КАЙРЫЛУУ - СУНУШ

Кыргызстанга Элдик- демократиядагы Элдик Конституция зарыл!
Кыргызстандын кадырман калкына, жалындуу жаштарына
Убактылуу Өкмөттүн Төрайымы Роза Отунбаевага
Убактылуу Өкмөттүн жетекчилерине

Кадырман калайык калк,
жалындуу жаштар!
Урматтуу жаңы бийликтин жетекчилери!
Биз футуролог (өлкө, мамлекет, эл тагдыры боюнча) адис-эксперттер, коомдук-саясый ишмерлер Конституциялык долбоорду иликтеп: анын мурунку эле эски "анархиялык-коррупциялык Кыргыз Республикасын" кайра куруучу, "акаевдик-бакиевдик" мамлекеттик эски системаны кайра орнотуучу батыштык "политехнологиялык конструкция" - деген бүтүмгө келдик.
Конституциялык долбоордун эң башкы кемчилдиги- анын элдик максаты (преамбуласы) жок, анын ордуна орунсуз эски "дежурный" ойлор жазылып калган. Преамбулада болочок Кыргыз мамлекети жөнүндө элдик "Саясый Идея" жазылыш керек эле. "Политтехнологиялык" эреже боюнча референдумга Конституциянын долбоору эмес, элдик "Саясый Идеялар" коюлуп, Референдумда тандалган элдик "Саясый Идея" негизинде Конституция жазылса сонун болмок. Анткени, Мамлекеттик Конституция- бул мамлекеттин жүрөгү, бардык мыйзамдардын энеси, элибиздин, мамлекетибиздин, биздин, балдардын келечеги-тагдыры экенин баары билет.
Ошондуктан, биз кайдыгерликти таштап, 27-июнга белгиленген тагдырлык чоң адашуудан кайтпасак, Кудайдын каары, элдин убалы урат, тарых да кечирбейт!
Эгерде референдумга барсак, анда мамлекеттик системанын жана мамлекеттик башкаруунун формасын аныктоодо төмөнкү эки "Саясый Идея" элдик добушка коюлса калыстык болот:
1-Биздин элдин "Саясый Идеясы": "Кыргыз Элдик-демократиялык Республика" куруу- бул карапайым элибиз эңсеген, 7-апрелде курман болгон маркум-шахиддер жанын берген, биздин салттуу "элдик-демократияга" негизденген Элдик жаңы мамлекеттик Конституциялык системаны орнотуу.
Бул мамлекет "чыныгы элдик демократиядагы" элдик мамлекет болот.
АКШнын президенти Авраам Линкольн 1980-жылдары "демократия" түшүнүгү бурмаланып жаткан кезде: "Чыныгы демократия-бул эл үчүн эл жүргүзгөн Элдик бийлик (мамлекет)" деп таамай аныктаган.
Элдик мамлекетке башкаруунун эки формасынан бирин тандоо сунушталат:
а) Президенттик башкаруу форма - бул эл шайлаган Президенттин Элдик Курултай бекиткен Президенттик Правление аркылуу бүткүл өлкөнү (мамлекеттик, диндик, коомдук, элдик, ж.б. -системаларын) толук башкаруусу;
б) Президенттик-Парламенттик башкаруу- бул эл шайлаган Президенттин Элдик Парламент бекиткен Президенттик Правление аркылуу бүткүл өлкөнү (мамлекеттик, диндик, коомдук, элдик, ж.б.- системаларын) толук башкаруусу.
PS: бул 1- Элдик "Саясый Идея" боюнча курулган мамлекеттик системанын эркиндиги, суверендиги толук камсыздалат. Ааламдашуу шартындагы сырткы экспансиядан элдик система мамлекетти, Президентти коргойт, сактайт. Айрыкча, Президенттик башкарууда Элдик Курултай мамлекеттин иммунитетин чыңдап, эл менен мамлекеттин биримдигин бекемдейт. Элдик Идея менен курулган Элдик мамлекеттин жүрөгү "Элдик Конституция", ички саясый духу (жан-иммунитети) "Элдик демократия" болот. Элдик Конституцияда "элдик-демократиянын" принциптери (статьялары жазылып,) Элдик укук-кызыкчылык менен мамлекеттик коопсуздук 1-орунга коюлуп, "текебаевдик Либералдык Конституциянын"№1-статьядагы либералдык бузгунч; "светский", "укуктук" деген терминдер, аларга караштуу №8, №13-56 "анархиялык-вирус"статьялар, "либералдык саясаттын" "анархиялык принциптери" алынып салынат. Ал принциптер кылдат текшерилип, кийин тек гана мамлекеттик мыйзам аркылуу укуктук системага киргизилет. "Демократия" термини "эл бийлиги" делип мамлекеттик тилде жазылат. Ал эми, элдин ата-мурас: Жер-суу, тоо-токой, аба-асман ж.б. кен-байлыктары-бүт Элдик менчик катары жазылып, Элдик мамлекет аркылуу корголуп, элге гана кызмат кылат. Ошондо Элдик Конституциялык мамлекет менен Элдин биримдиги бекем болуп, мамлекетте кайталанып жаткан кыйроолор токтойт. Элибиз, жаштарыбыз Элдик мамлекетин сүйүп, эл ичинде чыныгы мекенчилдик сезим ойгонот. Элдик мамлекет элдин кызматта болуп, укук-кызыкчылыгын камсыздап, Элдик Курултайга, Элдик Парламентке Президент отчет берип, мамлекет чыныгы элдик-демократиялык институтка айланат. Элдик мамлекетте деле Эл аралык "жеке адам укугу" Элдик-укук, мамлекеттик-мыйзам чегинде локалдык (баш аламан эмес) нормада бекем сакталып, ООН, ПРООН, ОБСЕ, АКШ, Евросоюз, Европарламент, Англопарламент, Венециалдык Комиссия"ж.б. жалпы сырткы "либерал-демократ кожоюндар", биздеги либерал Конистиуциялык Кенеш, Текебаев эңсеген "укуктук мамлекет" калыптанат.
2-Чет элдик "Саясый Идея": "Либералдык-демократиялык Кыргыз Республикасын" куруу - бул бөтөн элдик "Саясый Идеяга"- "либералдык демократияга" негизденген, коррупционер -чиновниктер эңсеген, батыштык экспансиялык-сионисттик баскынчылар каалаган, биздин айрым саткын, чыккынчы жетекчилерге "пособие доллары" жаккан, эски "акаев-бакиевдик" типтеги, буржуазиялык Конституциялык мамлекеттик системаны кайра куруу.
Либералдык мамлекетте башкаруунун эки формасын бирин тандоо сунушталат:
а) Презденттик-Монархиялык башкаруу форма- бул элдин укугун тепсеп, алдамай жалган шайлоо аркылуу жеке максатына жеткен "акаевдик-бакиевдик" типтеги коррупциялашкан, туугандашкан топтун тирандык башкаруусу. Бул формадагы "Саясый Идея" боюнча Президент менен мамлекет ички коомдук-либералдык системасы аркылуу "сырткы сырдуу"күчтөр таасиринде башкарылат. Президент, эл, мамлекет жалган эркиндикте болот.
б) Парламенттик-Аристократиялык башкаруу форма- бул азыркы Конституциялык долбоордо жазылган парламенттик- аристократиялык же охлократиялык топтун башкаруусу. Бул формада деле сырткы "Саясый Идея" боюнча курулган мамлекет, анын Президенти, Коомдук Парламенти ички коомдук-либералдык системасы аркылуу "сырткы сырдуу"күчтөр таасиринде башкарылат. Президент, эл, мамлекет жалган эркиндикте болот.
PS: Мындай бөтөн элдик "Саясый Идеяда" курулган либералдык ("акаевдик-бакиевдик-текебаевдик") мамлекеттин жүрөгү батыштык типтеги "Либералдык Конституция", анын ички саясый духу (жаны) батыштык "Либералдык демократиянын":"светский","укуктук","жеке адам укугу","үч бутак-тең салмак бийлик" ж.б. деген "анархиялык принциптери" бар .Анын баскынчылык, чыккынчылык мындай табыяты менен биздин Элдик укук-кызыкчылык, маданият, салттуу дин, руханий байлык, мамлекеттик коопсуздук арткы орунга коюлуп, "жеке адам укук-эркиндик" 1-орунга коюлуп, мамлекетте "анархиялык" баш аламандык, артынан кыйроолор болот.
Германиянын "Хоэнхайма" университетинин профессору Гюнтер Розмозер: "либерализм-бул өлкөнүн, мамлекеттин, коомдун, улуттун, элдин тарыхый маданий дөөлөттөрүн, баалуулуктарын "концерватизм" менен бирге биротоло талкалап жок кылуунун куралы",-деген. Анткени, "Либералдык мамлекет"-бул буржуазиялык, азчылыктын, бир ууч жеке менчик капитал ээлеринин мамлекети дегенди билдирет."Либералдык демократия" деген термин батыштык "политтехнологдор" тараптан экспансиялык-сепаратисттик максатта ойлоп табылган, "демократия"("эл бийлиги") деген атка жамынган, 4 ички-принциптери боюнча сепаратисттик- экспансиялык бузгунч "анархия" болуп саналат. Бул тууралуу Орустун улуу философу Н.А.Бердяев: "батыштык либерализм", "либералдык демократия"- бул "адам укугу" жана "адам эркиндиги" деген жагымдуу сөздөр менен кооздолгон абсолюттук ээн баштык жана "анархия"-деген.
К.Маркс: либералдык "жеке адамдык укук" саясат элди бай-кедейге ажыратып, теңсиздикти жаратып, адамдын эркиндик-укугун акча-байлык менен гана аныктаарын таамай айткан. Мисалы, жакыр эл 100% эркиндик берсе деле, кара курсак кулу боюнча калып, жалган укукка гана ээ болот. Бай-бийлер, чиновниктер болсо ал чексиз жеке укук-эркиндиги менен ээн баш (ууру, коррупция, зомбу, зордукчу...) иштерди жасап,карапайым эл укугун, чындыкты тепсеп, бей-бечараны эзет, жеке мансапка берилип, пара алуу, салык салуу, тарифтерди көтөрүү менен элдин канын сорот.

АКШнын экс-президенти Авраам Линкольн айткандай: "Карышкыр менен козуга берилген эркиндик козулардын өлүмү менен бүтөт" жана В.И.Ленин айткандай: "теңсиздик, таптык ажырым бар өлкөдө эч качан элге эркиндик болбойт". Мисалы, бир ууч буржуйлардын либералдык мамлекети "Либералдык Конституциянын" бир эле статьясы менен Элибиз, ата-бабабыз кылымдан-кылымга каны-жаны менен коруп, сактап келген:"Жер-суу, аба-асман, тоо-таш, талаа-токой ж.б. кен- байлыгын мамлекеттик менчик" деп баскынчылык менен тартып алат. "Текебаевдик" долбоор Конституцияда да 4- статья менен элдик байлык басылып алынган, бул саясый одоно ката, мындай принциптеги статьяны жазууга Элдик Конституцияда Элдик мамлекет гана укуктуу.

Буржуйлар"акаев-бакиевче" тартып алган элдик байлыктарды, кооз жерлерди чет элге сатат, карапайым элге үй салганга да жер бербестен, пара алат. Мындай либералдык кемчилдиктер Конституциялык долбоордо толуп жатат.

В. И. Ленин: "Демократиянын формасы -бул мамлекеттик системанын формасы"- деген (33-том,99-бет). Жаңы долбоор Конституцияда"демократиялык система" алмашпаса, анда "мамлекеттик эски система алмашпайт -өлкөдө революция ишке ашпайт, 7-апрелдеги элдик революция 2005-жылы 24-марттагы " революция" сыяктуу эле элдик максатына жетпей "бийликтик төнкөрүш" боюнча кала берет.

Биз мындай Конституциялык бузулуу боюнча кайрылууну мурда деле, убагында экс-президент А.Акаевге, К.Бакиевге берип, эскертип келгенбиз, алар убагында укпады, өз билгенин референдум менен мыйзамдай салып, элди алдап келди, натыйжада, биздин менталитетке туура келбеген, "сырткы Идея", ката конструкция менен курулган мамлекеттик имарат эки мерте кыйрады.
Урматтуу Убактылуу Өкмөт жетекчилери,
Азыркы долбоор Конституция биздин менталитетке такыр жарабайт, Сиздер карманып жаткан "либералисттик демократиялык" (тактап айтканда-"анархизмдик") система аркылуу мамлекеттин эски "акаев-бакиевдик" системасы б.а. "Чиновниктик- коррупциялык, парламенттик- аристократиялык Кыргыз Республикасы" кайра эле орнойт, ал баары бир дагы кыйрайт. Ошондуктан, сырткы бузгунч күчтөр сиздерди алдап, өз экспансиялык "Саясый Идеясы" боюнча жанталашып: "Либералдык Конституцияны тездеткиле!" деп, референдумун каржылап, утур-утур келип, шынаарлап жатышат. Конкеңеш Төрагасы Ө.Текебаевдин аларга алданып алып: "долбоордо сырттын талабын 90% аткардык, жеке адам укугу мамлекеттик укуктан жогору коюлду" деп сыймыктанганы бизди таң калтырат. Ө.Текебаев экспансиялык андай бузгунч-либералдык өз Конституциялык долбоорун өзү жокко чыгарса, анын эл-жерине кылган тарыхый улуу жакшылыгы, анык атуулдук "мекенчилдиги" болмок.
Англиялык улуу философ Жон Локк 17 кылымда эле: "мамлекеттин формасы Презденттик- Монархия, Парламенттик-Аристократия болобу кеп анда эмес, кеп мамлекет курууда (Конституцияда), анда эл ыйгарган бийликтин төбөлдөрү "элдин укук-эркиндикти"- кызыкчылыкты орнотпосо, алардын бийлиги легитимдүү эмес болот" - деген акылман кепти айткан.

PS: Адис катары дагы эскертебиз: сырттан сунушталган, бизге бөтөн "Саясый Идея" б.а. "либералдык-демократиялык" бузуку сырткы саясат, биздин Конституцияга саясый руху-жан болуп калса, ал сырткы экспансияга кызмат кылуучу элине чыккынчы Конституция гана болот. Чыккынчы Конституция менен курулган мамлекет элине чыккынчы мамлекет болуп, анын жетекчилери кааласа, каалабаса да сыртты угуп, "акаев-бакиевче" өз элине-жерине чыккынчылык кылат, акыры сыртка качат. Кыргыз либералдык мамлекетинин: ПЕСАК, ГАНСИ, КУМТӨР, ХИПК, ЦАРИИ, ҮЗӨНГҮ КУУШ, КАРКЫРА, СЕВЕРЭЛЕКТРО, тариф ж.б боюнча өз элине кылган чыккынчылыктары, анын артынан болгон эки мамлекеттик кыйроолордун диалектикалык сыры ушунда жатат.

P.S. Белгилүү саясатчы, Элдик революциянын атасы В.И.Ленин: "мамлекеттер жана таптар ортосундагы экспансиялык алдамай саясат "терминдер" аркылуу болорун эскерткен. Ошондуктан, азыркы Конституциядагы "демократия" делген алдамай термин илимдеги саясый ички принциптери боюнча анык "либералдык анархия" болуп саналат.

Бул "либералдык демократия" (анархия) тарыхы боюнча чет элдик "политтехнологдор" тараптан ойлонулуп табылган, экспансиялык максатта колдонулган, майда (айрыкча эли уруучул, этносу арбын) мамлекеттерди тез баш аламандыкка алып барып, тез жок кылуучу "бузгунч саясат" экендиги бизге маалым. Бул батыштык куу- саясат "Эл аралык 3-дүйнөлүк инфрормациялык муздак согуштун" эң башкы куралы болуп, 1991-жылдан бери Кыргызстанда эксперименттелип келүүдө

АКШнын "Огао" штатынын ардактуу профессору, саясатчы Лоуренис Дж.Херсон "АКШнын идеологиясы" деген эмгегинде "либералдык-демократиялык" саясат өлкөнүн коомун булгап, мамлекетин бузуп, жарандарга жеке-укукту чексиз берип, коомдук анархияны камсыздап, эл ичин: баңги, аракеч, сойку, ууру, коррупция, кылмышка толтуруп, мамлекетти башкара албагандай баш аламандыкка алып келерин жазган. Биз ошондой болдук, дагы алдансак андан жаман болобуз. Ал эми АКШнын экс-мамлекеттик катчысы Кондализа РайсАмерика эки: "тышкы", "ички" - демократиялуу (кош саясаттуу) мамлекет экенин билдирген. Анын "ички демократиясы" өз элдик маанайда, кызыкчылыкта болуп, штаттык Конституциялардын ички принциптерин негиздейт. Ал эми алар тараптан бизге "экспорттолуп"-сунушталып жаткан "тышкы"- жалган "либералдык демократия" бул "геосаясаттык" экспансиялык максаттагы "демократия" деген атка жамынган "либералдык-анархия" экендигин унутпоо жана аларга эми алданбоо керек! Ошондуктан, биздин адистик

СУНУШ:
1-сунуш. Жараксыз Либералдык Конституцияны жыйынтыктоону токтотуп, референдумду да токтотуп, Элдик Конституциялык долбоорду кайрадан "элдик демократиялык" принциптер (рух-дух) менен жазып, эски "либералдык анархия" принциптеринен тазалап, улуу тагдырлык документ катары элдик талкууга кеңири коюп, революционер эл каалаган, кан төккөндөр, маркум-шахиддер эңсеген "Элдик -демократиялык Кыргыз Республикасын" куруубуз зарыл (аткарсак, бул- "убактылуу бийликтин биринчи патриоттук кадамы" болот).
2-сунуш. "Биринчи патриоттук кадамды"аткарууга саясый эркибиз жетпесе, 27-июндагы жалпы элдик референдумга бузгунч "Либералдык Конституциялык долбоорду" эмес, жок дегенде калыс болуп, биздин улуу "Элдик Идеясы" менен бирге сырттын куу-саясатын, "Либералдык Идеяны" деле элдик добушка коюуну сунуштайбыз. Эл кайсы "Саясый Идея" менен кандай Конституция аркылуу кандай мамлекеттик системаны (эскини же жаңыны) курууну өз эрки менен тандасын биздин элге-жерге акыйкаттык, адилеттик орносун!