Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  Бир каттын изи менен

Чым-Коргондогу чырга ким чекит коЁт?
Бакиев тактан кулап, элдин көкүрөгүндө көптөн бери буюгуп жаткан буктар чыгууда. Кемин районуна караштуу Чым-Коргон айылында жайгашкан жин ооруларды дарылоо бейтапканасында ачыкка чыкпай келген, чыкса да эч чара колдонулбай келген көйгөйлөр тууралуу оорукананын дарыгерлери жана кызматкерлери биздин редакциябызга ачык кат менен кайрылышты. Ачык катта Республикалык психиатриалык оорукананын башкы дарыгери Жаныбек Ажыбековдун жетекчилик кызматы жасаган ишине төп келбей жатканы, орчундуу маселелер көтөрүлүп, бирок, Ажыбековдун кайдыгерлигинен көп нерселер бүлгүнгө учурап, оорукана жабылып калуу коркунучунда турганы жазылган. Ал каттын изи менен Чым-Коргон айылына барып, нааразы тарап менен жолугуштук.


Бекжан АДИГИНЕЕВ, терапевт-психиатр:
- Менин бул ооруканада иштегениме он эки жыл болду. Чындыгында, башкы врачыбызга коллектив нааразы. Коллектив менен иш алып бара албайт. Ушунча болуп оорулууларга "обход" кылганын көргөн эмесмин. Оорулуулардын абалын беш мүнөттүк планировка учурунда гана сурайт. Дары-дармек жетишеби- жетишпейби, оорукананын абалы кандай, иши да жок. Адис врачтар жок. Көбүнчө психиатрлар иштешет. Ал эми адамдар психикалык оорудан сырткары башка оорулар менен ооруп каза болуп калышат. Бул өтө чоң проблема. Мына, жакын арада эле ич келтенин (брюшной тиф) вирусу чыкты. Бул вирусту мен аныктадым. Ал абдан коркунучтуу инфекция. Бул оору кирден пайда болот. Мына, ооруканада жаткан адамдардын бок-сийдиги трубадан арыкка агат. Ал үчүн атайы жабык түрүндөгү "ямалар" болушу керек. А бизде "ямалардын" бардыгы толуп-ташып, чымын-чиркей жайнайт. Ал чымындар айылды аралайт. Андан ар кандай оорунун вирустары келип чыгып жатат. Ажыбековго айтсак, бардыгын каражатка шылтап коет. "Яма" казганга да каражат керектелеби? Санэпидстанциядан келип да коюшпайт. Министрликтен деле кишилер келишет бирок, жыйынтык жок. Ооруканага тийиштүү чарбалык иштерибиз бар эле. Алардын баары Ажыбеков келгени талкаланды. Автоунаалар, мал-жан деген дайыны жок жоголду.

Кына ШЕРАЛИЕВА, Чым-Коргон айылындагы "Бакыт" балдар бакчасынын башчысы:
- Бул балдар бакчасына иштегениме отуз жыл болду. Жакында ооруканада ич келте оорусу чыкканын уктук. Ушул эле ооруканада иштеген кызматкерлердин бардыгынын балдары биздин балдар бакчабызда. Вирус коркунучтуу болгондуктан оорукананын кызматкерлеринин балдарын "садикке" албай койдум. Бир жумадан кийин башкы врач Ажыбеков башкы сестрасын мага жибериптир. Ал келип мага "эже, эч кимге айтпаңыз. Бул ич келте эмес, жөн гана дизентерия"-деп оозумду басып кетти. Кемин райондук санэпидемстанцияга кайрылсам, алар дагы "дизентерия"-деп айтышты. Учурда балдар бакчасын хлорка менен тазалап жатабыз. Бул тууралуу айыл өкмөтүнө, амбулаторияга билдирдик. Биздин балдар бакчасы ооруканага жакын. Мына ошонусу да коркунучтуу болуп турат. Ушуну жогору жактагылар карап, бир жыйынтыкка келбесе болбойт.

Сыргак АЛЫБАЕВ, врач-ортизиатр:
- Чым-Коргон ооруканасынын пациенттери жылдап жатышат. Туугандары болсо, жылына бир-эки жолу келет же таптакыр эле келишпейт. Башкы дарыгер Жаныбек Ажыбеков акыркы жылдары көп эле "эксперименттерин", "реформаларын" жасап, өзүнө бир топ нааразычылыктарды жаратып алды. Алсак, бөлүмдөн-бөлүмгө дарыгерлерди, санитарларды, мед-сестраларды бат-баттан которуштуруп, пенсиядагы бир топ тажрыйбалуу врачтарды бөлүм башчылыктан алып салды, көп медсестралар, санитарлар кыскартылып ишсиз калышты. Чарба иштерине салкын карап, кыскасы сиздер алган маалыматтардын бардыгы чындык деп эсептейм.

Шайлоонур АЙТАЛИЕВА, бөлүм башчы:
- Мен бул ооруканада 1992-жылы институтту бүтүп келгенден бери иштеп келатам. Ажыбековдун биздин ооруканага жетекчи болуп келгенине жети жыл болду. Ал кишинин жети жылдын ичинде жасаган эмгегинде көп жакшы да, жаман да иштер болду. Эми айта берсе көп маселелер бар. Эң негизги проблема бул - ооруканадагылардын бок-сийдиги "ямага" толуп, суу аккан арыктан агат. Канцтоварлар бизге мурда атайын министрлик тарабынан бөлүнүп келчү. Ажыбеков келгенден бери өзүбүз акча чогултуп сатып алабыз. Учурда ич келте оорусу чыгып жатат деп уктум. Бул өтө коркунучтуу вирус. Бул тууралуу биз министрликке кайрылганбыз. Бирок, эч кандай жооп жок. Мурда оорукананын чарбасы бар эле. Ал жак да талкаланып жок болду. Жаңы өкмөттөн суранаарыбыз, жакшылап көзөмөлдөп койсо болот эле. Бир жолу бизге акча келет деп кол койдурган. Көрсө, өзүн "жакшы иштейт, биз менен мындан ары иштеше берсин" деп кол койдуруптур деп угуп жатабыз. Акча келет десе жанталашып кол койгонбуз.

Изат МЕРКЕБАЕВ, оорукананын тажрыйбалуу дарыгери:
- Ооруканада институтту бүткөндөн бери иштейм. Гүлдөп турган оорукананы Ажыбеков жети жылдын ичинде таш-талканын чыгарды. Бир топ бөлүмдөрдүн дубалдары бузулуп, фундаменти гана калды. Атайын чарба бар эле. Ошол чарбаны мурдагы жетекчи Назаркулов уюштурган. Эч жерден эч нерсе сатып алчу эмеспиз. Учурда тендер деп коюп, азык-түлүктөрдүн баасын менюга асманды чапчытып жазып коюшат. Жакшынакай автоунаалар бар эле, анын бири жок. Кыскасы, эч кандай отчет бербейт. Жумушка жумасына эки гана жолу келет. Минтип отурса психикалык оорукана талкаланып, жок болуп кетет. Биз бул бойдон калбайбыз. Жети жыл жакшы эле тайраңдады. Эми мындан аркысына жол бербейбиз. Чым-Коргон айылынын жарым эли ушул ооруканада иштеп үй-бүлөсүн багышат. Ошол себептүү бейтапканадагы оорулууларга шарт түзүп, айыл элинин жашоо-шартын да ойлош керек.

Нурия МАЛДЫБАЕВА, ашпозчу:
- Назаркуловдун тушунда нан өзүбүздөн жасалчу. Макарон чыгарган цех бар эле. Азыр бардыгын сатып алабыз. Тамактын сапаты анча жакшы эмес. Ар бир оорулуу күнүнө 50-60 сомдун тамагын ичиш керек болсо, учурда ал 25-30 сомго гана айланууда. Мурда эти жок тамак болчу эмес. Назаркуловго кандай маселени айтпайлы ошол замат чечип берчү. Ажыбековго айтасыңбы-айтпайсыңбы баары бир. Кээде көгөргөн да нандар келет. Кыскасы, биздин ооруканага көңүл бөлүнүп, текшерилбесе болбойт.

Биз Чым-Коргон айылындагы ооруканага ишемби күнү барып, тилекке каршы ал күнү оорукананын башкы врачы Жаныбек Ажыбековдун эс алуу күнүнө туш келип калыптырбыз. Ошол себептүү экинчи тараптын пикирин биле алган жокпуз. Гезитибиздин кийинки сандарынан Чым-Коргон айылындагы жин оорулуулар бейтапканасынан терең иликтөөбүздү окуй аласыздар. Оорукананын кызматкерлеринин айтымында ич келте оорусунун чыгышы жалган эмес. Бул ооруга учурда 17 кызматкер чалдыккан. Бирок, санэпидстанция жана Ажыбековдун өзүнүн айтуусу боюнча, ич келтенин чыгышы жалган. Бирок, кандай болгон күндө да саламаттыкты сактоо министрлиги бейтапкананын кызматкерлеринен түшкөн арыз боюнча тез аранын ичинде иликтөө жүргүзүүсү зарыл эле. Бирок, эмнегедир министр Ниязалиева айым бул ишке кайдыгер мамиле жасаган. Кайрылуунун түшкөнүнө он күндөн ашса да эч кандай чаралар көрүлгөн эмес. Нааразы болгон кызматкерлердин айткан фактылары боюнча ооруканадагы оорулуулардын заңдары, зааралары чындыгында сыртка чыгып, суу аккан арыкта кетип жатканына өз көзүбүз менен күбө болуп кайттык. Ошондой эле оорукананын чарбасы иштетилбей, тиешелүү бөлүмдөрдүн дубалдары да бузулуп, аңгырап турганын көрүп, бир кезде чын эле гүлдөп турган жайдын күлү көккө сапырылганына ынандык. Бирок, эмнеге?- деген суроого жооп таба алган жокпуз. Анткени бул суроого жети жылдан бери оорукананын жүгүн көтөрүп келе жаткан Жаныбек Ажыбеков мырза гана жооп берет эмеспи. Баарынан өкүнүчтүүсү, республикалык психиатриалык бейтапкана адам ыйлаарлык абалда турганы өтө өкүнүчтүү. Ошону менен катар жаңы келген министр Дамира айымдын буга көңүл бөлбөгөнү таң калычтуу. Же кызмат деген адамды өзгөртүп, көзүн май бастырып коебу? Бир кезде Дамира айымга үмүт арткан Чым-Коргон бейтапканасынын дарыгерлери шаабайлары сууп, адилеттиктен үмүт артпай калгандарын билдиришти. Ооруканада ич келте оорусу чыкканы жалган болгон күндө да мындай коркунучтуу вирустун аты аталаары менен министр айым өзү жетип келип, ортодогу маселени жөнгө салып койсо жарашмак. Жин оорусуна чалдыккандар да адам экенин эстен чыгарбашыбыз керек го. Баары Кудайдын буйругу менен болот эмеспи. Ушул макаладан соң, министрлик Чым-Коргондогу чырга тиешелүү чара колдонуп, чекит коет деп ишенебиз.

Назгүл МАМЫТОВА
Бишкек - Чым-Коргон - Бишкек.








кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
О.Малеваная:
"Бактымды бакиевдер алып кетти,
Басынтып темир торго салып кетти!.."

2-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
3-бет
Р.Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
4-бет
"Акжолчулар" Баш мыйзам талкуусунда
5-бет
Бекназаров отчет берди
6-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
7-бет
Кайрылуу
8-бет
Бир каттын изи менен
9-бет
"БИЗ ДА ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК БЕЛЕ?"
10-бет
Аялдан чыккан датка бар
11-бет
Сөз сурайм
12-бет
Долбоор
13-бет
КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
14-бет
АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
15-бет
СҮРӨТ
16-бет
ТУРГУЗУЛДУ ?Ч БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…ТУРГУЗУЛДУ ҮЧ БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…