Өлгөндүн үстүнө көмгөн…

Тоолуктарды тоо басканы калды!
Быйылкы кыштын каарын, Ош облусунун Кара-Кулжа районуна караштуу Алайкуу өрөөнүндөгү 15 миң чамалуу калк демейдегиден катуу тартты. Шарты катаал, бийик тоолуу деп эсептелген аталган аймакка, быйыл жалпы жонунан 3,5 -4 метр кар жааган. Натыйжада, капчыгай өрдөп кеткен жападан-жалгыз автожол кар көчкүнүн айынан айлап жабылып калган. Жол ачыла калганда аймактагы абалды өз көзүм менен көрүп, жон терим менен сезип келген элем. Кар өзгөчө, миң чамалуу түтүн жашаган Ой-Тал айылдык округун тумчуктуруптур. Улуу кардын туткунунан, мына-ана кутулабыз деп турган ойталдыктарды, дагы бир чоң кырсык басты.

3-майда айылдын жогору жагынан жер жарылып, ал алгачкы күндөрү күнүнө 100, акырындап 50, 20 метрден жылып отуруп, айылдын чок ортосундагы 148 үйдү басып, 200 чамал үй-бүлө турак-жайсыз калуу коркунучу туулду. Буга күбө болуп келген ойталдык Дайырбек Орунбеков: " - Мындай эбегейсиз жер көчкүнү ушул убакка чейин көргөн эмесмин. Кудум тоо жылгандай элес калтырат экен. Быйылкы улуу кардын суусу кошул-ташыл болуп, жер эзилип, жылып атыптыр", - деди таң калганын жашырбай.
Ал эми аталган айылдык округдун төрагасы Маметкасым Анаркулов мындай дейт: "Жер көчкүнүн узундугу 2,5 км, туурасы 500-600 метр, ал эми бийиктиги 10-50 метрге жетет. Калктуу пунктка 209 метр калды. Жер жарылган 3-майдан бери 200 метрден ашуун жылыптыр. ӨКМнын(МЧС) адистери келип көрүшүп, "коркунучу аз" деген жыйынтык чыгарышкан. Антсе да эл баары бир кооптонуп, коркунучсуз жайларга көчүп кетишти. Эки күндөн бери жылбай токтоп калганын байкадык. Бирок, жамгыр тынымсыз жаап жатат. Демек, коркунуч чоң десе болот".
Ойталдык Дайырбектин айтымында, айылдыктар колго илинген гана жеңил оокаттарын алып, коркунучсуз аймактардагы айылдаштарынын үйлөрүндө күн көрүшүүдө.
Ошондой эле, ал "Эң жаманы, көчкүнүн жолу былкылдаган кара саз, андан соң чукул эңкейиш. Көчкү сазды, сууну сүрүп, ошол эңкейишке жетсе атып кетип, айылдын чейрек бөлүгүн күм-жам кылышы мүмкүн. Албетте, анын бетин ары кылсын", - дейт үшкүрө.
Ой-Талга кыш ноябрь айынын башында эле түшөт. Бул - айылдыктардын мал-жаны талаага чыгалбай, колдон жем-чөп жеп калат деген сөз. Азын-оолак малынан негизги кирешесин таап, эптеп жанын багып жаткан тоолуктардын келечек турмушу кандай болоору, ата-бабасынан калган коломтосун таштап, кайда барып баш калкалаары азырынча бүдөмүк.
"Бир топ чабынды, айдоо, жайыт аянттарында да жер көчкүлөрү жүрүп, мал киндиктүү ойталдыктар 40-50% чөп чабынды аянттарынан кол жуушту. Айылдыктарда, бул көйгөйлөрдү жаңы бийлик чечип берет деген үмүтү зор", - деп кошумчалады Д.Орунбеков.
Албетте, учурда мамбийликтин жогорку эшелонуна жаңы гана көчүк баскан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү өлкөдө стабилдүүлүктү орнотуу менен алек. Ошентсе да, аталган аймакты беш колдой билген, Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков менен Өзгөчө кырдаалдар министринин милдетин аткаруучу, алайкуулук Дүйшөн Чотонов түндүгүнөн айрылганы турган тоолуктарга тез арада көңүл буруп, маселесин чечип берет деп үмүттөнүп туралы.

Мухаммед-Али Токтакунов
Сүрөттөрү
Дайырбек Орунбековдуку




Сагындырдың, балалыктын бал доору...
Мына ошентип, он жылдын жазын дагы бир ирет кечирип отурабыз. "Убакыт учкан куш" десе, этибар албачу элек. Улуу муун делген айылыбыздын айрым азаматтары "ушул кез силердин болуп-толуп турган кезиңер" десе, баштарынан балалыгы сыйрылып түшүп калгансып, кейип жаткандай сезилчү эмес беле. Көрсө, жебе желип, күн кирип, кайра таң атып заматта өтүп жаткан жашоонун жашыл айылындагы күндөрүңө ич ачышып жаткан турбайбы. Биз дагы жашпыз, ошентсе да баягы болуп-толуп, оюн десе - оюн, күлкү десе - күлкүгө тойбой, айылдын ар бир кечин чогуу өткөрүп, ар нерсенин башын сүйлөшүп, чер жазышуудан оолактап, ар бирибиз өз багытыбыз, жашообуз, ишибиз менен болуп калганыбыз, ал кездегидей жолугушууга жолтоо болгонунан ушинтип сөз баштап жатпаймынбы. Өткөн кезди эстөө, аны көз алдыга чуурутуп кыялдануу кандай жакшы, албетте, аны эстөөгө, татыктуу болсо... Мен ошондой күндөрдү азыр эстеп, эскерүүгө аргасызмын. Анткени, быйыл мектеп партасынан алыстап, уядан учканыбызга туура он жыл болуптур. Адам баласынын өмүрүндө таттуу күнү - бул балалыгы болсо керек. Ооба, ошондой. Өзгөчө тизеге чейин шымды түрүп, көчөдө жайылып аккан сууну чалпылдата кечип бир өйдө, бир ылдый чуркаган кез... Азыр ойлосом, адам өмүрүндө бейиште бир жашап өтүп, анан бүтпөгөн түйшүккө моюн сунуп кеткендей эле болот экенсиң. Ошол балалык ар бирибиздин жүрөгүбүздө өчпөс болуп кала берди. Акылга зирек толбосок да, дос менен душмандын айрымасын, махабат сезиминин тамчылары жүрөккө тама баштаган окуучулук кез, өмүрдүн өтө таттуу күндөрү тура.
Айылыбыз өтө кичинекей. Болгону 65 гана түтүн. Бир тарабын мелжиген токой ээлеп, көк шибердей жайкалса, бир капталын көк мелжиген тоо курчап, ортосунда ийне сайган нокоттой болуп айыл турат . Бекеринен айылдын аты Чоң-Токой деп аталбаганына ошондо бир ынангам. Айылдын Умай энесиндей Кызыл чоку кыры мийизденип, эки ача чокусу көк тирейт. Мына ушул тоолордо, токойлордо балалыктын баео, таттуу күндөрү өттү. Албетте, жалгыз эмес, өзүм теңдүү досторум Алтынбек, Амантур, Тууганбек, Уларбек, Мирлан, Бектур, Тилек, Нурлан, Курманбек, Акылбек, Кубат ж.б. Дос деген сөз турмуштун туташ кыйынчылыктары тиш сала электе, бир кесим нанды жалгыз өзүңө ыраа көрбөй жүргөндө башталат тура. Мектепте канча бала окуса, ошонубуз ушул кезге чейин уланып, ырыскысын тең бөлүшкөн дос-курдашпыз. Өзгөчө окуучулук кез, эгерим эстен кеткис болду го. Мектепте "Тапандар" деген атка конгонубуз да бекеринен эместир. Тилибиз буудай кууруйт. Ар бир сабак талаш-тартыш, өзүнчө эле дискуссия. Мунун да чоң жакшылыгы болду, студент кездерде сүйлөй келгенде сүйрөлүп сөзгө сөлтүк болгонубуз жок. Дайыма тыкылдап тураар элек.11 жыл ошондой тапандык, тентектик кыялдарыбызды кыл чачы кыйшайбай раматылыгы болгон Райма эжекебиз көтөрүп, канатына калкалап, мектептин уясынан учурду. Арабыздан ажал жулуп кеткенде сай-сөөгүбүз сыздап, бир буркурап алдык. Эжебиздин бизге жалооруган сөздөрү, энелик мээрими менен боор тартканы жүрөгүбүздө гана калып калды. Азыр эстесем, 7-класска чейин биздин арабызда чогуу окуп жүрүп, кийин узак оорудан көз жуумп кете берген тумарындай жалгыз кызы Рейна биздин арабызда жүргөндөй элестетип, ары карап ыйлап, бери карап күлүп сай сөөгү сыздай берчү тура... Биз кээде түшүнгөндөй, бала болсок да эжекебизди аяп, моюн толгогон кежирлигибизди токтотуп, анын мээримине жылый түшөөр элек. Азыр да сүйүктүү эжекебиз менен Рейна классташыбыз жүрөгүбүздө тирүү бойдон кала берди.
Өзгөчө, мектептин акыркы коңгуроосунда катар туруп "Кош бол, уям" деген ырды ырдаганыбызда Райма эжекемдин буркурап ыйлаганычы. Ошол учур мындан он жыл мурун болгонун азыр да көз алдымдан бир чуурутуп жатам. Эртең бир партада отурган бардык классташтар чогулуп, уядан учканыбыздын он жылдык күнүн белгилейбиз. Бирок, арабызда Райма эжебиз менен Рейна классташыбыздын болбогондугу дагы бир ирет көзүбүзгө жаш айлантып, жүрөк оорутуп турат. Неси болсо да, ал - жүрөктө.
Бирок, мени сүйүнткөн нерсе - аз күн өтүп, он жыл бирге окуган бардык классташтарыма жолугам. Отуруп сыр чечебиз, керемет кездерибизди эстешебиз, айтор, коюңузчу, жакшы күнүмдү күтүп, кубанычыман бир "борс" этип жарылганы турам! Анысынан да, атам менен энемдей болуп, качан барбайын биринчи болуп тосуп алган айылыма болгон мендеги кусалыкты сөз менен айтып бере албайм. Кыскасы, көкүрөккө толгон сагыныч, көөдөн жарылчудай кусалык менен кичи мекеним Таласыма баратам...
Күнболот Момоконов