Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



Урматтуу
Роза Исаковна,
Алмазбек Шаршенович,
Азимбек Анаркулович,
Темир Аргымбаевичке,
Кайрылуу
Он күндөн бери гезит беттеринен кабардар болуп, эч кандай реакция болбогондон кийин, сиздерге дагы бир ирет мамлекеттик кызматка жаңыча көз караш менен карайбы деп кайрылуудабыз.
Себеби, 2010 жылдын 23 апрелинде Мамлекеттик салык кызматынын убактылуу милдетин аткаруучу Касымалиев Адылбек Алешовичтин буйругу менен Бишкек шаарынын Ленин райондук салык кызматынын жетекчилигине Төрөбеков Алижан Мамажанович келген, "келсе эмне экен, азыр көп жерде эле өзгөрүүлөр болуп жатпайбы" деген суроо туулушу мүмкүн, анда ушул суроого жооп берүүгө аракет кылалы.
Төрөбековдун салык системасында иштебеген жери калган жок десек, жаңылышпайт болушубуз керек. Ушул системадан оокаттуу болуп, жакшы кызматтардан түшпөй келет. Кызыгы 2005-жылдагы ыңкылаптан кийин, 2005-жылдын апрель айында Бишкек шаарынын Свердлов районунун салык инспекциясынын башчысы болуп дайындалат да, 2007-жылы март айында иштеги кемчиликтери үчүн ошол кездеги салык кызматынын башчысы Акматов жумуштан алат да, Супатаев дегенди коет. Төрөбеков Свердлов районун менчиктештирип алгансып, Акматовдун буйругун уруп ойнобостон, кабинетин бербей, милицияга кайтартып, жыйырма күндөй жүргөндө Төрөбековду иштен алам деген Акматов өзү жумуштан кетет. Көрсө, мунун таянган тоосу Жаныш Бакиев экендиги жана кан досу Гаипкулов Искендер экендиги баарына маалым болот да, кайра 2007-жылдын май айында өзүнүн ордунда кала берет. Досу аркылуу салык системасынан жана Дордой базарынан чогулган сол акчаларды кийин Жанышка эле эмес Максимге да жеткизип турган.
Ошентип, 2008-жылдын аягында салык кызматынын башчылыгына Келдибеков Акматбек келет да, коррупцияга катуу согуш жарыялайт. Мындайга көнбөгөн Төрөбеков ордунда калыш үчүн кандай гана амал издеген жок. Бирок Дордой базарынын салык төлөбөй жүргөн контейнерлери, Плаза, ЦУМ, Мадинадагы былыктары текшерилип көзгө сайылганда, арызын жазып кетүүгө аргасыз болгон.
Бирок достору мындай "кошелекту" жерге таштамак беле, көп өтпөй эле Гаипкуловдун жардамы менен Муйбиллаевдин финансы полициясынын салык тармагында болгон укук бузуулар боюнча башкармалыгын жетектейт да, өзү канча жылдан бери суу ичип жүргөн кудугуна түкүрүп, канча салыкчылардын убалына калып, ар кандай иштерди козгоп Муйбиллаевге ак кызмат өтөп жатканда, 2010- жылдын апрель айындагы каргашалуу окуялар болуп, кырчындай жаштарыбыздын өмүрү кыйылып, кыргыз эли кайгыга чөмүлүп турганда Төрөбековдун ити дагы чөп жей баштайт.
Жаңы бийликтен кандай колдоо тапкан, же дагы "кошелегун" ачканбы, ким аркылуу, ар кандай сөздөр бар. Бирок салык системасында Төрөбековдон башка толтура ак эмгек өтөп, кызматы менен таанылган, жейин деп эмес, иштейин деген жаштар же башка инсандар жокпу деген суроо туулат. Мейли шаардын мэри билбесин, Касымалиев канча жылдан бери салык системасында жүрүп, Төрөбековдун кандай болуп иштен кеткенин билбей калды (ал материалдар да бар).
Дагы бир акыйкат айта турган нерсе Төрөбековду ушул орунга дайындоо менен салык системасында, элдин арасында ушул Төрөбеков кайра келсе биздин жаңыланууга болгон үмүтүбүз кайда деген ойлор туулат? Урматтуу Убактылуу өкмөттүн башкаруучулары эгер бул багытта чындыкты издеп, болгон окуялардын чын-төгүнүн аныктайбыз десеңиздер тиешелүү тармактарга тапшырма берип маселенин аныгына чыксаңыздар болот. Мындай адамдарды өз корооңуздардан тазалоо менен элдин ишенимине дагы да ээ болосуздар деп үмүт кылабыз.
Урматтоо менен
Нурлан Жукеев
Табылды Чалабаев
Эркин Зарлыков
Кушубак Майрамов
Таштемир Кичинебатыров
Эрнис Айбашев
Мурат Кермалиев




  Эсил кайран замана

Экстерди эскерип
"Тийип туруп жааган күндөн, күлүп туруп сүйлөгөн адамдан түңүл".
(Кыргыз эл макалы)


Орус совет империясы бир солк эте түшүп барып , ордунда калды. Бирок, Прибалтика ,Түндүк Кавказ жана Орто Азияны жоготуп алды. Башталышы бар империянын аягы да болоору тарыхта белгилүү... Канткен менен Орус өлкөсүндө кубаттуу империялык илим-билимдин, адабий жана көркөм дүйнөнүн очогу болгондугун да танууга болбойт. Ошондуктан орус элинин ичинен татаал мезгилде , тарыхый өнүгүүнүн туңгуюгунан жол таап кетүүгө жараган адам табылды жана коомдук ишмерлеринин деңгээли жогору экендигин Россиянын азыркы абалы айтып турат. Ал эми Совет империясынын мурдагы колониясы болгон Кыргызстандачы ? Бул мезгил улуу кыргыз элинин басынып, чөгүп турган мезгили эле.
Мурдагы БКнын секретары Масалиев өз алдынча өлкө болуудан өлгөнчө коркту. Музоосунда сүздүргөн ,суу жүрөктүктүн айынан бийликтен кетти. Кийин Акаев бийликке жарайбы-жокпу деген суроону коёр киши жок такка отургузушту. Бирок андан ары жагымпоздор жана кошоматчылардын, Акаевдин өзүнө окшогон жүүнү бош, чала молдо дин бузарлардын заманы өкүм сүрө баштады. Алар кимдер эле? Талгарбеков, Жумалиев, Эркебаевге окшогон, бири лаборант, бири академик болгон илимдин да арсар кесипкөйлөрү экендиктери жана Апас Жумагулов жана андан кийинки премьер- министрлер баш болгон "канталамайдын" катышуучулары болгон министрлердин уурулугу -азыркы Кыргыз мамлекетинин экономикалык жана саясий ал- ахыбалы менен далилденди. Акаев митаамдык кылды, ал өзүнөн төмөн турган, кошоматка кой сойгон шылуундарды жанына топтоп алды. Кыргызстандын түштүгүнөн билимдүүлөрүнөн Айбалаев Мамат , Осмонов Бекмамат деген жигиттердин ордуна өзүнүн лаборанты Жумалиев Кубанычбек, Ибраимов Осмонакун, Мурзаибраимов Бектемир деген кара өзгөй, кошоматчы жана мамлекетти башкаруу түгүл өз алапеттерин араң алып жүргөндөргө ишеним көрсөттү. Бийликти кармап туруу - кайраттуулардын вазийпасы экендигин түшүнбөдү. Анткени, Түштүктүн тың чыкмалары бийликти тартып алып коёт деп коркту окшойт. Түз иштеген, эркин жаралгандардын командасын түзүүнүн ордуна, дилетанттар менен кара өзгөй, кошоматчылардын тобуна ишенди. Кийин алар Акаевди алеки саатта бийликтен кетишине шарт түздү. Кыргыздын кырк уруусуна бирдей мамиле кылбай, бирин ала, бирин кула көрдү. Бул мамлекеттик саясаттагы амалкөйлүк Калининдин (Бүткүл союздук староста) катыны камалса дагы кыңк этпей кызмат кыла берүүчү элементтин бийликке керектигинен башталган. Бизде болсо бул Таштанбек Акматовду жогорку бийликке алып келүү менен окшошуп турат. "Эмне үчүн чабал жетекчилерди бийлик төбөлдөрү пайдаланышат, себеби алар кыңк этпей кыянатчылыктарга көз жумуп кызмат кыла беришет. Илекең (Ленин) айтмакчы, "они знают как надуть простонародье" . Түндүктөн болсо кайра-кайра жол сала берип, бирок бирөөсүн да бүтүрө албаган Касымов Тойчубекке, айыл чарбасын Талгарбеков, Акенеев дегендерге ишенди. Мына ушул кыймыл - аракеттер акыры келип, акылдуулар менен акылсыздардын, түндүк менен түштүк саясатчыларынын ажырымын күчөттү. Баарын санап олтуруунун кажети жок.
Элдин мүлкүн эң көп ээлеп алган, уурулукка кеңири жол ачкан адам, өмүрүндө жыйналыш -чогулуштарда ачууланып сүйлөбөгөн, ууру мышыктай акырын гана мыйоологон жанга жагымдуу көрүнгөн адам - Апас Жумагулов. Бул киши "Кумтөр" менен тамеки тармагынан эле Кыргызстандын эң бай адамы боло алды. Ишенбесеңер кызыгып көргүлө (укук коргоочулар).Тамеки боюнча "Рээмстма", "Даймон" деген немистер менен түзүлгөн эксклюзивдик келишим Кыргыз Республикасынын кылмыш кодексин (188- ст), монополияга каршылык мыйзамын (88-статьянын 2-беренесин), ишкерлердин укугун сактоо мыйзамдарынын 20-41-статьяларын, ал гана тургай Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 73-78- статьяларын да ( уруп ойнобогон ) бузуп түзүлгөн келишим болду. Ал Кыргызстандын экономикасына жок дегенде эле 50 миллиарддай сом чыгым алып келди.
Кумтөр боюнча официалдуу айтылган маалыматта Кыргызстандын үлүшү 13%, Канаданыкы 67% деп айтылган. Калганы кимдики? Кандайча жалпы элдик байлыкка кимдир бирөөлөр ээ болууга укуктуу? Алар азыр дагы белгисиз бойдон калууда, жаңы бийлик ушул суроолорго жооп бере алабы? Азыркы маалыматка таянсак, Кыргызстандыкы 33%, "Центерра Голддуку" 37%. Калган проценттер кимге тиешелүү? Мына ушул суроого жоопту редакциянын кызыгып көрүүсүн өтүнөөр элем...
Кен байлыктарды иштетүү, ири заводдор кандайча приватташылган, цемент, кант заводдорунун кирешеси мамлекеттин бюджетине түшүп жатабы же жокпу??? Экономикабыздын азыркы мышык ыйлаарлык абалы, саясий жактан эки жолку элдик толкундоолордун саясий төңкөрүшкө айланып кетиши бул жогорудагы айтылган ой корутундуларга далил боло алат деп ойлоймун.

(Уландысы кийинки
санда)

А Х У Н Б АЙ К О Ш О Й
Юрист.







кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
О.Малеваная:
"Бактымды бакиевдер алып кетти,
Басынтып темир торго салып кетти!.."

2-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
3-бет
Р.Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
4-бет
"Акжолчулар" Баш мыйзам талкуусунда
5-бет
Бекназаров отчет берди
6-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
7-бет
Кайрылуу
8-бет
Бир каттын изи менен
9-бет
"БИЗ ДА ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК БЕЛЕ?"
10-бет
Аялдан чыккан датка бар
11-бет
Сөз сурайм
12-бет
Долбоор
13-бет
КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
14-бет
АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
15-бет
СҮРӨТ
16-бет
ТУРГУЗУЛДУ ?Ч БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…ТУРГУЗУЛДУ ҮЧ БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…