Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
Экономика, Каржы, Маданият, Ички иштер, Тышкы иштер министрлиги десе түшүнөсүң. Жаштар министрлиги десе акылга толук сыйбаган, бөйрөктөн шыйрак чыгаргандай көрүнүш пайда болду. Кырдаалдан пайдаланып бир имарат ээлеп калалы деген айрымдардын кызыкчылыгы теменени капка катса деле болбой оркоюп жатпайбы. Ушундан улам жаштарга же жаштар министрлигин уюштурам дегендерге суроолор пайда болот экен.
1. Жаштар министрлигинин функциясы-?
2. Жаштар министрлигинин максаты-?
3. Жаштар министрлигинин зарылдыгы-?
4. Жаштар министрлигин түзүү идеясы Конституцияга шайкеш келеби-?
Сунуш катары айталы: Министрлик түзүүдөн мурда агенттик же комитет ж.б.д.у.с. типте уюштуруп 4-5 жыл иштетип, кылган ишинин натыйжасына карап, анан министрлик деңгээлине көтөрсөк деле жетишебиз го. Ансыз да экономика очорулуп, элибиз тышкы карыз менен жан багып турганда, эрдигибизди колко кылгандай болбойлучу. Же жеңиштин эйфориясы менен экономикалык - саясий кризис "ерунда" көрүнүп турабы.




Коңулда жаткандар кожоюн боло баштады
2005-2006-жылдардагы оппозициянын Бакиевдер менен болгон алгачкы "кармаштарынан" кийин эле коңулга кирип кеткен Тургунбек Кулмурзаевди Убактылуу өкмөт Саламат Айтикеевдин ордуна "Кыргызгаздын" жетекчилигине дайындады. Бирок, ал 2009-жылы Чүйдүн дүжүрлөрү менен Бакиевдин кабылдоосунда болуп, "шайлоодо - Чүйдөн сизге жүз пайыз" деп убада бергендердин катарында болгон. Тургунбек Кулмурзаев, Кеңешбек Дүйшөбаевге окшогондорду кызматка дайындоо менен Убактылуу өкмөт өз кадырын кетирип жаткандыгын неге эске албайт?




"Ак жолчулар" партбилеттерин айрый башташты
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, "Ак жол" партиясынын кадырлуу мүчөлөрүнүн бири болуп келген Аскар Салымбековдун партиянын мүчөлүгүнөн чыккандыгы белгилүү болду. Ал бул чечимге өлкөдөгү саясий кырдаалды курчутпоо максатында барган имиш. Ал эми кайсы партияга барат, азырынча белгисиз. Бирок, дал ушул Салымбеков жана анын башка шериктери Акаевдин бийлиги кулаганда, "Алга, Кыргызстан" партиясын тез эле сатып, Бакиевдин "Ак жолуна" мүчө болушкан. Эми Бакиевдер бийликтен кеткен соң, "Ак жолдон" да чыккандыгын жар салып отурат. Биздин божомолубузда, "Ак жол" партиясынан чыгып, партбилетин "айрыгандар" Салымбеков менен эле чектелбейт. Старт берилди, эми "акжолчулардын" баары четинен башка партиялардын катарын толуктай башташат деп түшүнгөнүбүз туура.




Бир ууч кыргыз бир муштумга бириксек
Өлкөбүз дегеле тынчыбай койду. Мунун себеби белгилүү эле. Эки президентти тактыдан таш менен уруп кубалап түшкөн кыргыз эли чыныгы демократ экендиктерин көрсөтүп койду. Акаев тактан кулаганда элдин баарында "эми жыргайбыз" деген ишенич абдан күчтүү эле. Дароо эле Бакиевди такка отургузуп иш баштатып, сындап көргөндө, ал тим эле элдин мүдөөсүн эртең эле жасап, жыргатып жибере тургандай көрүнгөн. Анча-мынча жыйында жыгылып-кулап жыйналыштагыларды ордунан тургузуп, "сендейлер менен иштешпейбиз" демиш болуп, бөөдө башын ылдый кылып жиберген байкуш Арстанбек Ногоевди жаш баладай оюнга алып элге жакшы көрүнгөн. Байкуш болуп берген үчүн Ногоев бийликтин майлуу-сүттүү жерлеринде отурду. Мына ушуга окшотуп элди алдоо болбой калды. Азыркы Убактылуу өкмөттөн үмтөткөндөр да, үмүтү өчкөндөр да арбын. Бирок, жашоо менен келечектен азырынча үмүт өчө элек. Өлкөдөгү айрым баш аламандыктарды, элдин талабын колдорунан келишинче аткарып жаткан буларга деле рахмат айтып туралы. Кантсе да, жалпы эл эч кимисине ишеним кылып моюндарына жүк арта элек. Саясый туруктуулукту, ич күптүсү күчөгөн кайсыл бир топ, ортодо Кыргызстандын бөлүнүп, жок болуп кетишин гана каалап тургандардын баш аламандыгы менен гана алпурушуп жатыры. Азыр кыргыздын камырдан кыл сууругандай кырдаалдан чыгып кете турган, акыл калчап, айкөлдүгүн көрсөтөөр мезгили керек болуп туру. Бул учур кыргыз менен, кыргызга душман чыккан топторго каршы күрөш кыла турган мезгил экени ачык билинип жатат. Ушул багытта ой-жүгүртө албасак, өз өлкөбүздү өзүбүздүн мыктылар башкарсын дебесек, баш аламандыктын кесепети баарыбызды же орус же өзбек менен казакка башкартып кала турган жагдай түзүлүп калышы мүмкүн болуп баратат. Бир тууган казактар азырынча чек аймактарын ачпай жатат. Орус тарап далысын салып, "Кыргызстанды эмне кылуу керек?" деген сөздүн айланасында алпурушуп жатат. Ойлонуп, бир ууч кыргыз бир муштумдун кочушуна бириге калбасак, бизге Обама менен Медведев же Нураке чын дили менен кыргызга күйүп, тынчтыгыбызды орнотуп бербейт. ,




Элди тандоо укугунан ажыратпагыла
Учурда Убактылуу өкмөттүн төрайымынын орун басары, Өмүрбек Текебаев баштаган жумушчу топ Конституциянын долбоорун даярдоонун үстүндө. Буга чейин белгилүү болгондой, Конституциянын жаңы варианты 20-майда даяр болушу керек. Жаңы долбоор боюнча Кыргызстан жергиликтүү элдин менталитетине негизденген парламенттик башкаруу системасына өтмөкчү. Ал эми жалпы элдик референдум 27-июнга белгиленген. Бирок, жумушчу топ даярдаган Конституциянын долбооруна сын пикир айткандардын саны күн санап өсүүдө. Убактылуу өкмөттүн ичинде да бирдиктүү пикир жок. Өмүрбек Текебаев, Алмазбек Атамбаевден айырмаланып, Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков Кыргызстанга күчтүү президенттик бийлик керек деп эсептейт. Чындыгында эле, жалпы элдик референдумга Конституциянын бир нече долбоору коюлганы дурус болмок. Анткени, референдумда эл Убактылуу өкмөттүн даярдап жаткан долбооруна каршылыгын билдире турган болсо, анда дагы Конституциялык талаага кире албай убара тартабыз. Референдумга парламенттик, президенттик жана аралаш башкаруунун долбоорлорун коюп, шайлоо өткөргөнүбүз туура болмок. Себеби, парламенттик өлкө болобуз деген Убактылуу өкмөт жалпы элге өз пикирлерин гана таңуулап, элди тандоо укугунан ажыратып жатышкандай.




Биз жаңыча жашагыбыз келет
Айрым кыймыл, коомчулуктун Убактылуу бийликке ишеним көрсөтпөй жатканын "Ак ниет" жаштар кыймылы билдиришет. Бул жаштардын баамында, убакыттан пайдаланып, өлкөдөгү баш аламандыкты жаратууну көздөгөндөр 17-майда митинг өткөзүү аракеттерин жасап жатышкандыктары жөнүндө имиш сөздөр жүрүүдө. Бирок, "андайга жол бербейли" деп кыймылдын жаштары элге кайрылышат.
- Биз Убактылуу өкмөттүн саясатын колдойбуз. Азыр өлкөбүздүн биримдигин, көз карандысыздыгын далалат кылган көп күчтөрдүн баш көтөрө баштагандыгы туурасында имиш сөздөр чыгууда. Чагымчылыкка алдырбайлы,- деди "Ак ниет" жаштар кыймылынын өкүлү Даир Кенекеев.
Кантсе да жаштардын коомду өзгөртүүдө, кармоодо зор күч экени шексиз. Эми ушул жаштар өздөрү "жаңыча жашагыбыз келет" деп айткандай, өлкөбүзгө жакшы жагынан жардам берет деген үмүт зор.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??