Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Долбоор
Бурганакта буюккан Ата журтка - жолчырак же
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик таалим-тарбия концепциясы
2. Тарбиянын максаты
Атуулдарынын тарбиясын коомдук-турмуштук зарыл маселе катары көңүлдүн борборуна коюуну көздөгөн мамлекет биринчи иретте, ошол өзүнүн таалим-тарбия ишмердигинин түпкү, башкы максатын алдын ала так аныктап алышы шарт. Такталбаган, тумандуу белгисиз маршрут менен жүрүүгө, компассыз, маяксыз деңизде сүзүүгө болобу? Мына ушундан улам орустун улуу педагогу К.Д.Ушинский тарбиянын негизги көздөгөн максаты жөнүндөгү маселени коомдун педагогикасынын биринчи философиялык маселеси деп эсептеген.
Бүгүнкү эгемендүү Кыргыз Республикасынын колго алынуучу таалим-тарбия ишмердигинин башкы максатын бардыгына ачык, түшүнүктүү болгудай кылып даана аныктап алуу милдет.
Эгемендүү ата-журтубузга ким, кандай атуул жөлөк-таяк, тирек боло алат? Кандай атуулдук менталитет мындан ары улуттун келечегине гарантия болуп берет? Кыргыз республикасына, мамлекетине өз Ала-Тоо мекенин, өз элинин эгемендүүлүгүн, көз карандысыз өз алдынчалыгын, эркиндигин жана ички ынтымак-биримдигин эң жогорку кол тийгис ыйык дөөлөт деп эсептеген, муну менен сыймыктанган, кыргыз тилине келгенде Расул Гамзатов айткандай, эгер эне тилим жоголсо, мен өлүүгө даярмын дегендей патриоттук сезимге каныккан, бир боор калкынын рух нарктарына, моралдык кенчтерине, түптүү адат-салттарына аң сезими жана жан дүйнөсү терең сугарылган, улутунун маданиятын өздөштүрүп, сактап гана эмес, андан ары өнүктүрүүгө күч үрөгөн, бир боор калкынын тарыхын мыкты билип, ата-бабаларынын азаттык үчүн, журтту, улутту сактоо үчүн болгон каарман күрөшүн ичинен өрнөк туткан, ошону менен бирге жалпы адамзаттык маданияттын гуманисттик асылнарктарын өздөштүргөн, демократиялык коомдун баалуулуктарын жана идеалдарын урматтаган, достуктун туусун бийик кармаган, өз республикасынын алдындагы милдеттерди терең туюнган жана алардын аткарылышына өзүнүн атуулдук салымын кошууга активдүү умтулган, технологиялык жактан сабаттуу, өз тагдырын ата-журтунун тагдырынан бөлүп карабаган, улуттук ар намысы бийик, мекенчил атуул инсан гана бекем тирек, таяна турган тоо болуп бере алат. Биздин эгемендүү мамлекетибиздин тарбияга берген социалдык заказы ушундай болууга тийиш. Ушундай атуулдук менталитет мекенибизди сактайт жана өнүктүрөт. Дал ушундай типтеги граждандык менталдуулукту, атуул патриотту, гуманистти жаратып, калыптандырып, өстүрүп чыгаруу кыргыз жумуриятынын таалим-тарбия стратегиясынын башкы мүдөө-максаты болуусу зарыл. Ушундай концепцияны кабыл ала турган болсок, анда ориентир болуп бере турган өзүбүздүн тарбия идеологиябыз болмок да, таалим-тарбия ишибизди максатка багытталган түрдө жүргүзүүгө жакшы ыңгай түзүлмөк.

3. Тарбиянын мазмуну
Жогоркудай өлкөнүн тиреги, таянар тоосу, сыймыгы жана келечеги болуп бере турган атуулду калыптандыруу мүдөөсү, тарбиянын башкы стратегиясы кандай материалды, кандай мазмундук ресурстарды пайдалануу аркылуу жүзөгө ашышы мүмкүн? Таалим-тарбия процесси кандай мазмундук фундаментке таянып жүргүзүлөт жана андай базаны ал кайдан алат, кайдан табат? Ушул өзөктүү маселе башынан туура чечилбесе, туура аныкталбаса, анда таалим-тарбиянын башкы мүдөө-максаты абстракция катары абада асылып калышы мүмкүн.
Түз эле айтыш керек, өйдөкүдөй мекенчил атуул-гражданиндин моделин реалдуулукка айландыруучу тарбия ишмердигине мазмундук кор болуп бере турган рух казынасын биринчи иретте, өлкөбүздүн улуттук коломтосунан издешибиз шарт.
Борбордук Азиядагы эң байыркы элдердин бири кыргыз калкы сан кылымдарды карыткан тарыхый жолунда өз тулкусуна өзөк болуп тамырлаган, ич жактан мотор сындуу айланып, жүрөк болуп кагып, жамаатка күч-кубат, өмүр-жашоо берип келген өзүнүн улуттук идеясын, көөнөрбөс акыл-ой, рух дөөлөттөрүн, менталдуулугун иштеп чыккан.
А). Улуттук казынадагы эки ыйык дөөлөт -таалим-тарбиянын мазмундук булагы жана башкы урааны катары.
Биринчиден. Ошондой улуттук ыйык дөөлөттөрдүн бири, бул - Ата Мекен идеясы. Кыргызстандыктын ыйык дөөлөтү - Ата Мекен, Алатоо. Ата журт улуттук идеясынын символу бул - улуу "Манас". Ата журттун азаттыгы, өз алдынчалыгы, бөлүнбөс бүтүндүгү, бакыбаты үчүн карууну казык, башты токмок кылып кызмат кылуу, кара башты курман чалуу идеясы, каарман күрөш өрнөгү, мекенге карата толуп-ташкан сүйүү сезими "Манаста" берилген. Манас бабабыздын анты:
Алты сан аман турганда,
Ыйык кыргыз жеримди,
Душмандын буту баскыча,
Асыл кыргыз элимди,
Тебелетип бөтөнгө,
Кор кылып карап жаткыча,
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн,
Аткарбасам антымды,
Төшү түктүү жер урсун!
Көкө Теңир өзү урсун!!!
Манас атанын ушул улуу идеясы менен мекенибиздин уул-кыздары Барсбектен тартып Курманжан даткага чейин аба менен дем алгандай дем алып, тарыхта жашап, күрөшүп келишкен. Ата журт менен камыр-жумур болуп жуурулушкан биримдиктен Ала-Тоо атуулу өз өмүрүнүн маңызын көргөн. "Алатоомсуз, мен киммин? - Ата-энесиз жетиммин!" - деген ал. Ата журт улуттук идеясы жогоруда айтылгандай, Алатоолуктун канында, социалдык-маданий генетикасында жашайт. Азыр да элдик менталитеттин тереңинде "жүрөк кагып" турат.
Дал ушул мекенчил менталитет, тагдырды Ата журт кызыкчылыгына байлаган патриоттук принцип, эл-журттун эгемендүүлүгүн ыйык санаган улут идеясы бүгүнкү таалим-тарбиянын негизинде жатууга тийиш.
Экинчиден. Таалим-тарбиянын пайдубалында жата турган дагы бир улуу дөөлөт бар. Бул - биримдик, ынтымак философиясы. Өзүнүн тарыхый тагдырында калкыбыз ички бытырандылыктан, бөлүндүлүктөн, өз ара уруу чабыштарынан далай азап чеккен, бүгүн да трайбализм, жер-жерлерге бөлүнүүчүлүк илдетинен жабыр тартып отурат. Бирок ошондой болсо да, "Бөлүнсөң бөрү жеп кетет, бөлүнүп калды кыргыз деп, бөлөк элге кеп кетет", "өлсөк бир чуңкурда, тирүү болсок бир дөбөдө бололу" ("Манас") деген патриоттук даанышмандык кыргыз социумунун ички өзөгүн тепчип өткөн дайымкы улут идеясы болуп келген. Дал ушундай философиядан улам кыйын-кезең кырдаалдарда калайык-калк бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып, бир туунун алдында биригишип, тарыхтын бороон-чапкындарынан аман-эсен чыккан учурлары көп болгон. IX кылымда Азияда өкүм сүргөн айтылуу кыргыз империясынын ийгилиги биримдик улуттук идеясына негизденгендигинде болгон. Алдыңкы акылман акыл-эс өз ара коюн-колтук алышкан, күмүштөй оролушуп, жездей чырмалышкан улуттук биримдиктин, калк аралык ынтымактын ("Бирдик болбой - тирдик болбойт" - эл макалы. Өз ара ыркыбыз кетсе, "Пил да болсок жыгылдык, миң да болсок кырылдык" - Бакай. "Ырыс алды ынтымак, ынтымагың жок болсо, алдыңдан таяр алтын так" - Калыгул. "Бакыт - чыгаандардыкы - бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгаргандардыкы" - Нурмолдо) идеясы улут тагдыры үчүн фундаменталдык мааниге ээ экендигин терең туюнган. Биримдик идеясын бүгүн республиканын ички монолиттүүлүгүн чыңдоонун фактору катары таалим-тарбия ишмердигинин идеологиялык ориентири жана мазмундук философиялык базасы катары таалим-тарбияда активдүү жашатышыбыз зарыл.
Б). Мамлекеттик тил - таалим-тарбиянын мазмундук пайдубалы.
Улуттун улут экенин билгизген башкы көрсөткүч - эне тил. Кыргыз тилибиз - улутубуздун жүрөгү. Кан тамырында жүгүрүп, көөдөнүндө согуп турган эне тили - жүрөгү токтосо, улут улут катары жашоосун токтотот. Эне тилин жоготкон, унуткан адам - тирүү өлүк, маңкурт, экономикалык макулук. "Эне тилин билбеген, элин сүйүп жарытпайт" (Байдылда) деген накыл бекеринен эмес. "Тилиңди бурба" - деген насаат ата-бабалардын муундарга айткан биринчи насааты болгон. Демек, түп маанини туюнсак, эне тилибиз ар бир алатоолук атуулдун ар намысы, сыймыгы, жашоосунун маңызы, дүйнөгө көрсөтө турган "улуттук паспорту" (Э. Ибраев). "Күчтүүбүз Ата журттун кучагында, калкымдын уюткулуу дили менен, биз элбиз, биз инсанбыз, биз улутпуз, алатоолук кыргыздын тили менен!" Дал ушундай философияны, улуттук идеяны бекем тутунуп жашаган, мамлекеттик тилдин кызматы үчүн тикесинен тик турган намыскөй атуулдарды өстүрүп чыгаруу мүдөөсү тарбия ишинин өзөгүн аныктап, ар дайым активдүү аракетте турса, анда мындай менталдуулук - республикабыздын дүйнөлүк цивилизация көчүнө өз жүзүн сактап кошулушунун өбөлгөсү болмок.
Кыргызстандагы боордош калктардын чүрпөлөрүнүн Мамлекеттик тил жана өз эне тили жөнүндөгү бекем билими анын ички атуулдук маданиятынын көрсөткүчү болгону мүдөөгө төп келмек. Ошондой эле, дүйнөлүк тилдерди үйрөнүү да өнүгүүбүздүн муктаждыгы.
В). Тарбиянын уюткусу - калктын улуу тарыхы.
Тарбия ишинин негизине алынып, мазмунун аныктай турган кенч, бул - улуттук тарых. Кыргызстандын тарыхы - сыймыктана турган тарых. Кыргыздар Азияда биринчилерден болуп өзүнүн жазмасына ээ болгон эл. Кыргыздардын биздин эранын V кылымында эле рун жазуусун колдонгондугун Чыгыш менен Батыштын окумуштуулары эбак эле далилдеп көрсөтүшкөн. Борбордук Азия калктарынын ичинен байыркы тарыхта аты биринчи учураган кыргыздар илгерки доорлордо алгачкылардан болуп алтын, темир кендерин иштеткен, өзүнүн хандыгына, мамлекеттүүлүгүнө эгедер болгон (кытай жазмаларынын далилдери), а түгүл Азияда өзүнүн империясын түзгөн (IX кылым), темирден аскердик куралдарды жасоо жагынан алдына киши чыгарбаган, кытай жазмаларынын жана орто кылымдагы саякатчылардын берген маалыматы боюнча чептерди, шаарларды (маселен, "Алакчын", "Кыргыз хан" шаарлары) курган, башка тайпалар, калктар менен дипломатиялык мамилелери өнүккөн, эпостордо айтылгандай "Эрендер менен маңдайлаш, чечендер менен таңдайлаш, беттеп адам барбаган, ар душман жеңип албаган" жоокер, эмгекчил, баатыр эл болгон. Соңку тарыхий даректер кыргыздардын ата-бабалары байыркы сактар жана Чыгыш менен Батышты титиреткен илгерки Гундар экенин кабарлап жатат. Манас атабыз, Барсбек, Алп Сол, Тагай бий, Кубат бий, Жаңыл Мырза, Курманбек, Атаке, Бердике, Жайыл, Ормон хан, Тайлак, Курманжан датка, Искак хан, Балбай, кийинкилерден Абдыкерим Сыдыков, И.Раззаков көкүрөгүн окко тоскон Чолпонбай сыяктуу улут ар намысы жана боштондугу үчүн кара жанын садага чапкан жүздөгөн, миңдеген баатырларыбыз, 7-апрелде элинин эркиндиги үчүн курман болгон патриот уулдарыбыз улуттук тарыхыбыздын мактанычы жана сыймыгы. Кыскасы, биздин бүгүнкү тукумдарыбыздын духун көтөрө турган, көкүрөгүн сыймыкка бөлөп, улуттук ар намыс сезимин (чувство национального достоинства) бийиктете турган даңктуу тарыхыбыз бар экендигин эч ким тана албайт. Кыргыз тарыхынын бай жана баатырдык мазмуну - тарбиянын соолбос булагы. Патриотизм үчүн, улуттук өзүн-өзү аңдап түшүнүүнү (национальное самосознание) өстүрүү үчүн керектүү орошон мазмун ушул жерде жатат. "Өзүнүн тарыхын ийне-жибине чейин билип, аны жаш муундардын энчисине айландырып жаткан улут бактылуу улут" (Махатма Ганди).

(Уландысы
14-бетте)





кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??