Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  КурумУшу

Легитимизация машакаты
(Башы 2-бетте)
УӨтүн башчысы Р.Отунбаеванын 7-майдагы телекайрылуусунда апрель окуясын төмөндөгүдөй мүнөздөдү: "Биздин эл кулчулукка, криминалдык бийликке диктатурага каршы көтөрүлүп чыкты. Узурпаторлор террор жана коркутуу-үркүтүү менен дагы ондогон жылдар бою элди кың эттирбей башкарып турабыз деп катуу жаңылышты. Кыргыз эли --эркиндикти сүйгөн эл болуп чыкты"-дейт Р.Отунбаева.
УӨ бийлик институттарын легимитизациялоодо машакаттуу, татаал, ошону менен бирге кыйла опурталдуу жолду тандап алганын аңдап сезбей коймок эмес. Тандап алган жол-- тайгак кечүүлөрү бар жол экени боюнча алар өздөрүнө толук отчет берип деле жатышкан. Айткандай эле, УӨтүн демократиялык өлкө курууга болгон астейдил аракеттерине каршы чыккан, "сүйгүнчүктүү" К.Бакиевдин режимин астыртадан кайра калыбына келтирүүнү көздөгөн күчтөр пайда болду. Алардын катарына К.Бакиевдин үкалерин, авторитардык бийликтин тушунда ташы жогору кулап мамилекеттик кызматка маарыган чиновниктерди, Жалал-Абаддагы үй-бүлөлүк кландын туугандарын, жердештерин, үй-бүлө менен байланышы бар криминалдык топторду киргизсе болор эле. Алардын ар кандай ара чагымдарды, провокацияларды уюштуруп элди тукуруу менен кырдаалды дестабилизациялоо аракеттерин жасоодон баш тартпай келе жатканын байкоого болот. Айрым реваншисттик күчтөр, атап айтканда коммунисттердин лидери И.Масалиевге окшогондор колдон бийлиги жылмышып чыгып кеткени менен келише албай эски режимдин учурундагы статус-квону калыбына келтирүү үчүн жанын үрөп жатышкан өктөөсүн жашырышкан деле жок. И.Масалиев УӨтүн декрети менен таратылып жиберилген Жогорку Кеңештин ишин "Ак жол", коммунисттер фракцияларынын калдыктары менен 2010-жылдын 20-майында кайра жандандырарын билдирип келип "Убактылуу өкмөт өлкөнү көзөмөлдөй албай калды, Бишкек менен Чүй облусунда гана бейпилдик сакталган, калган региондордо туруксуздук үстөмдүк кылат. Ошондуктан азыркы бийликтин легитимсиздиги бүгүн болбосо, эртең көтөрүлүп чыгат"--деп жылаандын башын кылтыйта баштады. Айрым маалыматтарга караганда таратылып жиберилген парламент (Интернет-форумдарда И.Масалиедин "жогорку кеңеши" боюнча "распущенный парламент"-стало быть аморальный парламент деген ассоциативдик такмазалар пайда болду) президенттин милдетин аткара турган жаңы спикер шайлоону көздөп жатыптыр. Бишкек менен Чүйдөн башкасында стабилдүүлүк жок деп жатканда А.Масалиев жагдайды көз көрүнө көбүртүп-жабыртып элдин башын адаштыруу аракетин жасап жатканы айкын. Бир жагынан А.Масалиевдин УӨтүн легитимдүүлүк маселесине басым жасап жатканы бекеринен болгон жок.
Бет тырмарлыкка барып жаткан коммунисттерден айрымаланып УӨ өздөрүн өткөөл мезгилдин бийлиги экенин жашырбайт. Алар башынан эле бөлүнгөн убакыт карыгандан кийин бийликти эл шайлаган конституциялык органдарга өткөрүп беришерин айтып келишет. Бийликтин легитимдүүлүгү коомдун ишенимине негизденээрин эске алсак УӨтө андай укук бар экенин тануу кыйын. Элдин берген бийлиги чексиз эмес экендиги, ишеним кредити өлчөнгөн гана убакыт үчүн ыйгарылары белгилүү. Муну УӨ жакшы түшүнөт. Ал эми, И.Масалиев башында турган коммунисттерге келсек, К.Бакиевдин режиминин мезгилинде диктатордук бийликти бекемдөөгө түздөн-түз салым кошкон саясый күч катары өздөрүн дискредитациялап алгандыгына байланыштуу аларда элдик ишеним аз. Жок десе да болот. Башкасын айтпаганда, фальсфикацияланган жол менен шайланганын (дайындалганын), ошондуктан Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын ишмердиги мыйзамсыз экендигин, бийликтин чөнтөк партиясы "Ак жолдун" сателлити катары элге каршы мыйзамдарды колдоп добуш берип келгенин жашыруу кыйын. Коммунисттер фракциясы К.Бакиевдин режиминин кылмыштуу иштерине тиешеси бар экени деле талаш туудурбайт. Традициялык электораты болгон пенсионерлер коммунисттерге артын салып кеткени--факты. Булар жөнүндө, элден кол жууп калганы жөнүндө, албетте, И.Масалиев мыдыр сөз айткысы келбейт дечи. Сыягы И.Масалиевдин коммунисттерин бийликти узурпациялап алгандыгы, чагым салып өлкөдөгү кырдаалды дестабилдештирүүгө аракет жасаган деструктивдүү күч катары алардын люцтрациялык мыйзам кабыл алып тизгини тартылып коюлса, саясый процесстен четтетүү иш чаралары башталса артыкбаштык деле болбос эле деген ой келет. "Жыгачтын жумшагын курт жейт" деген ылакап сөздү ар дайым эске сактап жүрүү жөндүү болор.
УӨтүн машакаттуу жана ошол кезде опурталдуу жолду тандап алышынын чоо-жайын алгылыктуу жүйөлөр менен вице-премьер Т.Сариев ынанымдуу далилдеп берди деген ойдобуз. Т.Сариевдин көз карашына караганда УӨ конституциялык реформаны баштоо менен эски эрежени (правила игры) алмаштырууга жетише алды. Элден мурун президентти шайлап, андан кийин гана мамлекет башчысына ылайыкташылган, жеке керт башына кызмат кылган Конституцияны кабыл алуу кандай натыйжаларга алып келерине көзү жетип, өкмөт эскинин ачуу сабактарын кайталабоого аракет кылып жатканын көрүүгө болот. Элден мурун Конституцияны кабыл алып андан соң ошо баш мыйзамга ылайык парламент менен президентти шайлоого баруу максатка ылайык келет деп эсептейт Т.Сариев. Анын айтымында, "Биз, Убактылуу өкмөт, катачылыктарды кетиргенибизди, кемчилик-мүчүлүштүктөр болгонун жашырбайбыз. Асыресе, кемчиликтерди колдон келишинче жоюуга аракет кылып жатабыз. Биз биринчи кезекте мыйзамдын үстөмдүгү орношу зарыл экендигин жарыяладык, мыйзамдын алдында баары бирдей жоопкер болушу кажет деп эсептейбиз. Саясатта граждандардын укугу менен эркиндиги кастарланышын жарыя эттик. Калыс, айкын, ачык шайлоолор аркылуу эл алдында жоопкер легитимдүү бийликти түзүүнү көздөп жатабыз"--дейт Т.Сариев. Канткен күндө да УӨтүн тилеги жакшы экенине, ымандай сырын жашырбай ачык айтып турганына күмөндүк кылууга болбостур.

Үсөн Касыбеков




ПРЕЗИДЕНТТЕРДИН ЧЫККЫНЧЫЛЫГЫ
7-апрелден кийин биз чек-ара бөгөттө турабыз, аны кошуналар кааласа алып, кааласа кайта коюп коет. Өз таалайыбызды өзүбүз ачып, өз киндигибизди өзүбүз кесип жалпы кыргыз, кыргызстандыктар Убактылуу өкмөттүн айланасына биригели, парламенттик биринчи мамлекетти орнотолу. Убакыт аз, учкан куштай закымдап күтпөйт. Чечүүчү кезеңде алдыдагы референдумга, күзүндөгү шайлоого өз ыктыярыбыз менен катышып укугубузду колубузга кармайлы.


СССР убагындагы жана азыр деле кошуна республикалардын биздин уникалдуу курорттук жаратылыш байлыктарыбызга зор кызыкчылыгы күч алып турат. Алардын мындай кызыгуулары биздин өз жаратылыш байлык ресурстарыбыздан, жерибизден аларга болгон ээлик укуктарыбыздан айрылып калуубузга алып келип жаткан десем жаңылбайм. Буга негизги мисалдардын бири болуп 2008-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңеште чечилген Ыссыккөлдө жайгашкан 4 пансионатка Казак Республикасынын ээлик укугун таануу боюнча өкмөттөр ортосунда 2006-жылдын 4-июнунда кол коюлган Макулдашууну ратификациялоо жөнүндө Мыйзамдын кабыл алынышы, жана ал мыйзамды азыркы кылмышкер, мурдагы Президент Курманбек Бакиевдин бекиткени саналат. Ушул иш жана Каркыра жерин сыртка берип салуу боюнча адилетсиз иштер бүт оппозиция адамдарын, бүт атуулдардын терең нараазычылыктарын туудурган. Нааразычылык Ыссык-Көлдө Түп жүрүшүнө алып келип, аны чагымчылык менен кылмыштуу бийлик зордоп таркаткан.
Мурдагы Президент К. Бакиевдин бийлиги ушундай жолдор менен Кыргызстандын 4 пансионатка болгон элдик жана мамлекеттик укугун, башкача айтканда, мамлекеттик - м щ л к т щ Казакстандын ээлик укугуна а к ы с ы з өткөзүп берген. Бул ишти жүзөгө ашыруу максатында артыкчалуу өнүгүүчү курорттук-калыптандыруучу туристтик обьекттерге өлкөнүн укук ээлигин коргоп, аны орнотуунун ордуна К. Бакиев кайта улуттук кызыкчылыкка чыккынчылык жасады. Үйгө кайтабыз, коңшулар менен биргелешебиз деп чакырык жасап, жеке бийлигин орнотуу үчүн коңшу мамлекеттин колдоосун колго алып, өз мекенинин ээлик укугун курмандыкка чалды бул Курманбек. Ошол 2008-жылы Жогорку Кеңеште талкуу учурунда бул маселеде элди адаштырып, пансионаттар казактардын акчасына курулган деген жалган түшүнүктү чынга айлантып, баарыбыздын оозубузду жаап, чоң аракет болгон! Ал эми, келишимге тиешеси жок жер маселесин узакка "Ак жол" депутаттары талкуулап, жер тилкелерин ижарага берип кыйраттык дешип элди алдашты.

(Уландысы кийинки санда)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??