Күнбүгүн

"ЭҢ МЫКТЫ КОНСТИТУЦИЯ, ЭҢ МЫКТЫ МЫЙЗАМ ДА КЫРГЫЗСТАНДЫ ЖАКЫРЧЫЛЫКТАН ЧЫГАРА АЛБАЙТ"
Коомдук ишмер, генерал Мирослав Ниязовдун азыркы өкмөттө көрүнбөгөнү көптөгөн адамдарга суроо жаратууда. Анткени Мирослав мырзадай тажрыйбалуу инсандар өлкөдө абал курчуп турганда суудай керек болот эмеспи. Ошол себептүү Ниязов мырзага жолугуп, учурдагы кырдаал боюнча маек курдук.

- Мирослав агай, Сиз Убактылуу өкмөттүн жүргүзгөн саясатына эмне себептен каршы чыгып жатасыз? Ошондой эле Алмазбек Атамбаев сизди генерал катары тааныбай жатканынын себеби эмнеде деп ойлойсуз? Балким ортоңордо жекече таарынычтар болуп жүрбөсүн?
- Атамбаев менен менин эч кандай жекече таарынычым жок. Эсиңиздерде болсо, тээ башта эле Коомдук парламентте "парламенттик Республикага өтөбүз" деген ойлор чыккан. Ошондо мен Кыргызстан-парламенттик Республика болушуна каршы чыккам. "Биз даярбызбы парламенттик Республикага же даяр эмеспизби?" деп талкууга коюш керек десем "жок биз чечип койдук" дешти. Мына ошондо мен "силер чечип койсоңор өз жолуңар менен бара бергиле" деп кетип калгам. Коомдук парламенттин кабыл алган сунушуна кол да койбой, "силер элди туура эмес жол менен алып кетип жатасыңар" деп айткам. Мына ошондон улам биздин ортобузда мамлекеттик түзүлүш боюнча карама-каршылык пайда болду.
- Эмне себептен Сиз парламенттик башкарууга каршы болдуңуз?
- Мен парламенттик башкарууга түп тамырынан бери макул эмесмин. Анткени, бизде парламенттик республикага эч кандай даярдык жок. Бул жөн эле эмоция. Бүгүн менин айтаарым, бизде күчтүү президенттик республика болушу керек.
- Андай болгондо, кайтып эле мурдагы бийликтин кейпин кийип калбайбызбы?
- Мына азыр баш аламандык болуп жатат. Жоопкерчиликти мойнуна алган адам жок. Убактылуу бийликтин да күчү жетпей жатат. Булар бир гана кадрдык саясат менен иш алып барышууда. Мына, Жалал-Абадда эл атышып, өлүм да болду. Азыркы жол эң оор жол болуп, демократия эмес охлократия болуп калды. Мындай ыкма менен эч ким иш жүргүзө албайт. Азыр Конституцияга өзгөртүү киргизү тууралуу сөздү кое туруш керек эле. Убактылуу өкмөттүн чоң мүмкүнчүлүгү бар болчу. Жакшыбы-жаманбы парламент, Конституциялык сот бар болгондон кийин, парламент мыйзамдуу түрдө токтом чыгарып, аткаруу бийлигин дайындап, анан элден кечирим сурап кетишсе болмок эле.
- Бүгүнкү оор кырдаалдан чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Эң биринчи тартипти жана саясый стабилдүүлүктү киргизишибиз керек. Мыйзамдуу жолго чыгып, Конституциялык талаада иш алып барышыбыз керек. Мына ошондон кийин гана реформа жөнүндө сүйлөшсөк жарашат. Баш аламандык болуп жаткан учурда эч натыйжа чыкпайт. Тескерисинче, коомдо карама-каршылыктар болуп, кырдаал өтө курчуп кетет. Азыркы учурда Убактылуу бийлик логикага каршы жол басып жатат. Булар биринчи элди тынчытып, мыйзамдуу жолго түшүп, анан акырындык менен реформаны калыпка салып кетишсе болмок. Бүгүнкү реформа бул - кур сөз деп эсептейм. Бүгүнкү кырдаалда шайлоо да болушу мүмкүн эмес.
- Биз кандай болгондо парламенттик-партиялык системага өтө алабыз?
- Парламенттик башкарууну партиялар татыктуу орунга ээ болуп, терең тамырын жайганда гана киргизсе жарашат. Биз, демократияны - мыйзамсыздык деп, эркиндик дегенди - чексиз деп түшүнүп жатабыз. Эркиндиктин чегин билбей "демократия-демократия" деп жыйырма жылдан бери кыйкырып жүрүп мына ушуга жеттик. Учурдагы жаңы сунушталган Конституция боюнча бийликти парламент алат, президент алат, ортодо премьер министр "козел отпущения" дегендей болуп, жаманатты сөздөр башталат. Мына ошондо мамлекеттик жоопкерчиликти мойнуна алган бир да адам болбой калып жатпайбы. Профессионалдык парламентти түзүш үчүн мыкты мамлекеттик ишмерлер, терең ойлогон саясатчылар менен иш алып барыш керек. Партиялык парламент болсун дейли. Партиянын башында турган эки-үч гана адамдын жүзүн билип, алардын артында кимдер турганы бүдөмүк болуп жатпайбы. Анан кантип биз парламенттик-партиялык республиканы курабыз?
- Мирослав агай, жогоруда парламенттик-партиялык республика болуш үчүн партиялар татыктуу бир деңгээлде орун алып, түптөлүшү керек дедиңиз. Демек, бизде татыктуу партиялар жок деп эсептейсизби?
- Бизде партиялардын баары чийки, бышып жетилген эмес. Экинчиден, партияга ишене турган адамдар аз, 10-15% гана эл ишенет. Ортодо 80% калк бир дагы партияга ишеним артпайт. "Партияга кошулайын, колдоюн" деген адам жок болсо, анан кайдагы парламенттик республика болот? 10-15% гана элдин ишенимин алган партиялар келип, 10-15% гана элдин кызыкчылыгын коргойбу? Анда 80% эл кайда калат? Мен дагы бир жолу айтам, эл түп тамырынан бери парламенттик республикага даяр эмес. Мен бул идеяга таптакыр кошулбайм.
- Убактылуу өкмөт сизге кызмат сунуштады беле?
- Коргоо министрлигине, УККга кеңешчи бол дешти. "Эгерде менин кеңешимди угам десеңер, гезиттерди алып окугула. Кеңешимди ошол гезиттерге берип жатам" дедим. Кийин Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп бер дешти. Андай болгондо "кандай мүмкүнчүлүктөрдү бересиңер" десем "Сиз бизге коопсуздук боюнча рекомендация жазып берсеңиз" дейт. "Силерге кеңештер керек болсо, ал боюнча да гезиттерде жазылуу. Андан башка кеңеш бере албайм" дедим.
Учурда идеялар кагышып жатат. Тилекке каршы, булар идеядан тышкары, кемсинтүү жолу менен көңүл оорутуп, адамды жамандоо менен күрөшүп жатышат. Менин оюмча, саясаттык маданияты төмөн же таптакыр маданияты жок адамдар мына ушундай адамды каралоо, басмырлоо жолуна өтүшөт. Кыйкырык, өкүрүк, эмоция менен иш бүтпөйт. Анткени, мамлекеттик жумуш бул - оңой жумуш эмес. Эгемендүүлүктү алгандан бери биз- мамлекеттик түзүлүш, дегеле мамлекеттик деген түшүнүктү тескеринче өзүм билемдик катары түшүнүп жатабыз. Ким бийликке барса ошол "мен билет экенмин" деп каалаганын жасап жатат. Элди башкаруудан мурда адам биринчи өзүн-өзү башкарууну билиши керек. Мына Акаев, Бакиев балдарын, жоро-жолдошторун, туугандарын бийликке алып келишти. Бардык кызмат акчага сатылып калды. Ошентип профессионалдарды кысып-кысып жүрүп, анан таптакыр мамлекеттик кызматтын жалпы деңгээли ылдый түштү. Профессионалдык деңгээли жок, тажрыйбасыз адамдарды кызматтарга коюшкан. Негизи ар бир тармакты профессионалдар алып кетиши керек. Анткени, булардын намысы, көз карашы бар. Мамлекеттик кызматта иштеген адамдарга мамлекеттик мамиле болбой коммерциялык мамиле болуп жатат.
- Учурдагы кырдаалдан чыгуу үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Биринчи, убактылуу болсо да күчтүү президенттик бийлик керек. Мына ошол күчтүү президенттик бийлик Кыргызстанды ордуна келтириш керек. Эгерде биз дагы туура эмес бир-эки кадам эле бассак, анда Кыргызстандын келечеги бүдөмүк болуп калат. Ушул учурда биз акыл калчап, кылдаттык менен иш алып барышыбыз керек. Элди эки жаат кылып согуштурбай бириктирип, ынтымакка чакырышыбыз керек. Убактылуу бийликтин ишинде биримдиги болбогону оркоюп эле көрүнүп турат. Анан кантип алар бириге алат? Булардын элге эмес ар биринин өзүнчө бир кичинекей электораттарына таянышат. Элдин кызыкчылыгын коргобой, кичинекей-кичинекей топтордун кызыкчылыгын коргоп жатышат. Кадр маселесинде элди четке кагып, тигил партиядан, бул партиядан деп эле тытышмай башталды. Эң аз эл - кыргыздар. Ошол кымындай эл түндүк-түштүк, Солто, Сарбагыш, "Ата-Мекен", "Ак Шумкар" деп бөлүнүп, ал аз келгенсип, бардыгын саясатка айландырып жибердик. Ошондуктан партияларды коюп, "Кыргыз эл" деген идея менен чыгыш керек. Эмне себептен жүзгө жакын адам курман болуп, бир жарым миң адам жаракат болгондугун тарых акыры сурайт. Бул суроо дагы алдыда. Акыры бул суроого да жооп берчү мезгил келип, жок болуп кетпестен оркоюп чыгат.
- Мирослав агай, Сизди президенттикке ат салышууга даярданып жатат, артында бир түрткү берген күчтөр бар дешет?
- Мен президенттик шайлоого барам. Кыргыз эли, кыргыз жери өтө оор кырдаалда турганда мен кайдыгер болуп, карап турбайм. Президенттик шайлоого да, депутаттык шайлоого да барам. Сырттан байкап карап тургандан алысмын. Убактылуу бийлик көрсөтүп жаткан жол - эң коркунучтуу жол. Парламенттик республика болот деп альтернативдик эч нерсеси жок элди күчкө салып эле ээрчитип жатышат.
- Эмне себептен?
- Анткени, президенттик шайлоо болгондо эч кимиси утушка ээ болбосун билишет. Ошол себептүү биротоло бийликтин бүт бардыгын парламентке өткөрүп коебуз дагы, бияктан ишти жасай беребиз деп жатышат. Менин билишимде, булар кыргыз элине, кыргыз жерине коркунучтуу саясат жүргүзүп жатышат.
- Эгерде партиялык-парламенттик башкаруу системасы референдумдан өтүп кетсе, парламенттик шайлоого партияңыз менен барасызбы?
- Менимче бул референдумдун да өтүшү абдан оор болот. Өтпөй калышы да мүмкүн. 30% босого коюптур. Бул өзүнчө бир күлкү. Алар 50% болбосун өзүлөрү түшүнүп жатат. Ошол себептүү 30% босого коюшту. Өздөрү да ишенип ишенбей жаткандан кийин Конституциянын эмне кереги бар? Бул Конституцияны кабыл алсак эле турмушубуз оңолуп, бейпил жашоого келип калабызбы? Маселе ушунда болуп жатат. Бул сегизинчи Конституция. Бул өтө уят нерсе. Алган Конституцияны тебелеп-тепсеп эле ыргытып жиберип жатабыз. Эң мыкты Конституция, мыкты мамлекеттик түзүлүш да Кыргызстанды жакырчылыктан алып чыгып кете албайт. Анткени, Конституция, мыйзам бул жөнөкөй эле декларация. Аны эч ким сактабаса биз кантип өсүп-өнүгүүгө жетебиз. Бул терең адашуу. Кыргызстанды ушундай кырдаалга алып келгенге Конституция күнөөлүүбү? Жок. Конституцияда эч күнөө жок. Мамлекеттик түзүлүштө дагы күнөө жок. Эң негизги күнөө- мамлекеттик кызматтын башында турган адамдарда. Ошол эле парламентте, ошол эле аткаруу бийликте, ошол эле сот системасында күнөө бар. Бизде бүгүн эң негизги күнөөкөрлөр - бул жогорудагы үч бутакта иштеген адамдар. Мен жалпы элге кайрылат элем, эч кандай Конституция бизди саздан алып чыгып кете албайт. Ушундай кырдаалга Акаев, Бакиевдер ыплас жол менен алып келишти. Эми тажрыйбасы чоң, таза, ыплас жолго барбаган, акылдуу, билимдүү адам гана Кыргызстанды саздан чыгарып кетет. Дагы бир жолу айтам, мыкты мыйзам эмес, мыкты адам керек. Адамдык факторду пайдаланышыбыз керек. Ар бир жакшылыктын да жамандыктын да аркасында конкреттүү адам турат. Бизге күчтүү президенттик бийлик болушу керек. Ошол президент толугу менен Конституцияга кепилдик болуп, аткаруу бийлиги толугу менен мойнуна жоопкерчиликти алыш керек. Жаңы Конституция боюнча президент да, парламент да, аткаруу бийлиги да бирдей укукка ээ болушту. Анан жоопкерчиликти кимден сурайбыз? Жоопкерчилиги жок мамлекет кандай болот? Мына ошол себептүү биз конкретүү түрдө адамды тандашыбыз керек.
Бүгүн Убактылуу бийлик менен эл аралык коомчулук эсептешпейт. Бул элдин, мамлекеттин намысына тийген саясат. Мен үчүн Убактылуу бийликтин жасаган иштери таптакыр түшүнүксүз болуп жатат. Анткени, Роза Отунбаевадан башкасы мамлекеттик кызматта иштеп көргөн эмес. Мамлекеттик кызмат эмне экенин түшүнүшпөй жатат. Революциялык жол менен жаңы Конституция жазып эмне кереги бар эле? Жаңы үй салаарда эски үйдү бузбай турат. Ал эми бизде эски үйдү талкалап, жаңы үйдү төбөсүнөн баштап алышты.

Маектешкен
Назгүл МАМЫТОВА