Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Чептен эрдин күчү бек

С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"
Кыйын кырдаалда оппозициянын колуна - кол, бутуна - бут болуп бирге жүргөн, Аксы, Петровка, Балыкчы окуялары боюнча активдүү адвокат болуп, карапайым элдин таламын талашып, Бакиевдик режимде талашып-тартышып жүргөн Сартбай Жайчыбеков учурда Республикалык финансы полициясынын тергөө бөлүмүнүн жетекчилик кызматын аркалап жаткан кези. Сартбай мырза менен ары жооптуу да, ары кооптуу да кызматы боюнча чакан маек курдук.

- Сартбай мырза, 7-апрелден кийинки бир айда финансы кызматы бюджетке канча акча түшүрдү?
- 7-апрелден кийин козголгон кылмыш иштердин бардыгы экономикага байланыштуу. Кыскасы, акча каражатына байланышкан иштердин көпчүлүгү бизде тергелет. Азыр он беш экономикалык кылмыш иши бар. Анан прокуратура тарабынан козголуп бизге жиберилген жети иш бар. Бул иштер өтө чоң суммадагы акчалар боюнча. Эң эле аз дегенде, арты 6млн, 3млн сом. Алды 731млн сомго чейин.
- Азыр финансы полициясы жакшы иштебей, туура эмес иштерге барып, көп суммадагы акчаларды жеп жатат,- деген нааразычылыктар айтылууда. Бул нааразычылыктар эмнеден улам айтылып жатат деп ойлойсуз?
- Ооба. Учурда биздин кызматка тийишкендер көбөйдү. Жеди-ичти деп баарысы жамандап баштады. Керек болсо финансы полициясын жоюп, кыскартабыз деп да айтып жатышат. Муну - акчасынын эсебин чыгарып калганга аракеттенген адамдардын иш-аракети деп түшүнүү керек. Себеби, алар ошол акча каражатын сактап калгысы келип жатат. Өлкөгө бергиси келбей жатат.
- Эгер сыр болбосо, кимдин кызыкчылыгы болуп жатат?
- Назгүл, азыркы кырдаалды өзүң билесиң. Алар кадимки эле оппозициядагы чоң бизнесмендер. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Ошол себептүү аларды ачыкка чыгарбай туралы. Өлкөбүз оош-кыйышта турганда ого бетер жараны ырбатпашыбыз керек. Бүгүн эле ал адамдардын бирөөсүнүн үстүнөн эки арыз түштү.
- Сартбай мырза, бир айдын ичинде өлкөнүн бюджетине канча акча өндүрүлдү?
- Азыркы учурда финансы полициясы тарабынан бюджетке 73 млн сом түштү. 7-апрелден 10-майга чейин 100 млн сом түшүшү керек. Учурда 73 млн сому түштү. Калган иштер азыр тергелип жатат. Бирок суммасы өндүрүлө элек. Көп кишилер качып жүрүшөт.
- Өткөн жылы финансы полициясы бюджетке канча акча түшүрүптүр?
- Негизи укук коргоо системасын алып караганда, кылмыш иштеринен эң көп каражат финансы полициясы тарабынан өндүрүлөт. Өткөн жылы 352 млн сом өндүрүлүптүр.
- Бир жылда 352 млн сом өндүрүлсө, сиздер бир айдын ичинде 73 млндон ашык өндүрүп коюпсуздар. Экөөнүн ортосу асман менен жердей айырма болуп жатат. Демек, сиздер буюрса бир жылдын ичинде 1 млрддан ашык акчаны өндүрүп, бюджетке салат турбайсыздарбы?
- Буюрса. Биздин көрсөткүч мурдагыдан үч эсе көп.
- Бакиевдердин үй-бүлөсү тарабынан көзөмөлдөнгөн иштер барбы?
- Албетте бар. Өтө чоң экономикалык кылмыштардын башында Максими же Бакиевдердин дагы бирөөсү сөзсүз түрдө аралашкан болот. Кыргызстандын бардык тармактары боюнча козголгон кылмыш иштеринде Бакиевдер аралашкан. Контрабандалык, акчаны өзүнө сиңирип алгандарга, алдамчылык жол менен акча алган адамдарга кылмыш иштери козголуп, бирок Бакиевдердин бир сөзү менен гана басылып келген иштер бар. Ошол себептүү бул кылмыштардын бардыгынын бетин ачууга бизде кызматкерлер жетишпей жатат. Ошону менен катар учурда өлкө бир калыпка келе албагандыгы, бизди кыскартабыз, жоебуз дегендери биздин кызматка да таасирин тийгизип жатат.
Кылмыштар ар тараптуу. Бажы, салык, газ, шаардын ичиндеги көп ишканалар, соцфонд бар. Кудай билет, балким Финансы министрлигинин өзү дагы бар болушу мүмкүн. Себеби, соцфонддо акыркы беш жылда үч министр алмашса, ошол үчөөнүн тең кылмышка катышы бар болуп чыкты. Газ боюнча Ширшов, Чудинов, Балкыбековдун катышы бар деп айтылганы менен булардын кылмыштары документтүү түрдө бекемделе элек. Бирок өзүнүн убактысы келгенде булардын иштеринин ак же көк экенин аныктайбыз. Мына бүгүн Акмат Бакиевден алты айдын ичинде мамлекетке түшө турган 300 млн сомдук салыгы алынбай калгандыгы боюнча арыз келип түштү. Бул арызга тиешелүү чаралар көрүлүп, иликтенип баштады. Бул ишке бир катар адамдын 15 млн сомун тартып алгандыгы боюнча да маалымат келип түштү. Учурда кылдаттык менен такталып жатат. Бул иштердин баарына убакыт талап кылынат.
- Учурда кылмыш иши козголгон адамдар бирөөлөрдү ортого салып, ишти жаптырууга аракет жасагандар болуп жатса керек?
- Жок. Андайлар азырынча боло элек. Анткени, жетекчилик толугу менен алмашты. Акчага колубуз булганбаган адамдар келдик. Балким ишин жаптырууга көздөгөндөр болушу да мүмкүн. Бирок алар терең жаңылышат. Андан көрө, ошол алган акчаларын бюджетке төгүп коюшса бизге чоң жардам кылган болушат.
Өздөрү келип, күнөөлөрүн мойнуна алышып, кыргыз элине кызмат кылайын дегендердин бардык жактарын эске алып, камакка байланышпаган чараларды көрөбүз. Ал эми күнөөсүн мойнуна албагандарга кечирим болбойт. Дароо камакка алабыз. Мына караңыз, мамлекеттин эсебинен байып, акчаны кайда жөнөтөөрүн билбей, атасынын майда-чүйдө чыгымы үчүн 500 миң долларды бөлүп койгондор бар экен.
- Сартбай мырза, мына ушул баштаган иштериңиздин аягына чыгасызбы?
- Бул иштердин аягы чекит кою менден болсо мен сөзсүз түрдө чыгат элем. Мага келечекте келе турган президент жеп-ичкич эмес боло турган болсо, элдин батасын алам, мамлекеттин кызыкчылыгын көздөйм десе анда баштаган иштеримдин аягына чейин чыгам. Эгерде акчага кызыккан, кандайдыр бир көз боемочулукка бара турган президент келсе баштаган иштеримдин аягына чыга албайм. Чыгалбайм да эмес, кызматымды таштап кетем.
Маектешкен,
Назгүл МАМЫТОВА



Өмүрбек Текебаев үчүн деле кыргыз тили маанисизби?
Конституциянын жаңы долбоору кызуу талкууланып жатат. Ага Өмүрбек Текебаев башчылык кылууда. Өмүкебиз деле Акаев жана Бакиевдерден айырмасы жоктой болуп калды окшойт, дегеним талкууга сунуш талган жаңы Конституцияда 1чи б. 5чи беренесинин 1 бөлүмчөсүндө дагы эле кыргыз тилине болгон кайдыгерликтин айынан талашка түшүп жатат, Менин жеке пикиримде, мен кыргызмын дегендин дээрлик баардыгы баш мыйзамыбыз болгон Конституциябызга кошуналардай болуп эле (Өзбекстан, Таджикстан) "кыргыз тили бул мамлекеттик тил" деп бадырайта жазып ага кошумча болгон 5 берененин 2 бөлүмчөсүндө: "официалдуу тил бул орус тили деп жазуунун кереги жок" деп, так кесе бул маселеге кайрылбагандай кылып жазышыбыз керек. Ушундан улам Текебаев мырзага кантип ишенүүгө болот, же Текебаев мырза 83 окко учкан баатырларыбыздын бирден бир ой мүдөөсү Кыргызстанда бир гана тил мамлекеттик кыргыз тилин каалаганын эсинен чыгарганы түшүнүксүз болуп турат.
Мекендештерим канча жолу ушул маселе боюнча жазып да, айтып да келет, тилекке каршы бийликке келүүчү адамдар кыргыз элинин кызыкчылыгын көздөбөгөн өзүнүн жеке кызыкчылыгын өйдө койгондор кыргыз тилине текеберлик мамиле кылып, анысы аз келгенсип "мен баарына түшүнүктө болуш үчүн орусча сүйлөп коюп" дегендери да дале калбады. Ошол эле 1чи б. 5 беренесинин 3 бөлүмчөсүндө, "мамлекеттик тилди билбегендиги үчүн куугунтукка жана кысымга алынбайт" деген болбогон пунктту киргизип коюшуптур. Бул пунктту такыр эле алып салуу керек, же болбосо ошол сүйлөмдөн кийин жана мамлекеттик тилди билүү зарыл деп кошуп коюшубуз керек. Туура биз башка улуттарды кемсинтпейбиз жана алар менен бирге ынтымакта жашоону уланта бермекчибиз, бирок ошол эле учурда кыргыз элинин тили менен бирге үрп адатын, каада салтын жана тилин сыйласа дейбиз.





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??