Убактылуу Өкмөттүн кулагына күмүш сырга

Башкы гезитке "байкатпай" Бакиевдин кайнагасы келди
Бардыгыбыз кечээ эле, 13-майда ЭЛТР коомдук теле каналынан Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Азимбек Бекназаровдун "Өлкө коркунучта. Бакиевчилер контрреволюцияны баштап, 7-8-апрелде кырчындай болгон жигиттердин каны менен жеңип алган эркиндигибизди тартып алуу максатында түштүктө: Ош, Жалал-Абад, Баткенде мамлекеттик администрациялардын, мекемелердин имараттарын басып алуу аракеттерин башташты. Бардыгыбыз аттанып, өлкөбүздү Бакиевчилерден коргоп калалы!.." деген кайрылуусуна күбө болдук.

Ал эми кечинде Кыргызстандагы басылмалардын төл башы, көч башы болгон "Кыргыз Туусу" гезитинин башкы редакторлугуна журналист Бакыт Орунбековдун дайындалганын угуп, таң калдык. Ал мурда да 2005-жылдагы март революциясынан кийин дароо эле бул кызматка дайындалган болчу. Анда жакшы билгендер Б. Орунбеков Бакиевдин Тогуз-Торолук Турдалиева аттуу аялынын жакын агасы болгондуктан, ушул кызматка дайындалгандыгын дароо эле айтып чыгышкан. Анча көп өтпөй эле Өкмөттүк гезиттин бетинде өкмөт башчысынын өзүн негизсиз каралап жазгандыгы үчүн кызматтан четтетилген. Куловдун Өкмөтү бул кызматка белгилүү журналист, акын, юридика илимдеринин кандидаты, эмгек жолун мурда ушул гезитте кабарчылыктан баштаган Жедигер Саалаевди дайындаган. Ж.Саалаев "Кыргыз Туусун" бир беткейликтен арылтып, чыныгы элдик гезитке айландырган. Тилекке каршы Кулов өкмөт башчылыктан кеткен соң, Бакиевге Ж.Саалаевдин "географиясы" жакпай, аны эч себепсиз "башка кызматка өткөндүгүнө байланыштуу" деген алдамчы формулировка менен кызматтан бошотуп, ордуна "өз баласы", мурда КТРде К.Бакиевге жакшы кызмат өтөп берген Кыяс Молдокасымовду дайындаган.
Ошол "өз бала" 7-8-апрель окуялары учурунда, андан кийин да нака "өз жүзүн" жалпы элге жакшылап көргөздү го. Эл анын 7-апрелдин түнүндө биринчилерден болуп ЭлТРге жетип, Бакиевдин режимин жамандап сүйлөөгө үлгүргөнүнө бир таң калса, андан кийин ал жетектеген өкмөттүк "Кыргыз Туусу" гезити саясатын 180 градуска өзгөртүп, № 1 оппозициялык гезитке айланып кеткенине андан бетер таң калдык. Аны менен чектелбей, Кыяс мырза телеге чыгып, эфирден ар жолку сүйлөгөнүндө, өзгөчө улуттук 1-каналдан "Азаттыктын" "Ыңгайсыз суроолоруна" жооп берген учурда "Бакиевди мен тааныбайм. Аны менен эч кандай байланышым жок…" деп калың журтту дагы бир ирет таң калтырбадыбы! "Анда кантип "Кыргыз Туусуна" башкы редактор болуп барып калдыңыз?" деп сураган киши жок. Мына, Бакиевчилердин анык жүзү!
Эми Убактылуу өкмөттүн бир бакиевчини экинчи бакиевчи менен алмаштырып койгонун кандайча түшүнсөк болот? Биз муну менен бул өкмөт бакиевчилердин контрреволюциясына колдоо көрсөтүп, республикабыздагы "төртүнчү бийликтин" ана башын аларга курал катары "өз эрки" менен өткөрүп берип жатат деп түшүнсөк болобу? Эгерде Бакиевдин "Бакайчалы" Үсөн Сыдыковдун беткабы убагында сыйрылып калбаганда, анын "подполдук" тапшырмаларын бакиевчил Бакыт Орунбеков кыңк этпей аткарбайт деп ким кепил боло алат эле? Анын үстүнө учурунда Бакыт мырза кесиптештеринин арасында Ү. Сыдыковдун кеңешчиси катары таанылган жагдайлары да бар. "Үсөн ака" жалгыз эмес экенин Жалал-Абад окуяларынын уландысы көргөзбөдүбү! Азыр мына, Жалал-Абад, Сузакта коменданттык саат киргизилип, өзгөчө кырдаал өкүм сүрүп турат. Ушундай шартта улуттук туңгуч гезит бакиевчилердин колунда турса, эртең бүт өлкө өзгөчө кырдаалга туш болбойт деп айта алабызбы?
7-апрелде шейит кеткен кыраандардын кыркылыгында сүйлөп жатып, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Ө.Текебаев беткаптары сыйрылган Ү.Сыдыковдун, И.Масалиевдин мисалында мындай деди: "… мына, өзүбүз көрүп, ынангандай коркунуч арабызда, биз менен жылмайып, сүйлөшүп коюп олтурат…" Тилекке каршы бул сөздөрдүн чындыгын түштүктөгү кийинки окуялар, дагы бир ирет далилдеди. Башкасын кой, мына ушундай кырдаалда башкы гезитте Бакиевдин кайнагасы бакыйып, котур ташын койнуна каткан башкы коркунуч болуп олтурганын кандайча түшүнсөк болот?
Албетте, бардык адамдардай эле Убактылуу Өкмөт мүчөлөрү да жаңылат. Ошко иш сапары учурунда да, журналисттер, эл менен жолуккан учурларында да Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева өкмөттүн ушундай кемчилик-жаңылыштыктарын убагында эскертип, оңдоого көмөк көрсөтүп туруусун коомчулуктан улам суранууда. "Кыргыз Туусуна" Б.Орунбековдун келгенин анча жактырбаган кесиптештерине "мен Өкмөттүн декрети, Р.Отунбаеванын батасы менен келдим. Эч нерсе кыла албайсыңар…" деп эдирейиптир. Албетте, "Кыргыз Туусу" - бул кыргыз мамлекетинин, элинин туусу. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын арасында, басма сөз рыногунда "Кыргыз Туусунун" орду - ал кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик маалымат саясатын жүргүзүүгө милдеттүүлүгү менен айырмаланат. Андыктан, анын башкы редактору Өкмөт жетекчисинин буйругу менен дайындалары турган иш. Б.Орунбеков жөнүндөгү дек-рет - бул Убактылуу Өкмөттүн одоно жаңылыштыгы деп билгибиз келет. Р.Отунбаева айымды Б.Орунбеков жана ага окшогондордун артында турган "кой терисин жамынган" күчтөр өтө куулук менен адашууга алып барса керек. Анткени, Б.Орунбековдун ким экенин билсе Убактылуу Өкмөт аны колдорунан албетте, шегибиз бар. Орунбековго окшогон редактор мамлекеттик гезитти кайра мамлекеттин өзүнө каршы пайдаланбайт деп, ким кепилдик берет? Анткени, ал мындай өнөрүн мурда бир ирет көргөзбөдү беле!
Биз, эгерде Убактылуу Өкмөт "Кыргыз Туусуна" ошончолук эле мурдагы редакторлорунун бирин кайра алып келгиси келсе, бул өтө жооптуу ишти коомчулукка калыс, таза, адилеттүү, кесипкөй журналист, таанымал акын, юрист катары кеңири белгилүү Жедигер Саалаевге тапшырса туура болмок деп эсептейбиз. Анткени ал бул оомал-төкмөл заманда улам бир жээкке өтө качып, айрымдарчылап, "саясий сойкулук" кылган жок. Андагы "башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу" кызмат беребиз деген Бакиевчилерден небак түңүлүп, ал бүгүн эл көргөндү көрөрбүз деп, бир калыпта өз кызматын эл алдында аркалап жүргөн көп жупуну, мээнеткеч жигиттердин бири. Андыктан калыстык, адилеттик азыр да орногон жок деп ачык айтсак болот.
7-апрелде кырчындай жигиттерибиз, Бакиевчилер кайра бийликке келиши үчүн канын төккөн эмес да! Адилеттүү бийлик, калыстык үчүн жан аябай күрөшүп, акыр-аягына чейин турууга шейит кеткен эрлердин арбагы алдында Кыргызстандын ар бир жараны милдеттүү!

Ж Абдраева,
Бишкек шаары




Консоттун жоюлушу - учурдун талабы
7-апрелден кийинки кырдаалга жалпысынан көз салсак, жер-жерлерде калктын калың катмарынын активдүүлүгү жанданып калгансыйт. Бул - элибиздин канына сиңип калган кайдыгерликтен арылуунун белгиси. Теле-радио берүүлөрдү угуп отурсаң, жөнөкөй адамдардын үнү чыга баштады. Кулатылган режимдин каршылык көрсөтүүсүнөн, жер басып алуу аракеттери жана башка баш аламандыктардын шартында Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү талкууга алып чыгуу, учурдун туура талабы болду. Эми ушул талкууга жарандардын калың катмары активдүү катышса, натыйжа дагы ойдогудай болору шексиз. Баш мыйзамдагы өзгөртүүлөргө карай менин жекече оюм төмөндөгүчө: жүздөгөн кырчындай жаш өмүрлөрдү алып кеткен кайгылуу окуялар элибиздин тарыхында, эстен кетпей турган кара так болуп калды.
Мунун эң башкы себеби, эгемендиктин жылдарындагы диктатордук үй-бүлөлүк башкаруу болбодубу.
Албетте, өлкөдөгү президенттик башкаруунун алгачкы тажрыйбасындагы А.Акаевдин жөнү башка эле. Аны өтө жумшак, илимпоз адам катары үй-бүлөсүн, өзгөчө аялын бийликтен алыстатуу мүмкүнчүлүгү чектелүү болучу.
Ал эми, экинчи президентке эмне болду? Мурдагы президенттин башкаруусунан сабак албады. Тескерисинче "туура бийде тууган жок, тууганчыл бийде ыйман жок" деген принциптен тайбай, берген убадасын аткарбагандыгы мындай турсун, үй-бүлөлүк башкаруу режимин күчөттү. Демократия жөнүндө айтымыш болуп, ага ар дайым сокку уруп келди. Реформадагы ишке кирбеген, көпчүлүк учурда куру убадалары менен элди алдады.
Тарифтерди жогорулатып, мамлекеттик маанилүү жайларды арзыбаган баага сатты.
Анысы аз келгенсип, ар түрдүү кептер эл оозунда айтылып калса да, баласы Максимге инвестициялык каражаттын бардыгын кармата салды.
Дал ушулардын натыйжасында элдин калың катмарында нааразычылык өсүп чыкты да, бара-бара кыжырланууга айланды. 7-апрелге белгиленген, митингдерди уюштурган оппозиция лидерлерин камоо, тутана албай турган отко май куйгандай эле болуп, канкор бийлик өзүнүн жүзүн биротоло көрсөттү.
Мына ушундай бийликтерге күбө болуп келген элдин, көкөйүнө көк талкандай тийген президенттик башкарууну чектөө, Баш мыйзамга карата өзгөрүүлөрдүн эң башкысы болууга тийиш. Ошондой эле, долбоордо белгиленген шайлоолордо басымдуу добушка ээ болгон, партиянын өкмөттөгү үлүшүнө чек коюу дагы колдоого ала турган жагдай.
Мурдатан бийликтерге кол бала болуп келген Конституциялык Соттун жоюлушу учурдун талабы. Ошону менен бирге, башкаруунун парламенттик жолун тандоо менен Жогорку Кеңештин колуна эбегейсиз бийлик топтолору да шексиз.
Мындай болгондон кийин, таза шайлоолор аркылуу татыктуулардын татыктуусун тандоо зарыл. Ошондой эле, Жогорку Кеңештин ишине дагы элдик көзөмөлдү камсыз кылып, ага жалпы элдик баа берүү максатында, жок дегенде бир жолу курултай чакырууну сунуш кылат элем.

Бейшебай МУРАТОВ,
Бажы кызматынын ардагери