңы жетекчи жарытылуу өзгөртүүлөргө барбай жатканын калайык-калк күн-түндөп айтышууда. Анткени, баягы Бакиевдин арам саясатын элге адал деп келген "тележылдыздар" уялбай-этпей эле эл алдына чыкканы элдин итиркейин келтирүүдө. Мындайлар өздөрүнүн моралдык күнөөсүн сезгенге акылы жетпесе, калк арасындагы күбүр-шыбырды күчөтпөй, түйүнчөгүн түйүп берүү жетекчинин колунан келээр.

Мусаевдин "секретин" ачкан окурмандар
Гезитибиздин өткөн санында Билим берүү министри Абдылда Мусаев жөнүндө макала кеткен. Ал, Бакиевдин мезгилинде министр болгон Абдылда Мусаев агайыбыз кандайча Убактылуу бийликтин тизмесине илинип калды, мунун сыры эмнеде дегендей мааниде жазылган. Бул боюнча редакцияга телефон чалгандар, келип тоголок кат таштагандар оголе көп болду. Окурмандарыбыз министр мырзанын башка дагы "ишмердүүлүктөрүнөн" кабардар экен. Кантип доктор болгону, кайсы күйөө баласынын кандай жардамы тийгени, кызматкерлерге кылган мамилесинен бери саймедиреп беришти. Эң кызыгы, Бакиевдин бийлиги куласа да кебелбей, Убактылуу өкмөттүн тилин кантип тапкандыгынын сырын ачышты окурмандар. Аргасыздан экинчи макалабызды жазууга мажбур болот окшоп калдык. Кыскасы, кызыктын баары али алдыда.

"Алиби" пресс