Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


п»ї
Кыргыз республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Матенов Курманакун Убанкожоевичке
Кайрылуу
2010-жылы 6-апрель күнү саат 21:30 чамасында Талас облусунун Талас шаарына бийликке каршы жүрүп жаткан башаламандыкка келе жаткан Жээнбеков Бабырбек Субанбековичти мурдагы Башкы штабдын зардалы -Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары полковник К.Сарыбаевдин оозеки айтылган буйругуна ылайык Талас шаарына өткөрбөй кармап калууга аракет жасалган. Бирок ,Талас облусунун 100-120 га жакын тургундары бизди Б.С.Жээнбековду текшерүүгө алгандыгыбызга нааразычылык билдирип, окуя чыр-чатакка айланып кете турган болгон. Кырдаал курчуп бараткандыгына байланыштуу чек ара бөлүмүнүн мурдагы зардалы, подполковник Каныбек Дүйшеевичтин буйругу менен Б.С.Жээнбековду кое берүү чечимин кабыл алганбыз, антпесек чогулган топ менен чек арачылар ортосунда кагылышуу болуп кетиши толук мүмкүн эле. Ал эми Каныбек Дүйшеевдин мындай чечим кабыл алгандыгы үчүн полкковник К.Сарыбаев аны кызматтан четтетип койгон.
Буга байланыштуу Сизден "Чоңкапка"-автожол чек ара көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчылыгына кайрадан кызмат ордуна Каныбек Дүйшеевдин кайтарылып келүү мүмкүнчүлүк маселесин карап чыгууңузду өтүнөбүз
майор А.Акулов,
ага лейтенант Т.Токбаев,
прапорщик М.Шабданбеков,
прапорщик И.Ибрагимов,
старшина М.Жакыпбааев,
сержант Д.Исакеев,
сержант Ч.Суранбаев,
ага сержант О.Орозакунов,
ага сержант Н.Жуманалмиев,
кенже сержант Э.Райыммов,
кенже сержант М.Алдаяров,
рядовой А.Жумагулов,
катардагы жоокер
Д.Бейшенова

"Чонкапка бажы" кызматккерлери; майор С.Рысалиев, капитан О.Боркеев, лейтенант Ж.Рыскулов.
P.S Бакиевдик режимди түп тамырынан оодарып түшүүдө Талас элинин салымы эбегейсиз эле болду. 7-апрелде бүткүл Кыргызстан боюнча өтө турган Бакиевдик бийликке каршы элдик нааразычылык жыйындар Таласта 6-апрелде башталып, РИИБинин имараттары өрттөлүп, обладмнистрация элдин колуна мына ошол күнү эле өттү. Таластын "мен" деген уулдары борбордон кичи мекенине бара жаткан кезде Бакиевчилердин буйрутма айдактоолору менен алардын жолдору тосулуп, ар кандай ыкмалар менен камакка алуулар болгон. Мына ушундай окуя "Манастын урпактары" кыймылынын лидери Бабырбек Жээнбековдун да башынан өтүп, бирок, максаттар ишке ашкан эмес. "Чонкапка- автожол чек ара" көзөмөлдөө бөлүмүнүн мурунку зардалы подполковник Дүйшеев Каныбек Жумалиевич, 6-апрель күнү саат 21:30 чамасында Талас областынын Талас шаарында бийликке каршы жүрүп жаткан митингке келе жаткан Бабырбек Субановичти -"токтотуп текшергиле"-деген буйруктун негизинде тосуп, текшерип жаткан учурда , Жээнбеков Бабырбек Субановичти Талас шаарына алып кетүү үчүн келген 100-120 адам, чек ара кызматкерлерине нааразылык билдирип, "жөнү-жок кармап тургандыгыңар үчүн, чыр чыгарабыз" деп кайрат көргөзүп тиреш башталып кете турган кезде, подполковник Дүйшеев Каныбек Жумалиевич кырдаалды түшүнүп, дипломаттык жол менен кыраакы чечим кабыл алып, Жээнбеков Бабырбектин жолун тосууну токтоттуруп Таласка кирүүгө мүмкүнчүлүк түзүп берген. Эгерде бул чечимди кабыл албаганда эки тараптан тең жоготуулар, бөөдө жаш балдардын өмүрүнө балта чабып, орду толгус жоготуулар болушу мүмкүн эле.




АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
К. Бакиевдин бул дүйнөдө жашоого укугу жок. Эл аны өмүрү кечирбейт.Ал топук, сабырдуулук дегенди унутуп, бөөдө каргышка калды.
Революценер
Телевизордон ири ишканаларды апрель окуясынан кийин жаап, көрүнгөн шылтоолорду айтып, үстөккө-босток текшерүү жүргүзүп жатканын укканымда жаман жиним келди. Ишкана Макстыкы болсо, мейли го, анын чыныгы ээси ким экенин айдан ачык билип туруп, ормон опузага салгандары эмнеси? Канча адам бир айдан бери жумушу жок үй-бүлөсүн бага албай кыйналууда. Буга Убактылуу өкмөттүн ичиндеги кайсы бир адамдын кызыкчылыктары бар да. Болбосо эмнеге Сокулук,Токмок, Балыкчыдагы ишканалар иштебей бек турат. Эй Убактылуу өкмөт, урматтуу Роза Отунбаева жана А.Атамбаев ишкерлерге да көңүл буруп койсоңор. Аларга шамал каяктан уруп жатканын текшерсеңер бир чоң иш кылган болооор элеңер.
Асанкайгы, Кара-Балта шаары


Н.Назарбаев "кыргыз баурдастарым" дегени жалган экен. Эми чек арасын бекем жаап, эки жакты тең бирдей кууратты го. Кыргыз тууганына чын дилинен күйсө ушундайда жардамын көрсөтпөйт беле.
Эрмек, Талас району





Бишкек шаарынын мэринин
убактылуу милдетин аткаруучу Иса Өмүркуловго
Биринчи Май районунун №49 мектебинин мугалимдеринин атынан
АРЫЗ
Биздин арыз жазуубуздун себеби, №49 орто мектебинде мугалимдерди мектептин директору Молдакунова Р.А. мектептин администрация тарабы менен биригип алып, мугалимдер жамаатынын моралдык жактан укугун тепсеп келет. Булардын жасаган мамилелеринен улам ушунча жылдан берки педагогикалык эмгегибиз, ишибиз эсептелбей келет.

Мектепке Молдакунова Р.А. 2006-жылы июль айында келгенден баштап жамаатка өкүм сүйлөп, баш көтөргүс кылып иштете баштады. Август айында ишке чыккан мугалимдерди 40градус ысыкта куураган чөптөрдү жулдуруп, кирпич ташытып өз ишин баштаган. Ушундай оор жумуштарды аткарып жүрүп, Сапарбаева Д.У. ооруп калып, 7 күнгө справка алып келип өткөргөн. Бирок бул мугалимдин жогорудагы 7 күнүн табелге киргизип, айлык алаарда ал күндөрдүн акчасын эмгек акысынан кармап калган.
Бул директор келген күндөн баштап "жердешчилик диктатурасы" көз көрүнөө орной баштады. Ошону менен бирге өзүнүн айланасына өзүнүн топторун чогултту. 1-класска кирген окуучулардан жана жаңы келген окуучулардын ата-энелеринен милдеттүү түрдө 1000 сомдон 3000 сомго чейин кирүү акысын алып турат. Төлөй албаган ата-эне баласын башка мектептерге алып кетүүгө аргасыз болушкан. Бул сумма жыл өткөн сайын көбөйүп бара жатат. Ошондуктан окуучуларыбыздын саны азайып, класстар кыскарууда. Мектепте "Кайрымдуулук" фондусу ачылган. Биринчи ачылганда окуучулар 100 сомдон төлөп башташкан. Азыркы учурда 200 сомго жетти. Бул фонд аз сандагы ата-энелер менен чечилип түзүлгөн.
Ушул чогулган акчалардын отчетун сураган мурдагы ата-энелер комитетинин председатели Саитов Исманали менен тил табыша албай, анын ордуна башка председатель шайлап алган.
Бул фонддон сырткары, мектептеги эскирген жабдыктарына (парта, стул, кабинеттин каалгасы, каб. сыртына жазылуучу табличкалар ж.б.) ар бир окуучудан 200-600 сомго чейинки акчалар жыйналган. Жыл сайын класстын ремонтуна ар бир окуучудан 250 сомдон чогултулат. Жайкы каникулда мектеп окуучулары 10-20 күнгө эмгек практикасын өтөшүп, практикага келе албаган окуучулар 100-150 сомго чейин чогултуп беришет. Мунун баары класс жетекчиге жүктөлгөн. Ай сайын жүз миңдеген акча топтолот, накта отчету жок.
Мектеп фондусунан директор 8000ге чейин акча алат. Бул көрүнүш мугалимдердин көкөйүнө көк таштай тийип бүттү.
Шаардык, райондук элге билим берүү башкармалыгынан текшерүү келсе же майрамдарда (мугалимдер күнү, жаңы жыл, 8-март, 25-май) мугалимдерден акча чогултуп конвертке салып, пакетке ар кандай белек салып, гүл алып, пакет менен алып барып берет. Мындан сырткары, мектептин ичине конок тосуу салтка айланган. 2006-жылы 20-сентябрда "Кабинеттерди текшерем" -деп мугалимдерди кечки саат 9-10дорго чейин камаган жана бул адаттар калбай келет.
Мектептин ичиндеги айрым кабинеттер директордун жакындары жашай турган жайга айланган. Мектептин ашкана, спорт зал, мастерскойлору арендага берилип, андан миңдеген акча түшөт.
Мугалимдер эмгек акысын өз убагында алышпайт. Анткени, директор кандайдыр бир шылтоолор менен көпчүлүк учурда айлыкты кечиктирет.
Директорго жана администрацияга жаккан мугалимдер 60 саат менен иштешет. Табелде иштебеген мугалимдерге да айлык жазылып жүрөт.
Мектепте кадрлар жетишпей, эптеп сырттан окугандар, келип-кетип иштегендер көбөйүүдө. 50-60ка чейинки саат алып иштегендер бар. Алардын артык баш сааттарын мурда иштеп кеткен мугалимдин атына жазышып акча алышат. Мисалы, Р.Калыкова бул мугалимдин мектептен кеткенине 3 жылдан ашты. Бирок айлык акысы жазылууда.
Директор мугалимдерди саясатка аралаштырып, шайлоо учурунда дайыма мугалимдерди кыйноо менен ар бир шайлоо участогун кыдырып, жасалма бюллетендерди салдырат жана мугалимдерди түрдүү кийимдерди кийгизип, кайра-кайра кирүүгө мажбурлайт.
7-апрелден кийин директор Молдакунова өзүнө ишеничтүү мугалимдерди "акимди өз ордуна калтырууну колдогула" - деп кол койдуруп чыкты. Ал эми туураны туура деген, чындыкты бетке айткан мугалимдерди "эл душманы" катары мугалимдерге каршы коюп, коллективдин ынтымагын бузуп, экиге бөлүп салды.
Мугалимдер жаш муундарды тарбиялап, билим берип, келечектеги инсанды тарбиялоонун ордуна "система ушундай" деп эле жетекчилердин кир-ыплас, туура эмес иштерин аткара беребизби?
Бүгүнкү күндөгү шаар мектептеринде директорлор иштеген мектептерин өз менчиктерине айландырып, каалаганын кылып келүүдө. Мындай көрүнүш кайсы убакка чейин уланат?
Биз убактылуу өкмөттөн, элге билим берүү министрлигинен арызыбызды текшерип, туура жыйынтык чыгарууңуздарды күтөбүз.

Шаршеналиева Г.Н.
Сапарбаева Д.У.
Султаналиева Г.С.

PS.
Ураттуу окурман мына ушуга окшогон көйгөйлөр азыр биздин арабызда көп. Бул материалды жарыялоо менен биздин гезит бул багытта иликтөөлөрдү жүргүзөт. Эгер ушуга окшогон үндөш мкалалар болсо биз ачык жарыялап турмакчыбыз.




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??