Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери



  КурумУшу

Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
(Башы 2-бетте)

Асыресе мындай пикирлер менен макул болуу кыйын. Парламенттик башкаруу формасы орногон мамлекеттерге караганда авторитардык өлкөлөрдө коомдун өнүгүшү өз нугунан чыгып кетүү коркунучу көбүрөөк сакталары баарыбызга белгилүү. Авторитардык башкаруу эртели-кечпи акыры келип элдин нааразы болуп көтөрүлүп чыгышына алып келерин 7-апрелдеги окуялар айгине далилдеп бере алат. Россиялык саясый эксперт Илья Барабановдун пикири боюнча: " Акыркы эки кылымдык дүйнө тарыхы айгинелегендей, парламенттик республика-стабилдүү режимдердин, саясый башкаруунун стабилдүү формасынын күбөсү болуп саналат. Себеп дегенде, ал кандайдыр бир коалицияны түзүүнү, түрдүү саясый күчтөрдүн бир макулдукка келишин, компромисс издөөнү талап кылат. Мындай касиет авторитардык же тоталитардык режимдер үчүн чоочун көрүнүш… 6-майда Британияда кезектеги парламенттик шайлоо болуп өтөт. Анда кайсы саясый күч жеңип чыкпасын, акыры келип алар өз ара сүйлөшүүгө барышаары, баш кошуп бирдиктүү бир министрлер кабинетин түзөөрү талашсыз. Бул боюнча эч кимде шектенүүнүн болушу кыйын. Ушундай эле процесс Германияга, ушундай процесс турукташып калган батыш демократиясынын көпчүлүгүнө таандык. Ушул эле жыйынтыкка акыркы бир жыл илгери өз ара чатакташып жаткан Молдованын баратканын көрүүгө болот. Мындай форма Кыргызстанда да калыптанып кетеээрин азырынча айтуу кыйын. Бирок, менин оюмча азыркы бийлик алдыга койгон максатынан четтеп авторитардык башкаруу формага азгырылып кетпесе, региондо (Борборазияда-Ү.К) салыштырмалуу бейпилдик орношуна шектенүүгө болбойт"--дейт И.Барабанов. (Айткандай, Англиядагы парламенттик шайлоодо эч бир партия, анын ичинде көп добуш топтогон тори абсалюттук көпчүлүккө ээ боло алган жок. Демек, алдыда премьерди аныктоо үчүн партиялардын ортосунда сүйлөшүүлөр болору талашсыз).
Эгер жаңы Конституциянын долбоорундагы парламенттик шайлоодо бир партиянын монополиясын орнотууга жол бербей турган 50% + 5 мандаттан ашпаган чектөөнүн киргизилиши алдыдагы жалпы элдик референдумда колдоо тапса, партиялык фракциялардын ортосундагы карым катыштарда И.Барабанов айткан "компромисс издөө" муктаждыгына алып келип, өлкөдөгү саясый стабилдүүлүккө өбөлгө түзүлөөрүн унутпашыбыз жөн. Парламенттик башкаруу формасын киргизүү көп саясатчылар айтып жаткандай, өлкөнүн үстүнөн жүргүзүлүп жаткан эксперимент эмес экендигин белгилеп кетүү артыкбаштык болбос эле. Парламенттик республика--муктаждык. Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого өтүү аракети. Эбактан бери эл көксөп келген демократиялык өлкө куруу тилегинин мөртү келип турган азыркы мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жиберүүнүн өзү кечиримсиз катачылык болор эле
Конституциянын жалпы элдик талкууга сунушталып жаткан долбоорундагы президент жөнүндөгү бөлүм коомчулукта чоң кызыгууну жаратты. Долбоордо келечекте президенттин ыйгарым укугун кескин кыскартуу каралат. Ал келечекте абсолюттук президенттик бийликке ээ болгон А.Акаев менен К.Бакиевден айырмаланып өкүлчүлүк функцияны аркалап, "мамлекеттик нотариустун" милдетин аткарып калышы керек. Президентке бийлик бутактарынын тең салмагын сактап туруучу арбитрдик милдет тагылат. Арысесе, президентке башкаруу системасынын архитектурасында эмерекке окшогон роль таандык деп айтууга болбойт. Президентке парламент чыгарган мыйзамдарга вето коюу, парламентти таркатуу сыяктуу маанилүү укуктар берилет. Талаш туудурган жагдай - президент парламент тарабынан шайланабы же жалпы элдик добуштар менен шайланышы керекпи деген маселе. Долбоордо президент жалпы элдин жактыруусуна ээ болушу каралат. Бирок, ошол эле мезгилде анын бир гана мөөнөткө шайланышы керек деген чектөө киргизилген. Асырсе бир мөөнөт менен бийликке келген парламент тарабынан шайланбай, жалпы элдин ырастоосуна ээ болуп жаткандан кийин президенттин укугун беш жылдык бир мөөнөт менен чектеп коюу олдоксондук болор эле. Бул жерде Конституциянын жаңы долбоорун иштеп чыккандар А.Акаев менен К.Бакиевден ооздору күйүп калып уурттап ичкен ашкере сактыкка барып жатышканын байкоо кыйын эместир.
Үсөн Касыбеков




  Адилет иштебесеңер аңтарып түшпөсүн

ТУУГАНЧЫЛ БИЙЛЕР ЖОГОЛСУН, ЫЙМАНДУУ БИЙЛЕР ОҢОЛСУН!
(Башы 2-бетте)

Жаңы бийликтегилериң деле революциянын алгачкы күнү бирөөсү майлуу жерге бир кадрды алпарып отургузса, эртеси экинчи бирөөсү барып өзүнүн кадрын отургузуп, өздөрүн кыргыз кыртышынан өсүп чыккандар экендигин көрсөтүп коюшкан. Ошол ашмалтайлык азыр деле, болгондо да эң жогорку эшалондо уланып жаткандыгы өкүнүчтүү. Алар ошентип ит жыгылыш болуп жаткандан кийин министрликтердеги, агенттиктердеги, комитет, департамент, эң кызыгы жана коркунучтуусу областтарда, райондордо таптакыр башкача нукта уланып жатышы жаңы система түзөбүз деп жаткан жаш мамлекетти ымыркай кезинен жайлап таштабаса экен деп кооптоносуң.
...Кайсы бир шаардын мэрлигине спортсмен жигит жан-жөкөрлөрү менен топурап келип отуруп алат. Эртеси шаардык кеңештин депутаттары чогулуп, калпак-чепкен жаап коёлу дешсе, колунда али тийиштүү буйрук жок экен. Токтоп калган социалдык-экономикалык абал, шаар бюджети, жаңыланып жаткан инфраструктура, Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына көрүлүп жаткан даярдыктар жөнүндө сөз болсо, абалдан караманча тааныштыгы жок спортсмен "митинг күндөрү жөн чуркап жүрүптүрмүнбү, мен мэр болбогондо анан ким? Бюджет-сюджетиңерди иштегенден кийин деле өздөштүрүп алам" деп опурулат имиш. Көрсө эл ичинде пикет, митингге кызматка ээ болоюн деп катышкандар да болот тура? "Өлкөдө демократия орносун, адилет башкаруу болсун" деп нааразылыкка чыккандар албетте болочок "мэрге" караганда алда канча көп.
Тигил "митингчи" ошентип мэр болалбай жүрсө, анын орун басары болом деп дагы бир жаш жигит жаңы жетекчилерге кирип-чыгып жүрөт. Тополоң күндөрү Ак үйдү тоноого бирге катышып, экөө бирден компьютер көтөрө качкан жолдошу тигинден "эмне кылып жүрөсүң?" деп сураса, ал "вице-мэр болгону жүрөм" дейт имиш. "Экөөбүздүн компьютер уурдап кеткенибизди Ак үйдүн видеокамерасы тартып калыптыр дейт ко, билишпейт бекен" десе, беркиси "жап оозуңду, мен вице болоюн, анан сага да бир нерсеси болоор" дейт. Бул ойдон чыгарылган окуя эмес, бул азыркы бийликке илешип жаткан адамдардын арасындагы орун алып жаткан көнүмүш учурлар.
Казак туугандардын "жакшылар жакшымын деп айталмайды, жамандар жакшымын деп айхайлайды" деген бир жакшы сөзү эске келди. Анын сыңарындай, райондук, шаардык, областтык жана республикалык ар кандай деңгээлдеги кызматтарга алып жатканда адамдардын кесиптик даярдыгы, турмуш жана иш тажрыйбасы эмне үчүн эске алынбайт деген ой кетет. Жаңы коом, жаңы система түзөбүз деп жасап жаткан аракеттин майнабы албетте, бийлик башындагы лидерлердин жеке принциптерине, чечкиндүүлүгүнө, принципиалдуулугуна жараша болот. Бирок алардан кийинки иштин көбүн төмөн жактагылар бүтүрөт эмеспи. Эгер лидер өң-тааныш, туугандык менен бир кадрды алып келсе, анын кадры өзүнүн төрт-беш кишисин, ал 15-20ны, ал 20-30ту сүйрөйт. Ошентип ар кимиси эле өзүнүн кадрдык пирамидасын түзүүгө жан далбас кылат.
Азыркы кыргыз саясатында партиялык пирамида түзүү аракети өзүнчө жаңы иш катары жандана баштады. Уктап жаткан, башын колтугуна ката салган партиялардын аракети таштын жаракасынан чыга калгандай дымактуу. Бийликтеги үч партиянын кимисине жарандык никеге тура койсок экен дегендери да бар...
Ак үйдүн темир тосмосунун алдында 7-апрелде курман болгондорго куран окулгандан кийинки ар күнү айтылып, талкууланып жаткан сөздөрдүн айрымдарынын мазмундары дал ушундай.

Машакбай
РАХМАНКУЛОВ




кыргыз тилиндеги гезит "Алиби"
email • архив • редакция 
11-май, 2010-ж.:
1-бет
О.Малеваная:
"Бактымды бакиевдер алып кетти,
Басынтып темир торго салып кетти!.."

2-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
3-бет
Р.Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
4-бет
"Акжолчулар" Баш мыйзам талкуусунда
5-бет
Бекназаров отчет берди
6-бет
Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
7-бет
Кайрылуу
8-бет
Бир каттын изи менен
9-бет
"БИЗ ДА ӨЛҮШҮБҮЗ КЕРЕК БЕЛЕ?"
10-бет
Аялдан чыккан датка бар
11-бет
Сөз сурайм
12-бет
Долбоор
13-бет
КУДАЙСЫЗ, ДИН БЕЗЕР КОНСТИТУЦИЯ БИЗГЕ КЕРЕКПИ?
14-бет
АЛЛО-ОО, "АЛИБИ" БЕКЕН?
15-бет
СҮРӨТ
16-бет
ТУРГУЗУЛДУ ?Ч БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…ТУРГУЗУЛДУ ҮЧ БААТЫРГА ЭСТЕЛИК…