Жалал-Абад тынчый элек
Жалал-Абад шаарында кайрадан ок жаңырып, Саламаттыкты сактоо министрлиги 71 бир адам ооруканага кайрылганын билдирди. Алардын сегизи облустук ооруканага, экөө Сузактын аймактык ооруканасына жаткырылган. Ичине ок тийген, 2005-жылы туулган 5 жашар кыз дагы бар. Эки адам каза болгону айтылууда. Бул окуянын тутанышына өзбек улутундагы К.Батыров себепчи экендиги белгилүү боло баштады. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, Батыров мырза 7-апрелден кийин эле "өтүгүн төргө илиптир". Жалал-Абад облусунун губернаторунун орун басарлыгына Акмат Бакиевдин досу Т.Гиязов дегенди, шаар мэринин орун басарлыгына А.Ахмедовду бекитип кетиптир. Ага мындай укукту ким берди?-дегендердин суроосу түшүүдө. Ал эми Акыйкатчы Т.Акундун КТРден айтканына караганда, "Телтору" ат майданында беш миңге чукул кыргыз жыйналып, улут арасына от жаккан К.Батыровду жоопкерчиликке тартуу талабы менен "Элдердин Достугу" университетине келишкен. Тилекке каршы, университеттин ичинен атылган октон жыйналган эл жапа чекти. Ошол эле учурда, Убактылуу өкмөт Жалал-Абад шаары менен Сузак районуна 2010-жылдын 1-июнуна чейин өзгөчө абал киргизүү (коменданттык саат) тууралуу Декрет кабыл алды.


Эл башчысы эмес, суу башчысы жеңди
Талас облусундагы Киров суу сактагычынын түйүнү бузулгандыгына байланыштуу, оңдоп-түзөтүү иштеринен улам, убактылуу жабылганын облус жетекчиси жар салган күндүн эртеси, Казакстандын Тышкы иштер министрлиги чек араларды ачуу боюнча билдирүү таратты. Билдирүүдө Кыргызстандагы кырдаал толук калыбына келе электиги, бирок, бул өлкөнүн социалдык-экономикалык оор абалын, жарандардын кайрылууларын эске алып, казак президенти Нурсултан Назарбаев 20-майдан тарта чек араны ачууга көрсөтмө бергени айтылат. Айрым маалымат каражаттары Казакстанга Кыргызстандан мурдагы күнү кечтен баштап, суу келбей калганын жазып чыгышты. "Эсиң барда этегиңди жап" деген мына ушундай болот.


Роза Отунбаева президент болобу?
Убактылуу өкмөт "Өткөөл мезгилдин президенти" жөнүндөгү Декретине ылайык, жаңы Конституциянын негизинде жаңы президент шайланганга чейин Кыргызстанда өткөөл мезгилдин президенти кызматы киргизилип, өткөөл мезгилде Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаевага президенттин ыйгарым укуктары берилет. Өткөөл мезгилдин президентинин кызмат мөөнөтү 2011-жылдын 31-декабрына чейин болот. Декреттин жоболору боюнча өткөөл мезгилдин президенти эч бир партиянын катарында болбойт, 2011-жылы президенттик шайлоого катышпайт, эч бир саясий күчкө жан тартпайт, калыс жана бейтарап позициядан туруп, парламенттик жана президенттик шайлоонун таза өтүшүн камсыз кылууга милдеттүү. 27-июндагы референдумда эл колдоп берсе, өткөөл мезгилдеги президентти легитимдүү деп эл аралык деңгээлде тааныганга негиз болуп бермекчи.


Аскар актанууга өттү
Айтылуу Аскар Салымбеков агабыз "Апта" гезитине маек куруп, "Ак жол" партиясына сырттан эле депутат кылып койгонун, оюн айталбай кыйналып жүргөнүн, жалгыз эле кыйналган эместигин, Кудай жалгап, 7-апрель аларга боштондук апкелгенин билдириптир. Ой, Аскар мырза, Кудайды оозангандан кийин түз сүйлөсөңүз боло. "Ак жолго" кирүү үчүн бутуңуз үзүлгөнчө чуркаганыңыз эч кимге деле жашыруун болбой калбадыбы. Момпоюп отуруп, Бакиевдердин каалаганын аткарып келгениңизди кайда катабыз. Баш тартканга жарабаганыңыз эле, кандай адам экендигиңизди айтып турбайбы. Бул жагынан сизге караганда "Шоронун" чоңу Т.Эгембердиевдин орду чоң экени көрүнүп калды.


"Ак жолдон" безишүүдө
Бир кезде "Ак жолго" кире албай убара тартышкандар, эми андан чыгуунун айласын таппай калышты. 7-апрелден кийин кирээр жерине кирип кеткен акжолчулар президентке импичмент жарыялайбыз дешип, элге жагынып көрдү эле, андан жыйынтык чыккан жок. Атасынан айрылып, айласы алты болгондор И.Масалиевди спикер кылып, баш көтөрө баштады эле, Үсөн Сыдыков биротоло ташталканын чыгарып салды. Анын жыйынтыгында, "Ак жолдун" депутаттары бириндеп, ар бири өзүнчө башын катууга аракеттенишүүдө. Чыга качкандардын саны жетиге жетти. Алар: Автандил Арабаев, Шарипа Садыбакасова, Борис Сан, Аскар Салымбеков, Алишер Мамасалиев, Динара Молдошева, Турдукан Жумабекова.


Ибрагим Жунусов таластык экен
Кошоматтын коюн өкүртө союп, түштүктүн камчысын катыра чаап келген "Ак жолдун" солдаты, мурдагы маданиятчы Ибрагим Жунусов, ММКлардын биринен Бакиев мезгилинен бери катып жүргөн сырын шардана кылып, таластык экенин ачыкка чыгарды. И.Жунусов мунусу менен Манас атанын урпактарына жагымпоздук кыламын деген окшойт. Тилекке каршы, Эламандын атасынын бул билдирүүсү тескери жыйынтык берип, каражолго айланган "Ак жол" партиясынын ичинде, бир дагы таластык депутат болбогону менен сыймыктанып келаткан таластыктардын жинин кайнатты.