Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.
Тааныды. Бир топто барып араң тааныса болобу. Анан эмей, оңой бекен, ортодон өтүп кеткен жыйырма жылдын салмагы! Дагы,Гүласалдын эске тутуусу жакшы экен. А тиги Эмир тааныбай эле турбайбы. Гүласал анын тааныбай турганына алгач ичинен таарынып, жини келип кеткени менен, кайра кубанып алды. "Ырас эле тааныбай калганы жакшы болбодубу" деп. Болбосо, Эмирдин мобу кейпи анча деле жакшы нерседен кабар бербей турган.

- Эй, чоң кыз! - деп кырылдай кыйкырды Эмир.- Сен эмне эле мени аңырайып карап калдың? Эмне, эркек көргөн жок белең?!
Гүласалдын сезими тоңо түштү. "Жо-ок, бул Эмир эмес, бул башка го..." деп өз көзү менен көрүп турган адамга ишенбей турду.
- Ха-ха-ха!
Эмирден жапан күлкү чыкты.
- Эй, карасаңар эй. Мени аң-таң калып карап калыптыр мобу сулуу...
Гүласалдын дүйнөсү аңтарылып кете таштады! Дал ушул сөзү Эмирдин - Эмир экенин чындыкка чыгарды. "Сулуум"- деген сөз Эмирдин чын дилинен чыкчу. Бир гана Гүласалга...
Ого бетер жалдырап туруп калды. Гүласалдын мындай абалы тиги кишиге кызык көрүнө берди.
- Таанышып албайлыбы, карындаш!..- деп каркылдай күлүп Гүласалга жакындап колун сунду. Нечен жылдап ыш жыттанган, жуулбаган кир кийимдердин жагымсыз жыты "бурр" этип Гүласалдын мурдун өрдөп кетти. Башка убакта "фу" деп мурдун чүйрүп басып кетет беле, а бирок дал ушул мүнөттө таманын магнит менен бир жерге кадап койгонсуп жыла албай турду.
- Менин атым - Эдик!
Барбайган кокочо колун алдыга сунуп турду. Же колун суна алсачы Гүласал...
- Эмне, уялып жатасыңбы? Ой, уялбай эле кой, менин уюм да, атым да жок. Деги эле уяттан кийин туулуп калсам керек. Ха-ха-ха!
Жолдон ары-бери чубап өтүп жатышкандар таптатынакай сулуу келиндин мобу чачы саксайган, капкара кир болуп ышталып бүткөн адам менен кантип сүйлөшүп турганына таң калыша карап өтүп жатышты. А Гүласалга кимдин эмне дегени баары бир болучу. Акылы - айран болуп, кең дүйнөсү тарып турган мезгили.
- Аа... сен Эмир эмессиңби? -деп калтырай сурады. Араң айтты. Анткени, Эмир деген асыл ат бул адамга таптакыр жарашпай турду.
- Жок!!!- деп кыйкырып жиберди тиги киши. Мен ал эмесмин! Мен азыр башкамын! Ха-ха-ха...
Киркиреп күлгөн бойдон калды. Гүласал ал биринчи кыйкырганда эле кулагын баса чуркап жөнөгөн. Артын карабады. Кокус караса эле кууп келаткан суук тумшук кишини көрүп калбайын дедиби...
ХХХ
Бул суук тумшук киши - бир кезде айчырайлуу Гүласалдын оюн онго, санаасын санга бөлгөн жигиттин гүлү эле. Гүласал азыр бүшүркөп тургандай, Эмир деген аты бар эле. Атына заты жарашып, өзүнчө эле эмирдей болуп жүрүүчү.
- Биздин өзүбүздүн эле айылга же кошуна айылга эле бар. Же менин ден соолугум жакшы болсочу, алыска барып-келип турганга...- деп оор үшкүрүнгөн апасынын сөзү таза кулагына куюлуп бүткөн окшобойбу.
- Апа, коюңузчу, жакшы болуп кетесиз... А мен турмушка чыгуу жөнүндө азыр ойлонгон деле жокмун, -деп кыйылган кызына апасы кайра үн катат.
- А сен ойлон, эмнеге ойлонбойсуң?! Бутуң үзөңгүдө турат. Жаш эмессиң...
Ушинтип чукчуңдай түшкөн апасына күлө караган Гүласалдын анда оюнда чынында да эч ким жок эле.
Баары капысынан башталды. Деги эле чыныгы махабат капысынан, бир заматта пайда болот окшобойбу. Облус борборундагы медициналык окуу жайын бүтүрүп жаткан акыркы күндөр эле. Чогуу окуган группасынын кыздары улам бири үйүнө чакырып, "диплом жууйбуз" деп шаракташып жүргөн. Кошуна айылдык Эркайымдын үйүнө барышты кыздар. Бир бөлмөгө дасторкон жайып, үстүнө дүр-дүйүм тамак-аштарды жайнатып коюптур. Шаракташып отурушкан. Бир маалда эле сырттан Эркайымдын апасы кирди.
- Ия, айланайындар, бу жакта менин иним келип калыптыр... Ии, кир, кире бер Эмир...-деди.
Эшиктен узун бойлуу, кубакай жигитти ээрчитип Эркайым өзү кирди. Анын артынан классташ кыздар-балдары топурап кирип келишти. Ошентип, айылдагы бул үйдө өзүнчө эле жаштардын дискотекасы болуп өттү.
Ошол жайда Гүласал менен Эркайым дайыма киного чогуу кирип, бири-бирине конок болушуп жүрүштү. Бир окуу жайда чогуу окуп жүрүп, мынчалык ынак болбогон экөөнүн ынтымагына таң калышчу кыздар.
Ал эми Эмир менен Гүласалдын жапжаш дүйнөлөрү жалбырттаган отко айланды. Сүйүү отуна күйүп-жанышты...
- Качан үйлөнөбүз?- деп сураган Гүласалга "Эмки айда, аркы жумада" деп жүрүп, сөзү да түгөндү белем.
- Кичине күтө турчу, сулуум, - деди бир жолу күңгүрөнүп.
- Эмир, мен керек болсо өмүр бою күтүүгө даяр элем, бирок бул... күтө албайт турбайбы...-деп бөрсөйүп келе жаткан курсагын көрсөткөндө Эмир так секирип кетпеспи.
- Эмне дейсиң?! - деген жигиттин кубакай жүзү ого бетер кумсарыңкы тартты.
- А сен эмнеге эле кылчактап жатасың? Айтпадымбы, кыргыздардын кырк кыйноосунун бирин да кылдырбайм. Апама өзүм түшүндүрөм...
- Баары бир ойлонуп, акылдашып чече турган маселе болуп калды,- деп оор күрсүнгөн Эмир Гүласал менен коштошпой басып кетти.
ХХХ
Көрсө, Эмир Ленинграддан Зина аттуу татар кызы менен таанышып, бири-бирин жактырып калышат. Эчен айлуу түндөрдү чогуу өткөрүшүп, арзышкан экөө ал ортодо балалуу болууга жетишет. Бирок, Эмир атасынын катуу тартибинен корккондугунан улам эч нерсе билдирбей айылга келет. Айылда болсо Гүласал деген гүлдөй жанган кыздын оттуу каректерине куйкаланып, биринчи ирет сүйүү даамын татып жаткандай далбас урат. Эми минтип, татуулашкан күндөрдүн аягы тез эле бүтүп баратканына жаны кашайып кетип атпайбы.
Эртеси курбу кызы менен жооптошкон Гүласал Эмирдин Ленинградга кетип калганын угуп бүк түшөт.
- Ай, эмне болду сага? Кетсе, кайра эле келет. Эмне, телефон менен сүйлөшүп турасыңар да...-деген курбусунун сөзү суу кечпей калды.
Тултулаңдап басып кеткен Гүласалга Эркайым таң кала карап туруп калды.
Анын эртеси эле Гүласал апасы менен кеңешип, "шаарга эле иштейинчи" деп таңкы автобуска түшүп кете берди. Ошону менен курбусуна көрүнбөгөн бойдон турмушка чыгып кетиптир...
- Гүласал турмушка чыгыптыр!- деген кабар "дуу" эте айыл ичин аралап кетти. Шаарга кеткенине бир айга жетпеген убакытта эле ордо шаардын өзүнө турмушка чыккан Гүласал эркек төрөп, дагы бир ирет апасын кубанычка бөлөдү.
- Байкушум, айы-күнүнө эле жетпей төрөптүр, кыйналып-кысталыптыр, -демиш этип келди апасы.
Ошол Гүласал - ушул болучу. Бирок, иштин баары башкача чечилип жаткан эле.
Шаарга барган Гүласал шаардагы таежесине болгон иштин баарын айтып өкүнүп-өксүйт. Кандай жардамын берерин билбей отурганда, анын күйөөсүнүн досу үйүнө келип калбаспы. Суйкайып турган Гүласалга көзү түшүп, бир-эки ирет сөз салып көрөт. Зирек, билимдүү, ыймандуу айылдык кызды шаарда төрөлүп, шаарда өскөн Канат биротоло жактырып калат. Көп узатпай эле көңүлүндөгү оюн кызга билдирет. Жактырып, сүйүп калганын айтат.
- Болуптур,- деген Гүласал өз жагдайын түшүндүрөт.
Болгон ишти болгондой айтып берген кызга Канат кол шилтеп:
- Бул мен үчүн трагедия эмес. Эң башкысы - экөөбүз бири-бирибизди жактырсак болду да, мага турмушка чык,- деп ошол эле күнү өз үйүнө ээрчитип кете берди.

(уландысы бар)