КурумУшу

Эски журттан жаңы журтка, жаңыча жашоого
Убактылуу өкмөттүн демилгеси менен өлкөгө парламенттик башкаруу формасын киргизүү аракетине каршы чыккандар - "күчтүү президенттик" башкаруу моделинин тарапкерлери. Алардын ою боюнча өлкө азыркы, 7-апрелден кийинки дуушар болгон саясый кризистен чыгуунун, ошону менен бирге келечектеги саясый стабилдүүлүктү туруктуу сактап туруунун жолу бир гана бийлиги огожом президенттик башкарууда турат. Башка эч бир ылаажы жок.

"Күчтүү президенттин" апологеттери башка саясый башкаруу системасын жанына жакын жуутпай ай асмандап туйлап турушканын баамдоо кыйын эмес. Өз ишенимин коргоодо алар негедир жыйырма жыл аралыгында Кыргызстан "либерал президенттин" да, "чарбанын көзүн жакшы билген камбыл жетекчинин" да камчысынын астында болуп келип эч майнапка жетишпегенин, тескерисинче, элдин жашоо деңгээли төмөндөгөндөн төмөндөп отуруп итке минген жакырчылыкка дуушар болгонун эске алышкысы келишпейт. Өзгөчө, Кокон хандыгын орноткон К.Бакиевдин "доорундагы" коррупция коолап-чайлап өсүп, эмгекке жарамдуу элдин 500-800 миңге чамалуу экономикалык активдүү бөлүгү тышта жалданма мандиккерлик менен оокат өткөрүп жүрүшкөнүн эскергилери жок. Өлкө "улуу урматтуу, прогрессивдүү, реформатор президенттердин" тушунда саясый, социалдык-экономикалык перманенттик кризистен башы чыкпай калганы менен иштери болбогондой. Ачык айтканда, "күчтүү президенттик" башкарууну самагандарды кызыл камчынын алдында оокат өткөргөнгө биротоло көнүп бүткөндөр, "жол башчынын" жетегинен башка жашоону элестете алышпагандар деп сыпаттаса да болор эле. "Күчтүү президенттер" А.Акаев менен К.Бакиев аларга сабак болуп бере албаганы өкүнүч гана жаратат.
Экс-спикер, парламенттеги "Ак жол" фракциясынын негиздөөчүлөрүнүн бири А.Мадумаровдун айтылып жатып ашмалтай болгон баягы эле "адилет башкаруучу" б.а баарын тегиз бирдей карап, кара кылды как жарган хан келип Кыргызстанды кыйынчылыктан сууруп чыга турганы жөнүндөгү "патефонун" кайрадан каңкылдата баштады. Анын ою боюнча өлкөнүн өрлөп өсүп кетиши үчүн мамлекеттин башындагы инсандын жеке сапаты маанилүү, кыйын кычык кезеңде адамдык фактор чечүүчү ролго ээ. Анын көз карашынан чыкканда качан адилет диктаторду келет, качан темирдей тартип киргизет, качан өлкөдө калыстык орнойт деп күтүү гана калат. А.Мадумаров адилет ханды жараткан андай күн качан келип, качан элдин жыргаган заманга дуушар болорунун мөөнөтүн айта албайт, албетте. Ай караган текедей болуп "күчтүү президентти" күтүү гана керек. Башка жол жок. Сөз чынынан бузулбайт А. Мадумаровдун позициясы кулчулуктун туткунунда калган өз алдынчалыгы жок айдама саясатчынын психологиясын элестетээрин баамдоо кыйын эмес.
Кыргызстандагы парламенттик башкаруу саясый формасына өтүүнү караган жаңы Конституцияны жуутпагандардын, так кесер чангандардын алдыга тартып жаткан аргументтеринин дагы бири-парламенттик республиканын тушунда ЖКтеги фракциялар ортосундагы карым-катнаштарда регионалдык, партиялык жана жеке керт баштарынын кызыкчылыгы биринчи планга чыгып, өлкө перманенттүү кризисине дуушар болушу, коомдогу туруксуздукка өбөлгө түзүлүшү менен байланышат.

(Уландысы 6-бетте)




  Адилет иштебесеңер аңтарып түшпөсүн

ТУУГАНЧЫЛ БИЙЛЕР ЖОГОЛСУН, ЫЙМАНДУУ БИЙЛЕР ОҢОЛСУН!
Жеңиштин 65 жылдыгы да өттү. Төрт жылга жакын созулган дүйнөлүк алааматта Кыргызстандан катышкан жоокерлердин 72сине зор эрдиги үчүн Советтер Союзунун Баатыры деген эң жогорку наам берилген экен. Мындан бир ай мурда эле кыргыздын 85 эр азаматынын өмүрү 4-5 саат ичинде эле кыйылып калды. Эмне үчүн кыйылды,андан башка жолу жок беле деп ойго батасың.

Ар күнү болбосо да күн аралата Ак үйдүн алдында 7-апрелде шейит кеткен ошол азаматтардын сүрөттөрүнүн алдында баш ийип, таазим этип, аягы суюлбаган куран окууларга катышып, бата кылабыз. Бул жерде - ар күнү Кыргызстандын ар кайсы тармагынан келишкен ар башка адамдар. Айрымдары өлкөнүн эң чыгышы Ак-Суу районунун Ак-Булуң, Зынданынан болсо, эң батышы Лейлектин Аркасы менен Катыраң айылынан келгендер. Түштүк жагы Алайдын Нурасынан бери, бул жагы Ат-Башынын Ак-Музунан болсо, тигил жагы Таластын казак менен чектешкен Арчагул, Кайнар, Шекер, Маймагынан келишкендер. Сүрөттөрдүн алдында баары тунжурашат. Бир аз четтеп баскандан кийин кайра эле азыркы саясат, келечек жашоонун күңгөй-тескейи кызуу талкууга алынат...Бул жерде азыркы саясаттын жашырылбаган, жер-жерлерден келген жаңылыктары, окуялары айтылат, салыштырылат.
Алардын айткандарынын канчасы жүйөөлүү, канчасы орунсуз экенин окурман, өзүңүз боолгой аларсыз.
Элдин эң эле кооптонуп жатканы -качып жүргөн Бакиевдерди, алардын жан-жөкөрлөрүн адилеттүү жазага тартуу маселеси ишке ашабы же жокпу? Азыркы бийликтин өмүрүнүн узун-кыскалыгы да ушул маселе кандай чечилээрине байланыштуу болот окшоп калды. Эгерде Бакиевдердин өкүлдөрү сот алдына тартылып, адилет жазаларын алышса, жаңы бийликке элдин ишеничи мындан да артат. Жок, Бакиевдер да Акаевдерге окшоп куйругун карматпай койсо, анда азыркы бийликтин шору. Такыр кулабастай сезилген Бакиевдердин бийлигин даярдыгы жок эле, эки күндө кулатып койгон айылдыктар анда азыркы бийликтин шымын шыпырып, көтөнгө чапкан жаш баладай кылып жылаңачтап коё берет.
Бийликти чынында айылдыктар алды, бирок бийлик башына оппозициянын лидерлери келди. Ал эми лидерлердин арты менен кийинки кызматтарга баягы эле кыргызга мүнөздүү болгон ошол лидерлердин эски-жаңы тааныштары, партиялаштары,алардын ага-инилери,таеке-жээндери, балдыз-аяштары, алардан арткандарына кайра эле ошолордун тааныш-туунуштары, андан кийинкилерине кадимки эле алдым-жуттумдар, акчалуулар, самындай сыйгалангандар, андан да таң калычтуусу - билими тайкы дилетанттар келип жатканы элдин көзүнөн кантип сыртта калсын. Мойнуна галстук тагынып, кара көз айнек кийип калса эле өздөрүн акылдуу көрсөтүп керсейип, кечээги 100 граммдашып жүргөн кошунасына кол бергиси келбей калгандар канча?
Алма сабагынан алыс түшмөк беле. Анын сыңарындай, бийликтин туу чокусуна отуруп калган Отунбаева, Текебаев, Атамбаев, Бекназаров, Сариев дегендер деле кыргыз да. Демек, кыргыз болгондон кийин сураша келип, керек болсо Чыңгыз ханды, андан бери Ислам Каримов менен Нурсултан Назарбаевди деле бир капталынан жыра чыгарып, кыргыз же кыргызга жекжаат кылып жатпайлыбы.
(Уландысы 6-бетте)