Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Долбоор
Бурганакта буюккан Ата журтка - жолчырак же
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таалим-тарбия концепциясы
(Башы 12-бетте)
Г). Тарбияга омок болуучу орошон байлык - этникалык маданияттын казынасы
Тарбия ишине чоң азык-көрөңгө, омок болуп берчү дагы бир байлык, бул - этникалык маданияттын казынасы. Улуттук салт-санаабыз ал маданияттын жүрөгү. Калкыбыздын боз үйү, түркүн буюмдарга чөгөрүлгөн, түшүрүлгөн не бир керемет оюулар менен кыял-көчөттөр дүйнөдө сейрек кездешкен эстетикалык сулуулук экендиги бардыгына маалым. Калк зергерлеринин, уздарынын, жез оймокторунун, усталарынын колунан бүткөн буюмдар, жасалгалар өзүнүн ажайып кооздугу жана чеберчилиги менен илгертен Туран аймактарында даңкталып келген. Көз жоосун алган алтын-күмүш билерик, шакектерди, керемет кемер курларды, жаркыраган жүгөн-куюшкандарды, койкойгон ээрлерди, колодон жасалган кумураларды, "шиберге койсо өрт кеткен, шилтегени мүрт кеткен" кылычтарды кимдер таңданып карабаган. Археологиялык казуулардан табылып, дүйнөгө белгилүү болгон алтындан уютулуп жасалган бугу, куш, жейрен алган илбирс сыяктуу көркөм эстеликтер жалаң эле байыркы сактарга эмес, кыргыздарга да тиешелүү болгон. Кыскасы, элдин байыртан өнүгүп келген керемет кол өнөрчүлүгү, материалдык маданияты, прогрессивдүү, гумандуу салт-жөрөлгөлөрү Борбордук Азия аймагындагы уникалдуу феномен. Мындай өнөргө эгедер ата-бабаларыбыз менен кийинки тукумдар сыймыктанууга акылуу жана ошондой эле, бул өнөрдү унуткарбай татыктуу улантууга, өстүрүп-өнүктүрүүгө милдеттүү. Этникалык маданият - тарбия булагы.
Кыргызстандын элдеринин этникалык маданияты - тарбия мазмунунун ажырагыс элементи.
Д). Океандай "Манас", улуттук музыка жана элдик оюндар - тарбиянын соолбос кенчи
Элибиз Азияда эң бай фольклордук адабиятты жараткан. Океандай "Манастын" дүйнөдө теңдеши жок. Кайсын Кулиев айткандай Кыргызстан - ырдын, поэзиянын Мекени. Арстанбек, Жеңижок, Токтогулдай ак таңдай акын-булбулдар Европанын түшүнө да кирбейт. Кыргыздардын адабияты жана искусствосу биздин заманга чейинки эзелки коло доорунда эле башталган. Тогузторо аймагындагы он гектардай жерди ээлеген миңдеген таштардагы сансыз оймо-чийме сүрөттөр, байыркы тиричиликти баяндаган тематикалык, сюжеттүү түркүн картиналар "Саймалуу таш" деген жалпы ат менен белгилүү. "Саймалуу таш" - байыркы бабалардын ташка жазылган адабияты, тарыхы. Атактуу "Саймалуу таш" менен "Манас" дүйнөлүк маданиятка кошулган улуу салым.
Карамолдо, Ниязаалы сыяктуу шаалар комузга кол ойнотуп черткен, "кулактан кирип бойду алган" сандаган залкар күүлөр, Боогачы, Мусалар созгон керемет обондор улуттун гана эмес, жалпы адамзат музыка казынасынын асыл кенчи десек эч жаңылышпас элек. Бир сөз менен айтканда, элибиздин кылымдап жараткан адабий-музыкалык маданияты, кыргыздын духун, философиясын, идея-идеалдарын, каада-салтын көтөрүп алып жүргөн көркөм өнөрү, Түгөлбай, Чыңгыз баштаган профессионал адабияты тарбиячылар үчүн пайдалана турган баа жеткис гүлазык, орошон маани-маңыз, табылгыс педагогикалык курал экени ырас эмеспи. Мынакей, тарбия үчүн суудай сузуп ала турган мазмун кайда жатат?
Тарыхый маалымат боюнча байыркы кыргыздардын өзүнүн цирки, эки жүздөн ашык элдик оюндары болгон. Ал оюндардын бир тобу (ордо, көкбөрү, кыз куумай ж.б.) азыр да эл арасында ойнолуп, өзүнүн кайталангыстыгы менен кимдин да болсун көңүлүн бурат. Ал эми кымыз, бешбармак баш болгон, жүздөгөн түркүн тамак-аштын атын камтыган кыргыздын кулинардык искусствосу бүгүн үйрөнүүнүн объектиси, пайдалануунун предмети болууга тийиш. Бул фактылар кыргыздардын бай маданияты бар, канат-бутагы жайылган түптүү журт экенин айгинелейт. Түптүү журттун көөнөрбөс көптөгөн элдик оюндары менен, тамшанткан ашкана даамдарын ойной, жасай билүү өнөрүн өздөштүрүү муундардын социалдашуусуна өзүнчө этномаданий колоритти киргизип, улуттук аң сезимдин дагы да бекемделишине сүрөө болмок.
Е). Ата-бабаларыбыз түзгөн улуу моралдык кодекс - тарбия-таалимдин гүлазыгы
Тарбия ишинин мазмундук пайдубалына уютку болуп жата турган дагы бир кубаттуу ресурс бул - күнүмдүккө эмес, түбөлүктүүлүккө эсептелген, калктын тарыхый тажрыйбасынан жаралып, доорлор сыноосунан өткөн көөнөрбөс элдик этикалык нарктар, адеп-ыймандык мурастар.
Биздин кыргыз менталитетинде индивидуалисттик батыш небак жоготуп койгон жакшы бир касиет бар. Бул - коллективизм. Айдоого тукум сээп жатканда Баба дыйкан бизде мындай дейт: "Жылуу жерден конуш тап. Мунусу - жетим-жесирге, мунусу - алсыз карыпка, мунусу - курт-кумурскага, мунусу - сурамчы-тилемчиге, саламчыга, сизге, бизге, мага". Мынакей, жалпынын кызыкчылыгын көздөгөн элдин улуу коллективисттик этикасы. Тоолук менталитетибизде меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, өз ара кол кармашкан, жардамдашкан боордоштук руху өнүккөн. Мындай асылзаада сапат-касиеттер чын-чынында рынокту, жеке менчикти, жеке кызыкчылыкты, акчаны, пайданы, культ кылган буржуазиялык, капиталисттик коомдун мектебинен өткөн батыштык социумга көп жагынан чоочун экени ырас. Ал жактарда инсандар аралык алака-катыштын мүнөзүнө негизинен прагматикалык, коммерциялык, бухгалтердик дух таандык экендигин социологиялык изилдөөлөр ырастаган. Биз не бир аруу адеп-ахлак касиеттерди акырындап астыртан жемирип, бүлүнтүп жок кылып коюучу рыноктун жапайы стихиясына өзүбүздүн улуттук эркибизди каршы коюп, өйдөкүдөй коллективисттик айкөл нарк-насилибизди, кенен жан дүйнөбүздү коргоп, сактап, асырап багып, аны аң сезимдүү түрдө үгүттөп, жайылтууга тийишпис. Биз адамдык жүзү бар рынок коом курушубуз керек.
Дагы бир жолу айталы. Кыргыз элинде руханий байлык, материалдык байлыктан ар качан жогору коюулуп келген. Ошон үчүн акын: "Карайлычы, кечөөкү өткөн бабама, жашай билген жетип өмүр баркына, атаң көрү, бу опосуз дүйнө деп, кызыкпаган акча менен алтынга, кызыккан ал адеп-ахлак наркыңа, бекем турган адамчылык шартына" деп туура ырдап аныктап жатат. Рухка биринчи маани берген калкыбыз өзүнүн тарыхый жашоосунда кош аяктуу пендеге адам болуунун жолун, шартын көрсөткөн моралдык-этикалык дөөлөттөрдүн бүтүндөй бир системасын иштеп чыккан. Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов бизге жеткен улуттук тарыхый-көркөм маданий мурастарды, адеп-ахлак нускаларды, осуяттарды жана калкыбыздын моралдык практикасын терең талдай отуруп, ошол дөөлөттөр системасын төмөндөгүчө жалпылап, жыйынтыктап, алдыбызга тартат. Таанышалы: "Жер - Сууну ыйык тут, боордоштой ылым сана, шайкеш жаша. Жер-энени көзүң менен көрүп, жүрөгүң менен таанып, аны ыйык сакта. Тең бөлгөндү Теңирим сүйөт, ата-бабанын арбагына, улуу касиеттерине сыйын! Алар сенин колдоочу жана жол көрсөтөрүң. Бабаларга жана келечек муунга төлөмөрсүң. Берегилерди жадыңа түй: дайыма кишичилик милдеттериңди (адамкерчилик) бил. Адал жаша. Оюңду тазарт. Адептүү бол. Ичиң тар болбосун. Бар-жокко каниет, топук кыл. Ыймандуу, боорукер, жоомарт, ак көңүл бол. Арам ойдон, арамдыктан кач, карасанатай болбо. Намыскөй бол. Намысты өлгөнчө колдон түшүрбө. Жерди корго, тууңду сакта. Дос, душманды айыр. Бал сөзгө, жалтырак дүнүйөгө алданба. Антты бузба. Салт, наркты сакта. Атаны, улууну урматта. Улууга сый, кичүүгө урмат көрсөт. Акылмандык - калканың. Акылга баш ий, жакшыга жанаш. Сөз кунун баркта. Кан сөзүн, эл сөзүн, атанын жана улуунун сөзүн жерге таштаба. Башканын никесин бузба. Энени, аялзатын сыйла. Калыс бол. Чынчыл бол. Өзгө, жатка болсун акыйкаттан тайба, ушак, калп айтпа. Ач көз болбо. Башканын дүйнөсүнө көз артпа. Сабырдуу бол. Кыялыңды оңдо. Ачууңду бек карма. Ниет пейлиңди таза алып жүр. Жаман ойдон, жаман жолдон кайт. Адамга, кыбыр эткен тирүү жанга жакшылык жаса. Тирүүлүктү ая. Жабык көзүңдү ач, устатыңа ишен. Акыл көкүрөгүңдү өзүң жар. Дүйнөнү өзүң тааны, өзүңдүн оюң менен ишиңди тең, таза алып жүр. Аалам жашоосу чексиз. Адам өмүрү кыска, узак да. Сен өз жолуңду тап. Теңир колдосун!" (Кеңеш Жусупов. Кыргыздардын байыркы маданияты. - Бишкек, 2006, 63-64-б.) Мына, кыргыз элинин моралдык улуу кодекси. Өзүнүн универсалдуулугу менен айырмаланган бул кодекс, жалпы адамзаттык мааниге ээ асылнарктар. Ушул кодекс кечөөкү патриот, гуманист ата-бабаларыбыздын жүрүм-турумунун регулятору болуп келген жана тарыхтын "аяздуу бороон-чапкындарында" улутубузду аман-эсен сактаган башкы тиректерден болгон. Бүгүн да ушул кодекс таалим-тарбиянын мазмунун аныктоого тийиш жана эгер ушул моралдык баалуулуктар менен жарандарыбыздын жан дүйнөсүн асылдандырууга жетише алсак, анда бул суверендүү ата журтубуздун нраваларынын жакшырышынын жана анын жаркын болочогунун кепилдиги болмок.
Ж). Элдик казынадагы эмгек идеологиясы - таалим-тарбия уңгусу
Бизге эмгек тарбия идеологиясы зарыл. Бирок ушул эмгек идеологиясына келгенде, эмне үчүн муну Америкадан же Япониядан көчүрүп алып келишибиз керек? Эмгек идеологиясы өзүбүздүн казынабызда, Мына караңыздар, кыргыз эли илгертен эле"Жоктун жону катуу", "Аргымак мойнун ок кесет, азамат мойнун жок кесет", "Ач киши урушчак, арык кой тырышчаак" "өрүш малдуу - досторкон майлуу" "Даны жоктун - наны жок, наны жоктун - жаны жок", деп жакырчылыкка жамандык катары караган. Ушундан улам элибиз "Ачтын аңы жүрбөйт" деп, өп-чап жашоодон, итке минген кедейчиликтен кутулуунун аргасын издеп, бардар турмушка, майкөл-сүткөл жашоого, ырыс-кешиктүү оокатка умтулуп келген. Ошондуктан "Эки бээлүү эл сактайт, жалгыз бээлүү жан сактайт", "Эсиң болсо эчки бак, эчки тууйт эгизди, эки жылда сегизди", "Эгин айдоо - байлык айдоо" деген насыйкаттар бизге калган. Ал эми жетиштүү, мартабалуу турмушка жеткире турган байлыкты табыштын, күтүштүн жолун калкыбыз күн-түн тер төккөн чаалыкпас эмгектен, талыкпас мээнеттен көргөн. "Манаста" айтылган "Талаага тиккен багың жок, дардайып жатаар чагың жок" деген сөздөр адамдын намысына тийип турат. Калк акылмандыгы "Кулча иштеп, бийче же", "Мээнетиң катуу болсо, татканың таттуу болот", "Байлыктын атасы - эмгек, энеси - жер", "Эмгеги аздын өнмөгү аз", "Күн караган суукка тоңот, бай караган ачтан өлөт", "Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң", деп бакытка ээ болуунун айла-амалдарын ачык-айкын көрсөтүп турбайбы.
Элибиздин коломтосунда кандай асылбаа ойлор бар. Байлыкка, бакытка жетүүнүн жолун эбак эле ата-бабаларыбыз көрсөтүп койгон. Ушул эмгек идеологиясын небак эле жарандарыбыздын, жаштардын, балдардын канына сиңирген болсок, экономикалык кризистен кечикпей чыгып кетмекпис. Араккечтикти, жалкоолукту, камырабастыкты кесип кылбай, эмгиче дүйнөлүк технологиянын көп нерселерин өздөштүрүп кетпейт белек. Ким качан грант, инвестиция берет, деп чет өлкөлөр жакты оозду ачып карагычакты, коломтобуздагы эмгек идеологиясы менен атуулдарыбызды, жаш муундарыбызды тарбияласак.
Бакытты өз очогубуздан, өз үйүбүздөн тапсак. "Басканча бөтөн жердин көк шиберин, басайын өз жеримдин тикенегин", деп акын туура жазган. Бейиштей Алатообузда канча береке жатат? "Жер соорусу турбайбы, жердеген адам тунбайбы", деп кыргыз жерин Манас атабыз бекеринен даңктаган эмес. Манас ажобуз "Кулаалы жыйып куш кылса, курама жыйып журт кылса", биз бүгүн өзүбүздөн өзүбүз туш-тушка тентип, чачыраганыбыз кимге жагаар иш?
З). Жалпы адамзаттык жана инновациялык дөөлөттөр - тарбия ишинин мазмундук булагы.
Бүгүнкү социалдык динамикага карк жаңы заман салттык менталдуулуктан башка да, жаңы менталитетке эгедер болууну талап кылып отурат. Мезгилдин ритминен артта калбаш үчүн биздин жарандарыбыздын атаандаштыкка жөндөмдүүлүк, билимдүүлүк, профессионалдык компетенттүүлүк, ишкердүүлүк, социалдык мобилдүүлүк, укук сыйлоо, мыйзам сыйлоо көнүмүшү, демократиялык принциптерге берилгендик сыяктуу ж.б. жаңы инновациялык сапаттарды күтүшү зарыл болуп турат. Ошондой эле, басым коюп айта турган нерсе, бүгүнкү адамзаттын алдыңкы гуманисттик акыл-эси цивилизациялардын, маданияттардын бири бирине үстөмдүк кылышы, конфронтация идеясына эмес, маданияттардын өз ара диалогуна, кызматташтыгына артыкчылык берип отурат. Маданияттардын диалогу - биздин Кыргызстан да жетекчиликке ала турган методология. Ушул өңүттөн караганда дүйнөлүк прогрессивдүү маданияттын өрнөктөрүн, эл аралык этиканы өздөштүрүү, башка улуттардын дөөлөттөрүнө түшүнүү менен мамиле жасай билүү касиетине ээ болуу - улуттук өнүгүүбүздүн шарттарынын бир экендигин туюнуу зарыл нерсе. Кыскасы, жалпы адамзаттык баалуулуктарга жана жаңы инновациялык сапаттарга ээ болуу багыты таалим-тарбиянын мазмунуна органикалык түрдө кириши керек.

(Уландысы кийинки санда)








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??