ДҮЙНӨ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

ДЕҢИЗ КАРАКЧЫЛАРЫНАН КОРГОНУУ ҮЧҮН
Орусиянын аскер кемелери үчүн Джибути Республикасынын деңиз портторунда атайын база ачылды. Алар деңиз каракчылары менен аеосуз күрөш жүргүзүп, каракчылардан деңиз жүргүнчүлөрүн коргошмокчу. Аталган Республикадагы Орусия Федерациясынын элчилигинде Аскер-Деңиз күчтөрү боюнча дал ушундай сүйлөшүүлөр болуп өткөнү маалым болду.


КЫЗМАТТАШУУ ЖАНДАНАТ
Россия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведев кечээ Украинага барды. Мамлекет башчысы Орусия менен Украина ортосундагы Эл аралык комиссиянын үчүнчү заседаниесине катышты.Бул заседаниеде эки өлкөнүн кызматташуусундагы эң маанилүү жана конкреттүү документтердин бүтүндөй пакети кабыл алынмакчы.


КААТЧЫЛЫККА - КРЕДИТ БЕРҮҮЧҮЛӨР КҮНӨӨЛҮҮ!
Грециянын премьер-министри Георгиос Папандреу АКШнын инвестициялык банктарына доо коймокчу. Бул өлкөнүн бийликтегилеринин пикири боюнча, америкалык кредиторлор уюмдары Грецияда экономикалык кризистин күч алышына зор роль ойногон. Тактап айтканда, кредиттик уюмдар өкмөттүк социалдык төлөмдөрдү төлөөнү өтө кыскартып жиберүүгө аргасыз кылган.
Гректер Евросоюз менен Эл аралык валюта фондусунун жардам берүү пакетинин алкагында 5,5 млрд евро өлчөмүндө биринчи каржы траншын алды.
Бардыгы болуп 3 жылда 110 млрд евро гректердин чөнтөгүнө түшмөкчү. А бирок, муну ишке ашыруу үчүн грек бийлиги пенсия менен айлыкты болушунча азайтып, ал эми салыкты тескерисинче көтөрүүсү зарыл.


  спорт

"БАРСЕЛОНА" РЕКОРД КОЙДУ
Испан шаарынын атын алып келе жаткан "Барселона" футболдук клубу Испаниянын чемпиону болууга жетишти. Бул жеңиш оңой менен келген жок. Эң күчтүү деген "Вальядолид" командасын чемпионаттын акыркы матчында 4:0 эсебинде артка калтырды. "Барселона" өз тарыхында 20-жолу жана экинчи ирет катары менен өлкөнүн чемпиону деп аталганы - анын атак-даңкын ого бетер көтөрдү. Команда 99 упай топтоп, Испаниянын чемпионатында рекорду койду. Бали!


  искусство

РОК МУЗЫКАДАГЫ ЖОГОТУУ
Америкалык легендарлуу рок-музыкант Ронни Джеймс Диону хевиметалл агымынын атасы катары билишет. 68 жаштагы атасынын каза болгонуна байланыштуу рок-музыканттар бүгүн аза күтүп жатышкан учуру.

"СҮЙҮҮНҮН ҮЧИЛТИГИ" КОНКУРСКА КАТЫШАТ
Канн фестивалында "сүйүүнүн үчилтиги" көргөзүлдү. "Монпансье принцессасын" дүйнөгө белгилүү француз режиссеру Бертран Тевернье койгон. 63- ирет өткөзүлүп жаткан фестивалдын 5-күнүндө көргөзүлгөн бул картина кинофорумдун башкы программасына катышмакчы.

Нурбүбү БӨДӨШОВА