Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кармалбас ханзаада кайда?
Максим Бакиев 6-апрель күнү Америкага учпай-этпей эле Москванын "Шереметьево" аэропортунан кармалыптыр, ой, жок, ал шаарда жүрөт" деген имиш сөздөр эл ичин аралаган эле. "Эл оозунда элек жок" эмеспи, бири чын угат, дагы бири каңырыш угат дегендей. Айтор, "дейт, дейт,имиш, имиш" деген күдүң сөздөр. Эми кечээ биздин Башкы прокуратура Латвия өлкөсүнөн ханзааданы кармоого жардам сураганын билдирди. Ал эми Интерполдун расмий маалыматына ылайык, Максим Бакиев Латвияда кенен-чонон, эркин басып жүрүптүр. Буга жооп кылып Латвиянын Башкы прокуратурасынын өкүлү эл аралык маалымат каражаттарына: Максим Бакиев аталган өлкөдө жүргөндүгү жөнүндө маалымат жок экендигин жана Кыргыз өкмөтүнүн кайрылуусу түшүнүксүз жана карама-каршылыктуу жазылгандыгын белгилеген.
Белорусиянын ажосу Курманбек Бакиевди "байдын кызындай мактап" дагы, жактап дагы жатты эле. Балким, Латвия Белорусияга кошуналык кылып жан тартканыбы, же бизге айтпаган бир билгени барбы, айтор таң.




Күйүүчү май күйдүрдү
"Эч болбосо, кеч болсун" деген ушу экен. Күйүүчү майды күтүп, көздөрү тешилип, моюндары узарган дыйкандарга жагымдуу кубаныч. Кечээ өлкөбүзгө "бир боор энебиз" Россия менен Казакстандан күйүүчү майдын ири партиясы келгендигин нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов жумурай-журтка кабарлаганга ашыкты. Кантели, анан колдо жок болсо, ушу тура, күйүүчү май бир топ түйшүккө салганы жалган эмес да.
Анын айтымында, эки-үч күндүн аралыгында бүт аймакка май таркатылып бүтөт жана ал учурдагы рынок керектөөсүнө жетет.





Ич күптүң болсо, айтып ал
Мурдагы бийлик башчыларынын ээрден оодарылышы менен кезинде аларга нааразылыгы, ич күптүсү бар адамдардын саны барган сайын арбып барат. Алсак, Бишкек шаардык кеңештин учурдагы депутаттары легитимсиз- деп 2008-жылы шаардык кеңешке ат салышып өтпөй калган талапкерлер билдирип чыгышты. Алардын пикири боюнча, шайлоо алдын ала даярдалган тизме менен өткөзүлүп,көз көрүнөө бурмалоолор менен коштолгон. Аны убагында арызданган тарап тиешелүү документтер менен далилдешсе дагы бийликтин буйругу менен максатына жетпей калгандарын айтышат.
- Шайлоо - бул мамлекеттик иш. Бүгүн ошондогу бийликтин буйругун аткарып, шайлоонун таза өтүшүнө тоскоолдук кылган мектеп директорлору райОНО, шайлоо участкасында иштегендер, Нариман Түлеев, Максим Бакиевдер жооп бериш керек. Ким мыйзамды бузса, ал баары бир эртели-кеч мыйзам алдында жооп берүүгө тийиш,- деп билдирет нааразы тарапкерлердин бири маалымат жыйынында.




Жумушчулар жетекчилигин сотко берди
Орто Азиядагы эң ири ишканалардын бир - бул Кыргыз камволдук-нооту комбинаты. Жакында анда иштеген жумушчулар ишкана жетекчилерин сотко берүүгө аргасыз болушту. Мындай кадамга баруусуна жетекчиликтин үч айдан бери айлык маянаны төлөбөгөндүгү себеп. Алардын айтымында, айлык берилген күндө дагы 500-1000 сом эле. Комбинаттын жетекчилери эмгек акыны толугу менен төлөбөгөндүгү аз келгенсип, апрелдин башынан тартып жумушчуларды акы төлөнбөгөн эмгек өргүүсүнө кетирип жиберген. Чындыгында, кезинде эң чоң аймакты ээлеген Камволдук -нооту комбинатынын аянты кичирейгендиги жетишпей жаткансып, эми анын таланып-тонолуп жатканы ичиңди ачыштырбай койбойт. Мына ушуларды мамлекеттик көзөмөлгө алып, сактап калбасак кийин биз эч качан кура албастыгыбыз анык. "Бүтүндү бүлүндүргөн оңой, кайра ордуна тургузуу кыйын"-деген сөздү эстен чыгарбасак.




ЧЕК АРА АЗАБЫ

Чек ара маселеси дале чечилбей канча деген жарандар кыйналып бүткөнү талашсыз. 11-апрелде чек аралар ачылат деген маалыматтар таркатылды эле, ал төгүн болуп чыкты. "Ак жол" бажыканасына барсаңыз, жүктөрүн көтөрүп, шайлары оогон адамдар. Көйгөйдүн алигүнгө чейин чечилбегенине эл "Сыгаан болуп бүттүк" дешет. Эсиңиздерге салсак, 6-май күнү маалымат жыйынында Каржы министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев кыргыз-казак чек арасы 11- майда ачыларын айткан эле. Бул маалымат казак өкмөтү кабыл алган чечим, мындан ары чек ара жабуу маселесине чекит коюу аракеттери көрүлүп жатканын кошумчалаган. Ал эми Кыргызстандын чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Чолпонбек Турусбековдун ММКларга берген маалыматына таянсак, казак чек арачылары өз өкмөтүнөн чек араны ачуу буйругун ала элек. Казак-кыргыз чек арасынын ачылбай жатканына бир эле коопсуздук маселеси шылтоо эмес экенин маалымдайт Убактылуу өкмөттүн башчысынын орун басары Өмүрбек Текебаев.
- Болгон ишти болгондой айталы. Бүткүл дүйнө, коомчулук Кыргызстандагы абалдын тез арада турукташуусун көздөп, колдон келген жардамын аябастыгын билдирүүдө. Казак туугандардын убада берип, бирок кечеңдетип кармап жаткандыгы Кыргызстанды дестабилизацияга түрткөнү,- деп жаны кейип билдирет ал.
Ошентсе да азыр Тышкы иштер министрлиги менен бирдикте чек араны ачуу маселеси боюнча иштер жүрүп жатканын кошумчалайт.





Шейит кеткендерге шек туудурбагыла!

Биз, кыргыздар, кызык эл болот эмеспизби. Дегеним, чаң-тополоң баш аламан кезде пайдаланып кеткенди жакшы өздөштүргөнбүз. Анын сыңарындай, "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү маалымат жыйын өткөзүшүп, ушунун тегерегинде кеп козгошту. Бул бирикменин өкүлдөрү Убактылуу өкмөттүн ишмердүүлүгүн көзөмөлгө алаарын жашырган жок жана кайрылуу жөнөткөнүн билдиришти. Кайрылууда 7-апрелдеги кандуу окуяда көз жумгандардын атын сатышып фонд, бирикме ачкандарды көзөмөлгө алуусун суранышкан. Ошондой эле жыйында өлкөнүн өсүп-өнүгүүсү үчүн өздөрүнүн программасын иштеп чыгышкандыгы белгилүү болду.
- Курманбек Бакиевдин жүргүзгөн саясаты менен бийлигине эл нааразы болгондуктан, апрель окуясы болуп өткөнү жалпыга маалым. Мен Убактылуу өкмөттөн туура иштеп, эл камын ойлоосун суранам,- дейт "Мекен шейиттери" коомдук бирикмесинин өкүлү Нурия Айдобосунова.




Борборум, жүрөккө орнодуң!
"Патриот"элдик кошуундун өкүлдөрү Бишкек шаарын кайрадан карап, көзөмөлдөөнү колго алышты. Бул билдирүүнү кошуундун лидери Данияр Дербишалиев маалымдаган. Бүгүнкү күндө анын курамында 5000ден ашуун адам бар экенин айтат. Патриоттун сөзү боюнча, алдыдагы өтүүчү жыйындарда тартипсиздик болуп кетиши мүмкүн. Ушул сыяктуу терс көрүнүштөрдү эске алып, кошуун мүчөлөрү ордо калаабызды коргоого даяр. Аларды шаардын булуң-бурчтарына ыкчам жеткирүү үчүн "Народный" дүкөндөрү тарабынан атайын автоунаалар бөлүнүп берилген.


"Алиби пресс"




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??