Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
  Үйүң барбы, үлүл?

АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
Айрыкча, бир жылдан ашуун мезгилден бери "АЗИЯ -КУРУЛУШ" мүмкүнчүлүгү чектелген корпорация тууралуу чубактын кунундай чубалган сөз токтобой келет. Окуянын ток этер жерин айтканда, корпорациянын жетекчиси А. Турдубаева 119 кишиден ар кандай суммадагы ( баары биригип 3 млн. америка доллары же 132 миллион) акчаны алып, алиге чейин бирине да убада кылган квартирасын бүтүрүп берген жок. Бул корпорациянын жетекчиси Адина Турдубаева өзү туура бир жылдан бери СИЗОдо отурат.

А.Турдубаеванын алдамчылык иши боюнча ички иштер органдары тарабынан расмий изилдөө бүтүп, Свердлов райондук соту процессти алып барды ( судья Ж. Төлөөев). Бирок, А.Турдубаева ар кандай айла -амалдарды колдонуп, сот процессин үзгүлтүккө учуратып, мүмкүн болушунча созду. Бир туруп 4 адвокат жалдаса, бир туруп бирөө да процесске катышпай коюшат. Жогорудагы жабырланган ошончо адамдардын моралдык жактан да, материалдык жактан да кыйнап бүткөн алдамчы Адина Турдубаеванын иши акыры каралып бүтүп, 16 жылга эркинен ажыратылды. А.Турдубаевага тиешелүү болгон бардык байлыктар конфискациялансын деген соттун адилет чечими чыккан. Бирок, ашынган алдамчы А. Турдубаева бул чечимге макул болбой, шаардык сотко доо арыз менен кайрылган. Ал жерден да ишти караган соттун коллегиясы адилеттик менен райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.
Бирок, укукту да, уятты да ойлобогон А.Турдубаева дагы чарчабай, тууган-тааныштарын уюштуруп, республиканын башкы прокуратурасына, арыз жолдоп, азыркы коомдогу болуп аткан кырдаалдан пайдаланып, жоопкерчиликтен кутулуп кетүүнүн айла- амалын издеп жатат.
А.Турдубаеванын беттырмачылык кылган жүйөлөрү: эми мурдагыдан башкача мааниде айтыла баштады. Үйдү убагында куруп тапшырууга Бакиевдер тоскоолдук кылган имиш. Рейдердик жол менен курулушту басып алууга аракет кылып, иштетпей койгон имиш. Мурда бул шылтоону бизге, жабырлануучуларга оодарып келсе, азыркы кырдаалдан пайдаланып, Бакиевдерди бетине тутуп атат. Бул жанкечтинин өзү аларга жабышып, ойго келбес, баалуу белектерди (пайщиктердин акчасына да!) сатып алып жиберип жатканын өз көзү менен көргөн жабырлануучулар бар экен (көздөштүрсө мойнуна коебуз дешет) .
Анан да "4-баскычтагы рак" деген диагнозу бар. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Каратаев дегендин колу менен мөөр басылган. Бул диагноздун чындыгына алигече жетпей келебиз. Эгер андай болсо А.Турдубаеванын чачы түшүп же тиги дүйнөгө кетпесе да кыймылдай албай жатып калышы керек эле. Бирок, А. Турдубаеванын шляпаларына батпай өскөн чачы козунун жүнүндөй буралып турат. Өзүнүн күч - кубаты ашканын ушундан көрүңүз: жабырлануучулар менен да, соттор менен да урушканда үнү таш жарат. Кайдагы жаман сөздөрдү таап, рак болуп калгыла деп баарыбызды каргайт.
Макул, А. Турдубаевага табийгат оору берген экен, ооруп атыптыр дейли. А биздеги, так ошол квартирага акыркы тыйындарын санап берип же кайсы бир банктан кредит алышып, алигиче кредиттин процентин төлөп жаткандар канча? А. Турдубаеванын ырайымсыз алдамчылыгынан канча үй=бүлө оорумак түгүл ар кандай оңолгус трагедияларга учурап жатышат. А.Турдубаевага акыркы күнүнө чейин ишенип, элди тынчтандырып, анын таламын талашып жүргөн Асия Коңгурбаева азыр оор абалда, берген көп суммадагы акчасын же квартирасын кайтарып ала албай, микроинфарк алды. Жаркын 2 группадагы инвалид-пенсионер, оор абалда. Зина Өмүркулова башынан ооруган небересин (өзүнүн берген акчасынан) Москвага алып барып дарылаганга акча сурап, колунан өөп, жалдыраганда да бир тыйын кайрып бербегенин сотто айтып, ыйлап, баарыбызды ыйлатты.
Канчабыздын алдыбыз 3 төн, артыбыз 1 жолудан ооруканаларга жатып чыктык( жаткан фактылар, диагноздор бар). Канча үй=бүлөлөр бири-бири менен чатакташып, ажырашуунун алдында турушат. Канча үй-бүлө квартираларда батирде самсып жүрүшөт, айына килейген акчаларды өтөлөп. Нерв, кант диабетине чалдыккандар бар. Ар биринин врачтык заключениеси колунда. Улгайган куракта, жарык, таза квартирада калган өмүрүмдү өткөрөм деп кыялданган канча адамдар Адинанын алдамчы торуна түшүп, уул - келиндеринин же кыз- күйөөлөрүнүн алдында "Же эттен жок, же эт салган табактан жок" болуп, сызылып, сарсанаа ооруга дуушар болушту. Нечен элге эмгеги сиңген, эл тааныган жарандарыбыз Адинанын айлакер кайрымагына илинип отурабыз.
Жанкечти Адина газеталарга берген интервьюларында мага тоскоолдук кылып, иштетпей коюшту дейт. Бизге,квартираны 2007-жылдын экинчи кварталында бүтүрүп берем деген келишими кашкайып турат. А Адинаны 2009- жылдын майында отургузуп атышпайбы. Эки жылдын ичинде эмне иш кылган? Бул жерде бир түшүнүксүз нерсе: ар бирибизден акчаны бухгалтериясыз, кассирсиз өз колу менен алган. Ишенимибизге катуу кирген жанкечти Адинадан эч нерсени күмөнсүбөй акчаны бере бергенбиз. Тактап айтканда, Адина Турдубаева корпорациянын жетекчиси. А эмне үчүн калган кызматчы-жумушчулар ишти андан нары жылдыра алган эмес?--деген суроо туулат. Демек, Адина акча-каражатты эч кимге бербей өзү кармаганына караганда - максаты башынан башка болгонбу? Калининграддан атайын туулган жеринен али "афера" деген түшүнүк жүрөгүнө сиңе элек, дүйнөлүк чен менен алганда дагы деле баео момун мекендештеринен алдамчылык менен акча жыйнаганы келгенби? Болбосо, 200гө жакын тагдыр, көз жаш, эмне үчүн Адинаны бир дагы ойлонтпойт, кабатыр кылбайт? Сотто, өзүнүн күнөөсүн мойнуна алмак тургай: сот ишин алып баргандар менен да, жабырлануучулар менен да урушуп,талашып, тартышып, эч нерсеге моюн бербегенге аракет кылууда. Колунан келген, ой-кыялы жеткен жерге чейин арызданып, 200дөй ак, өз мээнети менен акча тапкан, күнөөсү жок адамдардын бетин "тырмап " жатат.
Мыйзам ченемдүү суроо туулат. Ар кандай тагдырга дуушар болуп, ар кандай ооруларга кириптер болгон жабырлануучулардын укугун ким коргойт? Өзүбүздөн акчаларыбызды усталык менен, амалкөйлүк менен кайра өзүбүзгө сарптап, 4 төн адвокат жалдап, жанкечтилик кылган Адинанын эле сөзү сөз да биздики суубу?
Анан "корпорациямды бийлик басып алганы жатат"- деп ар бир интервьюсунда жар салат. Бийликти алдап, Кыргызстандын жараны болбой туруп, ошончо жер участогун кантип алды? Азыр жер деген адамдын жаны менен канына татып турганда Адинага ошончо жерди ким берди? Мына иштин башы каерден бузулуп, былгыган? Булардын баарын ким териштирет да, ким калыс чечип, 200гө жакын кыйналып, шору каткан бизге ким жардам берет? Укук коргоочулар эмне үчүн бир жактуу карашат? Же аларга да салына элек "жел үйлөрүнөн" белек кылып жиберди бекен? Эми биз да аянбайбыз. Улам эле РФ премьер- министринин жубайы менен түшкөн сүрөтүн газетага кошо бастырат. Анын Адина менен биздин ишибизге эмне тиешеси бар? Муну да териштирүүгө аракет кылабыз. Аялдан чыккан мындай алдар көсөөнү кылымда көрүп, уккан эмеспиз. "Бир кумалак бир карын майды чиритет" дегендей бир гана алдамчы, айлакер аферист аял 200дөй адамдын үй- бүлөсүн, нервин, жан дүйнөсүн, адамга болгон ишенимин бузуп отурат. Акырында , өзүбүздүн маңдай терибиз менен тапкан акча каражатыбызга өзүбүз ээ болуп, кайрып алсак деген үмүтүбүз чоң. Албетте, дүйнөдө акыйкаттык, чындык, калыстык акыры жеңээрине терең ишенебиз. Азыркы мезгилдеги убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө арыз-муңубузду жолдоодон башка жол калбады окшойт.

Тюменбаева Бекзия, Найманбаева Камила, Найманбаева Залина,Найманбаева Алина, Ганиева Тамара, Базарбаева Канышай, Шкаранда Ксения, Кожогулова Светлана, Закирова Бейшекан, Магамедов Султан, Куравлев Дмитрий,Маметова Гуля, Хегай Галя, Султанова Роза, Тилепжанова Танзиля, Низамова Эхтибар жана 100гө жакын пайщиктердин колу. Мындан сырткары "Социальное жилье" боюнча 54 адам.

P.S.
Макала басууга даярдалып калганда ачкачылык кармаган Адина айымдан смс келип түштү: Мен Жаныш Бакиевдин рейдерчилигинен азап тартып жатам. Аны далилдеп бере аламын. Документтерим бар. Бирок, менин ишимди кайра карабай жатышат. Менин мойнума түшкөн суммалар көбөйтүлгөн. Карыздарымды төлөп бермекмин...-маанисинде.




  Упай-ринг

Келечегиңди туура танда, мекендеш!
Редакциядан: Урматтуу мекендеш! Кыргызстандын тагдыры ар бирибиздин колубузда. Өз келечегибизди өзүбүз тандоонун мезгили келди. Мындан кийин элдин добушун сатып алууга, элди курал кылууга жол бербешибиз керек. Келечегибиз кандай болот, эми кимдин колун кармайбыз да, кимдин артынан ээрчийбиз деген маселе ар бирибиздин күрөө тамырыбызда айланып турат. "Кандай башкаруу системасын тандайбыз, кайсы партияга добушубузду беребиз жана кайсы Конституция менен жашообузду улантабыз" деген суроолор эл арасында арбын коюлууда.
Андыктан, сиз алдыда тандап жаткан жолго башкалардын пикири кандай? Сиз ишенген партияны өзгөлөр да колдоп жатабы? Ушундай суроолордун тегерегиндеги элдик сурамжылообузду баштайбыз. Балким, бул келечегибизди туура тандоого жарап калгысы бардыр. Эмесе, төмөндөгү суроолорго өз добушуңузду СМС аркылуу билдирсеңиз болот. СМСти 0770 41-21-80; 0312 31-33-68; 31-27-70 номуруна жөнөтүңүздөр. Бир СМС бир упай деп эсептелет.

1.Сиз Конституциянын кайсы долбоорун жактайсыз?
1.Убактылуу өкмөттүн долбоорун
2.1993-жылкы Конституцияны
3.Конституциянын 1998- жылы 17-октябрда референдум аркылуу өзгөртүлгөн вариантын
Унутулуп калган партиялар жөнүндө билдирип коюуңуздарды өтүнөбүз. Азыр партиядан көп неме жок эмеспи.

2.Сиз кандай мамлекеттик башкарууну жактайсыз?
1.Президенттик
2.Парламенттик
3.Аралаш

3.Октябрдагы парламенттик шайлоодо кайсы партияга добуш берсем деп жатасыз?
1.Социал-демократтар- Алмазбек Атамбаев.
2."Ата-Мекен" -Өмүрбек Текебаев
3."Ак-Шумкар"-Темир Сариев
4."Эркиндик" -Топчубек Тургуналиев
5."Асаба"-Азимбек Бекназаров
6."Замандаш"- Муктар Өмүракунов
7."Ар-Намыс"-Феликс Кулов
8."Ак-Жол"- Бакиевчилер
9."Жаңы Кыргызстан"- Үсөн Сыдыков
10."Алга Кыргызстан" -Акаевчилер







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??