Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Приветик, госпожа Давлетбаева!

"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн төрайымынын орун басары А.А.Бекназаровго!
Урматтуу Азимбек Анаркулович!
Бакиев бийлиги эркин басма сөздү муунтуусу "Алиби" гезитин миллион сом айып пулга жыгуудан башталганын унута элек болушуңуз керек. Эгерде биздин соттор саясатка аралашпай, жалаң мыйзамды пир тутуп иштешкенде балким Кыргызстан бул убакка чейин накта мыйзам сыйлаган нукура демократиялык өлкөгө айланып, экономикасы гүлдөгөн, эли тентибеген, илим-билими, маданияты башка элдерди суктандырган кыздын куурчагындай өлкөгө айланмак.
Бирок, эми да кеч эмес. Бакиев заманында калыстыктан кетип, акты кара деп жыйынтык чыгарган тергөөчүлөрдүн, судьялардын бир-экөөсүн тартипке чакырып койгонго саясий эркиңиз жетээр бекен? Же үйрөнгөн үйүрүңүзгө кайра барып кошулдуңуз, карга "туугандарыңыздын" көзүн чукугуңуз келбей калдыбы? "Алиби" гезитин муунткандар кимдер эле деп эсиңизге келбей жатса, дагы бир жолу эсиңизге салып коёлу.
Гезиттин кожоюну, жеке ишкер Таалайбүбү Абдырасулованын терең ишениминде, 7-апрелдеги элдик революция анын гана эмес, бүтүндөй кыргыз элинин , анын ичинде Сиздин да демиңизге дем, күчүңүзгө күч кошуп, эң негизгиси - адилеттикке ишенимди бекемдеди.
"Алибиге" чабуулду Бакиевдер Жаныш Бакиевдин чычкактай студент баласы Асылбек Салиевдин колу аркылуу жасашканын эң жакшы билесиз. Жол кырсыгынын айынан курман болгон адамдардын укугун коргойбуз деп алардын жайган торуна чалдыгып калганыбызды жалпы журт жакшы билет. -Ушул чабуулду уюштуруучулар, аткаруучулар, ал гана эмес "кошоматка кой сойгондор" да тиешелүү жазаларын алууга тийиш, бул кийинки тарыхыбыз үчүн башкаларга сабак болууга тийиш,- дейт гезит ээси Т.Абдырасулова.- Убагында биз көргөн кордукту, журналисттер тарткан азапты, сөз эркиндигин муунтууга "салым кошкон" тергөөчүлөр, судьялар, ал турмак тилчи-окумуштуулар да жон терилери менен сезишсин.
Убагында Бакиевдердин камчысын чаап, "Алибинин" көзүн тазалоо операциясын иш жүзүнө ийгиликтүү ашырган, киллер судья атка конгон Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун судьясы Мадина Давлетбаева (бүгүн ал Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары), Бишкек шаардык сотунун судьялары К.Абдрахманова, Ө.Закиряев, Л.Фахридинова, Жогорку соттун судьялары А.Ажибраимова, Б.Жаманкулова, Ф.Жамашовалар өз ордуларында иштеп жатышабы? Судьялык абийирлерин, ар-намыстарын ойготууга, мыйзамды коргоп алууга жарабаган "судья сөрөйлөр" бүгүн деле кимдир бирөөлөрдүн тагдырын "Алибиникине" окшотуп чечип отурушса керек?
Бакиевдерге төрт бүгүлүп, алардын артын жаламак түгүл, чопулдатып өпкүлөп, "эксперттик корутунду" жазып берген Кыргыз Илимдер академиясынын тил институтунун директору К.Коңкобаев, профессор Т.Ахматов, илимий кызматкер М.Толубаев дагы деле өздөрүн "улуттун каймагы" катары сезип жүрүшөбү?
"Алибинин" башкы редактору Бабырбек Жээнбековду чөгөлөтүүгө бардык күч - аракеттерин жумшап, анын үстүнөн кылмыш ишин козгоп, Бишкек шаардык кеңешине депутаттыкка талапкер экендигине карабастан "Законуңду урганым жок" деп дөөгүрсүп, тергөө изоляторуна эки күн камап, "мышык-чычкан" ойногон Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин тергөө боюнча орун басары Бегалы Пирманов менен тергөөчү Турат Байчаевдер аман-эсен эле мурдагы кызматтарында иштеп жатышат деп угабыз. Ушундан улам Убактылуу өкмөткө, анын төрайымынын орун басары Сизге, ошондой эле өкмөттүн мүчөсү катары ошол эле Бабырбек Жээнбековго суроо бергибиз келип турат:
1.7-апрелдеги элдик революция абийирин, адамдык касиеттерин Бакиевдерге сатып жиберген жогорудагыдай кошоматчылар мурдагыдай эле майлуу-сүттүү орундарда иштей берсин деп жасадыбы? Буларды 7-апрель күнү шейит болгон 86 эр азаматтын арбагы уруп кетпейби?
2.Жогоруда аталган кызмат адамдарынын иш аракеттеринде КЖКнын кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу (304-берене), кылмыш ишин мыйзамсыз козгоо (321-берене), күнөөсүз адамды билип туруп кылмыш жообуна тартуу (322-берене), мыйзамсыз камакка алуу (324-берене), билип туруп мыйзамсыз өкүм, чечим же башка соттук токтом чыгаруу (328-берене), билип туруп жалган корутунду берүү (33-берене) сыяктуу кылмыш белгилери турса да, алиге чейин жоопко тартылбай жаткандарын кандайча түшүнүүгө болот? Жок дегенде административдик жазага тартып койсо болбойбу?
3."Алиби" гезити бир гана анын ээси Т.Абдырасуловага же анын ошол убактагы башкы редактору Б.Жээнбековго эле эмес, бүтүндөй кыргыз элине тиешелүү, алардын көйгөйүн чагылдырып, укуктары менен кызыкчылыктарын коргогон улуттук гезит болучу. Ошондуктан жогоруда аты аталган Бакиев заманынын "баатырлары" бүтүндөй кыргыз элине зыян келтирип, улуттун кызыкчылыгына доо кетирген адамдар катары өз бааларын алууга тийиш.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ.




  Абийир таразасы!

Ата-Мекен бүтүндүгү, Улуттук биримдик, Ар-Намыс, абийир үчүн баарына чыдап, Улуу Жолду улантуучу Элиме жана жараткан Теңириме түбөлүк таазим!

2002-жыл. 17-март!
2005-жыл. 24-март!
2010-жыл. 6-7-апрель!
Мен үчүн бул күндөрдүн баасы өтө оор жана бийик! Албетте, бул окуянын баасын ошол учурдагы болуп өткөн окуяларга түздөн түз катышып, окуянын маани-маңызын жан дүйнөсү менен сезип, туюп, жүрөгүнөн жүз ирет өткөрүп, толгонгон гана кыргыз атуулу билээр.
Бул окуялар тууралуу далайлар айтты, жазды. Дагы айтылат, жазылат. Аксы окуясындагы элдик жеңиш менен апрелдеги элдик жеңиштин коондой окшоштугу, дегеле 2000-жылдан берки болуп жаткан бардык саясий процесстерге оппозициянын же бийликтин катарында эмес, элдин арасындагы жалындаган патриот азаматтардын арасында жүрүп катышкандыгым үчүн улуу чындык жана абийир ушул макаланы жазууга мажбур кылды.
Бул макала саясат менен көркөм сөздүн кыраатын келтирген илим-билимдүү улут-каймактарынын эмес, жөнөкөй эле кыргыздын бир (балким миңдеген) атуулунун жүрөгүн эзген жан сыры деп билиңиздер.
Ушул күндөр кыргыз тарыхына өзгөчө жаны түс берген, жаңы кылымдын алтын барактары болуп калды. Кыргыз тарыхын, табиятын таназар албаган батыш менен чыгышты, түндүк менен түштүктү түрө ооз ачтырган ушул окуялар дүйнөгө дүрбү салган БУУ, АКШ "андан ашсам аштым кем калбасмын"-деп алдын торой ат салган Россия, ЕККУнун төрагалык милдетин өтөп жаткан баурдас Казакстанды баш кылып бул жолу кааласа, каалабаса да кыргыз саясатына көңүл бурууга мажбур кылды. Калкынын каарына калып жан далбаска түшүп, элге да, жерге да батпай калган канкор падышанын кылын кыйшайтпай тарыхый элдик жазадан сактап, колдон сууруп кетүүгө шашылышты.
Табиятынан куулук шумдук оюнда жок айкөл, адилеттикти, абийир менен ар-намысты туу туткан мекенчил карапайым эл бүгүнкү күнү баарына кайыл болсо да канкорду кармап калуу үчүн "баа!" дегенге жарабаган Убактылуу өкмөттү жарга такап турган учуру.
Ансыз да күтүүсүз колго тийген бийликти эбине келтире албай эси ооп турган Убактылуу өкмөт мындан ашыкча эч нерсе кыла алмак эмес. Эгер Бакиевди Убактылуу өкмөт кармап камакка алса, же элдин колуна салып берсе бул өкмөттү эч бир абройлуу өлкө таанымак эмес. Тескерисинче бардык тараптан кысымга кабылып, "туулбай туна чөкмөк". Муну саясатка тиш салган ар бир адам түшүнөт. Саясий, коопсуздук кырдаал мындан да кыйын болмок. Себеби, саясатта жазылбаган мыйзамдар бар. Мындай тагдыр ар бир падышанын башына түшүп калышы ажеп эмес. Мисалы, биз суктанган Сталиндин бийлигин бүтүндөй улут каймактарын садага чапкан поляктар кулатса, же Т.Айтматов, К.Тыныстанов баш болгон кыраандарыбызды кырып салганы үчүн биз кыргыздар кулаткан болсок, анда тарых башкача жазылмак. Бирок Бакиевди жана анын жан-жөкөрлөрүн эле эмес Акаевди да кармап Аксы окуясы боюнча акыйкат териштирип тиешелүү жазага тартуу алдыда кайсыл бийликтин болбосун, ириде Убактылуу өкмөттүн биринчи милдети бойдон кала берет.
"Мен президент болом"-деп үмүт кылып шайлоого ат салууга ниет кылган ар бир азамат коомдук тартипти камсыз кылууга, мамлекеттүүлүктү кайтарууга, шайлоонун ачык айкын, калыс өтүшүнө сөз менен эле эмес баш оту менен конкреттүү иш чараларды жасоо аркылуу жардам берүүгө милдеттүү. Ушул Убактылуу өкмөт башында турган Бириккен элдик кыймыл болбосо алар үчүн шайлоо жана президенттикке ат салышуу жөн гана кыял, иллюзия бойдон кала бермек. Себеби кандай айткан күндө да элдин көтөрүлүшүнө себеп болуп, башкалардай качып кетпей, же бийликтин колтугуна кирип, чыгып эки жүздүүлөнбөй эл үчүн туруп беришти. Бирок Убактылуу өкмөт айкөлдүк кылып бардык атаандаштарга бирдей шарт, мүмкүнчүлүк түзүп, саясий кызганычты токтотуп, акыйкат шайлоону камсыз кылууга милдеттүү. Мындан ары күч менен бийликти сактап калууну жана шайлоодо административдик ресурсту пайдаланууну көздөө кыянаттык экенин соңку кырдаал толук далилдеди.
Балким жалпы жарандык коомдун интеллектуалдык көрөңгөсү, саясий деңгээли Бакиевдин саясий жана адамдык аурасын баалоого алсыздык кылгандыгы үчүн президент кылып шайлап алдык.
Кандай болсо да академик Акаевдин башы менен баштап, башкарма Бакиевдин колу менен кыргыздын ырыскысын каалагандай кыркып жеген жүүттөрдүн жана жүүт жыттанган жүзү каралардын жумурун толтуруп келдик.
(Уландысы кийинки санда)

Саркулов Баялы Кадырбаевич.
Чуй областы. Москва району.
Садовое айылы





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??