Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



п»ї

Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
(Саруулардын республикалык биринчи курултайынан)
20 жыл бою Манас бабабыздын жети осуятын тактайга чоң-чоң тамгалар менен бадырайта жазып мектептин дубалдарына, мекемелерге илгенибиз менен, көкүрөгүбүзгө бир бүртүгүн да сиңире албай келдик. Анын акыркы жыйынтыгын көрүп отурабыз. Сыртыбыздан калп эле ураалап, шаңданып-шанаңдаганыбыз менен бүгүнкү күнү ичибиз көңдөй бойдон калып отурганыбызды кантип танабыз?

Эгер, бабалардын осуяттарын чын дилибизден туу тута турган болсок, анда кырк уруу жыйнап журт кылган Манастын жолун жолдомокпуз. Кыргыз үчүн каруусун казык кылып, акыркы демин да журтум деп алган журт башыларга туйтунмакпыз. А бизде баары тескерисинче болду. Аттиң,- деп бармагыбызды кырча тиштеп отурганыбыз ошондуктан.
Антсе да, уюткулуу журттанбыз. Кылымдардын кыйырын баскан кыргыздын уучу дале кур эмес. Кырк уруу журту жыйылып кыргыз улутун түзүп, замандын дөңгөлөгү менен тең чимирилип келет...
Баса, уруу демекчи, бир кезде чыктык: "уруу-уруу болуп бөлүнгөнүбүз туура эмес, кыргыз бөлүнбөш керек" деп. Аны менен улуу журттун көрөңгөсүн көрмөксөнгө салып, аныбыз аз келгенсип танып жатканыбызды билбептирбиз. Дал ошол урууларды жокко чыгарып жүрүп, улутубузду жоготуп ала жаздаптырбыз. Улуттук идеологияны жоготуп, ар бир кыргыз өзүнчө көөдөн көтөрүп, бири-бирибизге боор тартпай баратыптырбыз көрсө. Глобализация деген аты да, заты да кыргыз табиятына туура келбеген терминди оозангандарды билимдүү го деп артынан ээрчип кете бериптирбиз.
Дал мына ушундай маселелерди көтөргөн курултай болуп өттү ордобузда. Саруу коомдук бирикмесинин республикалык биринчи курултайына бир гана саруулар эмес, кыргыздын кырк уруусунан катышып, көптөгөн көйгөйлөрдү ортого салышты. Белгилүү тарыхчы Кожош Мусаев биздин заманга чейинки эле жашап өткөн кыргыз урпактарынын, кыргыз урууларынын басып өткөн жолуна токтолуп өттү. Биз бүгүн билген, Ала-Тоону этектей конгон бир ууч кыргыздын тарыхы тээ түпкүрдө экенин баса белгилеп, байыркы доордо Америка континентине чейин, Египет пирамидаларына чейин кыргыз бабалардын буту басып, эмгеги сиңип, мээси короп, колу талыганын айтып келип, "Биз бүгүн уруу-уруу болуп бөлүнбөй эле уруулар биригип, улуу журт боло баштадык" деген нускалуу кебин айтты. Андан кийинки доор - Манас доору болсо, азыркы доор - Манас бабабыздын урпактарынын доору экендигин ынанымдуу далилдеди.
Андан кийин Кыргыз Эл Биримдигинин өкүлдөрү (кыргыздын оң канат, сол канат, ичкилик урууларынын өкүлдөрү) - Ормон Шаршенов, Аракеев Асейин, Анарбек Усупбаев, Медетбеков Шамшыбек, Абдыгапаров Чыныбек, Мамбеталиев Таштан,Абдисалам Юлдашев, Кадыр Кошалиев, Осмонов, акын-драматург Меңди Мамазаирова, коомдук ишмер Анаш Кадырова чыгып сүйлөп, өздөрүнүн ой-пикирлерин ортого салышты. Тилекке жараша, ар биринин оозанганы - кыргыздын ынтымагы болду.
Албетте, ар бир уруу өз маселесин өздөрү чечип алат. Уруучулуктун эмнеси жаман. Биз, бүгүнкү кыргыздар уруучулуктун жакшы жагын гана пайдаланалы. Албетте, бир эле нерсенин жакшы да, жаман дагы жагы болорун билебиз. А бирок, тегибизди билбегенден көрө, билгенибиз жакшы эмеспи. Кыргыз генофондун жакшыртуу өңдүү эң бир актуалдуу маселеде да уруучулук зор роль ойноорун "жети ата өткөнчө кыз алышпа" деген осуят чындыкка чыгарып турат. Ата-тегин билип жүрүү - ар бир кыргыздын парзы болуп калсын деген, эмне, жаманбы? Кыргыз айткан эмеспи: "тексиз - кул" деп. Кулчулуктан кутулуунун бир жолун ушул уруучулуктан көргөн көөнө кыргыз.
Ырас, ар бир өткөн доор өзүнүн таасирин тийгизбей койгон жок кыргызга. Бул да мыйзам ченемдүү көрүнүш. Коомдо туруп, коомдон сырткары боло алган жок кыргыз. Коммунисттик идеологияга сугарылып жашаган жетимиш жылда кыргыз эл катары көптөгөн бийиктиктерге көтөрүлүп, илим-билимге сугарылганы менен, улут катары уюткусун жоготуп жибере жаздаганын кантип тана алабыз. Андан кийинки "Жашасын, демократия!" деп добулбас кагып, төшүбүздү койгулап, ар бирибиз "мендигибизди" көрсөтүүгө далбас уруп, үнүбүздү катуу жана бийик чыгарууга аракеттенгенибизди не дейбиз. Көрсө, демократия деген баш аламандык кыргыздын табиятына туура келбей калганы ошол экен.
Деги эле өз каада-салты, өз жашоо мыйзамы, улуу тарыхы бар эл эмнеге эле башка элдин үлгүсү менен жашаш керек эле?!
Дал мына ушул маселелерди козгогон курултайда Саруу коомдук бирикмесинин мүчөлөрү кыргыздын тарыхын жана учурдагы көйгөйлүү маселелерин кеңири талкууга алышты.
Курултайдын аягында Саруу коомдук бирикмесинин мүчөлөрү Бирикменин иш-чараларын алып баруучу жана жөнгө салуучу органдарды шайлашты. Ал түзүм төмөндөгүдөй болду:
Бакай кеңешинин теңтөрагалары: Камчыбеков Равшанбек (Ош облусунун Ала-Бука аймагынан), Ибраимов Кеңешбек (Жалал-Абад облусунун Аксы аймагынан), Бөдөшов Атайбек (Аксы аймагынан), Бабырбек Жээнбеков.
Ордо Кеңеши: төрайымы Бегалиева Өмүрбүбү( Бишкек), орун басарлар: Батырбеков Дүйшөн (Талас, Манас аймагы),Эсенаманов Анарбек (Бакай-Ата аймагынан), Касымбеков Байызбек (Аксы аймагы).
Умай Эне: Бөдөшова Нурбүбү.
Казына: Мелис Батырбеков (Аксы).
Санжырачы аалымдар тобу: Машакбай Рахманкулов, Алмаз Абазбеков,
Жаштар канаты: активисттер көп болгонуна байланыштуу лидер тандалууда.
Саруу коомдук бирикмесинин Уставы Юстиция министрлиги тарабынан 2010-жылдын 8-февралында каттоодон өтүп, Күбөлүгү жана мөөрү алынган. Девизи: Манас, Манас, эр Манас! Туруктуу жайгашкан дареги: Бишкек шаары, Москва көчөсү,150. Телефону: 66-54-78. Каттоо күбөлүгүнүн номуру 0065359.




  Ми - грация

Агатайлар, айгайладым, кулак сал!
- Мен өзүм кыргыз жаранымын. Бирок, өткөн жылдын сентябрынан бери Алматы облусунун Жамбыл районунун Аксеңгил айылында турам,- дейт маектешим Султанкулов Памирбек.- Кыргызстандын жараны катары айтаарым, кыргыздардын Казакстанда жашашы өтө оор.
Айтса-айтпаса төгүнбү, Кыргызстандан баргандар базарда соода кылышып, курулуштарда, тамеки плантацияларында кеч күзгө чейин иштегени менен, тумшугуна эч нерсе илинбей деле калгандар көп. Себеби, кыргыздарды көбүнчө "кидать" этип кетишет. Ошентип, "кардың ачса - карындаш изде" деген накыл кеп бүгүнкү күндө эскирип, жарабай калганын карасаң! Айла кеткенде, ушинтип наалууга туура келет. Себеби, "бир тууган боордошторбуз" деп кыргыз-казак эчен кылымдарды карытып Ала-тоону этектеп жашап келбеди беле! Анан эле, бири жакшы жашоону беттеп, экинчиси минтип итке минип отуруп калса эле, ортодо ажырым болуп кетет бекен? Чыныгы бир тууган болсо, кыйналып турган кыргызды ого бетер кыйнабай, маңдайынан сылап, алы-жайын сурайт эле да. Аны биротоло малайдай мандикер кылып албай…-деп бир оюм тумчуктурса,экинчи оюм: Эми, ал өзүбүздүн жамандыгыбыз да,-дейт. Аны ырастаган маектешим кайра кебин улай кейийт:
- Алматыдагы кыргыз элчилигине бардык. Өтө тар, кууш жердеги "полуподвальное помещение" экен. Дарбазасы жолдун жээгинде. Адамдарды подвалында кабыл алат. Ошону көрүп деле ыңгайсыз боло берет экенсиң…
"Ар-намыс" партиясынын бир кездеги мүчөсү, азыр Казакстанга иштегенге кеткен Памирбек мырзанын айтымында, андай ыңгайсыздыктар көп. Бир справка алуу үчүн - 40 доллар төлөш керек, учетко туруу- 15 доллар. 7 жашка чейинкилер менен 65 жаштан өйдөкүлөргө гана бекер. Акчаны банкка төлөшөт. Бул деген, алгач барган кишиге оор эле болот экен. Себеби, ал жакка оңгонунан барган киши жок. Эптеп акча табуунун аракетин кылгандар да, баары. Ал эми коммерсанттардан эки эселеп алышат. Көп нерсесине чыдабай, кыргыздардын легалсыз иштеп жүргөндөрү көп…
Кыргызстанга келип-кетип атканда ар бир кыргыз ушинтип датын айтып кетишет. Деги эле бизде миграция маселеси курч, оор бойдон турганын ким танат. Же бир Кыргызстандан барган адамдарды башкалар киши десечи. Жада калса, жакын тууганбыз деген казак боордоштор дагы теңине албай телмиртип отурушат.
Жакында эле Убактылуу өкмөттүн башчысынын биринчи орун басары Алмаз Атамбаев "кыргыз-казак ортосунда кош граждандуулук болот" дегендей кылды дешип, уккандары да, укпагандары да кулактарын делдейтип отурушат. Ой, андай болсо жакшы болбойт беле, ынтымактан жакшы не бар? Ушу казак эли деле башынан көптөгөн оор замандарды өткөрүп келгенде канатташ турган кыргыздар кыйла жардам бергенин тарых тастыктайт. Жайласак - жайлообуз бир, кыштасак - кыштообуз бир болуп келген агатайлардан, чек араны ачып, карым-катнаш кадимкидей эле жанданат го деген күдөрүбүз үзүлбөй турсуншу, ау!
Нурбүбү БӨДӨШОВА




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
14-май, 2010-ж.:
1-бет
Алмазбек Атамбаев:
"Кыргызстанда бийлик жок деп ойлосо, терең жаңылышат. Биз тартипти орнотобуз"

2-бет
"Кемчилиги жок күйөө табам деп эрсиз калыптыр"
3-бет
Алкаголь жайларда да абал тынч эмес
4-бет
Жаштар министрлигин түздүк, анан…?
5-бет
"АЛИБИНИ" АК ЖЕРДЕН МУУНТКАНДАР ЖАЗАЛАНБАЙБЫ?
6-бет
Легитимизация машакаты
7-бет
Алмазбек АТАМБАЕВ, Убактылуу өкмөттүн төрайымынын биринчи орун басары:
"Нариман Түлеев "Бакиев менин "атам" деп жүрчү

8-бет
С.Жайчыбеков:
"Эгер мамлекет башына жеп-ичкен адам келсе, кызматымдан кетем"

9-бет
Кармалбас ханзаада кайда?
Күйүүчү май күйдүрдү

10-бет
Кыргыз көрөңгөсү - көөнөрбөйт
11-бет
Кайрылуу
12-бет
Долбоор
13-бет
АЯЛДАН ЧЫККАН АЛДАРКӨСӨӨ
14-бет
Долбоор
15-бет
Туяк
Нурбүбү БӨДӨШОВА.

16-бет
ТИМОШЕНКОНУ ТИМ КОЮШПАДЫ










??.??