АНТТЫН КУСУРУ же АТАМБАЕВдин көз жашы
Конституциянын жаңы долбоорун талкуулоо учурунда, Конституциялык Кеңешменин мүчөлөрү президенттин ант берүүсү туурасында да түркүн пикирлерди ортого салышты. Ал турмак, анын киришүүсүндө ("преамбула" деп тилди сындырбай эле коюшпайбы) Кудай туурасында, дин туурасында сөздөрдү киргизүү-киргизбөө боюнча кызыл чеке болгонго чейин жетишти. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө президенттер ант берүүдө ар кандай формалар колдонулаары, ал формалар ошол элдердин, улуттардын улуттук өзгөчөлүктөрүнөн келип чыгаары, бул Конституциянын мазмунуна эч кандай шек келтирбей тургандыгы жөнүндө мисалдар менен талашып-тартышышты. Болочок президентибиз эл алдында кандай ант берери туурасында эми Конституцияны талкуулоодо эл чечээр.Ага чейин антташуу, антты бузуу туурасында оюбузду ортого сала туралы.

Байыртан эле кыргыз эли антты ыйык тутуп, андан коркуп келген. Зарыл кезде гана ант берип, касам ичишкен. Арийне, ант жөнүндөгү түшүнүк дүйнөдө жашап жаткан элдердин бардыгында эле болсо керек.
Бул икаяда ант тууралуу мындайча айтылат. Байманасы ашкан бай соодагердин баласы өзүнө татыктуу жар издемекке кеме менен сапарга чыгат. Деңизде катуу толкун болуп, кеме кыйрап чөгүп кетет. Жан далбас кылып, кеменин калкып калган жыгачтарына жабышып, беш-алты адам тирүү калып, аралга чыгышат. Убакыт өтүп, курсактары ачат. Нары издешип, бери издешип, жегенге эч нерсе таппагандан кийин чогулуп акылдашышат."Келгиле,-дейт бири-Кудайга ант берели. Ошол антыбызды аткарсак, Кудай бизди ачкадан өлүүбүздөн сактап калаар".
Ошентип алар "эч качан пилдин этин жебейбиз" деп ант беришет да, кайрадан тамак издөө үчүн туш-тушка тарап кетишет.Кечинде кайрадан чогулушса, бирөөсү пилдин баласын кармап алган болушат."Жок,биз пилдин этин жебегенге ант бербедик беле. Антты бузбайлы"-дейт алиги колукту издеп чыккан жигит. "Баары бир ачкадан өлөбүз, андан көрө муну жеп алып тирүү калалы" дешип, башкалары болбой пилдин баласын союп, бышырып, тоюп алышат. Анттан корккон жигит гана жебейт. Бир мезгилде токойдон жинденип, каарданган эне-пил чыгат да, адамдардын улам бирин тумшугуна ороп жыттап, баласынын жыты жыттангандарын буту менен жанчып өлтүрө берет. Аны көрүп жүрөгү түшкөн алиги жигит эс-учун жоготуп коёт. Эсине келсе, бир сарайда сулуу кыз багып олтурат.
Ошентип, антына турган жигит максатына жетип, антына турбагандарды ант уруп, ажал табышкан экен.


Икая икая менен. Бирок, турмушта деле ушундай экенин, антына турбагандарды кандай тагдыр күтөөрүн көрүп-билип калбадыкпы. 17-майда Убактылуу өкмөттүн курамы эл алдында ант берип, айрымдары жашып да кетишти. Көз жаш бул-тазаруу, жан дүйнөнүн тазаруусу. Акыркы мезгилде (өзгөчө президенттик шайлоодон кийин) элди иренжитип алган Атамбаевдин бүгүнкү күнү жасап жаткан жакшы иштерин сокур эле көрбөй калбаса, буйруса чети көрүнө баштады. Деги эле бүгүнкү Убактылуу өкмөттүн ар бирине ушундай тазарууну каалар элек. Өзүбүз да бир ууч кишини карап олтура бербей, ар бирибиз колубуздан келген жардамыбызды көрсөтүп, атуулдук милдетибизди аткаралы. Ар бирибиз өзүбүзгө өзүбүз ант берип, жүрөгүбүздү тазалап,пейилибизди агартып, анан ошол анттын кусурунан коркуп жашасак, кыргыз эли өнүгүп-өсүп,гүлдөсө деген тилегибизге жетерибиз турган иш.

АК БАЙЫР.




  Укугуңду уттурба!

Турсунбек АКУН, Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысы:
"Ноокаттыктардын убалына Мадумаров калды"
Кыргыз тарыхында эң бир кара тактардан болуп калчу окуялардын бири - Ноокат окуясы. Убактылуу өкмөт өзүнүн декрети менен саясий чечим кабыл алып, камалгандардын баарын амнистия менен абактан бошотушту. Бул жерде, Роза Отунбаева баштаган Убактылуу өкмөттүн чечимине ыраазы болушубуз керек. Бошонуп чыккандар менен Роза Отунбаева телефон аркылуу байланышканда, алар ыйлашып баталарын беришкен жана сүйүнүчтөрүн айтып, ыраазы болушкан. Ноокат окуясын иликтөөгө жана андагы бейкүнөө адамдардын акталышы үчүн жан үрөп, башынан аягына чейин аралашкан Акыйкатчы Турсунбек Акунду кепке тарттык.


- Ноокат окуясы боюнча камалгандар азаттыкка чыгышты. Алар толугу менен акталдыбы?
- Бул саясий чечим. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева чоң саясий эркин көргөздү. Ошондой эле, сот тармагын жетектеп жаткан Азимбек Бекназаров да ноокаттыктардын азаттыка чыгышына аябагандай жардамдашты. Башкача айтканда, бул Убактылуу өкмөттүн чоң жеңиши болду. Эгер соттун чечими менен бошонушканда, анда кээ бирлери бейбаштык кылуу беренелери боюнча камалып калышы мүмкүн эле. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү атайын декрет кабыл алып, саясий эрктерин көргөздү.
- Деги эле бул Ноокат окуясынын чыгышынын себеби эмне болгон?
- Бул балдар, кыздарыбыз 2008-жылы айт намазын окуйбуз деп Ноокат районунун борборуна барышканда, атайын укук коргоо органдары тарабынан уюштурулган окуяга билип-билбей эле аралашып кетишкен. Чынында, эл жыл сайын райондун борборуна айт намазын окуп жүрүшкөн экен. 2008-жылы Курбан айтты да адаттагыдай эле, райондун борборуна окуйлу - деп суранса уруксат беришпей, ат майданга барып окугула дешкен. Анан айт күнү эл ат майданга барса, ал жерди милиция менен тороп, киргизбей коюшат. Ал жакка киргизбеген соң, эл намаз окуйлу - деп кайра акимчиликтин алдына келишет. Бирок, ал жерге да укук коргоо органдары намаз окууга уруксат берген эмес. Себебин сурап, талашып-тартышып турганда эле милициялар элди четинен сабап кирет. Көпчүлүк ары-бери качат. Анан, ошол жерде контора салабыз деген эки машина таш турган экен. Эл анан, ошол таштар менен акимчиликти ургулашат. Бир сөз менен айтканда бул бийликтин атайын уюштурган провокациясы болгон.
- А бийлик эмне себептен уюштурду болду экен?
- Алардын максаты элди коркутуп, камап, жүрөгүнүн үшүн алып коюу болгон.
-Ушул окуяда ошол кездеги Коопсуздук кеңешинин катчысы Адахан Мадумаровдун ысымы аталып жүрбөдүбү? Ал кишинин кандай байланышы бар?
- Адахан Мадумаров Ноокатка барып, сотко түндөп сот отурумун өткөрөсүң деп көрсөтмө берген экен. Анткени, эртең менен барып президентке отчет бермек болгон. Ошентип, түнкү саат бирде сот өткөн. Натыйжада, сот 32 жаранды оор беренелер менен соттоп жиберген. Мисалы, 18 жаштагы баланы 19 жылга кескен.
Отуз эки адам камакта жаткан учурда, токсон беш бала тирүүлөй жетим болуп жашашты.
Ноокаттыктардын убалына калган, алардын аянычтуу тагдырында негизги ролду Мадумаров ойногон. Мен аны жамандайын деген жокмун, бирок, бир жарым жыл камакта жатып чыккандар аны каргап жатышат.
- Укук коргоочулар Ноокат окуясы боюнча Бакиевдин мезгилинде деле аракеттенишип атышты эле...
- Бул боюнча "Мемориал" укук коргоо уюмунун жетекчиси Виталий Пономарев Москвадан келип, Ноокатка чейин барып, изилдөө жүргүзгөн. Ошондон кийин бул дүйнөлүк коомчулукка белгилүү болгон. Кийин аны Кыргызстанга киргизбей, чек арадан көткөрбөй коюшпадыбы. Акыйкатчынын аппаратынын алдында Азиза Абдрасулованын жетекчилигиндеги укук коргоочулардан, эл аралык уюмдардан турган салмактуу комиссия түзгөн элек. Ал комиссия Ноокатка барып, жарым айга жакын изилдөө жүргүзүштү. Адам укугу тебеленген фактылар абдан көп болгон экен. Аялдардын чачын эки ирет устара менен алган. Ошол кезде ал эки аял кош бойлуу болгон. Боюнан түшүрүш үчүн 4-5 сааттан тургузуп коюп, кыйнашкан. Ошентип, бирөөсүнүн боюнан атайын түшүрүшкөн. Мунун баарын айтсак, Бакиевдин бийлиги биз менен макул болбой, кайра тескери кабыл алып келди. Бакиев чакырып алып "бул ишке аралашып эмне кыласың" деп бир нече жолу айткан. Ошондой эле, ал кездеги мамлекеттик катчы Нур уулу Досбол "сен мамлекеттик кызматчысың, Азиза, Төлөйкандарга эмнеге кошуласың" деп опузалаган учурлары болгон.
Ошол эки аялдын тагдыры эмне болуптур?
Ал эки аялдын бирөөсү түрмөдөн төрөптүр. Кызы бир жаштан ашып калыптыр. Бошонуп чыкканда колубузга алып, бетинен сүйдүк. Абалдары жакшы, айылдарына кетишти.
- Ал эми ноокаттыктардын камалышына себепкер болгон адамдарга кандай чаралар көрүлөт?
- Ноокаттыктар бул иш боюнча тосмо арыз менен кайрылышат, жакында. Муну менен эле бүтүп калбайт. Күнөөлүүлөрдүн баары жазаланат, биз аны көзөмөлдөйбүз.
Маектешкен
Заирбек БАКТЫБАЕВ