Бийликти омкоргон баатырлар

"БИЗ ДА ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК БЕЛЕ?"

Үй-бүлөлүк жана кландык уюшма Бакиевдердин бийлигин кулатууда курман болгон 85 жигиттен башка 1000ден ашуун адамдар ар кайсы жеринен ок жеп, оор-жеңил жаракат алышып,бул күндөрү көпчүлүгү ооруканалардан үйлөрүнө чыгып кетишкен. Бир топторунун жарааты дале толук айыкпай, ар кыл ооруканаларда дарылануусун улантып жатышат. Кыргызстан илим-изилдөө курортология жана калыбына келтирүү институтунун бир нече бөлүмүндө 40 тан ашуун "апрель революциясынын" каармандары алган жарааттарын айыктырып, ден соолугун калыбына келтирип жатышат. Жарадарлардын операциядан кийинки калыбына келтирүүсүн ушул жерде улантуу идеясын институттун директорунун илимий иштер боюнча орун басары, профессор М.Т.Султанмуратов көтөрүп чыгып, саламаттык сактоо министрлиги бул идеяны колдоду.
Бул жердеги оорулуулардын да оор-жеңилдери бар. Саламаттык сактоо министрлиги улам көбөйүп келип жаткан оорулууларды тамак-аш, дары-дармек менен камсыздоо маселесин тилекке каршы али чечелек. Бул чыгымдар азырынча илим-изилдөө институтунун өп-чап жетип жаткан өз эсебинен жүргүзүлүп жатат. Бирок жардам алып жаткан "баатырлардын" Убактылуу өкмөткө андан да чоң капа-нааразычылыктары бар экен. Алардын өздөрүнүн пикирлерин уккула.


ШАРИПОВ Талант -Ош областынын Ноокат районунун кулуну:
- Мен Бишкекте "Элпринт" деген ишканада эл ташыган автобус айдайм. Саат 11лерде автобус айдап баратсак токтотуп салышты. Автобустарыбызды айдап барып тапшырдык. Саат 2лерде эл менен Ак үй жакка келдик. Менин жанымдагы кишиге ок тийди.
Атылгандарды "скорыйга" ташып жатсак да атуу токтогон жок. Эл улам чабуулга чыгып, 6-7 кишини атып таштайт, кайра качып, тигилерди жеткирип келсек, кайра эле ар кайсы жерде 4-5 атылган киши жатып калыбатат. Мага ок кечке жуук саат 8дерде тийди. Бир жарадарды көтөрүп баратканбыз, ок ошондо белиме тийиптир. Эсимди жоготуп коюпмун. №4-ооруканага алпарышыптыр. Ал жерде 23 күн жатып, азыр курортологияда дагы 2-3 жума дарыланабыз го. 1 кыз, 4 уулум бар. Улуусу 8-класста, кичүүсү 1 жаш 7 айлык. Азырынча мамлекеттен жардам ала элекпиз,үйдөгүлөр ачка. Менчик ишкана, уюмдардан, мисалы,госрегистр, темир жол вокзалынан, өзүм иштеген ишканадан жардам беришти.Мамлекеттен эч нерсе жок. Же биз да өлүшүбүз керек беле?

МОЛДОБАЕВ Айбек - Талас шаарынын кулуну,Чүй областтык статкомдо жетектөөчү адис, 1984-жылы туулган:
- Мурда эле митингге катышсам деп жүрчү элем. Иштен чыгып барып эле аралаштым. Саат 2лерден өткөндө эле ок жедим.Ал убакта темир дарбаза ачылып, ичине көк машина кирип калган. Бир аял, бою кичинекей (Үмөталиева Токтайым - ред.) "эркектер барсыңарбы, намыс барбы силерде? Мен аял башым менен бул жерде жүрөм" деп кыйкырып жаткан. Жанында жүргөм, намыстанып кеттим да кирип кеттим. Элес-булас билем, Ак үйдүн эң үстүңкү жагындагы айнек ачылганда кара кийимчен бир кишини көргөм. Эл дүрбөп артты көздөй кете баштады.Мен да артка жөнөгөндө ок тийиптир.Денем ысып эле кетти.Катуу чоң масса тийгендей эле болду. Көзүм караңгылап кулап түштүм. Кайра турсам, кайра кулап кеттим.Сүйрөлүп тартынып баратсам бирөө тартып кетти. Алгач Панфилов көчөдөгү поликлиникага алып келишти, 15-20 мүнөттөй жаттым.Андан кийин 4-ооруканага алып кетишти.Ошол эле күнү операция жасашты, 3 литрдей кан жоготуптурмун.Ок сол жамбаштан кирип, тизенин жогору жагынан (сүрөт …391) чыгып кетиптир, диагонал түрүндө кетиптир. Тарамыш, кан тамырларды үзүп кетсе керек, сол бутум тизеден ылдый эч нерсе сезбейт, жаны жок. Нервин калыбына келтирсе болот, көбүрөөк убакыт керек деп жатышат. Алгач жаракаттарды айыктырыш керек экен.

МОЛДОБАЕВ Сайдиллабек -Айбектин атасы:
- Уулум жашынан эле демократ жаштар менен байланышып жүргөнүн билчимин.Акаев доорунда улуттук университетте окуп жүргөндө деле, Бакиев доорунда деле бийлик үчүн эмес, адилеттик деп чыгып жүрүшчү. Бир нече жерге ишке орношту, бирок иштен өзүн көрсөтүп баштаганда, бир аздан кийин эле баланын кыял-жоругун билип чыгарып ташташчы. Анан элдин турмушу да кыйындап кетти да. Абайлап жүр деп биз деле эскертип жүрдүк.
7-апрель күнү мен Талас шаарындагы акцияда өзүм иштеген №6 орто мектептин окуучуларын үйлөрүнө кубалап, Ак үй менен облмилициянын ортосунда жүргөм. Ошондо уулуңузга ок тийди, абалы оор деп чалышты. Ал күнү Бишкекке чыгууга мүмкүн болбоду. Эртеси жарадар болгон жоокерлерди алып келаткан маршруткага илинип калып, ошолор менен келдим. Балам 3 жолу операция болду. Туугандарыбыз 10 миң сомдук кан сатып келип беришиптир. Акыркы операциясы да оор болуп, врачтар жана 3 медсестра канды түз куюу жолу менен жасашты, №4-оорукананын 3-кабатында балдар ортопедиясынын башчысы эле, аты-жөнүн билбей калдык, ошого чексиз ыраазыбыз. Реанимациядан 2 күндөн кийин чыкты. Ошондон бери күнү-түнү жанындамын.Мен да мугалимдик ишимди токтотууга мажбур болдум. Өкмөттөгүлөр келип, ал-абалды сурашса сүйүнүп калмакпыз. Компенсация алып жатышыптыр, андан да кабарыбыз жок.Үй-бүлөдөгү тирилик эмне болуп жатканы менен деле кабар жок. Ишимдеги чоңдорго да чалып коюп жатам, абалым ушундай болуп жатат, түшүнүп койгула деп. Айбек 3 баламдын эң улуусу.
Воронцовкадагылар дурус эле карап жатышат. Массаж, электр стимулятор, ылай дары ала баштадык.Баламдын буту тизеден ылдый жаны жок.Түндө 2-3 саат эле уктайт. Компенсацияны ооруканага алып келип берсе эле болот эле. Бул үчүн прокуратура, иштеген, дарыланган жеринен документтер керек экен дейт, ага чуркаганга убакыт болбой жатат.№4-ооруканада жатканда иштеген жамаатынан келишкен. Биз үй-бүлөбүз менен Алланын жолунда жүргөн адамдарбыз. Алладан, анан өкмөттөн үмүтүбүз бар.

БУКАРБАЕВ Акылбек - Нарын районунун кулуну, 1974-жылы туулган:
Мен 1991-жылдан бери Бишкекте жашайм, 2004-жылы техникалык университеттин энергетика факультетин аяктап, Нарын районунун Дөбөлү айылындагы ПТУда 1 жыл мугалим болуп иштеп келгем. Айлыктын азынан курулушка иштеп кеткем. 4-,2-кластта окуган эки балам бар. 7-апрель күнү Новостройкадан иштен чыгып, Ак үйгө жетип бардым окуяны угуп. Кечки саат 19дар чамасында "Илбирстин" жанынан жарадар бирөөнү сүйрөп бараткам, өйдө боло берээрде ок колума тийди. Балким эңкейген калыбымда сүйрөп кете берсем балким башыма тиймек беле, Кудай сактады.Панфилов көчөсүндөгү "скорыйга" келсем, жардам көрсөтүлдү. Анан Жалдагы балдар ооруканасына жеткирилип, биринчи операция ошол жерден болду. 8-апрель күнү №4 -шаардык ооруканага которулуп, Россиядан келген бир врач көрүп, Сабырбек Жумабеков 2-жолу кайра операция жасап, анан минтип Илизаровдун аппаратын салып коюшту. Сол колумдун баш бармагы, сөөмөйү, ортондун жаны жок, сыягы нерви үзүлсө керек. Бизге жардам берүүнү али эч ким ойлоно элек окшойт. Үйдө аялым да иштебейт. Мындан ары курулушта иштей албасым анык, эмне кылаарымды билбей баш маң.

САТЫБАЛДИЕВ Айтбек - Ат-Башынын кулуну, 1974-жылы туулган,Сокулук айылында жашайт:
- 7-апрель күнү Сокулуктагы тынч митингге келсек Темир Сариевди камап коюптур деп уктук.Болжол менен 2 миңдей адам чогулуп калдык. Анан эле Ак үйдө элди атып жатыптыр дегенди угуп, жолдон машинелерди токтотуп, Бишкекке келдик. БТР жанында жүргөнбүз, ал жүрбөй калды. Жүрсө ошону менен Ак үйгө кирейли дегенбиз. Ок ошол БТРдин жанында жүргөндө тийди.Улутук госпиталга алып келишип, операцияны реанимацияда жасашты. Үй-бүлөмө болгон окуяны эртеси эсиме келгенде айттым. 12 жана 6 жаштагы эки балам бар. Сол бутумдун жараты эми инвалид кылып койбосо болду. Бул жерде врачтар, сестралар жакшы карап жатышат.

БАЙСАБАЕВ Керимбек-Ысык-Ата районунун кулуну, 1962-жылы туулган, дыйкан:
- Мен буга чейин 2006-,2007-жылдардагы митингдерге катышып жүргөм.Бул жолу деле ошондой митингдердин бири болот деп 4 адам келгенбиз, бирок бири-бирибизден адашып кеттик. Оң бутумдун тизесине ок кечки 7:30дарда "Илбирс" менен Ак үйдүн ортосунда жүргөндө тийди. №4-ооруканага кечки сегиздерде келдим.Анда эсимди жогото элек болчумун. Операцияга алып баратканда эсимден тандым.Наркоз менен 3 саат операция болуптурмун, бирок ок бутумдун ичинде алынбай калып кетти. "Ок кан тамырлар менен тарамыштардын арасында, ары-бери жылып турат, байкап турабыз да, коркунучсуз жерге жылып келгенде операция кылып алып таштайбыз" дешти. Аны канча мезгил күтөм- белгисиз.

АБДРАХМАНОВ Урмат - Жети-Өгүздүн кулуну, 1987-жылы туулган:
- Мен №1-республикалык тиш стамотологиясында тиш салуу боюнча адистикте окуп жатам. Элге Чыгыш -5 кичи районунда кошулуп калдым. Ок кечки сегиздерде БТРдин жанынан өлгөн 2 адамды Панфилов көчөсүндөгү "скорыйга" көтөрүп баратканда тийди. №3- балдар ооруканасына келдим. Түнкү саат 11лерде осколканы чыгарышты да, эл көп келип жатат деп №2-корпуска жиберишкен,каны токтосо үйүңө кете бер деп. Бирок кан токтобой, кайра №1- корпуска алып келишти. Башка врач рентгенге салса, сөөктө ок турганын көрөт да, кайра операция жасашып, окту алып ташташты. Түндө үйүмө кеттим. 9-апрель күнү жараатым кайра ириңдеп, №4-ооруканага келип, ал жерде 27-апрелге чейин жаттым,эми бул жакка келип, бутум айыгып баратат.
Жарадар болгондорго жардам качан берилээр экен?

К.МОЛДОКУЛОВ