Р.Отунбаева Москвада сүйлөшүүлөрдү жүргүздү
9-май Жеңиш күнүнө карата Москвага барган Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Орусия Федерациясынын президенти Дмитрий Медведов, өкмөт башчысы Владимир Путин, Мамлекеттик Дума жетекчиси Борис Грызлов, Федерация кеңешинин жетекчиси Сергей Миронов менен расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Мындан сырткары Роза айым Германиянын канцлери Ангела Меркель, Кытай Эл Республикасынын жетекчиси Ху Цзинтао, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев, Азербайжандын лидери Ильхом Алиев жана Монголиянын президенти менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөнү белгилүү болду. Булардан улам Бакиевдин дүйнө элине Убактылуу өкмөттү тааныбоо чакырыгы суу кечпей калганын билсек болчудай.


Оксана Малеваная ким эле, ким болду!
"Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган" деген айып менен 4-майда Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө абагына киргизилген Бакиев мезгилинде Президенттик Катчылыкты жетектеген Оксана Малеваная ачкачылык жарыялады. О.Малеванаянын адвокаты ага коюлган күнөөлөрдүн эч бир негизи жок, эч бир далили жок, ошон үчүн анын ачкачылык жарыялагандан башка аргасы калбады деп билдирди. Ал эми Кыргызстандын укук коргоо органдары 7-апрелдеги кандуу окуяга Оксана айымдын дагы катышы бар дешүүдө.


Айдоочуларга айып пулду жокко чыгарып бергиле
Кечээ Ош - Эркеч-Там жолунун боюнда жүзгө чукул айдоочу нааразылык билдирди. Айдоочулар кытайлык жүк ташуучу унаалардын Кыргызстанга киргизилишинен улам жумушсуз калып жатканын белгилешип, аларга тыюу салууну талап кылып жатышат. Иш таштагандар талаптар аткарылбаса башка чараларга барарын белгилешүүдө. Бишкекте кичи автобустардын айдоочулары дагы, Жогорку Кеңештин, мэриянын алдында пикет уюштуруп, өз талаптарын билдиришкен. Анда Данияр Үсөнов мэр болуп турганда ар бир маршруткадан ай сайын 1000 сомдон чогултуу жөрөлгөсүн жокко чыгаруу талабы да камтылган.


Абалың кандай Алай
Убактылуу өкмөттүн өкүлдөрү, Коргоо министринин милдетин аткарып жаткан Исмаил Исаков, утурумдук бийликтин Сот, прокуратура жагын тейлеген Азимбек Бекназаров, Эмгек, жумуштуулук жана миграция министринин милдетин аткаруучу Бөдөш Мамырова жана Ош облусунун губернаторунун милдетин аткаруучу Сооронбай Жээнбеков кечээ Гүлчө шаарында Алай районунун эли менен жолугушту. Жолугушууда азыркы кырдаал боюнча маалымат берилип, стабилдүүлүктү бузганга аракет кылган топтордун бар экени айтылып, элден ар кандай чагымчылдык иштерге барбоону өтүнүштү.


Кыргыз аскерлери
Кызыл аянтта болду
Москванын Кызыл Аянтында Улуу Жеңиштин 65 жылдыгына арналган аскерий парадга Кыргызстандын аскерлери катышып кайтты. Ал парадда КМШ мамлекеттеринен сырткары АКШ, Франция, Улуу Британия жана Польшанын аскерлери болду. 1 миллиард 2 миллион рубль сарпталган чоң салтанатка дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнүн жетекчилери назар салышты. Француз президенти Николя Саркози менен италиялык өкмөт башчы Силвио Берлускони Грекиядагы каржылык кризиске байланыштуу келе албаптыр. КМШ өлкөлөрүнүн ичинен Грузин президенти көрүнбөдү. Расмий Кремль бул салтанатка аны чакырган эмес деген кеп тарады. Дүйнөнү дүңгүрөткөн үлкөн майрамды Кыргызстандан куулган эки президент дагы Кремлде майрамдай албады. Бирок, Убактылуу өкмө башчысы Роза Отунбаева ал жакта жүргөнүн айтып коюшубуз керек.


Жаңы Конституция
20-майда сунушталат
Кечээ Конституциялык кеңештин пленардык жыйыны болду. Ал 14-майга чейин созулат. Баш мыйзамды атуулдардын укугу жана эркиндиги, Мамлекеттик түзүлүш, Сот системасы жана борбордук органдар, жергиликтүү кеңештер багытында төрт топко бөлүнгөн адистер иш алып барышууда. Ар бир региондо дагы талкуулар уюштурулуп, сунуш пикирлер жөнөтүлүүдө. Белгилей кетсек, 26-апрелде Убактылуу өкмөт тарабынан Конституциянын жаңы редакциясы коомчулуктун талкуусуна коюлган. Маалыматтарга караганда долбоорго сунуштар 14-майга чейин кабыл алынат. Андан кийин жумушчу топ 18-майга чейин алымча-кошумча менен иштеп чыгып, 20-майда Баш мыйзамдын бүткөн варианты жарыяланат.


Кара жашик агарабы?
Дүйнөнү эки жолу таң калтырган Кыргызстан демократиялык баалуулуктарды жайылтууда дагы бир кадам шилтегени жатыр. Акаев качкандан кийин байма-бай айтылып, Бакиев кат-кат убадасын бергени менен иш жүзүндө аткарбай келген Коомдук телеканал Орто Азия чөлкөмүндө алгачкылардан болуп жаралганы турат. Жакында Утурумдук өкмөт өз декрети менен УТРКны коомдук каналга айланткан. Эми ушул аптада Көзөмөл Кеңеши түзүлүп, коомдук телеберүү жүзүн көрсөтөт. Көзөмөл Кеңеши жарандык коомчулуктун ишенимине ээ, ардактуу адамдардын курамынан тураары айтылууда. Калптын казанына айланган КТР мындан ары чындыкты сүйлөп, кеңешине адилеттүү, мекенчил, таза адамдар кирсе дегенди эл күтүп турган кези. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева болсо: "Мамлекет мындан ары биринчи каналды элдин башын айлантып, саясий атаандаштарды жаманатты кылуу үчүн колдонбойт",- деди. Ылайым эле ошондой болсун.