Нурбүбү БӨДӨШОВА
100 - маршрут
Оу, андан бери канчалаган айлар, жылдар аламандап өтүп кетпедиби. А бирок, адамдагы эс тутум акыл-эсин жоготмоюнча кала берет окшобойбу. Өзгөчө, сезимиңе батып калган күндөр дал ошол бойдон кино лентасындай болуп көз алдыңан өтө берет...өтө берет...

Дүрүянын да сезимине ай тамгасындай батып калган бир нерсе бар. Ал - 100-маршрутта каттаган маршрутка. Ал убакта го башка эле, азыр эми 100 деген санды бир жерден окуганда эле дене бою "дүрр" этип, өз башынан өткөргөн жакшы да, жаман күндөрү эсине кылт дей түшөт.
ХХХ
... Анда, жаз жакындап, аяздын күчү кайтып бараткан кез болучу. Күндүн көзү көрүнгөнүнө шүгүрчүлүк кылган адамдар "мына, жаз да келип калды..." дегендей бир оор түйшүктөн кутулгансып кере-кере дем алып башташкан. Анүстүнө, бүгүнкү күн өтө түйшүктүү болду. Дүрүя иштеген бөлүмгө оорулуулар улам биринин артынан бири келип эле тыным албай чуркашып, аябай чарчашты. Ага болобу, бир жагынан милдетиң, экинчи жагынан табиятынан боорукер келин оорулуулар кыйналып жатканын эч карап тура албайт. Өзүнүн медсестралык милдетин аткарып жаны ооруп жаткандарга ийне саюу менен гана чектелбей, мүмкүнчүлүгү болушунча жардам берер эле.
Мына бүгүн, азыр эле жолдон авария болгондорду алып келишти. Айрыкча, жетимишке барып калган байбиченин абалы оор экен. Кабыргалары сынып, эс-учун жоготуп...Же, ага жардам берер киши жок. Онтоп жаткан кемпирге боору катуу ооруду. Айылдагы апасы эсине түштү. "Деги, аман-эсен жүрсөңөр экен" деп тилеп алды өзүнчө. Ошол кемпирди койкага жаткызып, ары-бери оодарыш да кыйын болду. Ал бөлүмдө иштеген санитарка кыз да чепейген кичине, арык неме болчу. Анын алы тиги эти оорлошуп калган кемпирге жалгыз жетмек эмес. Улам бир нерсе болсо эле "Дүрүя эже, Дүрүя эже" деп эле жетип келет...
Ошентип, кечке чарчап, жедеп бутун тарта албай араң чыккан жумуштан. Оорукананын босогосун аттап чыкканда гана өзүнүн түйшүгүн эстеди. Ага чейин өзү жөнүндө унутуп да коюптур. Деги, ошонусу да жакшы. Болбосо, башынан өткөрүп жаткан супсак күндөрү, көңүлсүз жашоосу анын жүрөгүн эзип таштамак эмдигиче.
- Эх, бир өмүр өтүп баратат, зыпылдап...ыр менен чырга аралашып...-деп күбүрөнүп алды. Саат онго ооп, күндүзү анча-мынча жылт дей түшкөн күнгө эриген кар азыр көк жылгаяк музга айланып баскан сайын тайгалантат кишини. Мунусу да кызык. Дүрүя жол четиндеги тротуар менен баратып, кээ-кезде муз тээп да коет. Эми, чоң асфальт жолдун ары жагына өтүү керек. Тээ Совет көчөсүнө чыкпаса, бул жакта ары-бери жүргөн автобус, троллейбустар көрүнбөйт. Аялдамга чыкты.
- Үйдө отургандыр, үңкүйүп... Деги кабагы ачылбайт. Бир дасторкондон тамак ичкендери болбосо, деги эле эрди-катындай эмес. Айрыкча, жакында айылга барып келгенден кийин ого бетер башкача болуп кеткен. Тамекинин дембе-дем чегип, кагынып-силкинет да турат. Башта ачууну оозуна алчу эмес эле, акыркы күнү аны да тата баштады. Ансыз деле чукчуңдаган мүнөзү бар эле, оозуна арак барган соң ого бетер каарданып чыгат...
Дүрүянын көз алдына Майрамбектин кечээги эле чакчайган көздөрү тартыла түштү.
- Эй, катын, а сен мынча кеч келесиң үйгө? Үй-жайы, эри бар аялдар сендей болбойт! Мына, мен ачка отурам. Ысык тамак ичпегениме канча болду?! -деп зиркилдеген.
- Азыр, азыр бир нерсе кууруй коеюн,- деп өтүгүн чечип, үстүндөгү пальтосун ыргыта салып, тамак жасап кирген. Майрамбек анысына деле болбоду.
- Эми качан бышмак эле сенин тамагың? Кечке кезээрип ачка жүрсөм. Же бул мугалимдигиңден чекем жылысачы. Дипломдуу болом деп беш жыл сандалып окуганымчы! Андан көрө, окубай эле базарда жүрсөм, мындан жакшы жашамак экем...Анан да, Кудай минтип мени сага кошуп койгонун айтпайсыңбы эй! Какчыйтып!!!
Ушул сөздү укканда Дүрүянын кулагы дүңгүрөп кетти. Оу-у, миң сандаган жылкыны анын дал төбөсүнөн айдап өтүп жаткандай эле дүпүрөп баратканын караң эй! Ушундай тагдырды Дүрүянын маңдайына жазып койгонун карабайсыңбы... Мына, Майрамбек экөөнүн баш кошконуна быйыл сегиз жылдын жүзү болду, а бирок ал экөө зарыгып күткөн күн али келе элек. Бир чүрпөнү бул экөөнүн койнуна сала элек Кудайым... Өзү медик болгондуктан канча ирет врачтарга көрүнүп, канча ирет дарыланбады дейсиз. Андан майнап чыкпай койгон соң, кемпир-кесекке барып, молдо-бүбүлөргө түштү. Алардан деле эч нерсе чыкпады. Бардыгы бир ооздон "Ой, баары жакшы, кудай буюрса, балканактай бала төрөп аласың" дешкен. Мына ошол айтылгандарды күтүп жүрөт...айлап-жылдап...
- Ой, эмне турасың, майың күйүп кетти го! -деп ачуу кыйкырды Майрамбек.
Селт эте түшкөн Дүрүянын мурдун каңырсыган түтүн өрдөп кетти. Шашкалактап, плитада турган кастрюлду алып жерге койду. Дагы, май төгүп албаганына шүгүр. Манжаларын күйгүзүп алды. Анысына кайыл, мобу Майрамбектен катуу сөз укпаса болду. Жүрөктү күйгүзүп, жүлүндү өрттөгөн сөздөрдү укпаса болду. Ошентип ичинен сыздап отуруп тамак жасагыча Майрамбеги курулдап уйкуга кеткен. Жасалган тамак ошол бойдон калды. Эрин да "тамак ич" деп ойготподу, өзү тамактан ооз тийип да койгон жок. Жатып алды. Эртең менен чай ичип алып кетип калган жумушка. Мына эми баратат. Дагы эмне күтүп турат болду экен?..
Дал мына ушундай ойлорду тегеретип тургуча, бир маршрут келип токтоду. Дүрүя колун деле көтөрүп токтоткон эмес. Маршрут токтогондо гана анын 100-экенин көрдү. Шашып-бушуп эшигин ачып маршруткага түштү.
- А сиз эмнеге токтоткон жоксуз? -деп таң кала сурады айдоочу. - Дайыма ушул жерден кол көтөрүп турчу элеңиз...ушул саатта... Азыр келатып караса да турасыз, бирок кол көөтөргөн жоксуз го. Эмне, башка жакка барат белеңиз?
- Жок, үйгө эле... мен ойлонуп эле тура бериптирмин го.
- Оу, анда сиз аябай ойчул турбайсызбы?!- деп жаркылдап күлүп жиберди айдоочу жигит. Маршрутканын ичинде беш-алты гана жүргүнчү бар экен. Дүрүя алдыңкы орундукка отуруп кайра ойго чөмүлө түштү.
ХХХ
... Майрамбекти анда кайдан таанысын. Окуусун бүтүп эле айылга келген. Көп өтпөй эле Дүрүянын үйүнө жуучулар келе баштады. Апасы Дүрүяга суроолуу карайт: Эми эмне кылабыз?- дегенсип. А Дүрүя алардын баарына кулак какпай, өзү менен өзү. Анын оюнда жакшылап иштеп, апасы менен атасынын кылган мээнетин актоо гана болчу. А бирок, кыздын жүрөгү акыры жүрүп бир жигитке байланды да калды. Ал - Майрамбек болучу.
Майрамбек да дал ушул жайда жогорку окуу жайын бүтүп келип мектепке орношкон мугалим болуп. Кантсе да, шаардан жаңы келген жигит айылдыктардан айырмаланып турчу. Маданияттуу, интеллигенттүү көрүнүп. Өзү кошуна айылдык. Дүрүя иштеген медпункт мектептин жанында болучу. Эртели-кеч ары-бери өткөндө бири-бирин көрүшүп, улам кийин салам айтып учурашып калышчу болду. Анан, айыл ичинде баары бири-бири менен тааныш болушат эмеспи, тез эле мурдагы тааныштардай болуп кетишти.
- Оо-гоо! Тим эле көпөлөктөй болуп калыпсың го...-деп бир күнү шилекейин чуурута суктанды Майрамбек.
- Чын элеби?! - деп шоктоно караган кыздын көзү менен жигиттин көзү чагылыша түштү. Дал ушул минута алардын тагдырындагы чечүүчү мүнөт болуп кала берди. Эки жаш бирине-бири тартылып, бири-бирин мүнөт санап көрүүгө зар боло берди. Акыры, жүрөк сырлар чечилип, экөө кол кармашты. Майрамбек кошуна айылга Дүрүяны ала качып кетти. "Алып качып кетти" деген эле аты болбосо, сүйлөшүп эле кетишти. Бул иш тез аранын ичинде эле чечилгендиктен, Дүрүяга көз салгандар ооздорун ачып "кап!" дешип эле отуруп калышты. Андан бери канча жылдар өтүп кетти зыпылдап...
...Маршрут токтогонун деле байкабай калыптыр Дүрүя.
- Сиз ушул жерден түшөсүз да!..- деген айдоочунун шаңкылдаган үнү Дүрүяны селт эттирди. Шашкалактап калды. Караса, чын эле анын үйүнө кетчү таман жол көрүндү машиненин жарыгынан.
- Ооба, ооба. Ырахмат! - деп айдоочуга ыраазы боло баш ийкей түшүп кетти.
- Жакшы эс алыңыз! -деген айдоочунун үнү артынан угулду. Башын ийкей ыраазы боло айдоочуну караган Дүрүя аны өзүнөн жаш, капкара чачы уюлгуган жигиттин жылмая карап отурганын көрүп күлүп жиберди. Айдоочу да каткыра күлүп "жакшы бар" дегендей колдорун булгалап койду.
(уландысы бар)