ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ
Украинанын мурдагы премьер-министри, украина оппозициясынын лидери Юлия Тимошенко мамлекеттин Жогорку сотун сатып алгысы келген деп айыпталууда. Бул аракетти саргыч түстөгү революцияга чейин эле болгон дешкени менен кийинчерээк кылмыш ишин тергөөчүлөр жаап ташташкан болучу. Эми, ал ишке кайрадан кайрылып келишти. Тимошенко буга тим турган жок. "Бул иш - саясий заказ" деп айтып чыкты ал. Ал эми Генпрокуратура адилеттикке жетишүүгө аракеттенип жатышканын билдирди.


ЭЭРДЕН КЫЙШАЙЫП ТУРГАН МЭР
Москва шаарынын мэри Юрий Лужков - конфликтүү губернатор деген ылакап атка ээ болду. Ансыз деле 2011-жылы анын полномочиеси бүтмөк. Антсе да, ага чейин эле бул мэрдин губернатордук корпуста орун алмаштыруулары бир топ катачылыктарды кетирип, ЛДПР лидери Владимир Жириновскийдин да жинин шакардай кайнатып келет. Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына карата даярдалган парадда Улуу Ата Мекендик согушта зор роль ойногон Сталиндин портреттерин көчөлөргө илинет-илинбейт деген талашта да анын оппоненттери көп болгон. Ошентип, Лужковдун көчүгү ээрден кыйшайып турган мезгили.
Мэрлердин ансыз да мөөнөткө шайланышы - "исключение" деген президент Медведьевдин сөзүнө караганда, бешинчи мөөнөттө иштеп жаткан Лужковго сөз деле жок болуп калса керек.


УККАН КУЛАКТА ЖАЗЫК ЖОК
Берлиндин "Гегель" аэропортунда Россиянын эки учкучу сурак берүүдө. Аларга самолетту уурдап кеткен деген айып коюлууда. Мындай шексинүү аэропорттун күтүү залында отурушкан жүргүнчүлөрдүн биринин билдирүүлөрүнөн улам пайда болгон. Алар жанында отурган эки адамдын ушул темада сүйлөшүп жаткандарын угуп калышкан да, органдарга жеткирип барышкан. Эмнеси болсо да, уккан кулакта жазык жок деп айтышат эмеспи. Балким, чын эле немистердин шекшингенинче бардыр...


ОРУСТАРДЫН ООМАТЫ КЕЛЕТ…
- Он жылдан кийин орустардын ооматы кайра келет дейт,- белгилүү астролог Павел Глоба өзүнүн жылдыздарын карап отуруп.
Бул жыйынтыкка ал планеталардын циклдерин көрүп отуруп келген. 2020-жылы Россия мурдагы союздук республикалардын башын бириктирип, дагы 30 жыл бою күч-кубаттуу держава болуп дүйнөнү дүңгүрөтүп туруп берет деп айткан ал.


  Спорт

ЧЕМПИОНАТКА БАРСАҢ ДА ТҮРМӨГӨ ТҮШӨ КӨРБӨ!
Түштүк Африка дүйнөлүк чемпионатка даярданып жаткан мезгили. Спортчуларды тосууга камданып жатканын го баары билет. Ошол эле мезгилде бул республикада чемпионатка келген тентек, хулигандарга да кошо камданып жатканын ким билет? Ооба, алар чемпионаттын түрдүү оюндары өтө турган шаарлардагы түрмөлөрдө отургандарды башка түрмөлөргө этап кыла башташты.
Мелдеш өтүп жатканда, коомдук тартипти бузгандардын ишин бир сутканын ичинде карап, стадионго жакын камераларга камап же жакынкы полиция участокторуна жеткирип салуу жагын ойлонуштуруп жатышат.

ҮМҮТТҮ КЫСКА ДЕБЕЧИ...
Россиялык Надежда Петрова Мадридде өтүп жаткан беттешүүлөрдө дүйнөлүк биринчи ракетка Серена Уильямсты жеңип, алдыга чыкты.
Румыниядан келген Александра Дулгерд менен Чехиядан келген Луция Шафаржова беттешет. Бул оюндан кими жеңсе да 16-номурдагы Надежда 4-финалда аны менен беттешет. Ошентип, атына заты жарашкан спортчудан үмүт эткен күйөрмандар көп.

Даярдаган Нурбүбү БӨДӨШОВА