Баш мыйзамга берене

Кыргыз Республикасы эмес, Кыргыз Жумурияты болсок
Учурда Конституциянын долбоорун талкуулоо аягына чыгып баратат. Тартип боюнча 20-майда анын жаңы долбоорунун акыркы варианты коомчулукка сунушталат. Анын шашылыш даярдалып жаткандыгынан улам, айрым бир маселелер көпчүлүктүн суроолорун жаратууда.


Чындыгында, мамлекеттүүлүк түзүлүшүбүздөгү айрым бир комплекстүү маселелерди чечүүнүн тарыхый мезгилинде жашап жатабыз. Мындан кийин бул сыяктуу мүмүкүнчүлүктөр качан болоору күмөн. Бул ирет элдин демин суутуп албай, улуттук кызыкчылыктагы маселелерди көтөрүп, өзүбүздүн рухубузду бийиктетип алууга бир топ жагдайлар түзүлдү.
Конституцияны жазып жатканыбызда, оболу 7-апрелде улуттук, элдик төңкөрүш болгондугун эске алышыбыз керек эле. Ага катышкандар, биринчиден улуттук маселелер үчүн күрөшкө чыгышкан. Курман болгон жигиттер Кыргызстанда кыргыз улуту өгөйлөнбөй, башка улуттар менен тең ата мамиле түзүп, ээн-эркин жашоосу үчүн жанын беришкен болчу.
Жаңы Конституциянын долбоору алгач, орус тилинде жазылып, кийин гана кыргызчаланды. Бул дагы улуттук мааниден алганда биздин чоң катачылыгыбыз. Деги биз качан орус тилинин басымынан кутулабыз? Башка маселе болсо да бир жөн эле, жок дегенде Баш мыйзамыбызды кыргызча эмнеге жаза албайбыз? Бул үчүн бизге ким тоскоолдук кылып жатат? Түшүнүксүз.
Экинчиден, жаңы долбоордо кайрадан эле орус тили расмий тил катары сакталып калды. Орус тили Кыргызстанда андай кастарлаган мамилеге муктаж эмес. Орус тилин Баш мыйзамдан алып салуу менен аны басмырламак эмеспиз. Болгону, башка улуттардын титулдуу улут болгон кыргыздарга, кыргыз тилине болгон сыйлоо мамилесин ойготмокпуз. Символикалуу болсо да башка элдердин кыргыздарга карата урмат-сыйы артмак.
Конституциянын жаңы долбоорунда көпчүлүк түшүнүктөр жана белгилер Прибалтика өлкөлөрүнүн Конституцияларынан алынып жаткандыгы белгилүү. А эмне үчүн алардын улуттук саястынан деле үлгү албайбыз? Маселен, ал өлкөлөрдүн саясатчыларына орусча суроо берсең, "мен сага котормочу эмесмин" деп жооп берет. А биздечи, кыргыз тилдүү журналисттер, аткаминерлерге, коомдук ишмерлерге "кыргызча айтып койсоңуз" экен деп суранып, жалдырап турабыз. Эне тилин чанып, бардыгы расмий тилде сүйлөгөндү артык көрүшөт.
Тажрыйбалар көрсөткөндөй, улуттук кызыкчылыгын бекем талашкан өлкөлөрдү гана башка мамлекеттер сыйлап мамиле жасаары белгилүү. Муну алыс кетпей эле, кошуна өлкөлөр-Казакстан менен Өзбекстандын мисалынан билсек болот. Кыргыз элинин улуттук кызыкчылыгы Баш мыйзамда корголбогон соң, улуттук маанидеги стратегиялык кызыкчылыктарды эл аралык коомчулукта коргоп калууга үмүт артып болобу? Эне тилибизди канчага чейин өгөйлөйбүз? Дегеле, Кыргызстанда, ириде улуттук кызыкчылыктар жогору бааланган, кыргыз тили, дили сыйланган коомду куруу үчүн дагы канча революция жасап, канча азаматтарыбыз жанын курмандыкка чалыш керек?!
Конституциялык кеңешмеде добуш берип, пикир айтып жаткандардын ичинен дээрлик 90 пайызы кечээки кандуу окуяларга катышкандар эмес. Алардын көпчүлүгү кандуу режимди колдогондор болчу. Жок эле дегенде, Алайда, Балыкчыда, Петровкада жана башка жерлерде эл Бакиев режиминен кордук көрүп жатканда, унчукпай карап тургандар эле. Унчукпоонун өзү макул болгондуктун, колдогондуктун белгиси эмеспи. Анан аларга кыргыздын келечегин ары-бери калчоо укугун ким берди? Кайрадан баса белгилеп айтчу нерсе, курман болгон жаштарыбыздын көпчүлүгү улут үчүн жанын беришти. А биз тирүүлөр алардын керээз-мурасын Баш мыйзамыбызда чагылдыра алдыкпы? Ансыз да аларды аткан канкорлорду качырып ийдик. Ал го мейли, башка маселе. Жок дегенде алардын үмүт-тилегин, улутка болгон сүйүүсүн эмнеге аткарбайбыз. Же, мында да Бакиевдер тоскоолдук жаратып жатабы?
Жаңы долбоорду талкуулаган Конституциялык кеңешменин мүчөлөрүнүн арасында мурда депутат болуп жүргөндөр, белгилүү саясатчылар, бизнесмендер, юристтер, диний ишмерлер жана экономисттер арбын экени байкалат. Бирок, маданий ишмерлердин , акын-жазуучулардын көрүнбөгөнү өкүнүчтүү. Кандай гана мыкты Баш мыйзам болбосун, ал ириде көркөм сөз чеберлеринин калеминен, акылынан өтүшү зарыл эле. Тарыхый баалуулуктарды, кыргыз улутунун өзүнө гана тиешелүү болгон муктаждыгын, нарк - насилин көркөм казына эгелери болгон жазуучулар, тилчилер гана Баш мыйзамга сыйдыра алышмак.
Акырында Конкеңешке бир сунуш. Өтө жөнөкөй. Ага эч ким деле каршы чыкпайт деп ойлойм. Бул сунушту ыкшоолук кылып, кеч билдирип жатканыма өзүм күнөөлүүмүн. Бирок, менде аны Конкеңештин башка мүчөлөрү көтөрүп чыгат го деген ишеним болгон эле.
Сунуш: "Кыргыз Республикасы" деген сөздү "Кыргыз Жумуриятына" алмаштыруу.
Баш мыйзамдын орусчасында "Кыргызская Республика" дегенди кыргыз тилиндеги вариантында "Кыргыз Жумурияты" деп жазганыбыз эң туура болмок. "Жумурият" нукура кыргыз тилиндеги сөз, "Республика" деген маанини толук камсыздай алат. "Журт" деген сөз менен киндиктеш. "Республика" бөтөн элдин сөзү экендиги белгилүү. Бул өтө чоң эмгекти деле талап кылбайт. Болгону аны туура түшүнүү зарыл жана батыл эрк керек. Калганы техниканын иши.

Заирбек БАКТЫБАЕВ




  Саясий сереп

Марс Сариев, сасий серепчи:
"Башка мамлекеттер өз кызыкчылыгына жараша аракеттенишүүдө"
- Бакиевдин тарапкерлери контрреволюция жасоого аракет кылышты. Мында Орусиянын кандайдыр бир деңгээлде "колу" көрүнгөнсүп жатат деп айтууга болобу? Маселен, ФСБнын генералы Бахтияр Алиевдин Нариман Түлеевди жактаган билдирүүсү. Ошондой эле, Исхак Масалиевдин Моквага барып келиши жана башкалар. Дегеле, ушундай болушу мүмкүнбү?
- Эми азырынча айтыш кыйын. Анткени, тастыкталган фактылар жок. Бирок, мен айтып жүргөндөй тышкы күчтөр иштеп жатышат. Атайын бир сценарийлерди даярдашууда. Россиянын, башка өлкөлөрдүн да кызыкчлыктары бар. Кыргызстанга өз долбоорлорун жасашат. Албетте, жасашат. Антпесе, геосаясий кызыкчылыктарын уттуруп коюулары мүмкүн. Учурда, чынын айтыш керек, логика боюнча бул жакта көп эле күчтөр иштешүүдө.
Уинстон Черчиллдин "Улуу Британиянын достору да, душмандары да жок, а түбөлүк кызыкчылыктары гана бар" деп айтканы бар. Бул жерде да Орусия, эң алды өзүнүн Кыргызстандагы кызыкчылыгына карап жатат. Ошон үчүн абалга жараша, эң биринчи өз кызыкчылыктарына жараша аракеттенет.
- Орусиянын Кыргызстандагы атайын өкүлү болуп Владимир Рушайло дайындалды. Ал Кыргызстандагы абалды өзгөртүүгө таасир этип, Убактылуу өкмөт менен иштеше алабы?
- Эгер бул жакта жалпы ситуацияны түшүнгөн анын өзүнө татыктуу, күчтүү өкмөт, өнөктөш болсо, албетте консенсусга жетише алат. Алар менен бирдей деңгээлде сүйлөшүүгө аракеттенишет. Эгер андай жок болсо, башка мамлекеттер өзү ошондой күчтөрдү жана жактоочуларды түзүүгө мажбур болушат. Ошондон улам, биздин максат тышкы оюнчулар менен бирдей деңгээлде мамиле түзүү болуш керек.
- Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын ишмердүүлүгүн, учурда жасап жаткан кадамдарын кандай баалайсыз?
- Ишмердүүлүгүн, чынын айтыш керек бийик баалайм. Бирок, азыр каталар көп. Эми учурдагы абал ошондой, каталар кетпей койбойт. Жалпысынан айтканда, Убактылуу өкмөт сабаттуу иштеп жатат. Өзүңөр да билесиңер, бул Убактылуу өкмөт. Ар кандай амбициядагы лидерлерден түзүлгөн. Бир бүтүн консолидация жок. Негизги кемчилиги ушул болуп жатат.

Заирбек БАКТЫБАЕВ




Соттордун сокур саясаты
Прокуратуранын кызматкери Мирбек Ашырбаев (аты-жөнү өзгөртүлдү) аттуу 31 жаштагы жигит беш жылдан бери адилеттик күтүп абакта жатат. Мирбек Ашырбаев Ош шаардык прокуратурасы тарабынан 97-берене (адам өлтүрүү) менен жыйырма жылга соттолгон. Анын апасы Айгүмүш (аты өзгөртүлдү) редакцияга келип, уулунун беш жылдан бери бей күнөө, жалган жалаа менен түрмөнүн ачуу даамын татып жатканын айтып, кайрылды. Айгүмүш эне биздин редакцияга биринчи жолу кайрылып жаткан жок. Ал мындан эки жыл мурда да кайрылган. Кылмыш иши боюнча иш кагаздарын карап көрүп, тергөө иштери чала, керек болсо таптакыр жүргүзүлбөгөнүнө күбө болдук. Мирбектин үстүнөн козголгон кылмыш иши негизсиз экендигин тергөө ишинин жүрбөгөндүгү гана эмес, соттордун да так чечим чыгарып, сокур саясатын жүргүзгөндүгү далилдейт. Бул иш өз учурунда Бакиевдин, Зулпиевдин өздүк көзөмөлүндө экендиги айтылган. Учурда иш кайрадан Жогорку Сотто каралып жатат жана Убактылуу өкмөттүн толук көзөмөлүнө алынды. Бул чуулгандуу иш тууралуу гезитибиздин кийинки сандарында кенен маалымат беребиз.