Бакиевчилер өлкөгө бүлгүн салуу аракетинде
Кечээ мурунку президент Курманбек Бакиевдин беш жүздөй тарапкери облустук администрацияга кирип барышкан. Алардын катарында Оштун мурунку губернатору Мамасадык Бакиров орун басарлары менен бирге болгон. М.Бакиров администрацияга кирип келгенде, губернатордун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кагылышууга жол бербөө максатында кайтаруучуларынын коштоосу менен имараттан чыгып кеткен. Милиция кызматкерлери да митингчилерге тоскоол кылбай четтен карап турушкан.
Буга чейин эле Бакиевдин Кыргызстанда калган "куйруктары" биригип, өлкөдө башаламандык баштоого аракеттенип жатышкан.
Бирок, убактылуу өкмөткө каршы ар кандай күчтөр биригип жатканы менен алардын максаты ишке ашпай турганын, Убактылуу өкмөт өлкөдөгү кырдаалга бүлүк салынышына жол бербей тургандыктарын билдиришти.




Нариманга намаз окутушабы?
12-майда Бишкектин эски аянтында Нариман Түлеев уюштурган митинг өткөн. Кийин белгилүү болгон маалыматтарга караганда, Түлеев ар бир кишиге кеминде миң сомдон тараткан экен. Чогулган элди көрүп үрөйү учкан эл, түнү менен жеке менчик дүкөндөрүн жана башка соода жайларын кайтарып чыгышты. Ошондон бери, "Нариман Түлеев эмне үчүн элдин кыжырына тийип, шаардын тынчтыгын бузуп жатат? Шаарды сүйгөн адамдын кылаар иши ушулбу" деп редакцияга телефон чалгандар жана редакцияга келип аны ашата сөккөндөрдүн саны арбыды. "Же Түлеев дагы эле "Курманбек атасын" алып келүүгө аракеттенип жатабы, эгер мындай кылыктарын токтотпосо, дагы митинг өткөрүп шаардын тынчтыгын бузчу болсо, өзүбүз Наримандын намазын окутабыз" деп шаардыктар тиш кайрашууда.




Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
"Аюу", "Арвин", "Ак Каз", "Агропищепромдун" кызматкерлери менен жумушчулары өлкөбүздөгү эң ири деп эсептелген ишканалар, 7-апрелдеги саясий окуядан бери негизсиз жабылгандыгына нааразылыгын билдиришип, тынчтык митингин ордо калаабызда, Токмок, Балыкчы шаарларында жана Сокулукта өткөзүштү. Сокулуктагы митингге 500-700гө чукул адам катышып, колдоруна "Роза Отунбаева, биздин балдарды ким багат?!","Ишкерлерге куугунтук токтотулсун!","Элдин биримдиги сакталсын!" деген сыяктуу ураандар бар эле. Чындыгында бул жумушчулардын нааразы боло турган жөнү бар экен. Анткени, жогоруда аталган ишканалар бир айдан бери үстөккө-босток текшерүүлөрдөн улам жабылууга аргасыз болуп, эл ишсиз, отуруп калган. Алар Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары А. Атамбаевге кайрылуу жөнөтүшүп, талаптары 20- майга чейин аткарылуусун өтүнүштү. Кайрылууда бир эле "Аюу" компаниясы колунда жокторго, майыптарга, балдар үйлөрүнө, согуш жана эмгек ардагерлерине ар кандай жардам берип келери, ушундай эле алгылыктуу иш Сокулук районундагы унутта калган Советтер Союзунун үч Баатыры Г. Пантелеев, П. Свечников жана Л. Царенкого айкел тургузулгандыгы айтылат. "Ай сайын 15-16 млн сом өлкөнүн казынасына салык төлөп келген "Аюу", 2010-жылдын башында ачылып, үч айдын ичинде 936 миң сом төккөн "Агропищепром" ишканалары кимдин куйругун басты же алардын бизнесине бирөөлөр кызыктарбы?" деген суроолор туулбай койбойт. Кандай болгон күндө да заводдун кызматкерлери менен жумушчулары 20-майга чейин негизсиз текшерүүнү токтотпосо, ар кандай иш-чараларды өткөзүүгө даяр экендигин баса белгилешти.


АЛИБИ
Борбордук Шайлоо комиссиясынын төрагасынын милдетин аткаруучу Акылбек Сариевге
Маалымдайбыз
"Алиби" саясий-укуктук гезити ушул жылдын 27-июнунда өтүүчү жалпы элдик референдумдун үгүт материалдарын гезит бетине чагылдырууга даяр экендигибизди билдиребиз.
Гезит бетине жайгаштырылуучу материалдардын бааларын сунуштайбыз:
1-8-9-беттер (түстүү) - 45 000 (кырк беш миң) сом;
2-3-4-5-6-7-беттер (түссүз) -30 000 (отуз миң) сом;
10-11-12-13-14-15-беттер (түссүз) -20 000 (жыйырма миң) сом;
16-бет (түстүү) -25 000 (жыйырма беш миң) сом.
Атайын чыгарылышты даярдоо келишимдик баада.




Акаев элге ак урсун, Бакиевди кан урсун
Биз канткенде укуктук талаага киребиз деп келебиз, анын бирден бир жолу мурункуларга саясий, социалдык жана укуктук баа берилмейин укуктук талаага келе албайбыз. Мисалы: Алгач Акаевди баш кылып экс президент деген наамын алуу менен бирге, кол тийбестигинен ажыратып, Кыргызстанга тез аранын ичинде алып келип, күнөөсүнө жараша сот жообуна тартмайын, азыркы бийликтин жогорку тепкичине келүүчү адамдары дагы мамлекет үчүн оор кылмыш жасап, эч нерсеге жооп бербей Акаев, Бакиевчесинен куйругун түйүп качып кетпейт деп ким кепил боло алат. Ошон үчүн Азимбек Бекназаро өткөндө кабар маалымат агентинин жыйынында туура жана так маалымат бергендей болду, "Акаев качпастан келсин дагы, эгер ак болсо сотто күнөөсүз экендигин далилдеп берсин" деп.
Болбосо бүгүнкүдүй Акаевдин эрке кызы Бермет келип кабар маалымат агентине маалымат берип каалаганын жазай берет. Бермет Кыргызстанга дагы бир келди. Аны "Айгай" гезити 06.05.2010 жылы басып чыкты. Анда атакеси тим эле укмуш жакшы иштеп, кыргыз элин жыргал турмушка бөлөп коюптур, ошону менен бирге атасынын кылайган дагы күнөөсү жок имиш, андан ары кыргыз элине бир топ акыл насаатын айткысы келиптир. Ал эми канкор Бакиевдерди тез арада кармап келип сот жообуна тартпаса окко учкан баатырлардын ата-энесинин, бир туугандарынын жана жубайларынын көксөөсү суубай көкүрөктөрүндө кан катып турганы да жакшы эмес. Убактылуу бийликке эл ишеним артып турган чакта, ошол ишеничтен кетпей, тез арада Бакиевди баш кылып, калган канкорлорду төш кылып, алып келип сот жообуна тартмайын эл арасы тынчыбай калды көрүнөт.




350 миң доллар кимдин чөнтөгүн кампайтты эле?
12-майда айрым маалымат каражаттарында Бакиевдердин качып кетишине көмөк бергендиги үчүн Роза Отунбаева менен Алмаз Атамбаевге Максим Бакиев акча которуптур деген маалыматтар чыккан эле. Ал маалыматтарда Р. Отунбаеванын банктагы эсебине 200 миң доллар, ал эми А. Атамбаевдин эсебине 150 миң доллар түштү деген маалыматтар болгон.
Бул боюнча улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет билдирүү таратты.
Анда бул чагымды мурунку президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев эл аралык мафиядагы байланыштарын колдонуп, Убактылуу өкмөт мүчөлөрүн каралоо үчүн жасаган деп айтылат. Бакиевдер Убактылуу өкмөттү каралоо жана алсыратуу максатында баардык мүмкүнчүлүктөрдү колдонушууда.