Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

  Жети өлчөп, бир кес

"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
Жаңы замандын жаңы Конституциясы жети өлчөнүп жаткан кези. Бул ишке оң жээк, сол жээк дебей жапырт аралашып, түндүк көтөрүлүп жаткандан кийин бирден уук сайып калалы деп жардам берип, ак дилден сунуш айтып жаткандар көп. "Эрке кыз туруп сиет" болуп тескери пикир айтып жатышкан куу чирендер да бар. Алар билбей айтып жатса мейли-мээсинин жеткени ошол деп Кудай кечирээр. Бирок билип туруп тескери басып, уук сайып, аны керегенин башына байлай салыштын ордуна, түндүктү түртө салып, жаткандарды да Кудай жазаласын, калың элдин кусуру урсун. Жаңы баш мыйзамды мындан ары жамачы кылбай, улам жаңы келген Президентиби, же Жогорку Кеңешиби -үзө тартып үзүк-үзүк кылбай, жыра тартып көкбөрү кылбай, ийине келтирип иштеп чыгып, аныбыз бери дегенде 5 президенттин "башын жутуп, турмушмбуз оңолуунун артка кайтпас даңгыр жолуна түшүп алса, балким жашоо турмуштун жаңы жагдайлары өзгөртүү-толуктоолорду талап кылаар. Анан ошондо барып Конституциябызды оңдойбузбу, кайра жазабызбы- мезгил өзү айтаар эле. Конституциясы жок Уулу Британия деле канча кылым жапжакшынакай өнүгүп-өсүп келип, мына эми жаңы жагдай түзүлүп, салттуу делген 2 партия жеңишке жетишпей калды эле, үчүнчү партия менен ынтымакка келе коюшуп, жол таап алышты. Эми алардын алдында унитардык эмес, конфедерациялык мамлекет түзүү зарылчылыгы келип чыкты окшойт. Шотландия, Түндүк Ирландия, Уэльс аймактарынын маселеси эми бышып жетилгендей. Ушул сыңары Коституциялык Кеңешмеге кирген 75 адам, андан сырткары саясий партиялар менен ар кыл багытта иш жүргүзгөн коомдук бирикмелер, жалпы эл жаңы Конституцияны алынын жетишинче талкуулап жатат. Убактылуу өкмөт сунуш кылган долбоор сыягы шала-ботосу чыгып оңдолуп-төзөлүп, Текебаев өзү араң тааный турган абалда жаңыланып, элге-референдумга ошондон кийин сунуш кылынат шекилдүү. Бекназаров, Атамбаев, Исаков деген үзөңгүлөштөрүнүн да кабактары бүркөлүп, чыйрыгып жаткан имиш. Кечээ эле өздөрү тескейдин шыбагын терип оттоп жүргөндөр бүгүн күңгөйдүн бетегесине курсактары томпое түшсө эле, ошол тескей тараптагы "жаңы жандыктардын маараганын" укпай коюш Шералы хан чокоюн унутуп койгондой иш болбос бекен?
Талкуунун жүрүшү көрсөткөндөй бардык депутаттарды партиялык тизме менен шайлоого кыргыз менталитети даяр эмес экендигин көрсөтүүдө. Кеңешме жетекчиси Текебаевдин аргументтүү чечмелөөсү кеңешме мүчөлөрү, саясий жана илимий элитаны ынандырганы менен шайлоочулардын басымдуу бөлүгүн түзгөн элет элин 5-10 жылда барып гана ынандырат окшойт. Анын үстүнө саясий партиялардын ичинен "Ата-Мекен", СДП, "Ак шумкар", куру намыстуу "Ар -Намыс", Күн тийген жерге күнөстөй салуну үйрөнүп, нукура чынчылдыгынан тайып бараткан коммунистер партияларын эске албаганда көпчүлүк партиялардын эл түпкүрүндө экиден-бештен эр азаматтары болгону менен көпчүлүк колдоочулары электораты жок. "Бир мандаттуу округдар боюнча да шайлоо өткөрөлү" деп жаткандар да негизинен ошолор. Алар өздөрү өнүп-өсүп чыккан аймактын кызыкчылыктарына жамынып алышып, ошол жерден депутат болууга үмүт артышат. Эгер ушул вариант да өтүп, саясий партиялар бир мандаттуу округдардан да депутат шайлай турган болсо- кайра эле бир аймактын ар кайсы партиядагы төбөсү көрүнгөн уул-кыздарды өз ара эрөөлгө чыгып, кайра эле урук-туугандык, уруучулукту алдыга салмай башталат. Ошондуктан "партиялык трайбализимден" арылуунун төмөнкүдөй жолдорун колдонсок кандай болот?!
Бир мандаттуу округдардан партиялардан депутат болом дегендердин бардыгын ошол округда эмес, Борбордук шайлоо комиссиясында каттоодон өткөрүү керек. Каттоо мөөнөтү аяктагандан кийин катталган бардык талапкерлерге чүчү кулак карматуу зарыл. Мисалы, Кыргызстан бир мандаттуу 60 округга бөлүнсө, каттодон өткөн 500 болобу, 600 болобу- партиялык талапкер ошол округа чачылат (туш келет). Ошондо 600 талапкер 60 округдун ар бирине 10дон туура келет. Тигил же бул саясий партия аймактык тааныштык менен түзүлөбү -ал Кыргызстан үчүн иштеш керек. Демек, тигил же бул партиянын Ат-Башыда туулган өкүлү Лейлек округуна, Таласта туулган өкүлү Оштогу округга ,Ошто туулган өзбек улутундагы өкүл Ак-Талаа округуна туш келип калышы мүмкүн. 10 талапкердин ичинен эл тандаган татыктуусу шайланып ошол округдун таламын талашсын. Трайбализмди азайтууда ушундай ыкманы эмне үчүн колдонсо болбойт. Бул кыргыз улутунун түпкүлүктүү кызыкчылыгына да төп келмек.
Кыргыз коому ушу тапта удургуп турган убагы. Бир дары Бакиевдерди эл алдына алып келип бергиле деп талап кылып жатат. Дагы бир бөлүгү Убактылуу өкмөт мыйзамсыз иштеп жатат деп камчы үрөйт. Жаңы бийликте ишке илинбей, ич күптү болуп жүргөндөрдүн дымагы да бир топ. Айтор Убактылуу өкмөттүн ишине жардам берүүлөр аз, жарга такоочулар көп. Ошентип ар бир катмар, тигил же бул аймак, же Акаевчилер, Бакиевчилерби-ар кимиси өз намасын окуп, " тигиндей кылыш керек, мындай кылыш керек" деп же президенттик башкарууга жол ачпай- ортодо арабөк калбасак эле болгону. Кемчилиги жок күйөөгө тием деп эр тандап жүрүп эрсиз калган кыздарды мисал тартсам орунсуз десеңер, кемчилиги жок дос издеген доссуз калат дегенди эстейли.

Машакбай РАХМАНКУЛОВ




  КурумУшу

Легитимизация машакаты
Апрель окуясынан бери бир айдын ашык убакыт өткөндөн кийин деле өлкөдөгү саясый-коомдук кырдаалды укуктук нукка өткөрүү, бийлик институттарын легитимдештирүү, конституциялык жаңы органдарды түзүү актуалдуу боюнча калууда.

Конституциялык мейкиндикке кайтып келүү миссиясын Убактылуу өкмөт өз моюнуна алганы белгилүү. УӨтүн укуктук мейкиндикке кайрадан өтүү үчүн өлкөнүн жаңы Конституциясын иштеп чыгып талкуулагандан кийин элдик референдумдун чыпкасынан өткөрүп, андан кийин гана парламенттик жана президенттик шайлоолорду өткөрүү керек деп эсептейт. Бул максаттарды ишке ашыруу үчүн УӨ баш-аягы болуп 6 ай убакыт сурап жатат. Э.Байсаловдун тили менен айтканда де-юре болбосо да де-факто легитимдүүлүк запаска ээ УӨ үчүн деле ашыгуунун талап кылган өтө кыска убакыт. Бир жагынан эл аралык уюмдар, атап айтканда Жамааттык коопсуздук келишим уюму мезгилдин лимитин эске салып шаштыра баштады. Москвада 8-майдагы ЖККУна кирген өлкөлөрдүн лидерлери кабыл алган кайрылуусунда өлкөнүн коомдук-саясый турмушун тынчтык жол менен укуктук нукка кайтып келүүгө, турукташтырууга, зордук-зомбулукка жол бербей коомдук тартипти орнотууга, адамдын укугу менен эркиндигин көп буйдалбай ыкчамдык менен камсыз кылууга Кыргызстандын элин чакырабыз деп айтылат. Ошону менен катар бийлик иниституттарынын легитимизацияланышына үндөөрү билдирилет. ЖККУнын башчылары Кыргызстандагы болуп жаткан окуяларды республиканын ички иши деп эсептешээрин белгилеп келип "биз, ЖККУ курамына кирген мамлекет башчылары Кыргыз республикасы ушу жылдагы бийликтин конституциялык эмес жол алмашышына алып келген апрелдеги окуяларды тынчсыздануу менен кабыл алдык" деп белгилешет.
Ишемби күнкү ошо саммитте ЖККУнун курамына кирген Армения, Белоруссия, Казахстан, Россия, Таджикистан, Узбекистандын катарында турган Белорусиянын президенти, батька А.Лукашенко К.Бакиевдин "легитимдүү, закондуу президент" экендиги жөнүндөгү тарпы кетип ашмалтай болуп калган эски ырын кайра кайталады. Ошону менен А.Лукашенконун УӨ менен карым-катыш түзүүдөн баш тартууну каңкуулап жатканын байкоо кыйынчылыкка турбайт. Асыресе, А.Лукашенко К.Бакиевдин 7-апрелде элге каршы курал колдонгону, ок атууга буйрук берип жазыксыз 86 жигиттин канына забын болгону, ошону менен оор кылмышка барганы, анан да К.Бакиевдин президенттик кызматтан баш тартканы жөнүндөгү өзү кол койгон арызы анын мамлекет башчысы болбой калгандыгын юридикалык жагынан ырастап турары, деги эле жамы журтка жек көрүндү болуп эл безер, жер безер болуп кеткенин эскергиси келген жок. А.Лукашенконун "кыргыз пациентинин" (политолог О.Новиковдун термини) жасакер конституциялык сот, парламенттеги "Ак жол" чөнтөк фракциясы, коммунисттер, маңкурт "ынтымак курултайы", көз көрүнөө орой фальфикацияланган парламенттик жана президенттик шайлоолор аркылуу бийликти узурпациялап алганы жөнүндө бир ооз да сөз козгогусу келбегени түшүнүктүү. "Легитимдүү" К.Бакиевди зулумдугуна чыдай албаган эл көтөрүлүп, аны мамлекеттик кызматтан кубалап таштаганын танып кетүү кыйын эмеспи. Элдин жек көрүндүсүнө айланган диктатор легитимдүүлүгүн жоготоорун БУУ кабыл алып, эл аралык укуктар жөнүндөгү документте чагылдырылганын атайы белгилеп кетсе артыкбаштык болбос эле. Бийликтин башындагы адамдын элге каршы саясат жүргүзө баштаганда ага каршы калк көтөрүлүп чыгууга укугу бар экендигин К.Бакиевдин моюнуна каргысын салып жетелеп алган Минскидеги кожоюну айткысы келбей жатканын байкоо кыйын эместир.

(Уландысы 6-бетте)




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??