Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  РЕДАКЦИЯДАН:

12-мартта Жогорку Кеңештин алдында ар кайсы күчтөр, анын ичинде Нариман Түлеев уюштурган митингдер болуп өттү. Алардын талабы түрдүү болду. Атүгүл, Жогорку кеңешке кирип барабыз деп Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн опузалаган үндөр да жаңырды. Андан соң, түштөн кийин ошол эле жерде Убактылуу өкмөттүн колдоочулары митинг өткөрүштү. Ага катышкан Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары Алмазбек Атамбаевдин сүйлөгөн сөзүн кыскыртуулар менен беребиз.

Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:

"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү"
- "Бакиев менин атам" деп жүргөн Нариман Түлеев инимдин Кыргызстанды башкаргысы бар экен. "Атасы" башкарып, 86 азаматыбызды өлтүргөнү аз келгенсип, эми "баласы" калыптыр башкара элек.
Агайын туугандар, кимдир-бирөө "Кыргызстанда бийлик жок" деп ойлосо, терең жаңылышат. "Биз тартипти орнотобуз" деген жанагы генералдар Бакиевге кошомат кылгандар эле. "Улуттук коопсуздук кызматын Жаныш Бакиевден жакшы эч ким башкара албайт" деп ким айтты эле? Кулов айткан ошентип. Биз муну билебиз. Жанагы генералдардын ар бирине учурунда кайрылган элек. Январда, февралда, апрель айларында, ошол эле Мирослав Ниязовдон "биздин катарыбызга кошул, эгер сен биздин катарыбызда болсоң эч ким бизди ата албашы мүмкүн" деп сурандык эле. Биз ошол эле "каттаниден" (Өмүрбек Суваналиевден) да суранганбыз. Мен айтаар элем, ал "каттани" эмей эле. бир деме… Суваналиевге Рыскелди Момбеков бизге кошул деп он жолу барды. Биз генералдардан "биздин алдыбызга туруп бергиле " деп кайрылганбыз. Алар генералдар эмес. Ага ылайыктуу адамдар эмес булар. Мен Исаковду генерал деп билем. Болбосо, биздин окко төшүн тосуп, курман болгон балдарды генералдар деп айтсак болот. Азыр Түлеев, Мүлеевдердин артында өздөрүн генералбыз деген адамдар турат. Орусиянын ФЗБсынын генералымын деп чыгууда дагы бирөөсү. Угуп кой, эгер сен ошол жакта жашынып жүргөн болсоң, дагы нары тереңирээк бекингин. Сага бул жерде орун жок. Бул деген Кыргызстан. Биздин өлкө. Карапайым адамдардын өлкөсү.
Биз мындан ары өлкөнү тоногонго жол бербейбиз. А алардын баары бай адамдар. Алар байлыктарын уурулук, тонооочулук менен табышкан.
Мен сиздерге айтып коеюн. Биздин азаматтарыбызды өлтүргөндөрдү сөзсүз табабыз. Биз азырынча жети көзгө атарды таптык. Ооба, күч структураларынын ичинде чыккынчылык кылгандар (Убактылуу өкмөткө) болду. Ошон үчүн он күн мурда Роза Исаковна менден коопсуздукту жана тартипти камсыз кылуу боюнча комиссияны жетектөөмдү суранган. Биз тазалоону баштадык. Бул тазалоону акырына чейин жеткиребиз. Улуттук коопсуздук кызматын, Ички иштер министрлигин жана чек ара кызматын да тазалоолорду жасайбыз. Ошондой эле, прокуратураны, финполицияны да тазалайбыз. Ким элдин эркине каршы аракеттенсе, аларга катаал чараларды көрөбүз.
Биздин эл эң сонун , жакшы жашоого татыктуу. Мен биздин элди дүйнөдөгү эң улуу эл деп эсептейм. Куралсыз кандай эл автоматчандарга карай тартынбай барат? Кыргызстандын эли гана!
Биз бир миллиард алты жүз миң сомдон ашык каражатты Камбар Атаны курууга бөлдүк. Биринчи агрегат 31-августта ишке киришет деп ойлоп жатабыз.
Ошондой эле, мындан ары башаламандык болбош үчүн жакында Суу чарба жана ирригация комитетин түзгөнү жатабыз. Бул комитет сугат иштери менен гана алек болбостон, Камбар Атадагы, Токтогул суу сактагычындагы сууларды көзөмөлдөйт. Мындан кийин сууну эч ким уурдай албагандай болуш керек! А сиздерде дайыма жарык болот.
Урматтуу достор! Электр энергиянын иштелип чыккандагы баасы сегиз тыйын гана. Аны жетимиш тыйынга сатканыбыз эле жетиштүү. Мындан ары бааны көтөрүүгө болбойт. Бул деген күнөө! Эгер сиз базардан сегиз тыйынга бир нерсе сатып алып, кайра 70 тыйынга сатсаңыз бул азбы? Орусияга, Казакстанга кымбат сатып, элге арзан электрэнергиясын беребиз. Электрэнергиясына бааларды арзандатканыбыз менен эки жүз сомдон кошулган компенсацияны калтырдык элге. Анткени, бул карапайым эл үчүн акча. Биз аны кайра артка албайбыз.
Кыргызстанда жетиштүү каражат, акча бар. Биз Максим Бакиев Өнүктүрүү фонду аркылуу ар кайсы коммерциялык банктарга салган акчаларын таптык, жыйнадык. Дефицитти тыштан келген акчалар менен жаап жатабыз. Айрымдарын өзүбүз жаптык. Баары бир бизде алты миллиардан ашык акча артып жатат. Керек болсо, мындан да көп болот.
Сиздер түшүнөсүздөр го деп ойлойм. Биз 1-июлдан тарта пенсионерлердин, дарыгерлердин эмес, чек ара кызматкерлеринин жана милийсалардын айлыктарын көтөргөнү жатабыз. Анткени, 7-апрелдеги окуялардан кийин ал балдардын шагы сынып калды. Эки-үч миң сом үчүн эч кимдин өлгүсү келбейт. Биздин чек арабыз болсо, ачык айтканда, тосулбай эле турат. Кайталап коеюн, 1-июлдан баштап, бардык күч структураларынын айлыгын көтөрөбүз.




  Абыке-Көбөш

Куловдун коомчулукка кошкон салымы, саясатка аралашпай койгондугу
Адабиятчылардын, жазуучу акындардын арасында айтыла жүргөн бир сөз бар. Эми ал айла жоктон айтылган сөз да, бирок таасын, таамай айтылган: "Жаман акындын адабиятка кошкон салымы-жазбай койгондугу". Бул сөздү бир аз бурмалап айтсак, "чабал саясатчынын коомчулукка кошкон салымы-саясатка аралашпай койгондугу" болмок. Андай саясатчылардын бири Феликс Кулов. Бир кездеги "темир" генерал "желим" генералга айлангандыгын моюндагысы келбей, 7-апрелден кийинки жеткен "эркиндигине" жетиналбай (чынын айтыш керек, Куловго окшогондор үчүн Бакиевдин режиминин кулашы күтүүсүз болгон) коомчулуктун башын айландырганы айландырган.


Экс-президент Курманбек Бакиевдин тандемдеши, анын авторитардык бийлигинин чыңдалышына чексиз салым кошкон Куловдун кыргыз элинде эмне өчү бар? Эмне ал өз күнөөсүн көрө албаган ушунчалык тайыз адамбы? Же эптеп эле коомчулуктун көзүнө урунуп турса болдубу?
Буга чейинки акылдуусунган сөздөрүнө, билдирүүлөрүнө макул деп келгенбиз, бирок, жакындагы "Akipress" маалымат агенттигинде өткөргөн маалымат жыйынынан кийин Кулов жөнүндө айтчу сөздүн удулу келип тургансыйт.
Ал ошол маалымат жыйынында мага жыйырма миңдей адам келип, "коомдук коопсуздук кеңешин жетекте, болбосо "көрөсүң" деп эле мени шайлап салышты" дейт. Эми Куловдун минтип өзүнө-өзү кызмат түзүп, аты бар заты жок болсо деле мейли, иши кылып бир жерге илешип жүргөнгө маш экендиги мурдатан белгилүү.
Эсиңиздерде болсо керек, Бакиевдин мезгилинде Кичи ГЭСтер дирекциясына жалынып жатып жетекчи болгону айтылган. Атүгүл, мамлекеттен тыйын албай, өзүнүн жеке менчик имаратын мамлекеттик ишкананын кеңсеси үчүн бергендигин ал өзү жакында Москвада берген маалымат жыйыныда айтып чыкты.
А чынында ал ушундай жол менен "жасалма чиновникке" айланып, каада күтүп жүргөн. Бирок, Кулов бир гана каада үчүн эле жасалма мамлекеттик жетекчиге айланды десек жаңылыштык болоор. Куловдун 60 жылдык мааракесине Курманбек Бакиев 90 миң долларлык "жип" автоунаасын тартуулаганы белгилүү. Демек, Куловдун "мамлекеттен бир тыйын албай иштегем" дегени суу кечпейт. Анан да, Бакиевдин былтыркы жылы баштаган реформасынын алкагында, Феликс Куловдун Кичи ГЭСтери премьер-министр Данияр Үсөнов жетектеген өкмөткө карап калган. Кулов менен Үсөновдун "сөөк өчтү" душмандардан экени белгилүү эле. Бирок, "генерал" мындан да жол таап, Кичи ГЭСин Максим Бакиев жетектеген Өнүктүрүү, инвестиция жана инновация боюнча борбордук агенттиктин колтугуна жайгаштырган. Бул да Куловдун чыныгы жүзүнөн кабар берет. Ал муну менен эч уялып койбостон жана генерал экендигине карабастан Курманбек Бакиевдин мыйзамсыз кызматка келген уулу Максимге баш ийип, кызмат үчүн баарына даяр экендигин көрсөткөн. Ал эле эмес, Максимдин кызматка келишине оң баасын берип, мактаган да жайы бар. Бирок, анын кыргыз элине жасаган кыянатчылыгы, эки жүздүүлүгү муну менен эле чектелбейт.
2006-жыл, ноябрь айы. Ала -Тоо аянтында оппозиция уюштурган митингдин сүрүнөн чочулап, Курманбек Бакиевдин аргасы кетет. Элде болсо, Бакиевдин күнү бүттү, Кулов биз тарапка өтсө эле, үйбүлөлүк бийликти кулатабыз деген ишеним болгон. Бирок, Кулов жүз миңдеген адамдардын үмүтүн таш каптырып, премьер-министрлик кызматын сактап калуу менен алектенип, Бакиевге далбастап колдоо көрсөткөн. Натыйжада, Бакиевди кетиребиз деген эл өз максатына жете алган эмес.
2007-жыл, апрель айы. Бу сапар Кулов Бакиевге карата "фронт" ачкан. Бирок, кийин билгенибиздей, ал бул фронтун оппозицияны чилдей таратып, алсыратуу максатында Бакиевдердин көрсөтмөсү менен уюштурганы белгилүү болгон. Андан тышкары, бийлик ок атканда, элди таштап , качып кеткен. Анысы аз келгенсип, эртеси эле өзү менен чогуу жүргөн жаштарды тааныбайм деп чыкканы дале элдин эсинде. Натыйжада, күнөөсүз балдар камалып кеткен. Ошондон кийин элдин шагы сынып, келечекке болгон ишеним жоголгону белгилүү. Карапайым калк бийликке каршы сөз айтуудан чочулап, ага шыктанган Бакиевдер эч кимди эрөөн-төрөөн албай, өз бийлигин чыңдоого батыл киришкен.
Башкасын айтпаганда да, жогорудагы эки факт менен эле Куловдун кыргыз элине жасаган "мамилесин" байкасак болот. Себеби, дал ушул Куловго окшогондордун айынан кыргыз элинин жеңиши улам кечигип келди. Балким, Кулов өз учурунда, тагыраак айтканда, ноябрь митингинде эл тарапка өтүп кеткенинде, апрель окуясында жаштардын каны төгүлмөк эмес. Бакиевдик режимидин запкысынан нечендеген журналисттер, саясатчылар чет элге тентип, куугунтукталмак эмес эле.
Бирок, Кулов бул каталарын моюнуна алып, элден кечирим сурагандын ордуна, баш-аламандыктан пайдаланып, кайрадан саясий аренага келүү аракетин көрүп жатат. Чын-чынында, Кулов типтүү адамдар Кыргызстанды шорго батырып келди. Эми мындан кийин андайга жол бербешибиз керек.
Бетти даярдаган
Заирбек БАКТЫБАЕВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??